Аль Имран сүрөсү арабча жана кыргызча

Аль Имран сүрөсүн толук кыргызча котормо жана аудио менен окуңуз. Аят-аят котормо. (200 Аят — مدنية). Аль Имран Укта, Аль Имран Котормо, Аль Имран mp3, Аль Имран pdf.

Аль Имран сүрөсүн оку жана укта

🎧 Аят
M Mishary Rashid Alafasy
M Mahmoud Khalil Al-Husary
A Abdurrahman As-Sudais
M Mohamed Siddiq Al-Minshawi
A Abdul Basit Abdul Samad
A Ali Al-Hudhaify
A Ahmed ibn Ali al-Ajamy
A Abu Bakr Ash-Shaatree
M Muhammad Ayyoub
A Abdullah Basfar
A Abdullah Al-Juhani
M Maher Al Muaiqly
x1
الم ۝١
📖 Котормо Аят 1
Алиф, Лам, Мим
اللَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ الْحَيُّ الْقَيُّومُ ۝٢
📖 Котормо Аят 2
Аллаһ... Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал — түбөлүк Тирүү жана (түбөлүк башкарып) Туруучу
نَزَّلَ عَلَيْكَ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ مُصَدِّقًا لِّمَا بَيْنَ يَدَيْهِ وَأَنزَلَ التَّوْرَاةَ وَالْإِنجِيلَ ۝٣
📖 Котормо Аят 3
(О, Мухаммад!) Ал сага, өзүнөн мурунку (ыйык китептер жана алардагы кабарлардан турган) нерселерди тастыктаган Китепти (Кураанды) акыйкат менен түшүрдү. Андан мурун адамдарга Туура Жол кылып Тоорат менен Инжилди түшүргөн
مِن قَبْلُ هُدًى لِّلنَّاسِ وَأَنزَلَ الْفُرْقَانَ ۗ إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا بِآيَاتِ اللَّهِ لَهُمْ عَذَابٌ شَدِيدٌ ۗ وَاللَّهُ عَزِيزٌ ذُو انتِقَامٍ ۝٤
📖 Котормо Аят 4
(Эми, чындык менен жалгандын арасын) ажыратып берүүчүнү (Кураанды) түшүрдү.” Чынында, Аллаһтын аяттарына каапыр болгон адамдар үчүн катуу азап бар. Аллаһ Кудуреттүү, өч алуучу
إِنَّ اللَّهَ لَا يَخْفَىٰ عَلَيْهِ شَيْءٌ فِي الْأَرْضِ وَلَا فِي السَّمَاءِ ۝٥
📖 Котормо Аят 5
Албетте, Аллаһка жердеги да, асмандагы да эч бир нерсе жашыруун эмес
هُوَ الَّذِي يُصَوِّرُكُمْ فِي الْأَرْحَامِ كَيْفَ يَشَاءُ ۚ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ ۝٦
📖 Котормо Аят 6
Алсилерди энеңердин курсагында (жатынында жаткан кезиңерде эле) Өзү каалагандай келбет берген. Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Анын Өзү бар. (Ал) Кудуреттүү, Даанышман
هُوَ الَّذِي أَنزَلَ عَلَيْكَ الْكِتَابَ مِنْهُ آيَاتٌ مُّحْكَمَاتٌ هُنَّ أُمُّ الْكِتَابِ وَأُخَرُ مُتَشَابِهَاتٌ ۖ فَأَمَّا الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ زَيْغٌ فَيَتَّبِعُونَ مَا تَشَابَهَ مِنْهُ ابْتِغَاءَ الْفِتْنَةِ وَابْتِغَاءَ تَأْوِيلِهِ ۗ وَمَا يَعْلَمُ تَأْوِيلَهُ إِلَّا اللَّهُ ۗ وَالرَّاسِخُونَ فِي الْعِلْمِ يَقُولُونَ آمَنَّا بِهِ كُلٌّ مِّنْ عِندِ رَبِّنَا ۗ وَمَا يَذَّكَّرُ إِلَّا أُولُو الْأَلْبَابِ ۝٧
📖 Котормо Аят 7
(О, Мухаммад!) Ал сага (теңдешсиз) Китеп (Кураан) түшүргөн Зат. Анын (Кураандын) ичинен Китептин энеси (маңызы сыяктуу) болгон мухкам - анык аяттар жана алардан башка муташабих (түшүнүлүшү оор) аяттар орун алган. Ал эми, жүрөгүндө илдет-ийрилик болгон адамдар аны (өз каалоолоруна ылайыктап) түшүндүрүүнү жана бузукулукту үмүт кылып, муташабих аяттарды ээрчишет. Ал (муташабих) аяттын (толук) түшүндүрмөсүн Аллаһтан бөлөк эч ким (анык) билбейт. (Ошондуктан) терең илимдүү адамдар: «Биз ага (Кураанга) ыйман келтиргенбиз. Анын (аяттарынын) бардыгы (мухкамы дагы, муташабихи дагы) Раббибибиздин алдынан (келген акыйкат)» дешет. Акылдуу адамдар гана (мындан) зикир (эскерме) алат
رَبَّنَا لَا تُزِغْ قُلُوبَنَا بَعْدَ إِذْ هَدَيْتَنَا وَهَبْ لَنَا مِن لَّدُنكَ رَحْمَةً ۚ إِنَّكَ أَنتَ الْوَهَّابُ ۝٨
📖 Котормо Аят 8
О, Рабби! Бизди Туура Жолго салганыңдан кийин жүрөктөрүбүздү адаштырба! Жана бизге Өзүңдүн ырайым-рахматыңды белек кыл! Ал- бетте, Сен белектерди көп берүүчүсүң
رَبَّنَا إِنَّكَ جَامِعُ النَّاسِ لِيَوْمٍ لَّا رَيْبَ فِيهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ لَا يُخْلِفُ الْمِيعَادَ ۝٩
📖 Котормо Аят 9
О,биздин Рабби! Албетте, Сен адамдарды, анда шек-күмөн болбогон (Кыямат) Күн үчүн чогултуучусуң. Аллаһ эч качан убадасын бузбайт
إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا لَن تُغْنِيَ عَنْهُمْ أَمْوَالُهُمْ وَلَا أَوْلَادُهُم مِّنَ اللَّهِ شَيْئًا ۖ وَأُولَٰئِكَ هُمْ وَقُودُ النَّارِ ۝١٠
📖 Котормо Аят 10
Каапыр адамдарды Аллаһтан (Анын азабынан) мал-дүйнөсү да, бала-чакалары да куткара албайт. Алар тозоктун отундары
كَدَأْبِ آلِ فِرْعَوْنَ وَالَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ ۚ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا فَأَخَذَهُمُ اللَّهُ بِذُنُوبِهِمْ ۗ وَاللَّهُ شَدِيدُ الْعِقَابِ ۝١١
📖 Котормо Аят 11
(Алардын абалы) Фираун адамдарынын жана алардан мурунку каапырлардын абалына окшош: Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты эле, Аллаһ аларды күнөөлөрү себептүү азапка салды. Аллаһ — азабы катуу Зат
قُل لِّلَّذِينَ كَفَرُوا سَتُغْلَبُونَ وَتُحْشَرُونَ إِلَىٰ جَهَنَّمَ ۚ وَبِئْسَ الْمِهَادُ ۝١٢
📖 Котормо Аят 12
(О, Мухаммад!) Каапырларга: «Силер жакында жеңилесиңер жана (Кыяматта) Тозокто чогултуласыңар. Ал кандай жаман орун!» - деп айткын
قَدْ كَانَ لَكُمْ آيَةٌ فِي فِئَتَيْنِ الْتَقَتَا ۖ فِئَةٌ تُقَاتِلُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَأُخْرَىٰ كَافِرَةٌ يَرَوْنَهُم مِّثْلَيْهِمْ رَأْيَ الْعَيْنِ ۚ وَاللَّهُ يُؤَيِّدُ بِنَصْرِهِ مَن يَشَاءُ ۗ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَعِبْرَةً لِّأُولِي الْأَبْصَارِ ۝١٣
📖 Котормо Аят 13
(О, яхудийлер!) (Согуш майданында) беттешкен эки тайпада (Биздин кудуретибизге) силер үчүн белги бар болчу. Бир жамаат Аллаһтын жолунда согушуп жатышты жана экинчиси каапыр эле. (Аллаһтын жолунда согушка чыккандар) алардын (душмандардын) өздөрүнөн эки эсе көп экенин анык көрүп турушту. Аллаһ каалаган адамдарды Өзүнүн жардамы менен колдойт. Чынында бул нерселерде акыл ээлери үчүн сабак бар
زُيِّنَ لِلنَّاسِ حُبُّ الشَّهَوَاتِ مِنَ النِّسَاءِ وَالْبَنِينَ وَالْقَنَاطِيرِ الْمُقَنطَرَةِ مِنَ الذَّهَبِ وَالْفِضَّةِ وَالْخَيْلِ الْمُسَوَّمَةِ وَالْأَنْعَامِ وَالْحَرْثِ ۗ ذَٰلِكَ مَتَاعُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا ۖ وَاللَّهُ عِندَهُ حُسْنُ الْمَآبِ ۝١٤
📖 Котормо Аят 14
Адамдар үчүн (бул дүйнөдө) аялдардан, перзенттерден, кинтар-кинтар! алтын-күмүштөрдөн, сулуу-көркөм тулпарлардан, (үйүр-үйүр) малдардан жана эгиндерден турган жыргалдарды сүйүү кооз көргөзүлдү.! Булар (опосуз) дүйнө жашоосунун пайдалары. Аллаһтын алдында (булардан) жакшыраак кайтуучу жай - Бейиш бар. (Дүйнө жыргалдарынан көп эсе абзел болгон Бейиш жыргалдары кимдерге буйрулат? Аны кийинки аят баяндайт)
۞ قُلْ أَؤُنَبِّئُكُم بِخَيْرٍ مِّن ذَٰلِكُمْ ۚ لِلَّذِينَ اتَّقَوْا عِندَ رَبِّهِمْ جَنَّاتٌ تَجْرِي مِن تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا وَأَزْوَاجٌ مُّطَهَّرَةٌ وَرِضْوَانٌ مِّنَ اللَّهِ ۗ وَاللَّهُ بَصِيرٌ بِالْعِبَادِ ۝١٥
📖 Котормо Аят 15
Айт (О, Мухаммад): «Силерге мунуңардан (дүйнө жыргалынан) да жакшы нерсе жөнүндө кабар берейинби? Такыба кишилер үчүн Раббисинин алдында, астынан дарыялар аккан жана анда түбөлүк жашай турган бейиштер, таза-пакиза жубайлар жана Аллаһтын ыраазычылыгы бар. Аллаһ пенделерин Көрүүчү
الَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا إِنَّنَا آمَنَّا فَاغْفِرْ لَنَا ذُنُوبَنَا وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ ۝١٦
📖 Котормо Аят 16
(Алар:) «О, Рабби! Чынында, биз ыйман келтирдик. Эми, биздин күнөөлөрүбүздү кечирип, Тозок азабынан сакта!» деп (дуба кыла турган)
الصَّابِرِينَ وَالصَّادِقِينَ وَالْقَانِتِينَ وَالْمُنفِقِينَ وَالْمُسْتَغْفِرِينَ بِالْأَسْحَارِ ۝١٧
📖 Котормо Аят 17
сабырдуу, чынчыл, моюн сунуучу, садака кылуучу жана таң-заарларда (туруп) Аллаһтан кечирим суроочу пенделер
شَهِدَ اللَّهُ أَنَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ وَالْمَلَائِكَةُ وَأُولُو الْعِلْمِ قَائِمًا بِالْقِسْطِ ۚ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ ۝١٨
📖 Котормо Аят 18
Аллаһ, Анын периштелери жана илимдүү адамдар андан (Аллаһтан) башка сыйынууга татыктуу кудай жок экенине, (жана Аллаһ өз иштеринде) адилет менен Туруучу экенине күбөлүк беришти. Анын Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок. (Ал) - Кудуреттүү, Даанышман
إِنَّ الدِّينَ عِندَ اللَّهِ الْإِسْلَامُ ۗ وَمَا اخْتَلَفَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ إِلَّا مِن بَعْدِ مَا جَاءَهُمُ الْعِلْمُ بَغْيًا بَيْنَهُمْ ۗ وَمَن يَكْفُرْ بِآيَاتِ اللَّهِ فَإِنَّ اللَّهَ سَرِيعُ الْحِسَابِ ۝١٩
📖 Котормо Аят 19
Албетте, Аллаһтын алдында (кабыл боло турган) дин — бул Ислам. Китеп берилген адамдар (Тоорат менен Инжил китептеринде) өздөрүнө (Мухаммаддын пайгамбарчылыгы жана дининин чындыгы жөнүндөгү) илим келгенден кийин гана өз ара көралбастыктан улам каршылык кылышты. Ким Аллаһтын аяттарына каапыр болсо, (билип алсын:) Аллаһ - тез эсептешүүчү
فَإِنْ حَاجُّوكَ فَقُلْ أَسْلَمْتُ وَجْهِيَ لِلَّهِ وَمَنِ اتَّبَعَنِ ۗ وَقُل لِّلَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ وَالْأُمِّيِّينَ أَأَسْلَمْتُمْ ۚ فَإِنْ أَسْلَمُوا فَقَدِ اهْتَدَوا ۖ وَّإِن تَوَلَّوْا فَإِنَّمَا عَلَيْكَ الْبَلَاغُ ۗ وَاللَّهُ بَصِيرٌ بِالْعِبَادِ ۝٢٠
📖 Котормо Аят 20
(О, Мухаммад!) Эгер (адамдар) сени менен талашып калышса, аларга: «Мен өзүмдү ээрчигендер менен бирге жүзүмдү (өзүмдү) Аллаһга моюн сундурдум» деп айткын. Жана китеп берилген адамдар менен сабатсыздарга: «Силер (дагы) моюн сундуңарбы?» дегин. Эгер (Исламды кабыл алып) моюн сунушса, анда Туура Жолду табышты. Эгер жүз бурушса, сенин мойнуңда (чындыкты) жеткирүү гана бар. Аллаһ пенделерди Көрүүчү
إِنَّ الَّذِينَ يَكْفُرُونَ بِآيَاتِ اللَّهِ وَيَقْتُلُونَ النَّبِيِّينَ بِغَيْرِ حَقٍّ وَيَقْتُلُونَ الَّذِينَ يَأْمُرُونَ بِالْقِسْطِ مِنَ النَّاسِ فَبَشِّرْهُم بِعَذَابٍ أَلِيمٍ ۝٢١
📖 Котормо Аят 21
Аллаһтын аяттарына каапыр болуп (ушуну менен жөн калбай) пайгамбарларды жана адамдар арасындагы адилетке (Исламга) буюруп жүргөндөрдү акыйкатсыздык менен өлтүргөндөргө жан ооруткан азаптан кабар бер
أُولَٰئِكَ الَّذِينَ حَبِطَتْ أَعْمَالُهُمْ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ وَمَا لَهُم مِّن نَّاصِرِينَ ۝٢٢
📖 Котормо Аят 22
Алар, ушул дүйнөдө да, Акыретте да амалдары (жакшы иштери) күйүп кеткен (каапыр) адамдар. Аларга (Аллаһ тарабынан) жардамчылар жок
أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ أُوتُوا نَصِيبًا مِّنَ الْكِتَابِ يُدْعَوْنَ إِلَىٰ كِتَابِ اللَّهِ لِيَحْكُمَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ يَتَوَلَّىٰ فَرِيقٌ مِّنْهُمْ وَهُم مُّعْرِضُونَ ۝٢٣
📖 Котормо Аят 23
(О, Мухаммад! Аллаһтан келген) китептен насип-үлүш берилген адамдарга (яхудийлерге) карабайсыңбы, өз араларында(гы талаш маселеге) өкүм кылып бериш үчүн Аллаһтын китебине (Кураанга) чакырылганда, (сен Аллаһтын китеби боюнча өкүм чыгарып бергениңден) кийин алардан бир бөлүгү (чындыкты билип турса да) жүз бурган бойдон кетип калышты
ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ قَالُوا لَن تَمَسَّنَا النَّارُ إِلَّا أَيَّامًا مَّعْدُودَاتٍ ۖ وَغَرَّهُمْ فِي دِينِهِم مَّا كَانُوا يَفْتَرُونَ ۝٢٤
📖 Котормо Аят 24
Мунун себеби алар: «Биз Тозокко түшпөйбүз, түшсөк да саналуу күндөр гана түшөбүз» деп айтышчу. Өздөрү ойдон чыгарып алган (ушул сыяктуу) сөздөр аларды диндеринде адаштырып койду
فَكَيْفَ إِذَا جَمَعْنَاهُمْ لِيَوْمٍ لَّا رَيْبَ فِيهِ وَوُفِّيَتْ كُلُّ نَفْسٍ مَّا كَسَبَتْ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ ۝٢٥
📖 Котормо Аят 25
Эми, биз аларды, анда шек-күмөн болбогон жана ар бир жанга өзү жасаган иштери(нин натыйжасы) эч зулум кылынбай, толук кайтарыла турган Күн (Кыямат) үчүн чогултканда эмне кылышат
قُلِ اللَّهُمَّ مَالِكَ الْمُلْكِ تُؤْتِي الْمُلْكَ مَن تَشَاءُ وَتَنزِعُ الْمُلْكَ مِمَّن تَشَاءُ وَتُعِزُّ مَن تَشَاءُ وَتُذِلُّ مَن تَشَاءُ ۖ بِيَدِكَ الْخَيْرُ ۖ إِنَّكَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ ۝٢٦
📖 Котормо Аят 26
Айткын: «О, Аллаһым! Бардык мүлктүн Падышасы! Сен мүлктү каалаган пендеңе бересиң жана каалаган пендеңден тартып аласың. Жана кимди кааласаң ардактуу кыласың, кимди кааласаң кор кыласың. Жакшылык Сенин гана колуңда. Чынында, Сен бардык нерсеге Кудуреттүүсүң
تُولِجُ اللَّيْلَ فِي النَّهَارِ وَتُولِجُ النَّهَارَ فِي اللَّيْلِ ۖ وَتُخْرِجُ الْحَيَّ مِنَ الْمَيِّتِ وَتُخْرِجُ الْمَيِّتَ مِنَ الْحَيِّ ۖ وَتَرْزُقُ مَن تَشَاءُ بِغَيْرِ حِسَابٍ ۝٢٧
📖 Котормо Аят 27
Сен (О, Аллаһым!) түндү күндүзгө, күндүздү түнгө киргизесиң. Өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгарасың! жана Өзүң каалаган адамга эсепсиз ырыскы бересиң!»
