📖 0/604 окулган барактар
📄 428
Саба сүрөсү

Саба сүрөсү

34:1
ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي لَهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَهُ ٱلۡحَمۡدُ فِي ٱلۡأٓخِرَةِۚ وَهُوَ ٱلۡحَكِيمُ ٱلۡخَبِيرُ ١
Аллаһка мактоо(лор) болсун! (Анткени), асмандардагы жана жердегинин бардыгы Анын мүлкү. Ага Акыретте да мактоолор болсун! Ал Даанышман, Кабардар
34:2
يَعۡلَمُ مَا يَلِجُ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا يَخۡرُجُ مِنۡهَا وَمَا يَنزِلُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ وَمَا يَعۡرُجُ فِيهَاۚ وَهُوَ ٱلرَّحِيمُ ٱلۡغَفُورُ ٢
Ал жерге кирген, жерден чыккан, асмандан түшкөн жана асманга көтөрүлө турган? (бардык) нерселерди билет. Ал —- Ырайымдуу, Кечиримдүү
34:3
وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَا تَأۡتِينَا ٱلسَّاعَةُۖ قُلۡ بَلَىٰ وَرَبِّي لَتَأۡتِيَنَّكُمۡ عَٰلِمِ ٱلۡغَيۡبِۖ لَا يَعۡزُبُ عَنۡهُ مِثۡقَالُ ذَرَّةٍ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَلَا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَآ أَصۡغَرُ مِن ذَٰلِكَ وَلَآ أَكۡبَرُ إِلَّا فِي كِتَٰبٍ مُّبِينٍ ٣
Каапырлар: «Бизге Кыямат келбейт» дешет. Сен айткын: «Жок, андай эмес! Раббиме ант, силерге (Кыямат) келет! (Менин Раббим) кайыпты Билүүчү! Андан асмандар жана жердеги кыпындай нерсе да кайып боло албайт! Андан (кыпындан) кичинерээк нерселер да, чоңураак нерселер да анык Китепте (Лавхул-Махфузда) бар
34:4
لِّيَجۡزِيَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِۚ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُم مَّغۡفِرَةٌ وَرِزۡقٌ كَرِيمٌ ٤
Ыйман келтирип, салих амал кылгандарга (Аллаһ) сооп-сыйлык бериши үчүн. Аларга кечирим жана Улук Ырыскы (Бейиш) бар
34:5
وَٱلَّذِينَ سَعَوۡ فِيٓ ءَايَٰتِنَا مُعَٰجِزِينَ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ عَذَابٌ مِّن رِّجۡزٍ أَلِيمٌ ٥
Ал эми, Биздин аяттарыбызды (н өкүмүн) алсыратууга аракеттенген адамдарга (Акыретте) жан ооруткан катуу азап бар
34:6
وَيَرَى ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَ ٱلَّذِيٓ أُنزِلَ إِلَيۡكَ مِن رَّبِّكَ هُوَ ٱلۡحَقَّ وَيَهۡدِيٓ إِلَىٰ صِرَٰطِ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡحَمِيدِ ٦
Илим-хидаят берилген адамдар болсо, сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн Кураанды, Акыйкат жана Кудуреттүү, мактоого татыктуу Аллаһтын жолуна баштайт деп ишенишет
34:7
وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ هَلۡ نَدُلُّكُمۡ عَلَىٰ رَجُلٍ يُنَبِّئُكُمۡ إِذَا مُزِّقۡتُمۡ كُلَّ مُمَزَّقٍ إِنَّكُمۡ لَفِي خَلۡقٍ جَدِيدٍ ٧
Каапыр болгондор (бири-бирине) айтышат: «Силерге бир (айнып калган) кишини көргөзөлүбү? Ал силерге (өлүп, денеңер) күкүм болуп, талкаланып кетсеңер деле, кайрадан жараласыңар (деп сүйлөйт)
العربيةEnglishBahasa IndonesiaTürkçeРусскийفارسیFrançaisاردوবাংলাDeutschEspañol中文हिन्दीPortuguêsItalianoภาษาไทยPolskiNederlandsShqipKiswahiliO'zbekதமிழ்MelayuBosanskiSoomaaliAzərbaycanکوردی한국어日本語SvenskaDanskNorskپښتوമലയാളംසිංහලTamazightHausaአማርኛБългарскиТоҷикӣҚазақшаFilipinoسنڌيYorùbáFulfuldeТатарчаئۇيغۇرچەКыргызчаਪੰਜਾਬੀJawaతెలుగుမြန်မာગુજરાતીOromoमराठीTiếng ViệtMalagasyНохчийнWolofދިވެހިಕನ್ನಡУкраїнськаΕλληνικάქართულიខ្មែរدریQafar afMaranaoनेपाली
Ыйык Куран
Thursday, August 27, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







