📖 0/604 окулган барактар
📄 77
Ан-Ниса

Ан-Ниса

4:1
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱتَّقُواْ رَبَّكُمُ ٱلَّذِي خَلَقَكُم مِّن نَّفۡسٍ وَٰحِدَةٍ وَخَلَقَ مِنۡهَا زَوۡجَهَا وَبَثَّ مِنۡهُمَا رِجَالًا كَثِيرًا وَنِسَآءًۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ ٱلَّذِي تَسَآءَلُونَ بِهِۦ وَٱلۡأَرۡحَامَۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلَيۡكُمۡ رَقِيبًا ١
О,адамдар! Раббиңерден корккула! Ал силерди бир жандан (Адам-Атадан) жаратып, андан (анын кабыргасынан) жубайын жаратып, анан ал экөөсүнөн көп аял-эркектерди таратты. Жана Аны(н ысымы) менен бири-бириңерден нерсе сурай турган Аллаһтан корккула жана тууган-уруктардан (алыстап кетүүдөн) абайлагыла. Албетте, Аллаһ силерди Көзөмөлдөөчү
4:2
وَءَاتُواْ ٱلۡيَتَٰمَىٰٓ أَمۡوَٰلَهُمۡۖ وَلَا تَتَبَدَّلُواْ ٱلۡخَبِيثَ بِٱلطَّيِّبِۖ وَلَا تَأۡكُلُوٓاْ أَمۡوَٰلَهُمۡ إِلَىٰٓ أَمۡوَٰلِكُمۡۚ إِنَّهُۥ كَانَ حُوبًا كَبِيرًا ٢
(О,момундар!) Жетимдерге өз малдарын бергиле. Ыпылас нерсени тазага алмаштырбагыла жана алардын малын өз малыңарга кошуп жебегиле. Чынында, ал -чоң күнөө
4:3
وَإِنۡ خِفۡتُمۡ أَلَّا تُقۡسِطُواْ فِي ٱلۡيَتَٰمَىٰ فَٱنكِحُواْ مَا طَابَ لَكُم مِّنَ ٱلنِّسَآءِ مَثۡنَىٰ وَثُلَٰثَ وَرُبَٰعَۖ فَإِنۡ خِفۡتُمۡ أَلَّا تَعۡدِلُواْ فَوَٰحِدَةً أَوۡ مَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُكُمۡۚ ذَٰلِكَ أَدۡنَىٰٓ أَلَّا تَعُولُواْ ٣
Эгер, жетимдерге адилеттик кыла албай калуудун корксоңор, (аларды жөн коюп) өзүңөргө жаккан (башка) аялдардан экөөнү, үчөөнү жана төртөөнү никеңерге ала бергиле. Эгер адилеттик кыла албай калуудан корксоңор, анда бирөөсү (менен) же болбосо, кол астыңардагы мүлкүңөр - күң аялдарыңар (менен чектелгиле). Ушул силердин зулумдукка жол бербешиңер үчүн эң жакын (амал)
4:4
وَءَاتُواْ ٱلنِّسَآءَ صَدُقَٰتِهِنَّ نِحۡلَةًۚ فَإِن طِبۡنَ لَكُمۡ عَن شَيۡءٍ مِّنۡهُ نَفۡسًا فَكُلُوهُ هَنِيٓـًٔا مَّرِيٓـًٔا ٤
Аялдарга (үйлөнүп жатканыңарда) махыр мүлкүн ичи тардык кылбай (ак пейилден) бергиле. Эгер силерге махыр мүлкүнөн бир нерсени ак пейилинен, өзү ыраазы болуп берсе, жей бергиле - аш болсун
4:5
وَلَا تُؤۡتُواْ ٱلسُّفَهَآءَ أَمۡوَٰلَكُمُ ٱلَّتِي جَعَلَ ٱللَّهُ لَكُمۡ قِيَٰمًا وَٱرۡزُقُوهُمۡ فِيهَا وَٱكۡسُوهُمۡ وَقُولُواْ لَهُمۡ قَوۡلًا مَّعۡرُوفًا ٥
(Түпкүлүгү жетимдердин мурас мүлкү болгон, бирок, силер убактылуу иштетип турган) мал-мүлкүңөрдү акылы толук эместерге карматпагыла. Ал мүлктү Аллаһ силер (жана жетимдер) үчүн турмуш тиреги кылып койду. Жана ал мүлктөн жетимдерди жедирип-ичирип, кийинткиле. Жана аларга ширин сөз сүйлөгүлө
4:6
وَٱبۡتَلُواْ ٱلۡيَتَٰمَىٰ حَتَّىٰٓ إِذَا بَلَغُواْ ٱلنِّكَاحَ فَإِنۡ ءَانَسۡتُم مِّنۡهُمۡ رُشۡدًا فَٱدۡفَعُوٓاْ إِلَيۡهِمۡ أَمۡوَٰلَهُمۡۖ وَلَا تَأۡكُلُوهَآ إِسۡرَافًا وَبِدَارًا أَن يَكۡبَرُواْۚ وَمَن كَانَ غَنِيًّا فَلۡيَسۡتَعۡفِفۡۖ وَمَن كَانَ فَقِيرًا فَلۡيَأۡكُلۡ بِٱلۡمَعۡرُوفِۚ فَإِذَا دَفَعۡتُمۡ إِلَيۡهِمۡ أَمۡوَٰلَهُمۡ فَأَشۡهِدُواْ عَلَيۡهِمۡۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ حَسِيبًا ٦
Жетимдерди нике (балакат) жашына жеткенге чейин текшерип (сынап) көргүлө. Эгер алардан акылы толушкандыкты көрсөңөр, (бардык) малдарын колуна тапшыргыла жана алар чоңойгуча шашылып, ысырап кылып жеп койбогула! Ким бай болсо, (жетимдердин малын сактап бергени үчүн кызмат акы жештен) өзүн тыйсын. Ал эми, ким кембагал болсо, жакшылык менен (жетимдерди ыраазы кылып) жесин. Аларга мал-мүлкүн кайтарып жатканда күбөлөрдү койгула. Эсептешүүчүлүк боюнча Аллаһ жетиштүү
العربيةEnglishBahasa IndonesiaTürkçeРусскийفارسیFrançaisاردوবাংলাDeutschEspañol中文हिन्दीPortuguêsItalianoภาษาไทยPolskiNederlandsShqipKiswahiliO'zbekதமிழ்MelayuBosanskiSoomaaliAzərbaycanکوردی한국어日本語SvenskaDanskNorskپښتوമലയാളംසිංහලTamazightHausaአማርኛБългарскиТоҷикӣҚазақшаFilipinoسنڌيYorùbáFulfuldeТатарчаئۇيغۇرچەКыргызчаਪੰਜਾਬੀJawaతెలుగుမြန်မာગુજરાતીOromoमराठीTiếng ViệtMalagasyНохчийнWolofދިވެހިಕನ್ನಡУкраїнськаΕλληνικάქართულიខ្មែរدریQafar afMaranaoनेपाली
Ыйык Куран
Friday, August 21, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