لَّا يَتَّخِذِ الْمُؤْمِنُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِن دُونِ الْمُؤْمِنِينَ ۖ وَمَن يَفْعَلْ ذَٰلِكَ فَلَيْسَ مِنَ اللَّهِ فِي شَيْءٍ إِلَّا أَن تَتَّقُوا مِنْهُمْ تُقَاةً ۗ وَيُحَذِّرُكُمُ اللَّهُ نَفْسَهُ ۗ وَإِلَى اللَّهِ الْمَصِيرُ ۝٢٨
📖 Котормо Аят 28
Момундар (өздөрү сыяктуу) ыймандууларды таштап, каапырларды дос тутпасын! Ким ушундай иш жасаса - анын Аллаһ менен арасы ачык! Ал эми, алардан (каапырлардан) сак болуу үчүн (тилиңерде достук мамиле кылсаңар) уруксат. Аллаһ силерди Өзүнөн эскертет. Кайтуу -Аллаһтын Өзүнө
قُلْ إِن تُخْفُوا مَا فِي صُدُورِكُمْ أَوْ تُبْدُوهُ يَعْلَمْهُ اللَّهُ ۗ وَيَعْلَمُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۗ وَاللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ ۝٢٩
📖 Котормо Аят 29
(О, Мухаммад) айткын: «Эгер көкүрөгүңөрдөгү нерселерни жашырсаңар да, жарыяласаңар да Аллаһ билип турат. Ал асмандар менен жерде болгон бардык нерсени да билет. Аллаһ бардык нерсеге Кудуреттүү»
يَوْمَ تَجِدُ كُلُّ نَفْسٍ مَّا عَمِلَتْ مِنْ خَيْرٍ مُّحْضَرًا وَمَا عَمِلَتْ مِن سُوءٍ تَوَدُّ لَوْ أَنَّ بَيْنَهَا وَبَيْنَهُ أَمَدًا بَعِيدًا ۗ وَيُحَذِّرُكُمُ اللَّهُ نَفْسَهُ ۗ وَاللَّهُ رَءُوفٌ بِالْعِبَادِ ۝٣٠
📖 Котормо Аят 30
(Кыямат) күндө ар бир жан өзү жасаган (бардык) жакшы-жаман иштерин алып келинген абалда табат. (Ошондо, жамандык жасаган жан) өзү менен кылмышынын арасы өтө алыс болушун самайт. (Билип койгула), Аллаһ Өзүнөн силерди эскертет. Аллаһ -пенделерге Мээримдүү
قُلْ إِن كُنتُمْ تُحِبُّونَ اللَّهَ فَاتَّبِعُونِي يُحْبِبْكُمُ اللَّهُ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ ۗ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَّحِيمٌ ۝٣١
📖 Котормо Аят 31
Айт: «Эгер Аллаһты сүйчү болсоңор, анда мени ээрчигиле. (Ошондо гана) Аллаһ силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет. Аллаһ - Кечиримдүү, Мээримдүү»
قُلْ أَطِيعُوا اللَّهَ وَالرَّسُولَ ۖ فَإِن تَوَلَّوْا فَإِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ الْكَافِرِينَ ۝٣٢
📖 Котормо Аят 32
Айт: «Аллаһка жана пайгамбарга моюн сунгула! Эгер жүз бурушса, Аллаһ каапырларды сүйбөйт
۞ إِنَّ اللَّهَ اصْطَفَىٰ آدَمَ وَنُوحًا وَآلَ إِبْرَاهِيمَ وَآلَ عِمْرَانَ عَلَى الْعَالَمِينَ ۝٣٣
📖 Котормо Аят 33
Албетте, Аллаһ Адамды, Нухту, Ибрахимдин үй-бүлөсүн жана Имрандын урпактарын бүт ааламдардын үстүнө (пайгамбарчылык үчүн) тандап алды
ذُرِّيَّةً بَعْضُهَا مِن بَعْضٍ ۗ وَاللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ ۝٣٤
📖 Котормо Аят 34
Алар бир-бирөөлөрүнө жек-жаат (болгон адамдар) эле. Аллаһ Угуучу, Билүүчү
إِذْ قَالَتِ امْرَأَتُ عِمْرَانَ رَبِّ إِنِّي نَذَرْتُ لَكَ مَا فِي بَطْنِي مُحَرَّرًا فَتَقَبَّلْ مِنِّي ۖ إِنَّكَ أَنتَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ ۝٣٥
📖 Котормо Аят 35
(О, Мухаммад эстегин, бир кезде) Имрандын? аялы айтты: «О, Раббим! Мен ичимдеги баламды Сага, (дүйнө иштеринен үзүлгөн кызматчы катарында) назир кылдым (арнадым). Менден кабыл кыл! Өзүң Угуучу, Билүүчүсүң!»
فَلَمَّا وَضَعَتْهَا قَالَتْ رَبِّ إِنِّي وَضَعْتُهَا أُنثَىٰ وَاللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا وَضَعَتْ وَلَيْسَ الذَّكَرُ كَالْأُنثَىٰ ۖ وَإِنِّي سَمَّيْتُهَا مَرْيَمَ وَإِنِّي أُعِيذُهَا بِكَ وَذُرِّيَّتَهَا مِنَ الشَّيْطَانِ الرَّجِيمِ ۝٣٦
📖 Котормо Аят 36
Ал ичиндегисин төрөгөн соң (эркек болбогонуна өкүнүп) “О, Раббим! Мен кыз төрөдүм” деди. Чынында, Аллаһ анын эмне төрөгөнүн жана (көпчүлүк) эркек(тер) (ушул төрөлгөн) ургаачыдай эмес экенин андан жакшыраак билген. (Ал дагы сөзүн улады): “Мен ага “Марям” деп ысым койдум. Мен аны жана анын урпактарын ырайымыңдан куулган шайтандан коргооңду тилеп, Сага жалбарамын”
فَتَقَبَّلَهَا رَبُّهَا بِقَبُولٍ حَسَنٍ وَأَنبَتَهَا نَبَاتًا حَسَنًا وَكَفَّلَهَا زَكَرِيَّا ۖ كُلَّمَا دَخَلَ عَلَيْهَا زَكَرِيَّا الْمِحْرَابَ وَجَدَ عِندَهَا رِزْقًا ۖ قَالَ يَا مَرْيَمُ أَنَّىٰ لَكِ هَٰذَا ۖ قَالَتْ هُوَ مِنْ عِندِ اللَّهِ ۖ إِنَّ اللَّهَ يَرْزُقُ مَن يَشَاءُ بِغَيْرِ حِسَابٍ ۝٣٧
📖 Котормо Аят 37
Раббиси аны (назирди) жакшынакай кабыл алып, жакшынакай өстүрдү жана ага Закарияны кепил (камкор) кылды. Ар качан Закария анын үстүнө -михрапка кирсе, анын алдында (ширин-шербет жемиштерден) ырыскы турганын көрдү. Ал: “О, Марям, булар сага кайдан?” деди. Ал: “Аллаһтын алдынан. Албетте, Аллаһ Өзү каалаган адамына эсепсиз ырыскы берет” деди
هُنَالِكَ دَعَا زَكَرِيَّا رَبَّهُ ۖ قَالَ رَبِّ هَبْ لِي مِن لَّدُنكَ ذُرِّيَّةً طَيِّبَةً ۖ إِنَّكَ سَمِيعُ الدُّعَاءِ ۝٣٨
📖 Котормо Аят 38
Ошондо, Закария Раббисине дуба кылып: “О, Раббим! Мага да Өзүңдүн даргөйүңдөн пакиза бир урпак бере көр! Албетте, Сен дубаны Угуучусуң!” деди
فَنَادَتْهُ الْمَلَائِكَةُ وَهُوَ قَائِمٌ يُصَلِّي فِي الْمِحْرَابِ أَنَّ اللَّهَ يُبَشِّرُكَ بِيَحْيَىٰ مُصَدِّقًا بِكَلِمَةٍ مِّنَ اللَّهِ وَسَيِّدًا وَحَصُورًا وَنَبِيًّا مِّنَ الصَّالِحِينَ ۝٣٩
📖 Котормо Аят 39
Анан (күндөрдүн бир күнүндө) ал михрапта намаз окуп турганда периштелер ага: “(О, Закария!) Аллаһ сени Яхья (деген перзент) менен сүйүнтөт. (Ал бала) Аллаһтын Сөзүн (Ыйсаны) тастыктоочу, улукзаада, дене кумарларынан өзүн кармай билген жана (жогорку даражалуу) салих пайгамбарлардан бири болот!” деп добуш беришти
قَالَ رَبِّ أَنَّىٰ يَكُونُ لِي غُلَامٌ وَقَدْ بَلَغَنِيَ الْكِبَرُ وَامْرَأَتِي عَاقِرٌ ۖ قَالَ كَذَٰلِكَ اللَّهُ يَفْعَلُ مَا يَشَاءُ ۝٤٠
📖 Котормо Аят 40
(Закария) айтты: “О, Раббим! Мага кайдан бала болсун, өзүм картаң, аялым туубас болсо?!” (Аллаһ) айтты: “Ушундай. Аллаһ каалаган ишин аткарат»
قَالَ رَبِّ اجْعَل لِّي آيَةً ۖ قَالَ آيَتُكَ أَلَّا تُكَلِّمَ النَّاسَ ثَلَاثَةَ أَيَّامٍ إِلَّا رَمْزًا ۗ وَاذْكُر رَّبَّكَ كَثِيرًا وَسَبِّحْ بِالْعَشِيِّ وَالْإِبْكَارِ ۝٤١
📖 Котормо Аят 41
(Закария) айтты: “О, Раббим! (жүрөгүм тынчтанып, санаасыз болушум үчүн) мага (кемпиримдин боюнда болгонун билдирген) бир сыр - белги бере көр!” (Аллаһ) Айтты: “Сенин белгиң: (тилден калып) үч күн адамдарга ишаарат менен гана сүйлөп каласың. Эми, Раббиңди көп зикир кыл жана эртели-кеч Аны даңктап, тасбих айт!”! Кийинки аятта Аллаһ Таала Имрандын кызы Марямдын окуясын улантат. Ошентип, Марям кыз чоңойгондо ибадатта, тазалык-такыбаада эң бир жогорку даражага жетет
وَإِذْ قَالَتِ الْمَلَائِكَةُ يَا مَرْيَمُ إِنَّ اللَّهَ اصْطَفَاكِ وَطَهَّرَكِ وَاصْطَفَاكِ عَلَىٰ نِسَاءِ الْعَالَمِينَ ۝٤٢
📖 Котормо Аят 42
Ошондо периштелер: “О, Марям! Аллаһ сени тандап, (жаман пейил-сыпаттардан) тазалады жана ааламдагы бардык аялдардан абзел кылды
يَا مَرْيَمُ اقْنُتِي لِرَبِّكِ وَاسْجُدِي وَارْكَعِي مَعَ الرَّاكِعِينَ ۝٤٣
📖 Котормо Аят 43
О, Марям! Раббиңе моюн сунуу менен (көп) ибадат кыл. Жана намаз окуучулар менен бирге сажда, рукуу кыл” - дешти
ذَٰلِكَ مِنْ أَنبَاءِ الْغَيْبِ نُوحِيهِ إِلَيْكَ ۚ وَمَا كُنتَ لَدَيْهِمْ إِذْ يُلْقُونَ أَقْلَامَهُمْ أَيُّهُمْ يَكْفُلُ مَرْيَمَ وَمَا كُنتَ لَدَيْهِمْ إِذْ يَخْتَصِمُونَ ۝٤٤
📖 Котормо Аят 44
Бул окуялар?” (о, Мухаммад, сен үчүн) кайып кабарлары. Биз ал кабарды сага (Жебирейил периште аркылуу) кабарлап жатабыз. Анткени, (Марям төрөлүп, апасы аны назир кылуу үчүн ибадатканага алып келгенде, ибадаткана кызматчылары) “Эми кимибиз Марямга кепил (камкор) болот”-деп, калемдерин (чүчүкулак катары) таштап жатышканда жана (Марямды талашып) жаңжалдашып турганда сен алардын арасында жок болчусуң
إِذْ قَالَتِ الْمَلَائِكَةُ يَا مَرْيَمُ إِنَّ اللَّهَ يُبَشِّرُكِ بِكَلِمَةٍ مِّنْهُ اسْمُهُ الْمَسِيحُ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ وَجِيهًا فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ وَمِنَ الْمُقَرَّبِينَ ۝٤٥
📖 Котормо Аят 45
Бир кезде периштелер айтты: “О, Марям! Аллаһ сени, ысымы Ыйса Масих ибн Марям болгон Өзүнүн Сөзү менен сүйүнтөт. (Ал) Дүйнө-Акыретте мартабалуу жана Аллаһка эң жакын адамдардан болот
وَيُكَلِّمُ النَّاسَ فِي الْمَهْدِ وَكَهْلًا وَمِنَ الصَّالِحِينَ ۝٤٦
📖 Котормо Аят 46
Дагы, ал адамдарга бешикте жана чоңойгондо сүйлөйт! жана салих-таза адамдардан болот”
قَالَتْ رَبِّ أَنَّىٰ يَكُونُ لِي وَلَدٌ وَلَمْ يَمْسَسْنِي بَشَرٌ ۖ قَالَ كَذَٰلِكِ اللَّهُ يَخْلُقُ مَا يَشَاءُ ۚ إِذَا قَضَىٰ أَمْرًا فَإِنَّمَا يَقُولُ لَهُ كُن فَيَكُونُ ۝٤٧
📖 Котормо Аят 47
Марям айтты: “О, Раббим! Мени эч бир (эркек) адам «кармабаган» болсо, кайдан бала болсун?!” (Аллаһ) айтты: “Ушундай. Аллаһ Өзү каалагандай жаратат. Ал бир ишти өкүм кылса, ага “бол!” дейт жана ал иш (ошол замат) болуп калат”.? (Кийинки аятта периштелер Марямга Ыйсанын сыпатын жана кушкабарын айтууну улантышат)
وَيُعَلِّمُهُ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَالتَّوْرَاةَ وَالْإِنجِيلَ ۝٤٨
📖 Котормо Аят 48
Жана (Аллаһ) ага жазууну, даанышмандыкты, Тооратты жана Инжилди үйрөтөт
وَرَسُولًا إِلَىٰ بَنِي إِسْرَائِيلَ أَنِّي قَدْ جِئْتُكُم بِآيَةٍ مِّن رَّبِّكُمْ ۖ أَنِّي أَخْلُقُ لَكُم مِّنَ الطِّينِ كَهَيْئَةِ الطَّيْرِ فَأَنفُخُ فِيهِ فَيَكُونُ طَيْرًا بِإِذْنِ اللَّهِ ۖ وَأُبْرِئُ الْأَكْمَهَ وَالْأَبْرَصَ وَأُحْيِي الْمَوْتَىٰ بِإِذْنِ اللَّهِ ۖ وَأُنَبِّئُكُم بِمَا تَأْكُلُونَ وَمَا تَدَّخِرُونَ فِي بُيُوتِكُمْ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً لَّكُمْ إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ ۝٤٩
📖 Котормо Аят 49
Исрайил урпактарына элчи -пайгамбар кылат. (Анан Ыйса аларга айтат:) “Мен силерге Раббиңерден (менин чын пайгамбар экенимди далилдей турган төмөндөгүчө) белгилер (моожизалар) алып келдим: силерге ылайдан куштун сөлөкөтүн жасап, ага үйлөсөм, Аллаһтын уруксаты менен (тирүү) куш болуп калат, Аллаһтын уруксаты менен сокурларды, пес (ала) оорулууларды айыктырам, өлүктөрдү тирилтем. Жана мен силерге үйүңөрдө эмнени жеп, эмнени сактап койгонуңарды да айтып бере алам. Албетте, ушул нерселерде силер үчүн (менин пайгамбар экениме далил болгон) белгилер бар, эгер ишенсеңер
وَمُصَدِّقًا لِّمَا بَيْنَ يَدَيَّ مِنَ التَّوْرَاةِ وَلِأُحِلَّ لَكُم بَعْضَ الَّذِي حُرِّمَ عَلَيْكُمْ ۚ وَجِئْتُكُم بِآيَةٍ مِّن رَّبِّكُمْ فَاتَّقُوا اللَّهَ وَأَطِيعُونِ ۝٥٠
📖 Котормо Аят 50
(Мен) силерге өзүмдөн мурунку Тооратты тастыкташ үчүн, жана силерге (Тооратта) арам кылынган кээ бир нерселерди адал кылыш үчүн (пайгамбар кылып жиберилдим) жана мен силерге Раббиңерден аят-далилдерди алып келдим. Эми, Аллаһтан корккула жана Мага моюн сунгула
إِنَّ اللَّهَ رَبِّي وَرَبُّكُمْ فَاعْبُدُوهُ ۗ هَٰذَا صِرَاطٌ مُّسْتَقِيمٌ ۝٥١
📖 Котормо Аят 51
Албетте, Аллаһ менин да Раббим, силердин да Раббиңер. Анын Өзүнө гана ибадат кылгыла! Туура жол - ушул!”
