Аль-Аля сүрөсү арабча жана кыргызча

Аль-Аля сүрөсүн толук кыргызча котормо жана аудио менен окуңуз. Аят-аят котормо. (19 Аят — مكية). Аль-Аля Укта, Аль-Аля Котормо, Аль-Аля mp3, Аль-Аля pdf.

Аль-Аля сүрөсүн оку жана укта

🎧 Аят
M Mishary Rashid Alafasy
M Mahmoud Khalil Al-Husary
A Abdurrahman As-Sudais
M Mohamed Siddiq Al-Minshawi
A Abdul Basit Abdul Samad
A Ali Al-Hudhaify
A Ahmed ibn Ali al-Ajamy
A Abu Bakr Ash-Shaatree
M Muhammad Ayyoub
A Abdullah Basfar
A Abdullah Al-Juhani
M Maher Al Muaiqly
x1
سَبِّحِ اسْمَ رَبِّكَ الْأَعْلَى ۝١
📖 Котормо Аят 1
Эң жогорку Раббиңдин ысымын (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула
الَّذِي خَلَقَ فَسَوَّىٰ ۝٢
📖 Котормо Аят 2
Ал(бүт ааламдарды) жараткан жана теңсалмактуу кылган
وَالَّذِي قَدَّرَ فَهَدَىٰ ۝٣
📖 Котормо Аят 3
Жана (ааламдардагы жандуу-жансыз нерселердин өмүрүн, тагдырын) өлчөп-белгилеп, (ар бирине өзгөчө касиеттер берип, жашоо жолуна) багыттаган
وَالَّذِي أَخْرَجَ الْمَرْعَىٰ ۝٤
📖 Котормо Аят 4
Ал (эрте жазда жерден ар түрдүү) өсүмдүктү чыгарып
فَجَعَلَهُ غُثَاءً أَحْوَىٰ ۝٥
📖 Котормо Аят 5
андан соң (кеч күздө) карарган чөп кылып койот
سَنُقْرِئُكَ فَلَا تَنسَىٰ ۝٦
📖 Котормо Аят 6
(О, Мухаммад), Биз сага (Кураанды) окутабыз. Анан сен эч унутпайсың
إِلَّا مَا شَاءَ اللَّهُ ۚ إِنَّهُ يَعْلَمُ الْجَهْرَ وَمَا يَخْفَىٰ ۝٧
📖 Котормо Аят 7
Бирок, Аллаһ (унуттурууну) каалаган нерселерди гана унутасың. Ал чынында, ашкере жана купуя нерселерди билет
وَنُيَسِّرُكَ لِلْيُسْرَىٰ ۝٨
📖 Котормо Аят 8
Жана Биз сага оңой жолду жеңил кылып беребиз
فَذَكِّرْ إِن نَّفَعَتِ الذِّكْرَىٰ ۝٩
📖 Котормо Аят 9
Эми, насаат пайда берсе (адамдарга Кураан менен) насаат айткын
سَيَذَّكَّرُ مَن يَخْشَىٰ ۝١٠
📖 Котормо Аят 10
(Насаатты) Аллаһтан корккон адамдар гана эсине алышат
وَيَتَجَنَّبُهَا الْأَشْقَى ۝١١
📖 Котормо Аят 11
Шордуу адам болсо андан качат
الَّذِي يَصْلَى النَّارَ الْكُبْرَىٰ ۝١٢
📖 Котормо Аят 12
Ал эбегейсиз чоң отко кире турган киши
ثُمَّ لَا يَمُوتُ فِيهَا وَلَا يَحْيَىٰ ۝١٣
📖 Котормо Аят 13
Ал анын (тозоктун) ичинде же өлө албайт же жашай албайт
قَدْ أَفْلَحَ مَن تَزَكَّىٰ ۝١٤
📖 Котормо Аят 14
Ким (ыйман менен) тазарган болсо, ал ийгиликке жетти
وَذَكَرَ اسْمَ رَبِّهِ فَصَلَّىٰ ۝١٥
📖 Котормо Аят 15
Жана Раббисинин ысымын эскерип, намаз окуса ( - ийгиликке жетти)
بَلْ تُؤْثِرُونَ الْحَيَاةَ الدُّنْيَا ۝١٦
📖 Котормо Аят 16
Силер (эй, каапырлар!) дүйнө жашоосун (Акыреттен) жогору койосуңар
وَالْآخِرَةُ خَيْرٌ وَأَبْقَىٰ ۝١٧
📖 Котормо Аят 17
Бирок, Акырет (жашоосу) жакшы жана түбөлүк
إِنَّ هَٰذَا لَفِي الصُّحُفِ الْأُولَىٰ ۝١٨
📖 Котормо Аят 18
Чынында, бул (айтылгандар) абалкы (ыйык) барактарда да бар эле
صُحُفِ إِبْرَاهِيمَ وَمُوسَىٰ ۝١٩
📖 Котормо Аят 19
Ибрахимдин жана Мусанын барактарында
← 86 Аль-Аля (87/114) 88 →
Окуу Аль-Аля сүрөсү Кыргызча – Котормо жана Аудио

87الأعلى Al-A'la 📚 19 Аят مكية

Аят-аят – Аль-Аля сүрөсү — 19 Аят




Ыйык Куран


Tuesday, August 18, 2026

Don't forget us in your sincere prayers