۞ فَلَمَّا أَحَسَّ عِيسَىٰ مِنْهُمُ الْكُفْرَ قَالَ مَنْ أَنصَارِي إِلَى اللَّهِ ۖ قَالَ الْحَوَارِيُّونَ نَحْنُ أَنصَارُ اللَّهِ آمَنَّا بِاللَّهِ وَاشْهَدْ بِأَنَّا مُسْلِمُونَ ۝٥٢
📖 Котормо Аят 52
Ал (Ыйса) алардан каапырчылыкты сезип калганда (шакирттерине) “Аллаһтын жолунда ким мага жардамчы болот” деди эле, шакирттери: “Биз Аллаһтын жардамчылары болобуз? Аллаһка ыйман келтирдик. Жана күбө болгун (О, Ыйса) биз — мусулмандарбыз
رَبَّنَا آمَنَّا بِمَا أَنزَلْتَ وَاتَّبَعْنَا الرَّسُولَ فَاكْتُبْنَا مَعَ الشَّاهِدِينَ ۝٥٣
📖 Котормо Аят 53
О, Рабби! Биз Сен түшүргөн нерсеге ыйман келтирдик жана (Сен жиберген) пайгамбарга ээрчидик. Эми бизди (Өзүңдүн жалгыздыгыңа, диниңдин акыйкаттыгына) күбө болуучулардын катарына жазып кой!” дешти
وَمَكَرُوا وَمَكَرَ اللَّهُ ۖ وَاللَّهُ خَيْرُ الْمَاكِرِينَ ۝٥٤
📖 Котормо Аят 54
Алар айлакерлик кылышты эле, Аллаһ да амалкерлик кылды. Аллаһ амалкерлердин эң мыктысы
إِذْ قَالَ اللَّهُ يَا عِيسَىٰ إِنِّي مُتَوَفِّيكَ وَرَافِعُكَ إِلَيَّ وَمُطَهِّرُكَ مِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا وَجَاعِلُ الَّذِينَ اتَّبَعُوكَ فَوْقَ الَّذِينَ كَفَرُوا إِلَىٰ يَوْمِ الْقِيَامَةِ ۖ ثُمَّ إِلَيَّ مَرْجِعُكُمْ فَأَحْكُمُ بَيْنَكُمْ فِيمَا كُنتُمْ فِيهِ تَخْتَلِفُونَ ۝٥٥
📖 Котормо Аят 55
Бир кезде Аллаһ айтты: “О, Ыйса, мен сени Өзүмө Алуучу, Өзүмө Көтөрүүчү жана сени каапырлардан тазартуучумун.? Жана сага ээрчиген адамдарды Кыямат күнүнө чейин каапырлардан жогору кылуучумун. Кийин (бардыгыңар) Мага кайтасыңар. Анан Мен силер талашкан нерсеңер боюнча араңарда өкүм кыламын
فَأَمَّا الَّذِينَ كَفَرُوا فَأُعَذِّبُهُمْ عَذَابًا شَدِيدًا فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ وَمَا لَهُم مِّن نَّاصِرِينَ ۝٥٦
📖 Котормо Аят 56
Ал эми, каапырларга Мен дүйнөдө да, Акыретте да катуу азап беремин. Жана аларга жардамчылар болбойт
وَأَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ فَيُوَفِّيهِمْ أُجُورَهُمْ ۗ وَاللَّهُ لَا يُحِبُّ الظَّالِمِينَ ۝٥٧
📖 Котормо Аят 57
Ыйман келтирип, салих (жакшы) амал кылгандардын соопторун (Аллаһ) толук берет. Жана Аллаһ заалым (каапыр) адамдарды сүйбөйт
ذَٰلِكَ نَتْلُوهُ عَلَيْكَ مِنَ الْآيَاتِ وَالذِّكْرِ الْحَكِيمِ ۝٥٨
📖 Котормо Аят 58
(О, Мухаммад!) Биз сага айтып берген бул (Кураандагы) нерселер (Аллаһтын) аяттарынан жана даанышман эскермелерден
إِنَّ مَثَلَ عِيسَىٰ عِندَ اللَّهِ كَمَثَلِ آدَمَ ۖ خَلَقَهُ مِن تُرَابٍ ثُمَّ قَالَ لَهُ كُن فَيَكُونُ ۝٥٩
📖 Котормо Аят 59
Албетте, Аллаһтын назарында Ыйсанын мисалы Адам(-Ата) сыяктуу. Аллаһ аны топурактан жаратып: “бол!” дегенде, дароо болуп (жаралып) калган
الْحَقُّ مِن رَّبِّكَ فَلَا تَكُن مِّنَ الْمُمْتَرِينَ ۝٦٠
📖 Котормо Аят 60
(Бул айтылгандар) Раббиң тарабынан келген акыйкат. Эми сен шектенүүчүлөрдөн болбо
فَمَنْ حَاجَّكَ فِيهِ مِن بَعْدِ مَا جَاءَكَ مِنَ الْعِلْمِ فَقُلْ تَعَالَوْا نَدْعُ أَبْنَاءَنَا وَأَبْنَاءَكُمْ وَنِسَاءَنَا وَنِسَاءَكُمْ وَأَنفُسَنَا وَأَنفُسَكُمْ ثُمَّ نَبْتَهِلْ فَنَجْعَل لَّعْنَتَ اللَّهِ عَلَى الْكَاذِبِينَ ۝٦١
📖 Котормо Аят 61
Ким бул маселеде, сага (анык) илим келгенден кийин деле (көшөрүп) далил талаша берсе, аларга айт: “Келгиле, балдарыбызды жана балдарыңарды, аялдарыбызды жана аялдарыңарды, өзүбүздү жана өзүңөрдү чакырып, “Жалганчыларга Аллаһтын наалаты болсун!” - деп каргыш айтышалы!?”
إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ الْقَصَصُ الْحَقُّ ۚ وَمَا مِنْ إِلَٰهٍ إِلَّا اللَّهُ ۚ وَإِنَّ اللَّهَ لَهُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ ۝٦٢
📖 Котормо Аят 62
Албетте, бул (Ыйсанын Кудай эмес экени) акыйкат баян. Чынында, бир Аллаһтан башка эч бир сыйынууга татыктуу Кудай жок. Жана Аллаһтын бир Өзү гана Кудуреттүү, Даанышман
فَإِن تَوَلَّوْا فَإِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ بِالْمُفْسِدِينَ ۝٦٣
📖 Котормо Аят 63
Эгер (бул акыйкаттан) жүз үйрүшсө, Аллаһ албетте, бузукуларды Билүүчү
قُلْ يَا أَهْلَ الْكِتَابِ تَعَالَوْا إِلَىٰ كَلِمَةٍ سَوَاءٍ بَيْنَنَا وَبَيْنَكُمْ أَلَّا نَعْبُدَ إِلَّا اللَّهَ وَلَا نُشْرِكَ بِهِ شَيْئًا وَلَا يَتَّخِذَ بَعْضُنَا بَعْضًا أَرْبَابًا مِّن دُونِ اللَّهِ ۚ فَإِن تَوَلَّوْا فَقُولُوا اشْهَدُوا بِأَنَّا مُسْلِمُونَ ۝٦٤
📖 Котормо Аят 64
Айткын: “О, китеп ээлери! Биз менен силердин араңарда окшош болгон сөзгө! келгиле. (Ал сөз төмөндөгүчө:) “Аллаһтан башкага ибадат-кулчулук кылбайлы, Ага эч нерсени шерик келтирбейли жана Аллаһты таштап, кээ бирөөлөрүбүз башка бирөөлөрүбүздү Рабби-Кудай кылып албасын!” Эгер жүз бурушса, айткыла: “Күбө болгула, Биз — мусулмандарбыз”
يَا أَهْلَ الْكِتَابِ لِمَ تُحَاجُّونَ فِي إِبْرَاهِيمَ وَمَا أُنزِلَتِ التَّوْرَاةُ وَالْإِنجِيلُ إِلَّا مِن بَعْدِهِ ۚ أَفَلَا تَعْقِلُونَ ۝٦٥
📖 Котормо Аят 65
О, китеп ээлери! Эмне үчүн Ибрахим жөнүндө (бириңер “Ал -яхудий дининде болгон” десеңер, экинчиңер: ““Жок, христиан болгон” деп) талашасыңар?! Тоорат менен Инжил андан кийин түшкөн го! Акылыңарды иштетпейсиңерби
هَا أَنتُمْ هَٰؤُلَاءِ حَاجَجْتُمْ فِيمَا لَكُم بِهِ عِلْمٌ فَلِمَ تُحَاجُّونَ فِيمَا لَيْسَ لَكُم بِهِ عِلْمٌ ۚ وَاللَّهُ يَعْلَمُ وَأَنتُمْ لَا تَعْلَمُونَ ۝٦٦
📖 Котормо Аят 66
О,силер! Билген нерсеңер жөнүндө талашып бүттүңөр. Дагы эмне үчүн билбеген нерсеңер жөнүндө талашып жатасыңар?! (Ибрахимдин дини кандай болгонун) Аллаһ гана билет, силер билбейсиңер
مَا كَانَ إِبْرَاهِيمُ يَهُودِيًّا وَلَا نَصْرَانِيًّا وَلَٰكِن كَانَ حَنِيفًا مُّسْلِمًا وَمَا كَانَ مِنَ الْمُشْرِكِينَ ۝٦٧
📖 Котормо Аят 67
Ибрахим яхудий да, христиан да болгон эмес. А бирок, ханиф (жеке Аллаһ Таалага сыйынуучу жана) муслим (жалгыз Аллаһка моюн сунуучу) болгон. Жана ал эч качан мушриктерден (Аллаһка шерик кошуучулардан) болбогон
إِنَّ أَوْلَى النَّاسِ بِإِبْرَاهِيمَ لَلَّذِينَ اتَّبَعُوهُ وَهَٰذَا النَّبِيُّ وَالَّذِينَ آمَنُوا ۗ وَاللَّهُ وَلِيُّ الْمُؤْمِنِينَ ۝٦٨
📖 Котормо Аят 68
Чынында, Ибрахимге эң жакын адамдар — ага ээрчигендер, мына бул пайгамбар (Мухаммад) жана (жалгыз Аллаһка) ыйман келтиргендер. Аллаһ ыймандуу адамдардын башчысы
وَدَّت طَّائِفَةٌ مِّنْ أَهْلِ الْكِتَابِ لَوْ يُضِلُّونَكُمْ وَمَا يُضِلُّونَ إِلَّا أَنفُسَهُمْ وَمَا يَشْعُرُونَ ۝٦٩
📖 Котормо Аят 69
Китеп ээлеринен бир тайпасы силерди жолдон азгырууну эңсешет. Бирок, өздөрүн азгырып жатканын билбей калышат
يَا أَهْلَ الْكِتَابِ لِمَ تَكْفُرُونَ بِآيَاتِ اللَّهِ وَأَنتُمْ تَشْهَدُونَ ۝٧٠
📖 Котормо Аят 70
О, китеп ээлери! Эмне үчүн силер көрүп, билип туруп Аллаһтын аяттарына каапыр болуп жатасыңар
يَا أَهْلَ الْكِتَابِ لِمَ تَلْبِسُونَ الْحَقَّ بِالْبَاطِلِ وَتَكْتُمُونَ الْحَقَّ وَأَنتُمْ تَعْلَمُونَ ۝٧١
📖 Котормо Аят 71
О, китеп ээлери! Эмне үчүн акыйкатка жалганды аралаштырасыңар жана билип туруп, акыйкатты жашырасыңар
وَقَالَت طَّائِفَةٌ مِّنْ أَهْلِ الْكِتَابِ آمِنُوا بِالَّذِي أُنزِلَ عَلَى الَّذِينَ آمَنُوا وَجْهَ النَّهَارِ وَاكْفُرُوا آخِرَهُ لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ ۝٧٢
📖 Котормо Аят 72
Китеп ээлеринен бир тайпасы (башкаларына) айтышат: “Момундарга түшүрүлгөн нерсеге (Кураанга) күндүн башында ыйман келтиргиле дагы, күндүн акырында ыйманыңардан кайткыла. Балким (ошондо, “ушуларда Тоорат илими бар, бир нерсени билет го” деп ойлоп) алар дагы (ыймандарынан) кайтышса ажеп эмес
وَلَا تُؤْمِنُوا إِلَّا لِمَن تَبِعَ دِينَكُمْ قُلْ إِنَّ الْهُدَىٰ هُدَى اللَّهِ أَن يُؤْتَىٰ أَحَدٌ مِّثْلَ مَا أُوتِيتُمْ أَوْ يُحَاجُّوكُمْ عِندَ رَبِّكُمْ ۗ قُلْ إِنَّ الْفَضْلَ بِيَدِ اللَّهِ يُؤْتِيهِ مَن يَشَاءُ ۗ وَاللَّهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ ۝٧٣
📖 Котормо Аят 73
Өзүңөрдүн (яхудийлик) диниңерге ээрчигендерден башкаларга ишенбегиле. (Мунун себеби) алардан (момундардан) бирөө-жарымы силер билген нерсени билип алышы же болбосо, (сырыңарды билип) Раббиңердин алдында силер менен далил талашышы (мүмкүн)”. (О, Мухаммад, сен аларга) айткын: «Туура жол - бул Аллаһтын туура жолу. Чынында артыкчылык Аллаһтын Колунда. Аны Өзү каалаган адамдарга берет. АллаһЦ(тын пазилети) Кенен, Билүүчү
يَخْتَصُّ بِرَحْمَتِهِ مَن يَشَاءُ ۗ وَاللَّهُ ذُو الْفَضْلِ الْعَظِيمِ ۝٧٤
📖 Котормо Аят 74
Ал Өз ырайымын Өзү каалаган пендеге ыроолойт. Жана Аллаһ -чоң пазилет Ээси!”
۞ وَمِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ مَنْ إِن تَأْمَنْهُ بِقِنطَارٍ يُؤَدِّهِ إِلَيْكَ وَمِنْهُم مَّنْ إِن تَأْمَنْهُ بِدِينَارٍ لَّا يُؤَدِّهِ إِلَيْكَ إِلَّا مَا دُمْتَ عَلَيْهِ قَائِمًا ۗ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ قَالُوا لَيْسَ عَلَيْنَا فِي الْأُمِّيِّينَ سَبِيلٌ وَيَقُولُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ وَهُمْ يَعْلَمُونَ ۝٧٥
📖 Котормо Аят 75
Китеп ээлеринин арасында көп байлыкты ишенип тапшырсаң аны (кыянат кылбай) өзүңө кайтара тургандары да бар. Ошондой эле, алардын арасында бир динарды ишенип тапшырсаң кайтарбай, качан үстүндө (доолашып) туруп алганыңдан кийин гана тапшыра тургандары да бар. Мунун себеби алар: “Сабатсыз (Тоорат окубаган) адамдарда! бизге каршы (Тооратта) тыюу жок” дешет. Жана билип туруп Аллаһка жалаа жабышат
بَلَىٰ مَنْ أَوْفَىٰ بِعَهْدِهِ وَاتَّقَىٰ فَإِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُتَّقِينَ ۝٧٦
📖 Котормо Аят 76
Жок, андай эмес! Ким убадасын аткарса (Аллаһтын жана пенделердин укуктарын урматтаса) жана (Аллаһтан) корксо (мына ушул адам - такыба). Аллаһ такыбаа кишилерди сүйөт
إِنَّ الَّذِينَ يَشْتَرُونَ بِعَهْدِ اللَّهِ وَأَيْمَانِهِمْ ثَمَنًا قَلِيلًا أُولَٰئِكَ لَا خَلَاقَ لَهُمْ فِي الْآخِرَةِ وَلَا يُكَلِّمُهُمُ اللَّهُ وَلَا يَنظُرُ إِلَيْهِمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَلَا يُزَكِّيهِمْ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ ۝٧٧
📖 Котормо Аят 77
Чынында, Аллаһка берген убадаларын жана анттарын арзыбаган баага сатып жиберген кишилер үчүн Акыретте насип жок. Кыямат күндө Аллаһ аларга сүйлөбөйт, (ырайым назары менен) карабайт жана (күнөөлөрүнөн) тазартпайт. Аларга жан ооруткан азап бар
وَإِنَّ مِنْهُمْ لَفَرِيقًا يَلْوُونَ أَلْسِنَتَهُم بِالْكِتَابِ لِتَحْسَبُوهُ مِنَ الْكِتَابِ وَمَا هُوَ مِنَ الْكِتَابِ وَيَقُولُونَ هُوَ مِنْ عِندِ اللَّهِ وَمَا هُوَ مِنْ عِندِ اللَّهِ وَيَقُولُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ وَهُمْ يَعْلَمُونَ ۝٧٨
📖 Котормо Аят 78
Алардан (яхудийлерден) дагы бир жамаат бар: китепти (Тооратты) тилдери менен бурмалап (өзгөртүп) окушат, силер аны китептен деп ойлошуңар үчүн. Чынында, ал китептен эмес. Жана алар “Бул - Аллаһтын алдынан” дешет. Чынында, ал Аллаһтан эмес. Алар билип туруп Аллаһка жалган айтышат. (Нажран деген жерден келген христиандарды пайгамбарыбыз Ыйсага сыйынуудан кайтарганда, тоңмоюндук менен: “Эмне анда сага ибадат кылалыбы?!” -дешкен. Төмөнкү аят ошолорго жооп иретинде түшкөн)
مَا كَانَ لِبَشَرٍ أَن يُؤْتِيَهُ اللَّهُ الْكِتَابَ وَالْحُكْمَ وَالنُّبُوَّةَ ثُمَّ يَقُولَ لِلنَّاسِ كُونُوا عِبَادًا لِّي مِن دُونِ اللَّهِ وَلَٰكِن كُونُوا رَبَّانِيِّينَ بِمَا كُنتُمْ تُعَلِّمُونَ الْكِتَابَ وَبِمَا كُنتُمْ تَدْرُسُونَ ۝٧٩
📖 Котормо Аят 79
Аллаһ Китеп, өкүм жана пайгамбарчылык бергенден кийин ал адам элдерге карап: “Аллаһты таштап, мага пенде болгула” деп айтуусу мүмкүн эмес. Бирок, ал: “Силер китептен таалим бергениңер жана дарс кылып окуганыңар боюнча, жалгыз Рабби - Аллаһка ибадат кылуучу болгула!” деп буюрат
وَلَا يَأْمُرَكُمْ أَن تَتَّخِذُوا الْمَلَائِكَةَ وَالنَّبِيِّينَ أَرْبَابًا ۗ أَيَأْمُرُكُم بِالْكُفْرِ بَعْدَ إِذْ أَنتُم مُّسْلِمُونَ ۝٨٠
📖 Котормо Аят 80
Жана ал (пайгамбар) силерди, периштелер менен пайгамбарларды өзүңөргө РаббиКудай кылып алууга да буюрбайт. Мусулман болгонуңардан кийин каапырчылыкка буюрмак беле
وَإِذْ أَخَذَ اللَّهُ مِيثَاقَ النَّبِيِّينَ لَمَا آتَيْتُكُم مِّن كِتَابٍ وَحِكْمَةٍ ثُمَّ جَاءَكُمْ رَسُولٌ مُّصَدِّقٌ لِّمَا مَعَكُمْ لَتُؤْمِنُنَّ بِهِ وَلَتَنصُرُنَّهُ ۚ قَالَ أَأَقْرَرْتُمْ وَأَخَذْتُمْ عَلَىٰ ذَٰلِكُمْ إِصْرِي ۖ قَالُوا أَقْرَرْنَا ۚ قَالَ فَاشْهَدُوا وَأَنَا مَعَكُم مِّنَ الشَّاهِدِينَ ۝٨١
📖 Котормо Аят 81
Бир кезде Аллаһ бардык пайгамбарлардан, “Мен силерге китеп жана пайгамбарчылык бергенден кийин силерге, пайгамбарчылыгыңарды тастыктаган бир пайгамбар (Мухаммад) келсе, сөзсүз ага ыйман келтирип, дароо жардам бересиңер»-деп убада алды жана: “Макул болдуңарбы, ушунуңар менен Менин убадамды (мойнуңарга) алдыңарбы?” деди. Алар (бир добуштан): “Макул болдук” — дешти. (Анда Аллаһ): “Күбө болгула, Мен дагы силер менен бирге күбө болуучуларданмын” - деди
فَمَن تَوَلَّىٰ بَعْدَ ذَٰلِكَ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ ۝٨٢
📖 Котормо Аят 82
Мына ушундан кийин ким жүз үйрүсө, ошолор гана бузуку адамдар
أَفَغَيْرَ دِينِ اللَّهِ يَبْغُونَ وَلَهُ أَسْلَمَ مَن فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ طَوْعًا وَكَرْهًا وَإِلَيْهِ يُرْجَعُونَ ۝٨٣
📖 Котормо Аят 83
Алар Аллаһтын дининен (Исламдан) башка динди каалашабы?! Асмандар жана жердегинин баары кааласа да, каалабаса да Ага (Аллаһка) моюн сунушту го! Алар(дын өздөрү дагы) Аллаһка кайтарылат
قُلْ آمَنَّا بِاللَّهِ وَمَا أُنزِلَ عَلَيْنَا وَمَا أُنزِلَ عَلَىٰ إِبْرَاهِيمَ وَإِسْمَاعِيلَ وَإِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ وَالْأَسْبَاطِ وَمَا أُوتِيَ مُوسَىٰ وَعِيسَىٰ وَالنَّبِيُّونَ مِن رَّبِّهِمْ لَا نُفَرِّقُ بَيْنَ أَحَدٍ مِّنْهُمْ وَنَحْنُ لَهُ مُسْلِمُونَ ۝٨٤
📖 Котормо Аят 84
Айт (О, Мухаммад): “Биз Аллаһка, бизге түшүрүлгөн нерсеге (Кураанга) жана да Ибрахимге, Ысмайылга, Исхакка, Яькубга жана (ошолордон тараган) муундарга жана Муса, Ыйса жана башка пайгамбарларга Раббиси тарабынан берилген нерселерге ыйман келтирдик. Биз алардын эч биринин арасын бөлбөйбүз жана биз Аллаһка моюн сунучуларданбыз”
وَمَن يَبْتَغِ غَيْرَ الْإِسْلَامِ دِينًا فَلَن يُقْبَلَ مِنْهُ وَهُوَ فِي الْآخِرَةِ مِنَ الْخَاسِرِينَ ۝٨٥
📖 Котормо Аят 85
Жана ким Исламдан башка динди тандаса, андан (ибадаттары) кабыл алынбайт жана ал Акыретте зыян тартуучулардан болот
كَيْفَ يَهْدِي اللَّهُ قَوْمًا كَفَرُوا بَعْدَ إِيمَانِهِمْ وَشَهِدُوا أَنَّ الرَّسُولَ حَقٌّ وَجَاءَهُمُ الْبَيِّنَاتُ ۚ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ ۝٨٦
📖 Котормо Аят 86
Аларга ачык-айкын далилдер келген соң, “пайгамбар - акыйкат” деп күбөлүк берип, ыйман келтиргендеринен кийин, дагы каапыр болуп кеткен коомду Аллаһ кантип туура жолго баштасын?! Аллаһ заалым адамдарды туура жолго баштабайт
أُولَٰئِكَ جَزَاؤُهُمْ أَنَّ عَلَيْهِمْ لَعْنَةَ اللَّهِ وَالْمَلَائِكَةِ وَالنَّاسِ أَجْمَعِينَ ۝٨٧
📖 Котормо Аят 87
Алардын жазасы, аларга Аллаһтын, периштелердин жана бардык адамдардын наалат-каргышы
خَالِدِينَ فِيهَا لَا يُخَفَّفُ عَنْهُمُ الْعَذَابُ وَلَا هُمْ يُنظَرُونَ ۝٨٨
📖 Котормо Аят 88
Жана алар (Тозокто) түбөлүк калышат. Алардан (эч качан) азап жеңилдетилбейт жана алар(дан азап) кечиктирилбейт
إِلَّا الَّذِينَ تَابُوا مِن بَعْدِ ذَٰلِكَ وَأَصْلَحُوا فَإِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَّحِيمٌ ۝٨٩
📖 Котормо Аят 89
А бирок, ушундан (каапыр болгондон) кийин тообо келтирип, (айып-күнөөлөрүн) тазалаган адамдар (андай жазага тартылбайт). Чынында, Аллах Ырайымдуу, Кечиримдүү
إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا بَعْدَ إِيمَانِهِمْ ثُمَّ ازْدَادُوا كُفْرًا لَّن تُقْبَلَ تَوْبَتُهُمْ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الضَّالُّونَ ۝٩٠
📖 Котормо Аят 90
Албетте, ыйманга келгенден соң каапыр болуп, (тообанын ордуна) каапырчылыгын күчөткөн адамдардын тообалары эч качан кабыл алынбайт. Дал ошолор гана адашуучулар
إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا وَمَاتُوا وَهُمْ كُفَّارٌ فَلَن يُقْبَلَ مِنْ أَحَدِهِم مِّلْءُ الْأَرْضِ ذَهَبًا وَلَوِ افْتَدَىٰ بِهِ ۗ أُولَٰئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ وَمَا لَهُم مِّن نَّاصِرِينَ ۝٩١
📖 Котормо Аят 91
Чындыгында, каапыр болуп, каапыр бойдон өлүп кеткен адамдардан бири эгер күнөөлөрүнө төлөм катары жер жүзү толо алтын берсе да эч качан кабыл кылынбайт. Алар үчүн жан оорутуучу азап бар жана аларга эч жардамчы болбойт
لَن تَنَالُوا الْبِرَّ حَتَّىٰ تُنفِقُوا مِمَّا تُحِبُّونَ ۚ وَمَا تُنفِقُوا مِن شَيْءٍ فَإِنَّ اللَّهَ بِهِ عَلِيمٌ ۝٩٢
📖 Котормо Аят 92
Жакшылыкка, (Бейишке) өзүңөр сүйгөн нерселерди садака кылмайынча жете албайсыңар. Жана кандай гана нерсени садака кылсаңар, аны Аллаһ Билүүчү
۞ كُلُّ الطَّعَامِ كَانَ حِلًّا لِّبَنِي إِسْرَائِيلَ إِلَّا مَا حَرَّمَ إِسْرَائِيلُ عَلَىٰ نَفْسِهِ مِن قَبْلِ أَن تُنَزَّلَ التَّوْرَاةُ ۗ قُلْ فَأْتُوا بِالتَّوْرَاةِ فَاتْلُوهَا إِن كُنتُمْ صَادِقِينَ ۝٩٣
📖 Котормо Аят 93
Исрайил (пайгамбар ооруп калганы себептүү) өзүнө кээ бир тамактарды арам кылып алганын эсепке албаганда, Тоорат түшкөнгө чейин Исрайил урпактарына бардык тамак-аштар адал болгон. (О, Мухаммад, буга ишенбеген яхудийлерге): “Тооратты алып келип, окуп көргүлө, эгер чынчыл болсоңор” -деп айткын
فَمَنِ افْتَرَىٰ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ مِن بَعْدِ ذَٰلِكَ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ ۝٩٤
📖 Котормо Аят 94
Ким мына ушундан кийин деле Аллаһка доомат сүйлөсө, алар -заалымдар
قُلْ صَدَقَ اللَّهُ ۗ فَاتَّبِعُوا مِلَّةَ إِبْرَاهِيمَ حَنِيفًا وَمَا كَانَ مِنَ الْمُشْرِكِينَ ۝٩٥
📖 Котормо Аят 95
Айткын: “Аллаһ туура сүйлөдү. Ханиф (жеке Аллаһка сыйынуучу) болгон абалда Ибрахимдин динине ээрчигиле. Ал (Ибрахим) мушриктерден эмес эле
إِنَّ أَوَّلَ بَيْتٍ وُضِعَ لِلنَّاسِ لَلَّذِي بِبَكَّةَ مُبَارَكًا وَهُدًى لِّلْعَالَمِينَ ۝٩٦
📖 Котормо Аят 96
Чынында, адамдар (Аллаһка сыйынуулары) үчүн курулган эң биринчи Үй (Кааба мечити) Маккада. Ал ыйык жана ааламдар (адамдар) үчүн Туура Жол
فِيهِ آيَاتٌ بَيِّنَاتٌ مَّقَامُ إِبْرَاهِيمَ ۖ وَمَن دَخَلَهُ كَانَ آمِنًا ۗ وَلِلَّهِ عَلَى النَّاسِ حِجُّ الْبَيْتِ مَنِ اسْتَطَاعَ إِلَيْهِ سَبِيلًا ۚ وَمَن كَفَرَ فَإِنَّ اللَّهَ غَنِيٌّ عَنِ الْعَالَمِينَ ۝٩٧
📖 Котормо Аят 97
Анда (бир нече) анык белгилер бар. (Атап айтканда:) Ибрахимдин орду жана ага (Кааба мечитине) кирген адамдын (ар кандай коркунуч-зыяндан) аман болушу. Адамдардын мойнунда Аллаһ үчүн ошол (Ыйык) Үйгө ажылык кылуу милдети бар. (Бирок, ар кимге эмес) жолго (материалдык жана денелик) кудурети жеткендерге гана. Ал эми, ким каапыр болсо, Аллаһ ааламдардан Беймуктаж
قُلْ يَا أَهْلَ الْكِتَابِ لِمَ تَكْفُرُونَ بِآيَاتِ اللَّهِ وَاللَّهُ شَهِيدٌ عَلَىٰ مَا تَعْمَلُونَ ۝٩٨
📖 Котормо Аят 98
Айт: “О, китеп ээлери! Эмне үчүн, Аллаһ силер жасап жаткан иштерге күбө болуп турса да, Аллаһтын аяттарына каапыр боло бересиңер?!”
قُلْ يَا أَهْلَ الْكِتَابِ لِمَ تَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ اللَّهِ مَنْ آمَنَ تَبْغُونَهَا عِوَجًا وَأَنتُمْ شُهَدَاءُ ۗ وَمَا اللَّهُ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعْمَلُونَ ۝٩٩
📖 Котормо Аят 99
Айт: “О, китеп ээлери! Эмне үчүн ыйман келтирген адамдарды Аллаһтын жолунан тососуңар, аны бурмалоого аракет кыласыңар?! (Ал Жол чындык экенине) өзүңөр күбө элеңер го?! Аллаһ силердин ишиңерден кабарсыз эмес!”
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِن تُطِيعُوا فَرِيقًا مِّنَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ يَرُدُّوكُم بَعْدَ إِيمَانِكُمْ كَافِرِينَ ۝١٠٠
📖 Котормо Аят 100
О, ыйман келтирген адамдар! Эгер китеп ээлеринен кээ бир жамааттарга ээрчисеңер, силерди момун болгонуңардан кийин каапырчылыкка кайтарып койот
وَكَيْفَ تَكْفُرُونَ وَأَنتُمْ تُتْلَىٰ عَلَيْكُمْ آيَاتُ اللَّهِ وَفِيكُمْ رَسُولُهُ ۗ وَمَن يَعْتَصِم بِاللَّهِ فَقَدْ هُدِيَ إِلَىٰ صِرَاطٍ مُّسْتَقِيمٍ ۝١٠١
📖 Котормо Аят 101
Силерге Аллаһтын аяттары окулуп, араңарда Анын элчиси туруп, кантип эле каапыр болуп кетесиңер. Жана ким Аллаһты(н динин) бекем кармаса, сөзсүз Туура Жолго багытталат
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ حَقَّ تُقَاتِهِ وَلَا تَمُوتُنَّ إِلَّا وَأَنتُم مُّسْلِمُونَ ۝١٠٢
📖 Котормо Аят 102
О, ыйман келтирген адамдар! Аллаһтан чындап корккула жана мусулман (ыймандуу) болуп гана өлгүлө
وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعًا وَلَا تَفَرَّقُوا ۚ وَاذْكُرُوا نِعْمَتَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ كُنتُمْ أَعْدَاءً فَأَلَّفَ بَيْنَ قُلُوبِكُمْ فَأَصْبَحْتُم بِنِعْمَتِهِ إِخْوَانًا وَكُنتُمْ عَلَىٰ شَفَا حُفْرَةٍ مِّنَ النَّارِ فَأَنقَذَكُم مِّنْهَا ۗ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمْ آيَاتِهِ لَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ ۝١٠٣
📖 Котормо Аят 103
Бардыгыңар Аллаһтын жибин (динин) бекем кармагыла жана бөлүнбөгүлө! Аллаһтын берген нээматын эстегиле: Бир кезде силер өз ара душман болуп (токтоосуз согушуп) турганыңарда жүрөгүңөрдү үлпөт кылды жана Анын (бул) нээматы себептүү (бир туугандай) дос-бурадар болуп калдыңар. Жана силер тозок чуңкурунун жээгинде элеңер, Андан силерди куткарды. Аллаһ силерге Өзүнүн аяттарын — Туура Жолго түшөөрсүңөр деп — ушинтип баяндайт
وَلْتَكُن مِّنكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ ۚ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ ۝١٠٤
📖 Котормо Аят 104
Силердин араңардан (адамдарды) жакшылыкка (динге) чакырган жана (акыл, шарият боюнча) жакшы адат саналган нерселерге буюруп, жаман адаттардан кайтарган бир жамаат болсун. Ошолор гана жеңишке жетүүчүлөр
وَلَا تَكُونُوا كَالَّذِينَ تَفَرَّقُوا وَاخْتَلَفُوا مِن بَعْدِ مَا جَاءَهُمُ الْبَيِّنَاتُ ۚ وَأُولَٰئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ ۝١٠٥
📖 Котормо Аят 105
Өздөрүнө анык баяндар келгенден кийин өз ара каршылашып, бөлүнүп кеткен адамдар (яхудийлер) сыяктуу болбогула. Мына ошол адамдар үчүн чоң азаптар бар
يَوْمَ تَبْيَضُّ وُجُوهٌ وَتَسْوَدُّ وُجُوهٌ ۚ فَأَمَّا الَّذِينَ اسْوَدَّتْ وُجُوهُهُمْ أَكَفَرْتُم بَعْدَ إِيمَانِكُمْ فَذُوقُوا الْعَذَابَ بِمَا كُنتُمْ تَكْفُرُونَ ۝١٠٦
📖 Котормо Аят 106
Ал (Кыямат) Күндө (кээ бир) жүздөр агарып, (кээ бир) жүздөр карарат. Ошондо, жүзү карарган адамдарга “ыйманга келгенден кийин каапыр болдуңар беле? Эми, каапыр болгонуңардын эсебине азап чеге бергиле!” (деп айтылат)
وَأَمَّا الَّذِينَ ابْيَضَّتْ وُجُوهُهُمْ فَفِي رَحْمَةِ اللَّهِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ ۝١٠٧
📖 Котормо Аят 107
Ал эми, жүздөрү агарган адамдар болсо, түбөлүккө Аллаһтын ырайымында (Бейиште) болушат. Алар анда түбөлүккө калышат
تِلْكَ آيَاتُ اللَّهِ نَتْلُوهَا عَلَيْكَ بِالْحَقِّ ۗ وَمَا اللَّهُ يُرِيدُ ظُلْمًا لِّلْعَالَمِينَ ۝١٠٨
📖 Котормо Аят 108
(О, Мухаммад!) Булар - Аллаһтын аяттары. Биз аларды сага акыйкат менен окуп беребиз. Аллаһ ааламдарга зулумду каалабайт
وَلِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۚ وَإِلَى اللَّهِ تُرْجَعُ الْأُمُورُ ۝١٠٩
📖 Котормо Аят 109
Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллаһтын мүлкү. Жана бардык иштер Аллаһка кайтарылат
كُنتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ ۗ وَلَوْ آمَنَ أَهْلُ الْكِتَابِ لَكَانَ خَيْرًا لَّهُم ۚ مِّنْهُمُ الْمُؤْمِنُونَ وَأَكْثَرُهُمُ الْفَاسِقُونَ ۝١١٠
📖 Котормо Аят 110
(О, мусулмандар!) Силер (ааламдагы бардык) адамдар үчүн чыгарылган жакшы үммөт болдуңар. (Адамдарды) жакшы адаттарга буюруп, жаман жоруктардан кайтарасыңар жана Аллаһка ыйман келтиресиңер. Эгер китеп ээлери ыйман келтиришсе, өздөрүнө жакшы болмок. Алардын арасында (силерге окшоп) ыйман келтиргендери да бар. Бирок, көпчүлүгү бузукулар
لَن يَضُرُّوكُمْ إِلَّا أَذًى ۖ وَإِن يُقَاتِلُوكُمْ يُوَلُّوكُمُ الْأَدْبَارَ ثُمَّ لَا يُنصَرُونَ ۝١١١
📖 Котормо Аят 111
(О, момундар!) Алар силерге зыян жеткире албайт. Эгер жеткирсе (заар тилдери менен гана) зыян жеткиришет. Эгер силер менен согушуп калса, артына карап качышат. Анан аларга жардам берилбейт
ضُرِبَتْ عَلَيْهِمُ الذِّلَّةُ أَيْنَ مَا ثُقِفُوا إِلَّا بِحَبْلٍ مِّنَ اللَّهِ وَحَبْلٍ مِّنَ النَّاسِ وَبَاءُوا بِغَضَبٍ مِّنَ اللَّهِ وَضُرِبَتْ عَلَيْهِمُ الْمَسْكَنَةُ ۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ كَانُوا يَكْفُرُونَ بِآيَاتِ اللَّهِ وَيَقْتُلُونَ الْأَنبِيَاءَ بِغَيْرِ حَقٍّ ۚ ذَٰلِكَ بِمَا عَصَوا وَّكَانُوا يَعْتَدُونَ ۝١١٢
📖 Котормо Аят 112
Кайда барышса да аларга кордук жазып коюлду. Бир гана Аллаһтын жана адамдардын убада-келишиминин астында болгон учурларда гана (кор болбой жашашат). Алар Аллаһтын каарына калышты жана аларга бечаралык(та жашоо) жазып коюлду. Бул (жазалар) Аллаһтын аяттарына каапыр болгондору, пайгамбарларды кыянаттык менен өлтүргөндөрү жана күнөөкөр болуп, чектен чыккандары себептүү
۞ لَيْسُوا سَوَاءً ۗ مِّنْ أَهْلِ الْكِتَابِ أُمَّةٌ قَائِمَةٌ يَتْلُونَ آيَاتِ اللَّهِ آنَاءَ اللَّيْلِ وَهُمْ يَسْجُدُونَ ۝١١٣
📖 Котормо Аят 113
Алардын баары бирдей (жаман) эмес. Китеп ээлеринин арасында динде туура жүргөн тайпалар да бар. Алар түнү менен сажда кылган абалда Аллаһтын аяттарын окушат
يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَيُسَارِعُونَ فِي الْخَيْرَاتِ وَأُولَٰئِكَ مِنَ الصَّالِحِينَ ۝١١٤
📖 Котормо Аят 114
Аллаһка, Акырет күнүнө ыйман келтиришет, жакшы амалдарга буюруп, жаман жоруктардан кайтарышат жана жакшы иштерге шашылышат. Ошолор жакшы кишилерден
وَمَا يَفْعَلُوا مِنْ خَيْرٍ فَلَن يُكْفَرُوهُ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ بِالْمُتَّقِينَ ۝١١٥
📖 Котормо Аят 115
Жана алар эмне жакшылык кылышса ал иши(нин сообу) жоголбойт. Аллаһ такыбаа кишилерди Билүүчү
إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا لَن تُغْنِيَ عَنْهُمْ أَمْوَالُهُمْ وَلَا أَوْلَادُهُم مِّنَ اللَّهِ شَيْئًا ۖ وَأُولَٰئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ ۚ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ ۝١١٦
📖 Котормо Аят 116
Каапыр адамдарды Аллаһтан (берилүүчү азаптан) мал-дүйнөлөрү да, бала-чакалары да куткарып кала албайт. Алар - Тозок ээлери. Анда түбөлүк калышат
مَثَلُ مَا يُنفِقُونَ فِي هَٰذِهِ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا كَمَثَلِ رِيحٍ فِيهَا صِرٌّ أَصَابَتْ حَرْثَ قَوْمٍ ظَلَمُوا أَنفُسَهُمْ فَأَهْلَكَتْهُ ۚ وَمَا ظَلَمَهُمُ اللَّهُ وَلَٰكِنْ أَنفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ ۝١١٧
📖 Котормо Аят 117
Алар ушул дүйнө жашоосунда (Исламга каршы) жумшаган байлыктарынын мисалы, өздөрүнө зулум кылган (каапыр) коомдун эгиндерине тийип, жок кылган оттуу шамалга окшойт. Аларга Аллаһ зулумдук кылган жок. Бирок, өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا بِطَانَةً مِّن دُونِكُمْ لَا يَأْلُونَكُمْ خَبَالًا وَدُّوا مَا عَنِتُّمْ قَدْ بَدَتِ الْبَغْضَاءُ مِنْ أَفْوَاهِهِمْ وَمَا تُخْفِي صُدُورُهُمْ أَكْبَرُ ۚ قَدْ بَيَّنَّا لَكُمُ الْآيَاتِ ۖ إِن كُنتُمْ تَعْقِلُونَ ۝١١٨
📖 Котормо Аят 118
О, ыйман келтирген адамдар! Бири-бириңерди колдоп, аларды (капырларды) сырдаш-дос кылбагыла! (Момундардын сырларын аларга ташыбагыла). Алар силерге зыян жеткирүүдөн күчтөрүн аяшпайт жана силерге бир жамандык болушун эңсешет. Алардын жек көрүүлөрү сөздөрүнөн байкалат. Бирок, жүрөктөрүнө жашырган (жек көрүүлөрү) чоңураак. Эгер акылыңарды жакшы иштетсеңер, Биз силерге (душманыңар жөнүндөгү) белгилерди баян кылып бердик
هَا أَنتُمْ أُولَاءِ تُحِبُّونَهُمْ وَلَا يُحِبُّونَكُمْ وَتُؤْمِنُونَ بِالْكِتَابِ كُلِّهِ وَإِذَا لَقُوكُمْ قَالُوا آمَنَّا وَإِذَا خَلَوْا عَضُّوا عَلَيْكُمُ الْأَنَامِلَ مِنَ الْغَيْظِ ۚ قُلْ مُوتُوا بِغَيْظِكُمْ ۗ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ ۝١١٩
📖 Котормо Аят 119
О, силер (момундар!) Аларды сүйөсүңөр, алар силерди сүйбөйт. Силер бардык (илахий) китептерге (жана бардык пайгамбарларга) ишенесиңер. (Алар болсо, силердин китебиңерге да, пайгамбарыңарга да ишенбейт). Жана силерге жолукса: “Ыйман келтирдик” дешет, эгер (өздөрү) жалгыз калышканда силерди жек көргөнү себептүү манжаларын чайнашат. Айт (о, Мухаммад): “Жек көрүүңөр менен өлгүлө!” Аллаһ жүрөктөрдү ээлеген сырларды Билүүчү
إِن تَمْسَسْكُمْ حَسَنَةٌ تَسُؤْهُمْ وَإِن تُصِبْكُمْ سَيِّئَةٌ يَفْرَحُوا بِهَا ۖ وَإِن تَصْبِرُوا وَتَتَّقُوا لَا يَضُرُّكُمْ كَيْدُهُمْ شَيْئًا ۗ إِنَّ اللَّهَ بِمَا يَعْمَلُونَ مُحِيطٌ ۝١٢٠
📖 Котормо Аят 120
Эгер силерге бир жакшылык жетсе, бул аларды капа кылат. А эгер силерге бир жамандык жетсе муну менен сүйүнүшөт. Жана эгер силер такыба болсоңор жана (каапырлардын айла-амалдарына) сабыр кылсаңар, алардын айлакерлиги силерге эч кандай зыян жеткирбейт. Чынында, Аллаһ алардын иштерин Камтуучу
وَإِذْ غَدَوْتَ مِنْ أَهْلِكَ تُبَوِّئُ الْمُؤْمِنِينَ مَقَاعِدَ لِلْقِتَالِ ۗ وَاللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ ۝١٢١
📖 Котормо Аят 121
Бир кезде, сен (о, Мухаммад!) үй-бүлөңдөн чыгып, момундарды согуш орундарына (көрөгөчтүк менен) жайгаштырдың. Аллаһ -Угуучу, Билүүчү
إِذْ هَمَّت طَّائِفَتَانِ مِنكُمْ أَن تَفْشَلَا وَاللَّهُ وَلِيُّهُمَا ۗ وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ ۝١٢٢
📖 Котормо Аят 122
Ошондо, силерден эки тайпа адамдар үмүтсүздүккө түшүп калышты. Чынында, Аллаһтын Өзү алардын жетекчиси эле. Жана момундар Аллаһка гана өздөрүн тапшырышсын! (Ушул жерде мусулмандарга таалим үчүн Ухуд окуяларынын арасына “Бадр” согушунда болгон окуялар киргизилет)
وَلَقَدْ نَصَرَكُمُ اللَّهُ بِبَدْرٍ وَأَنتُمْ أَذِلَّةٌ ۖ فَاتَّقُوا اللَّهَ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ ۝١٢٣
📖 Котормо Аят 123
Аллаһ силерге Бадрда (сан жана даярдык жагынан) төмөн болгонуңарга карабай жеңиш берген.! Аллаһтан корккула. (Балким) шүгүр кылуучу болуп калаарсыңар
إِذْ تَقُولُ لِلْمُؤْمِنِينَ أَلَن يَكْفِيَكُمْ أَن يُمِدَّكُمْ رَبُّكُم بِثَلَاثَةِ آلَافٍ مِّنَ الْمَلَائِكَةِ مُنزَلِينَ ۝١٢٤
📖 Котормо Аят 124
Ошондо, сен момундарга айттың: “Раббиңер, асмандан түшүрүлгөн үч миң периште менен силерди колдоп коюшу силерге жетиштүү болбойбу
بَلَىٰ ۚ إِن تَصْبِرُوا وَتَتَّقُوا وَيَأْتُوكُم مِّن فَوْرِهِمْ هَٰذَا يُمْدِدْكُمْ رَبُّكُم بِخَمْسَةِ آلَافٍ مِّنَ الْمَلَائِكَةِ مُسَوِّمِينَ ۝١٢٥
📖 Котормо Аят 125
Жок (жетиштүү болот). Эгер силер, такыба болуп, сабыр кылсаңар, (каапырлар) кол салаары менен, силерге периштелер жетип келет. (Анан) Раббиңер силерди беш миң (кайраттуулук) белгиси бар периште менен кубаттандырат
وَمَا جَعَلَهُ اللَّهُ إِلَّا بُشْرَىٰ لَكُمْ وَلِتَطْمَئِنَّ قُلُوبُكُم بِهِ ۗ وَمَا النَّصْرُ إِلَّا مِنْ عِندِ اللَّهِ الْعَزِيزِ الْحَكِيمِ ۝١٢٦
📖 Котормо Аят 126
Аллаһ бул ишти силерге куш кабар үчүн жана аны менен жүрөгүңөр тынчтансын үчүн гана жасады. Жеңиш-жардам Кудуреттүү, Даанышман Аллаһ тарабынан гана келет
لِيَقْطَعَ طَرَفًا مِّنَ الَّذِينَ كَفَرُوا أَوْ يَكْبِتَهُمْ فَيَنقَلِبُوا خَائِبِينَ ۝١٢٧
📖 Котормо Аят 127
(Бадрдагы бул жеңиш) каапырлардын бир ныптасын кесип, (бир сыйра) эзип, (канчалык ачуулары келсе да) үмүтсүз абалда кайтып кетүүлөрү үчүн (берилди)
لَيْسَ لَكَ مِنَ الْأَمْرِ شَيْءٌ أَوْ يَتُوبَ عَلَيْهِمْ أَوْ يُعَذِّبَهُمْ فَإِنَّهُمْ ظَالِمُونَ ۝١٢٨
📖 Котормо Аят 128
(О, Мухаммад!) эч бир иш сенин колуңда эмес.” (Бардыгы Аллаһтын колунда) Ал кааласа (каапырларды Исламга киргизип) тообаларын кабыл алат, кааласа заалым болгондору себептүү азаптайт
وَلِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۚ يَغْفِرُ لِمَن يَشَاءُ وَيُعَذِّبُ مَن يَشَاءُ ۚ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَّحِيمٌ ۝١٢٩
📖 Котормо Аят 129
Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллаһтын мүлкү. Ал каалаган адамын кечирип, каалаган адамын азаптайт. Аллаһ Кечиримдүү, Мээримдүү
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَأْكُلُوا الرِّبَا أَضْعَافًا مُّضَاعَفَةً ۖ وَاتَّقُوا اللَّهَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ ۝١٣٠
📖 Котормо Аят 130
О, момундар! Көп-көп кошумчасы бар пайданы (сүткорлуктун акчасын) жебегиле жана Аллаһтан корккула, ошондо жеңишке (Бейишке) жетээрсиңер
وَاتَّقُوا النَّارَ الَّتِي أُعِدَّتْ لِلْكَافِرِينَ ۝١٣١
📖 Котормо Аят 131
Жана каапырлар үчүн даярдап коюлган Тозоктон корккула
وَأَطِيعُوا اللَّهَ وَالرَّسُولَ لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ ۝١٣٢
📖 Котормо Аят 132
Аллаһка жана пайгамбарга моюн сунгула! (Ошондо) Силерге ырайым кылынса ажеп эмес
۞ وَسَارِعُوا إِلَىٰ مَغْفِرَةٍ مِّن رَّبِّكُمْ وَجَنَّةٍ عَرْضُهَا السَّمَاوَاتُ وَالْأَرْضُ أُعِدَّتْ لِلْمُتَّقِينَ ۝١٣٣
📖 Котормо Аят 133
Раббиңердин кечиримине жана такыбаа кишилер үчүн даярдап коюлган, кеңдиги асмандар менен жердей болгон Бейишке шашылгыла
الَّذِينَ يُنفِقُونَ فِي السَّرَّاءِ وَالضَّرَّاءِ وَالْكَاظِمِينَ الْغَيْظَ وَالْعَافِينَ عَنِ النَّاسِ ۗ وَاللَّهُ يُحِبُّ الْمُحْسِنِينَ ۝١٣٤
📖 Котормо Аят 134
(Такыба кишилер) жокчулук жана бардарчылык мезгилдеринде (бирдей) садака-эхсан кылышат, ачууларын жутушат жана адамдарга кечиримдүү болушат. Аллаһ эхсан кылуучуларды сүйөт
وَالَّذِينَ إِذَا فَعَلُوا فَاحِشَةً أَوْ ظَلَمُوا أَنفُسَهُمْ ذَكَرُوا اللَّهَ فَاسْتَغْفَرُوا لِذُنُوبِهِمْ وَمَن يَغْفِرُ الذُّنُوبَ إِلَّا اللَّهُ وَلَمْ يُصِرُّوا عَلَىٰ مَا فَعَلُوا وَهُمْ يَعْلَمُونَ ۝١٣٥
📖 Котормо Аят 135
(Такыбаа кишилер) бир бузук иш же өздөрүнө зулум (күнөө) кылып коюшса, дароо Аллаһты эстешип, күнөөлөрүн кечиришин сурашат — күнөөлөрдү Аллаһтан башка ким кечирмек эле — жана жасаган (күнөө) иштерин билип туруп, кайталай беришпейт
أُولَٰئِكَ جَزَاؤُهُم مَّغْفِرَةٌ مِّن رَّبِّهِمْ وَجَنَّاتٌ تَجْرِي مِن تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا ۚ وَنِعْمَ أَجْرُ الْعَامِلِينَ ۝١٣٦
📖 Котормо Аят 136
Ошол адамдардын сыйлыгы: Раббисинен болгон кечирим жана анда түбөлүк калуучу, астынан дарыялар агып турган Бейиш бактары. (Жакшы) амал кылуучулардын сообу кандай сонун! (Кийинки аяттан Аллай Таала кайрадан “Ухуд” согушунун баяндарына кайтат)
قَدْ خَلَتْ مِن قَبْلِكُمْ سُنَنٌ فَسِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَانظُرُوا كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الْمُكَذِّبِينَ ۝١٣٧
📖 Котормо Аят 137
Силерден мурун да бул жолдор (сыноолор) өткөн. Жер жүзүн кезгиле жана (Аллаһтын динин) жалганга чыгаргандардын акыр түбү кандай болгонун көргүлө
هَٰذَا بَيَانٌ لِّلنَّاسِ وَهُدًى وَمَوْعِظَةٌ لِّلْمُتَّقِينَ ۝١٣٨
📖 Котормо Аят 138
Бул (окуялар)! адамдар үчүн баян, Туура Жол жана такыбаа кишилер үчүн эскертүү - насаат
وَلَا تَهِنُوا وَلَا تَحْزَنُوا وَأَنتُمُ الْأَعْلَوْنَ إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ ۝١٣٩
📖 Котормо Аят 139
(О, момундар, “жеңилип калдык” деп) алсырабагыла жана кайгырбагыла! Ыймандуу болсоңор эле, силер жогорусуңар
إِن يَمْسَسْكُمْ قَرْحٌ فَقَدْ مَسَّ الْقَوْمَ قَرْحٌ مِّثْلُهُ ۚ وَتِلْكَ الْأَيَّامُ نُدَاوِلُهَا بَيْنَ النَّاسِ وَلِيَعْلَمَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا وَيَتَّخِذَ مِنكُمْ شُهَدَاءَ ۗ وَاللَّهُ لَا يُحِبُّ الظَّالِمِينَ ۝١٤٠
📖 Котормо Аят 140
Эгер (бул согушта) силерге жараат (жеңилүү) жеткен болсо, ушундай эле жараат (Бадр согушунда, каапыр) коомго да жеткен. Биз бул (жеңген жана жеңилген) күндөрдү адамдар арасында (кезектештире) айлантып турабыз. Жана (мунун себеби): Аллаһ (араңардагы чыныгы) момундарды билиши үчүн жана силердин араңардан шейиттерди алыш үчүн. Аллаһ заалымдарды сүйбөйт
وَلِيُمَحِّصَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا وَيَمْحَقَ الْكَافِرِينَ ۝١٤١
📖 Котормо Аят 141
Ошондой эле, Аллаһ (чындап) ыйман келтиргендерди (күнөөлүүлөрдөн жана эки жүздүүлөрдөн) тазалап, каапырларды өлтүрүү үчүн (жеңген-жеңилген күндөрдү адамдар арасында кезеги менен алмаштырып турат)
أَمْ حَسِبْتُمْ أَن تَدْخُلُوا الْجَنَّةَ وَلَمَّا يَعْلَمِ اللَّهُ الَّذِينَ جَاهَدُوا مِنكُمْ وَيَعْلَمَ الصَّابِرِينَ ۝١٤٢
📖 Котормо Аят 142
Же болбосо, силер, Аллаһ араңардагы (жан үрөп) жихад кылгандар менен (жихад машакаттарына) сабыр кылгандарды билип (ажыратып) албай туруп эле, Бейишке киребиз деп ойлодуңарбы
وَلَقَدْ كُنتُمْ تَمَنَّوْنَ الْمَوْتَ مِن قَبْلِ أَن تَلْقَوْهُ فَقَدْ رَأَيْتُمُوهُ وَأَنتُمْ تَنظُرُونَ ۝١٤٣
📖 Котормо Аят 143
Силер (шейит болуп) өлүүнү, ага жолукканга чейин үмүт кылган элеңер го?! Мына эми, аны өз көзүңөр менен көрдүңөр
وَمَا مُحَمَّدٌ إِلَّا رَسُولٌ قَدْ خَلَتْ مِن قَبْلِهِ الرُّسُلُ ۚ أَفَإِن مَّاتَ أَوْ قُتِلَ انقَلَبْتُمْ عَلَىٰ أَعْقَابِكُمْ ۚ وَمَن يَنقَلِبْ عَلَىٰ عَقِبَيْهِ فَلَن يَضُرَّ اللَّهَ شَيْئًا ۗ وَسَيَجْزِي اللَّهُ الشَّاكِرِينَ ۝١٤٤
📖 Котормо Аят 144
Мухаммад болгону бир пайгамбар. Андан мурун да пайгамбарлар өткөн. Эми, эгер ал өлсө, же өлтүрүлсө артыңарга (каапырлыкка) кайтып кетесиңерби? Ким артына кайтып кетсе, Аллаһка эч бир зыян жеткире албайт! Аллаһ жакында (динде бекем болгон) шүгүр кылуучуларга сыйлык берет
وَمَا كَانَ لِنَفْسٍ أَن تَمُوتَ إِلَّا بِإِذْنِ اللَّهِ كِتَابًا مُّؤَجَّلًا ۗ وَمَن يُرِدْ ثَوَابَ الدُّنْيَا نُؤْتِهِ مِنْهَا وَمَن يُرِدْ ثَوَابَ الْآخِرَةِ نُؤْتِهِ مِنْهَا ۚ وَسَنَجْزِي الشَّاكِرِينَ ۝١٤٥
📖 Котормо Аят 145
Эч бир жан Аллаһтын уруксаты менен (Лавхул-Махфузда) жазылган жана белгиленген мөөнөтү (ажалы) келмейинче өлбөйт. Ким дүйнө сообун кааласа, андан (үлүш) беребиз жана ким Акырет сообун кааласа, андан (үлүш) беребиз. Жана Биз шүгүр кылуучуларга жакында сыйлык беребиз
وَكَأَيِّن مِّن نَّبِيٍّ قَاتَلَ مَعَهُ رِبِّيُّونَ كَثِيرٌ فَمَا وَهَنُوا لِمَا أَصَابَهُمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَمَا ضَعُفُوا وَمَا اسْتَكَانُوا ۗ وَاللَّهُ يُحِبُّ الصَّابِرِينَ ۝١٤٦
📖 Котормо Аят 146
(Тарыхта) нечендеген пайгамбарлардын жанында көптөгөн сахаабалары согушушкан. Алар Аллаһтын жолунда өздөрүнө жеткен машакаттар себептүү тунжурап, алсырап, коркуп калышпаган. Аллаһ (ушундай) сабырдууларды сүйөт
وَمَا كَانَ قَوْلَهُمْ إِلَّا أَن قَالُوا رَبَّنَا اغْفِرْ لَنَا ذُنُوبَنَا وَإِسْرَافَنَا فِي أَمْرِنَا وَثَبِّتْ أَقْدَامَنَا وَانصُرْنَا عَلَى الْقَوْمِ الْكَافِرِينَ ۝١٤٧
📖 Котормо Аят 147
(Ошол оор мезгилдерде) Алардын айткан сөздөрү: “О, Раббибиз! Биздин күнөөлөрүбүздү, ысыраптарыбызды кечир! Жана кадамдарыбызды бекем кыл! Каапыр коомго каршы бизге жардам бер” деген (дубалар) болгон
فَآتَاهُمُ اللَّهُ ثَوَابَ الدُّنْيَا وَحُسْنَ ثَوَابِ الْآخِرَةِ ۗ وَاللَّهُ يُحِبُّ الْمُحْسِنِينَ ۝١٤٨
📖 Котормо Аят 148
Кийин Аллаһ аларга (жеңиш жана олжодон турган) дүйнө сообун, ошондой эле, Акырет сообунун эң жакшыларынан берди. Аллаһ жакшы иш кылуучуларды сүйөт
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِن تُطِيعُوا الَّذِينَ كَفَرُوا يَرُدُّوكُمْ عَلَىٰ أَعْقَابِكُمْ فَتَنقَلِبُوا خَاسِرِينَ ۝١٤٩
📖 Котормо Аят 149
О, момундар! Эгер каапырларга моюн сунчу болсоңор, силерди (динден) кайтарып жиберет. Анан (эки дүйнөдө) зыян көрүүчүлөргө айланып каласыңар
بَلِ اللَّهُ مَوْلَاكُمْ ۖ وَهُوَ خَيْرُ النَّاصِرِينَ ۝١٥٠
📖 Котормо Аят 150
Силердин дос-жетекчиңер -Аллаһ! Ал эң жакшы жардамчы
سَنُلْقِي فِي قُلُوبِ الَّذِينَ كَفَرُوا الرُّعْبَ بِمَا أَشْرَكُوا بِاللَّهِ مَا لَمْ يُنَزِّلْ بِهِ سُلْطَانًا ۖ وَمَأْوَاهُمُ النَّارُ ۚ وَبِئْسَ مَثْوَى الظَّالِمِينَ ۝١٥١
📖 Котормо Аят 151
Биз жакында, Аллаһ эч кандай далил түшүрбөгөн нерселерди Аллаһка шерик кылып алгандары себептүү, каапырлардын жүрөгүнө коркуу салып койобуз. Алардын жайлары - тозок! Заалымдардын жайлары кандай жаман
وَلَقَدْ صَدَقَكُمُ اللَّهُ وَعْدَهُ إِذْ تَحُسُّونَهُم بِإِذْنِهِ ۖ حَتَّىٰ إِذَا فَشِلْتُمْ وَتَنَازَعْتُمْ فِي الْأَمْرِ وَعَصَيْتُم مِّن بَعْدِ مَا أَرَاكُم مَّا تُحِبُّونَ ۚ مِنكُم مَّن يُرِيدُ الدُّنْيَا وَمِنكُم مَّن يُرِيدُ الْآخِرَةَ ۚ ثُمَّ صَرَفَكُمْ عَنْهُمْ لِيَبْتَلِيَكُمْ ۖ وَلَقَدْ عَفَا عَنكُمْ ۗ وَاللَّهُ ذُو فَضْلٍ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ ۝١٥٢
📖 Котормо Аят 152
Силер (Ухуд согушу башталганда) Анын уруксаты менен каапырларды талкалап киргениңерде, Аллаһ (жеңиш беремин) деген убадасынын үстүнөн чыккан болчу. Анан качан, Аллаһ силер сүйгөн нерсени (жеңишти) көзүңөргө көргөзүп койгондон кийин гана өзүңөр алсыз болуп, (пайгамбар берген) буйрук тууралуу (өз ара) талашып, анын буйругун аткарбай койгонуңарда - силерден кээ бирөөлөр дүйнөнү (олжону), кээ бирөөлөр Акыретти каалайт экен - ошондон кийин гана Аллаһ, силерди сынаш үчүн силерди(н жүзүңөрдү) алард(ын аркаларын) ан буруп койду. (Кийин алардын жүзү силердин аркаңарды карап, силерди кубалап калды). Жана (андан кийин) Ал силерди кечирди. (Анткени,) Аллаһ — ыймандууларга пазилеттүү
۞ إِذْ تُصْعِدُونَ وَلَا تَلْوُونَ عَلَىٰ أَحَدٍ وَالرَّسُولُ يَدْعُوكُمْ فِي أُخْرَاكُمْ فَأَثَابَكُمْ غَمًّا بِغَمٍّ لِّكَيْلَا تَحْزَنُوا عَلَىٰ مَا فَاتَكُمْ وَلَا مَا أَصَابَكُمْ ۗ وَاللَّهُ خَبِيرٌ بِمَا تَعْمَلُونَ ۝١٥٣
📖 Котормо Аят 153
Ошондо, силер эч кимге карабай (тоо) таянып (качып) жөнөдүңөр. Пайгамбар болсо, (“О, Аллаһтын пенделери бери келгиле!” - деп) эң акыркыңардын арасында силерди чакырып жатты. Кийин Аллаһ, силер жетпей калган жеңишке жана силерге жеткен жеңилүүгө капа болбошуңар үчүн кайгы үстүнө (андан да чоңураак) кайгы берди.? Аллаһ силердин ишиңерден Кабардар
ثُمَّ أَنزَلَ عَلَيْكُم مِّن بَعْدِ الْغَمِّ أَمَنَةً نُّعَاسًا يَغْشَىٰ طَائِفَةً مِّنكُمْ ۖ وَطَائِفَةٌ قَدْ أَهَمَّتْهُمْ أَنفُسُهُمْ يَظُنُّونَ بِاللَّهِ غَيْرَ الْحَقِّ ظَنَّ الْجَاهِلِيَّةِ ۖ يَقُولُونَ هَل لَّنَا مِنَ الْأَمْرِ مِن شَيْءٍ ۗ قُلْ إِنَّ الْأَمْرَ كُلَّهُ لِلَّهِ ۗ يُخْفُونَ فِي أَنفُسِهِم مَّا لَا يُبْدُونَ لَكَ ۖ يَقُولُونَ لَوْ كَانَ لَنَا مِنَ الْأَمْرِ شَيْءٌ مَّا قُتِلْنَا هَاهُنَا ۗ قُل لَّوْ كُنتُمْ فِي بُيُوتِكُمْ لَبَرَزَ الَّذِينَ كُتِبَ عَلَيْهِمُ الْقَتْلُ إِلَىٰ مَضَاجِعِهِمْ ۖ وَلِيَبْتَلِيَ اللَّهُ مَا فِي صُدُورِكُمْ وَلِيُمَحِّصَ مَا فِي قُلُوبِكُمْ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ ۝١٥٤
📖 Котормо Аят 154
Кийин, (ошол чоң) кайгынын артынан, Аллаһ силерге (көз ирмемдик, эс алдыруучу) уйку берди. (Ал уйку) силердин араңардан (динге жан күйдүргөн) бир тайпаны өз кучагына алды. (Силердин араңардагы) дагы бир тайпаны (мунафыктарды) өз жандары кайгыга салып, Аллаһка адилетсиздик менен, нааданчасынан күмөн санап: “Эми, бизге иш жок” (жеңилип бүттүк) дешти. Айт: “Иш Аллаһтын колунда”. Алар сага айтпаган нерселерин жүрөктөрүнө катып: “Эгер бул (согуштук) иште биздин пикирибиз эсепке алынганда, бул жерде өлүп кетпейт элек” дешет. Айт: “Эгер үйүңөрдүн ичинде болсоңор дагы, (тагдырында) өлтүрүлүү жазып коюлган киши, өлтүрүлө турган жайына келет.” (Аллаһ бул иштерди) силердин жүрөгүңөрдөгү нерсени (ал ыйманбы, мунафыктыкпы) сынаш жана жүрөгүңөрдөгү (шайтандын азгырыгынан турган) нерсени тазалаш үчүн кылды. Аллаһ — жүрөктөрдөгү сырларды да Билүүчү
إِنَّ الَّذِينَ تَوَلَّوْا مِنكُمْ يَوْمَ الْتَقَى الْجَمْعَانِ إِنَّمَا اسْتَزَلَّهُمُ الشَّيْطَانُ بِبَعْضِ مَا كَسَبُوا ۖ وَلَقَدْ عَفَا اللَّهُ عَنْهُمْ ۗ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ حَلِيمٌ ۝١٥٥
📖 Котормо Аят 155
(О, момундар, Ухудда) эки (согушкер) жамаат жолуккан күндө артына качкан адамдарыңарды, кээ бир күнөөлөрү себептүү, шайтан гана жолдон азгырган.! Аллаһ алардын күнөөсүн кечирди. Аллаһ Кечиримдүү, (пейили) Жумшак
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَكُونُوا كَالَّذِينَ كَفَرُوا وَقَالُوا لِإِخْوَانِهِمْ إِذَا ضَرَبُوا فِي الْأَرْضِ أَوْ كَانُوا غُزًّى لَّوْ كَانُوا عِندَنَا مَا مَاتُوا وَمَا قُتِلُوا لِيَجْعَلَ اللَّهُ ذَٰلِكَ حَسْرَةً فِي قُلُوبِهِمْ ۗ وَاللَّهُ يُحْيِي وَيُمِيتُ ۗ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ ۝١٥٦
📖 Котормо Аят 156
О, ыйман келтиргендер! (Алыс) жерге сапарга же болбосо казатка чыккан бурадарлары жөнүндө “Эгер биздин алдыбызда болсо өлбөйт жана өлтүрүлбөйт эле” деген каапырларга окшобогула. Аллаһ алардын бул (жалган) сөздөрүн өздөрүнүн жүрөктөрүнө кайгы кылып койот. Чынында, Аллаһ өлтүрөт жана тирилтет. Аллаһ силер жасап жаткан иштерди Көрүүчү
وَلَئِن قُتِلْتُمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ أَوْ مُتُّمْ لَمَغْفِرَةٌ مِّنَ اللَّهِ وَرَحْمَةٌ خَيْرٌ مِّمَّا يَجْمَعُونَ ۝١٥٧
📖 Котормо Аят 157
Эгер силер Аллаһтын жолунда өлтүрүлсөңөр же өлсөңөр.., Аллаһдан болгон кечирим жана ырайым (дүйнө кулдары) жыйнаган нерседен жакшы
وَلَئِن مُّتُّمْ أَوْ قُتِلْتُمْ لَإِلَى اللَّهِ تُحْشَرُونَ ۝١٥٨
📖 Котормо Аят 158
Эгер өлсөңөр же өлтүрүлсөңөр, сөзсүз Аллаһтын алдына чогултуласыңар
فَبِمَا رَحْمَةٍ مِّنَ اللَّهِ لِنتَ لَهُمْ ۖ وَلَوْ كُنتَ فَظًّا غَلِيظَ الْقَلْبِ لَانفَضُّوا مِنْ حَوْلِكَ ۖ فَاعْفُ عَنْهُمْ وَاسْتَغْفِرْ لَهُمْ وَشَاوِرْهُمْ فِي الْأَمْرِ ۖ فَإِذَا عَزَمْتَ فَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُتَوَكِّلِينَ ۝١٥٩
📖 Котормо Аят 159
(О, Мухаммад!) Раббиң тарабынан болгон ырайым себептүү сен аларга (сахаабаларыңа) жумшак мамиле жасадың. Эгер орой, ташбоор болсоң, алар сенин айланаңдан тарап кетишмек! Аларды кечир жана Алар үчүн (Аллаһдан) кечирим сура. Жана (өзүң ылайык көргөн) иште алар менен кеңеш. Эгер (бир ишке) киришчү болсоң, Аллаһка тобокел кыл. Албетте, Аллаһ тобокел кылуучуларды сүйөт
إِن يَنصُرْكُمُ اللَّهُ فَلَا غَالِبَ لَكُمْ ۖ وَإِن يَخْذُلْكُمْ فَمَن ذَا الَّذِي يَنصُرُكُم مِّن بَعْدِهِ ۗ وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ ۝١٦٠
📖 Котормо Аят 160
Эгер Аллаһ жардам берсе, силерди эч ким жеңе албайт. Эгерде жардамсыз (өзүңөрдү-өзүңөргө) таштап койсо, Аллаһтан кийин силерге ким жардам берет?! Момундар Аллаһка гана тобокел кылышсын
وَمَا كَانَ لِنَبِيٍّ أَن يَغُلَّ ۚ وَمَن يَغْلُلْ يَأْتِ بِمَا غَلَّ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۚ ثُمَّ تُوَفَّىٰ كُلُّ نَفْسٍ مَّا كَسَبَتْ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ ۝١٦١
📖 Котормо Аят 161
Эч бир пайгамбарга “гулул” кылуу? мүмкүн эмес! Жана кимде-ким “гулул” кылса, Кыяматта “гулул” кылган ишин (желкесине) көтөрүп келет. Кийин ар бир жан адилет менен өз иштеринин толук тиешесин алат
أَفَمَنِ اتَّبَعَ رِضْوَانَ اللَّهِ كَمَن بَاءَ بِسَخَطٍ مِّنَ اللَّهِ وَمَأْوَاهُ جَهَنَّمُ ۚ وَبِئْسَ الْمَصِيرُ ۝١٦٢
📖 Котормо Аят 162
Аллаһтын ыраазычылыгын максат кылган адам менен Аллаһтын каарына жолугуп, барар жери Тозок болгон адам теңби?! Бул кандай жаман акыбет
هُمْ دَرَجَاتٌ عِندَ اللَّهِ ۗ وَاللَّهُ بَصِيرٌ بِمَا يَعْمَلُونَ ۝١٦٣
📖 Котормо Аят 163
(Жок тең эмес) Алар Аллаһтын алдында ар кандай даражаларда болушат. Аллаһ алардын эмне жасаганын Көрүүчү
لَقَدْ مَنَّ اللَّهُ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ إِذْ بَعَثَ فِيهِمْ رَسُولًا مِّنْ أَنفُسِهِمْ يَتْلُو عَلَيْهِمْ آيَاتِهِ وَيُزَكِّيهِمْ وَيُعَلِّمُهُمُ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَإِن كَانُوا مِن قَبْلُ لَفِي ضَلَالٍ مُّبِينٍ ۝١٦٤
📖 Котормо Аят 164
Өздөрүнүн арасынан, аларга Аллаһтын аяттарын окуп бере турган, аларды (күнөөлөрдөн) тазалай турган жана мындан мурун анык адашууда болушса да, Китеп (Кураан) менен Хикматты (Сүннөттү) үйрөтө турган бир пайгамбарды жиберүү менен Аллаһ момундарга (теңдешсиз) жакшылык кылган
أَوَلَمَّا أَصَابَتْكُم مُّصِيبَةٌ قَدْ أَصَبْتُم مِّثْلَيْهَا قُلْتُمْ أَنَّىٰ هَٰذَا ۖ قُلْ هُوَ مِنْ عِندِ أَنفُسِكُمْ ۗ إِنَّ اللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ ۝١٦٥
📖 Котормо Аят 165
Силерге (Ухуд согушунда мушриктерден) кырсык жеткенде — аларга (Бадр согушунда) эки эсе көп кырсык жеткизген болсоңор да — “Бул кайгы кайдан келди” - деген элеңер. Айт: “Бул — өзүңөрдөн”. Албетте, Аллаһ ар нерсеге Кудуреттүү
وَمَا أَصَابَكُمْ يَوْمَ الْتَقَى الْجَمْعَانِ فَبِإِذْنِ اللَّهِ وَلِيَعْلَمَ الْمُؤْمِنِينَ ۝١٦٦
📖 Котормо Аят 166
Эки тайпа тирешкенде силерге жеткен сыноолор араңардагы ыймандууларды билиш үчүн Аллаһтын гана уруксаты менен болду
وَلِيَعْلَمَ الَّذِينَ نَافَقُوا ۚ وَقِيلَ لَهُمْ تَعَالَوْا قَاتِلُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ أَوِ ادْفَعُوا ۖ قَالُوا لَوْ نَعْلَمُ قِتَالًا لَّاتَّبَعْنَاكُمْ ۗ هُمْ لِلْكُفْرِ يَوْمَئِذٍ أَقْرَبُ مِنْهُمْ لِلْإِيمَانِ ۚ يَقُولُونَ بِأَفْوَاهِهِم مَّا لَيْسَ فِي قُلُوبِهِمْ ۗ وَاللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا يَكْتُمُونَ ۝١٦٧
📖 Котормо Аят 167
Жана, мунафык-чыккынчыларды билиш үчүн. Аларга “Жүргүлө, Аллаһтын жолунда же болбосо (мекениңерди, абийир-намысыңарды) коргоп согушкула” деп айтылганда, алар: “Биз эгер согуш болоорун билгенде силерге кошулмакпыз” дешкен. Алар ошол убакта ыймандан көрө каапырлыкка жакыныраак эле! (Ошондуктан,) жүрөктөрүндө жок нерсени ооздору менен айтышты. Аллаһ алардын жашырган нерселерин жакшыраак билет
الَّذِينَ قَالُوا لِإِخْوَانِهِمْ وَقَعَدُوا لَوْ أَطَاعُونَا مَا قُتِلُوا ۗ قُلْ فَادْرَءُوا عَنْ أَنفُسِكُمُ الْمَوْتَ إِن كُنتُمْ صَادِقِينَ ۝١٦٨
📖 Котормо Аят 168
(О, Мухаммад!) өздөрүнүн (согушка катышкан) бурадарлары жөнүндө: “Эгер биздин тилибизге киргенде (согушка чыкпаганда) өлтүрүлбөйт эле” деп (үйүндө) олтургандарга айткын: “Эгер чынчыл болсоңор, өзүңөрдөн өлүмдү кайтаргылачы?!”
وَلَا تَحْسَبَنَّ الَّذِينَ قُتِلُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ أَمْوَاتًا ۚ بَلْ أَحْيَاءٌ عِندَ رَبِّهِمْ يُرْزَقُونَ ۝١٦٩
📖 Котормо Аят 169
Аллаһтын жолунда (динди өркүндөтөм деп жүрүп) өлтүрүлгөн адамдарды өлүктөр деп ойлобогула! Алар Раббисинин алдында (ар кандай нээматтар менен сыйланып) ырыскы тартууланган абалда тирүү
فَرِحِينَ بِمَا آتَاهُمُ اللَّهُ مِن فَضْلِهِ وَيَسْتَبْشِرُونَ بِالَّذِينَ لَمْ يَلْحَقُوا بِهِم مِّنْ خَلْفِهِمْ أَلَّا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ ۝١٧٠
📖 Котормо Аят 170
Аллаһ Өзүнүн пазилетинен (аларга) берген нерселер (сыйлыктар) менен шат-курсант. Алар артында калган, өздөрүнө жетип келбеген бурадарларына (бул жакта) аларга коркунуч жок экени жана кайгырышпасы жөнүндө сүйүнүчтүү кабар беришет
۞ يَسْتَبْشِرُونَ بِنِعْمَةٍ مِّنَ اللَّهِ وَفَضْلٍ وَأَنَّ اللَّهَ لَا يُضِيعُ أَجْرَ الْمُؤْمِنِينَ ۝١٧١
📖 Котормо Аят 171
Алар (шейиттердин рухтары) Аллаһтын нээматы, пазилети жөнүндө (бири-бирине) сүйүнчүлөшөт. Чынында, Аллаһ ыймандуулардын сообун текке кетирбейт
الَّذِينَ اسْتَجَابُوا لِلَّهِ وَالرَّسُولِ مِن بَعْدِ مَا أَصَابَهُمُ الْقَرْحُ ۚ لِلَّذِينَ أَحْسَنُوا مِنْهُمْ وَاتَّقَوْا أَجْرٌ عَظِيمٌ ۝١٧٢
📖 Котормо Аят 172
Аларга катуу сокку жеткенден кийин деле, Аллаһ менен пайгамбардын (“согушка!” деген) чакырыгына жооп берген момундар (жана) алардын арасынан сонун ибадат кылган, такыба кишилер үчүн улуу сыйлыктар бар
الَّذِينَ قَالَ لَهُمُ النَّاسُ إِنَّ النَّاسَ قَدْ جَمَعُوا لَكُمْ فَاخْشَوْهُمْ فَزَادَهُمْ إِيمَانًا وَقَالُوا حَسْبُنَا اللَّهُ وَنِعْمَ الْوَكِيلُ ۝١٧٣
📖 Котормо Аят 173
Ошолорго (мусулмандарга) кишилер (келип): “Адамдар (мушриктер) силерге каршы (чоң күч) чогултушкан, алардан корккула!”- дегенде, (бул кабар) алардын ыйманын көбөйттү жана: “Бизге Аллаһ жетишет жана Ал эң жакшы Колдоочу” дешти
فَانقَلَبُوا بِنِعْمَةٍ مِّنَ اللَّهِ وَفَضْلٍ لَّمْ يَمْسَسْهُمْ سُوءٌ وَاتَّبَعُوا رِضْوَانَ اللَّهِ ۗ وَاللَّهُ ذُو فَضْلٍ عَظِيمٍ ۝١٧٤
📖 Котормо Аят 174
Анан, Аллаһтын нээматы, пазилети себептүү, аларга эч бир жамандык жетпей кайтып келишти жана Аллаһтын ыразычылыгына ээрчишти. Аллаһ - улук пазилет ээси
إِنَّمَا ذَٰلِكُمُ الشَّيْطَانُ يُخَوِّفُ أَوْلِيَاءَهُ فَلَا تَخَافُوهُمْ وَخَافُونِ إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ ۝١٧٥
📖 Котормо Аят 175
Албетте, ошол (силерге жолуккан жана силерди коркуткан) - шайтан. Ал (силерди) өзүнүн досторунан (мушриктерден) коркутууда. Алардан коркпогула. Эгер момун болсоңор, Менден гана корккула
وَلَا يَحْزُنكَ الَّذِينَ يُسَارِعُونَ فِي الْكُفْرِ ۚ إِنَّهُمْ لَن يَضُرُّوا اللَّهَ شَيْئًا ۗ يُرِيدُ اللَّهُ أَلَّا يَجْعَلَ لَهُمْ حَظًّا فِي الْآخِرَةِ ۖ وَلَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ ۝١٧٦
📖 Котормо Аят 176
(О, Мухаммад!) каапырчылыкка шашып бараткандар сени капа кылбасын. Алар (муну менен) Аллаһка эч нерсени зыян жеткире алышпайт. Аллаһ Акыретте аларга эч насип болтурбоону каалайт. Аларга улук азап бар
إِنَّ الَّذِينَ اشْتَرَوُا الْكُفْرَ بِالْإِيمَانِ لَن يَضُرُّوا اللَّهَ شَيْئًا وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ ۝١٧٧
📖 Котормо Аят 177
Албетте, ыймандын ордуна каапырлыкты сатып алган адамдар Аллаһка эч нерсени зыян жеткире алышпайт. Аларга жан ооруткан азап бар
وَلَا يَحْسَبَنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا أَنَّمَا نُمْلِي لَهُمْ خَيْرٌ لِّأَنفُسِهِمْ ۚ إِنَّمَا نُمْلِي لَهُمْ لِيَزْدَادُوا إِثْمًا ۚ وَلَهُمْ عَذَابٌ مُّهِينٌ ۝١٧٨
📖 Котормо Аят 178
Каапыр адамдар, биз алардын (жашоо) мөөнөттөрүн узартып койгонубузду өздөрү үчүн жакшылык деп ойлошпосун! Биз (болгону) өздөрүнүн күнөөлөрүн көбөйтүш үчүн гана аларга мөөнөт бердик. Аларга кордук азабы бар
مَّا كَانَ اللَّهُ لِيَذَرَ الْمُؤْمِنِينَ عَلَىٰ مَا أَنتُمْ عَلَيْهِ حَتَّىٰ يَمِيزَ الْخَبِيثَ مِنَ الطَّيِّبِ ۗ وَمَا كَانَ اللَّهُ لِيُطْلِعَكُمْ عَلَى الْغَيْبِ وَلَٰكِنَّ اللَّهَ يَجْتَبِي مِن رُّسُلِهِ مَن يَشَاءُ ۖ فَآمِنُوا بِاللَّهِ وَرُسُلِهِ ۚ وَإِن تُؤْمِنُوا وَتَتَّقُوا فَلَكُمْ أَجْرٌ عَظِيمٌ ۝١٧٩
📖 Котормо Аят 179
Аллаһ момундарды ушул (кимдин ким экени белгисиз) абалыңарда таштап койбойт. Ыпыластан тазаны ажыратат. Жана Аллаһ силерди кайыпты билүүчү кылбады. Бирок, Аллаһ өз пайгамбарларынан каалагандарын тандап алат (жана аларга кээ бир учурларда кайыпты билдирип турат). Эми, Аллаһка жана пайгамбарларына ыйман келтиргиле. Эгер ыйман келтирип, такыба болсоңор, силерге улуу сооп-сыйлыктар бар
وَلَا يَحْسَبَنَّ الَّذِينَ يَبْخَلُونَ بِمَا آتَاهُمُ اللَّهُ مِن فَضْلِهِ هُوَ خَيْرًا لَّهُم ۖ بَلْ هُوَ شَرٌّ لَّهُمْ ۖ سَيُطَوَّقُونَ مَا بَخِلُوا بِهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۗ وَلِلَّهِ مِيرَاثُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۗ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌ ۝١٨٠
📖 Котормо Аят 180
Аллаһ Өзүнүн пазилети себептүү берген (байлык, мансап, илим, ж.б.у.с.) нерселерден кызганган адамдар, бул жоругу өздөрүнө жакшы (пайда) деп ойлобосун. Бул алар үчүн жамандык: жакында, Кыямат күндө кызганган нерселери алардын мойнуна оролуп муунтат.! Асмандар менен жердин мурасы Аллаһка таандык. Аллаһ силердин ишиңерден кабардар
لَّقَدْ سَمِعَ اللَّهُ قَوْلَ الَّذِينَ قَالُوا إِنَّ اللَّهَ فَقِيرٌ وَنَحْنُ أَغْنِيَاءُ ۘ سَنَكْتُبُ مَا قَالُوا وَقَتْلَهُمُ الْأَنبِيَاءَ بِغَيْرِ حَقٍّ وَنَقُولُ ذُوقُوا عَذَابَ الْحَرِيقِ ۝١٨١
📖 Котормо Аят 181
“Аллаһ кембагал, биз байбыз” деген адамдардын сөздөрүн Аллаһ укту.” Биз алар айткан сөздөрдү жана пайгамбарларды кыянаттык менен өлтүргөндөрүн жазып койобуз. Жана (аларга) күйдүрүүчү азаптын даамын таткыла” дейбиз
ذَٰلِكَ بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيكُمْ وَأَنَّ اللَّهَ لَيْسَ بِظَلَّامٍ لِّلْعَبِيدِ ۝١٨٢
📖 Котормо Аят 182
Бул (азап) өз колуңар менен жасаган ишиңер себептүү. Аллаһ пенделерге заалым эмес
الَّذِينَ قَالُوا إِنَّ اللَّهَ عَهِدَ إِلَيْنَا أَلَّا نُؤْمِنَ لِرَسُولٍ حَتَّىٰ يَأْتِيَنَا بِقُرْبَانٍ تَأْكُلُهُ النَّارُ ۗ قُلْ قَدْ جَاءَكُمْ رُسُلٌ مِّن قَبْلِي بِالْبَيِّنَاتِ وَبِالَّذِي قُلْتُمْ فَلِمَ قَتَلْتُمُوهُمْ إِن كُنتُمْ صَادِقِينَ ۝١٨٣
📖 Котормо Аят 183
Ошол адамдар (яхудийлер): «Пайгамбар (Мухаммад) бизге бир курмандык союп, аны (асмандан түшкөн) от күйдүрмөйүнчө ага ыйман келтирбешибизди Аллаһ бизге осуят кылган» дешет. (О, Мухаммад!) Сен аларга: “Менден мурун деле силерге пайгамбарлар далилдерди жана силер айткан нерсени да келтиришкен. Анда, эмне үчүн аларды өлтүрүп салдыңар, эгер чынчыл болсоңор?!” деп айткын
فَإِن كَذَّبُوكَ فَقَدْ كُذِّبَ رُسُلٌ مِّن قَبْلِكَ جَاءُوا بِالْبَيِّنَاتِ وَالزُّبُرِ وَالْكِتَابِ الْمُنِيرِ ۝١٨٤
📖 Котормо Аят 184
(О, Мухаммад!) эгер алар сени жалганчыга чыгарышкан болсо, сага чейин деле далилдер, ыйык жазуулар жана (Шарият өкүмдөрүнөн турган) нурлуу китептерди алып келген пайгамбарлар (ушулар тарабынан) жалганчыга чыгарылган
كُلُّ نَفْسٍ ذَائِقَةُ الْمَوْتِ ۗ وَإِنَّمَا تُوَفَّوْنَ أُجُورَكُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۖ فَمَن زُحْزِحَ عَنِ النَّارِ وَأُدْخِلَ الْجَنَّةَ فَقَدْ فَازَ ۗ وَمَا الْحَيَاةُ الدُّنْيَا إِلَّا مَتَاعُ الْغُرُورِ ۝١٨٥
📖 Котормо Аят 185
Ар бир жан өлүмдү(н даамын) татуучу. Албетте, силер Кыямат Күнү өзүңөрдүн сооп-сыйлыгыңарды толук-түгөл аласыңар.” Ал эми, ким Тозоктон четтетилип, Бейишке киргизилсе — жеңишке чындап жетиптир. Дүйнө жашоосу азгыруучу пайдалардан башка эч нерсе эмес
۞ لَتُبْلَوُنَّ فِي أَمْوَالِكُمْ وَأَنفُسِكُمْ وَلَتَسْمَعُنَّ مِنَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ مِن قَبْلِكُمْ وَمِنَ الَّذِينَ أَشْرَكُوا أَذًى كَثِيرًا ۚ وَإِن تَصْبِرُوا وَتَتَّقُوا فَإِنَّ ذَٰلِكَ مِنْ عَزْمِ الْأُمُورِ ۝١٨٦
📖 Котормо Аят 186
(О, момундар!) Албетте, силер малыңарда жана жаныңарда сыналасыңар. Жана, сөзсүз түрдө, силерден мурда китеп берилген (яхудий, христиан ж.б.) адамдардан жана мушриктерден көп заар сөздөрдү угасыңар. Эгер (ошондо) сабыр кылсаңар жана такыбаа болсоңор, албетте, бул өтө улук иштерден
وَإِذْ أَخَذَ اللَّهُ مِيثَاقَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ لَتُبَيِّنُنَّهُ لِلنَّاسِ وَلَا تَكْتُمُونَهُ فَنَبَذُوهُ وَرَاءَ ظُهُورِهِمْ وَاشْتَرَوْا بِهِ ثَمَنًا قَلِيلًا ۖ فَبِئْسَ مَا يَشْتَرُونَ ۝١٨٧
📖 Котормо Аят 187
Эстегин: Аллаһ (ыйык) китеп берилген коомдордон, ал китепти(н чындыктарын) элдерге сөзсүз баян кылып бересиңер жана аны(н чындыктарын) жашырбайсыңар деп катуу убада алган эле. Кийин алар анттарын артына таштап коюшту жана аны (Тоорат менен Инжилдеги чындыктарды) арзыбаган баага сатып жиберишти. (Чындыктын ордуна) сатып алган нерселери кандай жаман
لَا تَحْسَبَنَّ الَّذِينَ يَفْرَحُونَ بِمَا أَتَوا وَّيُحِبُّونَ أَن يُحْمَدُوا بِمَا لَمْ يَفْعَلُوا فَلَا تَحْسَبَنَّهُم بِمَفَازَةٍ مِّنَ الْعَذَابِ ۖ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ ۝١٨٨
📖 Котормо Аят 188
(О, Мухаммад!) Жасаган (кыянат) иштери менен сүйүнүп, али жасай элек (жакшы) иштери менен даңазаланууну сүйгөн адамдарды азаптан оолак болот деп эч ойлобогун! Аларга жан ооруткан азап бар
وَلِلَّهِ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۗ وَاللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ ۝١٨٩
📖 Котормо Аят 189
Асмандар жана жер мүлкү Аллаһга таандык. Аллаһ бардык нерсеге Кудуреттүү
إِنَّ فِي خَلْقِ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَاخْتِلَافِ اللَّيْلِ وَالنَّهَارِ لَآيَاتٍ لِّأُولِي الْأَلْبَابِ ۝١٩٠
📖 Котормо Аят 190
Албетте, асмандар менен жердин жаратылышында жана түн менен күндүн (токтоосуз) алмашып турушунда акылдуу адамдар үчүн (Аллаһтын кудуретине далил болуучу көптөгөн) белгилер бар
الَّذِينَ يَذْكُرُونَ اللَّهَ قِيَامًا وَقُعُودًا وَعَلَىٰ جُنُوبِهِمْ وَيَتَفَكَّرُونَ فِي خَلْقِ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ رَبَّنَا مَا خَلَقْتَ هَٰذَا بَاطِلًا سُبْحَانَكَ فَقِنَا عَذَابَ النَّارِ ۝١٩١
📖 Котормо Аят 191
Турган, отурган жана жамбаштап жаткан абалында да Аллаһты эстеп, асмандардын жана жердин жаратылышын пикир кыла турган адамдар (Аллаһтын улуулугуна кулдук кылып) “О, биздин Рабби! Сен буларды жөн эле жаратканың жок. Сен (бир нерсени эрмек үчүн жаратуудан жана бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) Аруусуң! Бизди Тозок азабынан сактай көр!” - дешет
رَبَّنَا إِنَّكَ مَن تُدْخِلِ النَّارَ فَقَدْ أَخْزَيْتَهُ ۖ وَمَا لِلظَّالِمِينَ مِنْ أَنصَارٍ ۝١٩٢
📖 Котормо Аят 192
О, Раббибиз! Сен кимди Тозокко киргизсең — аны шерменде кылганың. Заалымдарга жардамчылар болбойт
رَّبَّنَا إِنَّنَا سَمِعْنَا مُنَادِيًا يُنَادِي لِلْإِيمَانِ أَنْ آمِنُوا بِرَبِّكُمْ فَآمَنَّا ۚ رَبَّنَا فَاغْفِرْ لَنَا ذُنُوبَنَا وَكَفِّرْ عَنَّا سَيِّئَاتِنَا وَتَوَفَّنَا مَعَ الْأَبْرَارِ ۝١٩٣
📖 Котормо Аят 193
О, Раббибиз! Биз бир чакыруучунун (Мухаммаддын) “Раббиңерге ыйман келтиргиле!” деп, ыйманга чакырып жатканын уктук жана дароо ыйман келтирдик. О, биздин Рабби! Күнөөлөрүбүздү кечир жана каталарыбызды өчүр! Бизди жаныбызды жакшы кишилердин катарында ала көр
رَبَّنَا وَآتِنَا مَا وَعَدتَّنَا عَلَىٰ رُسُلِكَ وَلَا تُخْزِنَا يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۗ إِنَّكَ لَا تُخْلِفُ الْمِيعَادَ ۝١٩٤
📖 Котормо Аят 194
О, Жаратканыбыз! Бизге пайгамбарларыңа убада кылган (жеңиш, Бейиш, дүйнөлүк бакыт сыяктуу) нерселериңди бере көр! Кыямат күнү бизди шерменде кылба! Албетте, Сен убаданы бузуучу эмессиң
فَاسْتَجَابَ لَهُمْ رَبُّهُمْ أَنِّي لَا أُضِيعُ عَمَلَ عَامِلٍ مِّنكُم مِّن ذَكَرٍ أَوْ أُنثَىٰ ۖ بَعْضُكُم مِّن بَعْضٍ ۖ فَالَّذِينَ هَاجَرُوا وَأُخْرِجُوا مِن دِيَارِهِمْ وَأُوذُوا فِي سَبِيلِي وَقَاتَلُوا وَقُتِلُوا لَأُكَفِّرَنَّ عَنْهُمْ سَيِّئَاتِهِمْ وَلَأُدْخِلَنَّهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِن تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ ثَوَابًا مِّنْ عِندِ اللَّهِ ۗ وَاللَّهُ عِندَهُ حُسْنُ الثَّوَابِ ۝١٩٥
📖 Котормо Аят 195
Алардын Раббиси дубаларын кабыл алды (жана мындай деди:) “Албетте, Мен, эркек же аял болобу, силерден эч бир амал кылуучунун амалын текке кетирбейм. Бирөөңөр бирөөңөрдөн жаралгансыңар. Менин жолумда журттарынан чыгарылган, хижрат кылган (көчкөн), кордук-зомбулук көргөн, согушкан жана өлтүрүлгөн адамдардын (бардык) күнөө-кемчилдиктерин өчүрөмүн жана Аллаһ тарабынан берилген сооп иретинде, астынан дарыялар агып турган Бейиш бактарына киргиземин. Аллаһтын алдында эң жакшы сооп-сыйлыктар бар”
لَا يَغُرَّنَّكَ تَقَلُّبُ الَّذِينَ كَفَرُوا فِي الْبِلَادِ ۝١٩٦
📖 Котормо Аят 196
(О, Мухаммад!) Каапыр адамдардын шаарларды кезип (текеберленип, байлыктарына манчыркап) жүрүүлөрү сени алаксытып койбосун
مَتَاعٌ قَلِيلٌ ثُمَّ مَأْوَاهُمْ جَهَنَّمُ ۚ وَبِئْسَ الْمِهَادُ ۝١٩٧
📖 Котормо Аят 197
(Булардын баары) бир аз гана пайдалар. Кийин алардын орду Тозок! Ал кандай жаман орун
لَٰكِنِ الَّذِينَ اتَّقَوْا رَبَّهُمْ لَهُمْ جَنَّاتٌ تَجْرِي مِن تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا نُزُلًا مِّنْ عِندِ اللَّهِ ۗ وَمَا عِندَ اللَّهِ خَيْرٌ لِّلْأَبْرَارِ ۝١٩٨
📖 Котормо Аят 198
Раббисинен корккондор үчүн Аллаһ тарабынан сый-зыяпат түрүндө, астынан дарыялар агып турган Бейиш бактары бар. Алар анда түбөлүк калышат. (Ойу, сөзү жана иши) жакшы адамдар үчүн Аллаһтын алдындагы нерселер жакшы
وَإِنَّ مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ لَمَن يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَمَا أُنزِلَ إِلَيْكُمْ وَمَا أُنزِلَ إِلَيْهِمْ خَاشِعِينَ لِلَّهِ لَا يَشْتَرُونَ بِآيَاتِ اللَّهِ ثَمَنًا قَلِيلًا ۗ أُولَٰئِكَ لَهُمْ أَجْرُهُمْ عِندَ رَبِّهِمْ ۗ إِنَّ اللَّهَ سَرِيعُ الْحِسَابِ ۝١٩٩
📖 Котормо Аят 199
Албетте, китеп ээлеринин арасында Аллаһка ишенген, силерге, түшүрүлгөн нерсеге (Кураанга) да, өздөрүнө түшүрүлгөн нерселерге да ыйман келтирген, Аллаһтан корккон, Аллаһтын аяттарын арзыбаган баага сатып жибербеген адамдар бар экени анык. Аларга да Раббисинин алдында сооп-сыйлыктары бар. Албетте, Аллаһ тез эсептешүүчү
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اصْبِرُوا وَصَابِرُوا وَرَابِطُوا وَاتَّقُوا اللَّهَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ ۝٢٠٠
📖 Котормо Аят 200
О, ыйман келтиргендер! Сабырдуу болгула, ар дайым сабырдуу болгула жана (чекараларды коргоп, дайым) даяр тургула! Жана Аллаһтан корккула! (Ошондо) жеңишке жетсеңер ажеп эмес
← 2 Аль Имран (3/114) 4 →
Окуу Аль Имран сүрөсү Кыргызча – Котормо жана Аудио

3آل عمران Aal-Imran 📚 200 Аят مدنية

Аят-аят – Аль Имран сүрөсү — 200 Аят




Ыйык Куран


Tuesday, August 18, 2026

Don't forget us in your sincere prayers