Аль-Гашия сүрөсү арабча жана кыргызча

Аль-Гашия сүрөсүн толук кыргызча котормо жана аудио менен окуңуз. Аят-аят котормо. (26 Аят — مكية). Аль-Гашия Укта, Аль-Гашия Котормо, Аль-Гашия mp3, Аль-Гашия pdf.

Аль-Гашия сүрөсүн оку жана укта

🎧 Аят
M Mishary Rashid Alafasy
M Mahmoud Khalil Al-Husary
A Abdurrahman As-Sudais
M Mohamed Siddiq Al-Minshawi
A Abdul Basit Abdul Samad
A Ali Al-Hudhaify
A Ahmed ibn Ali al-Ajamy
A Abu Bakr Ash-Shaatree
M Muhammad Ayyoub
A Abdullah Basfar
A Abdullah Al-Juhani
M Maher Al Muaiqly
x1
هَلْ أَتَاكَ حَدِيثُ الْغَاشِيَةِ ۝١
📖 Котормо Аят 1
(О, Мухаммад!) сага Ороп алуучунун кабары келдиби?”
وُجُوهٌ يَوْمَئِذٍ خَاشِعَةٌ ۝٢
📖 Котормо Аят 2
Ал Күндө (каапыр) жүздөр коркууда(н кубарып, жер карайт)
عَامِلَةٌ نَّاصِبَةٌ ۝٣
📖 Котормо Аят 3
(Тозоктогу кишендерден) чарчаган, кыйналган абалда
تَصْلَىٰ نَارًا حَامِيَةً ۝٤
📖 Котормо Аят 4
кызыган отко кирет
تُسْقَىٰ مِنْ عَيْنٍ آنِيَةٍ ۝٥
📖 Котормо Аят 5
(Аларга) кайнаган булактан суу ичирилет
لَّيْسَ لَهُمْ طَعَامٌ إِلَّا مِن ضَرِيعٍ ۝٦
📖 Котормо Аят 6
Алар үчүн (тозокто) тикенден башка тамак жок
لَّا يُسْمِنُ وَلَا يُغْنِي مِن جُوعٍ ۝٧
📖 Котормо Аят 7
(Ал) семиртпейт жана тойдурбайт
وُجُوهٌ يَوْمَئِذٍ نَّاعِمَةٌ ۝٨
📖 Котормо Аят 8
Ал күндө (ыймандуу) жүздөр шат — куунак
لِّسَعْيِهَا رَاضِيَةٌ ۝٩
📖 Котормо Аят 9
(Бул дүйнөдөгү адал, сооп) иш — аракеттерине ыраазы
فِي جَنَّةٍ عَالِيَةٍ ۝١٠
📖 Котормо Аят 10
Жогорку Бейиште
لَّا تَسْمَعُ فِيهَا لَاغِيَةً ۝١١
📖 Котормо Аят 11
Анда маанисиз сөздөрдү укпайт
فِيهَا عَيْنٌ جَارِيَةٌ ۝١٢
📖 Котормо Аят 12
Анда агып турган булактар
فِيهَا سُرُرٌ مَّرْفُوعَةٌ ۝١٣
📖 Котормо Аят 13
Бийик сөрүлөр
وَأَكْوَابٌ مَّوْضُوعَةٌ ۝١٤
📖 Котормо Аят 14
(Ичишке даярдап) коюлган чөйчөктөр
وَنَمَارِقُ مَصْفُوفَةٌ ۝١٥
📖 Котормо Аят 15
Сап-сап тизилген жаздыктар
وَزَرَابِيُّ مَبْثُوثَةٌ ۝١٦
📖 Котормо Аят 16
Жана төшөлгөн килемдер бар
أَفَلَا يَنظُرُونَ إِلَى الْإِبِلِ كَيْفَ خُلِقَتْ ۝١٧
📖 Котормо Аят 17
Алар (Каапырлар) карашпайбы, төөнүн кандай жаратылганына
وَإِلَى السَّمَاءِ كَيْفَ رُفِعَتْ ۝١٨
📖 Котормо Аят 18
Асмандын кандай көтөрүп коюлганына
وَإِلَى الْجِبَالِ كَيْفَ نُصِبَتْ ۝١٩
📖 Котормо Аят 19
Тоолордун кандай сайып коюлганына
وَإِلَى الْأَرْضِ كَيْفَ سُطِحَتْ ۝٢٠
📖 Котормо Аят 20
Жана жердин кандай жайып коюлганына
فَذَكِّرْ إِنَّمَا أَنتَ مُذَكِّرٌ ۝٢١
📖 Котормо Аят 21
(О, Мухаммад) эскерткин! Анткени, сен эскертүүчүсүң
لَّسْتَ عَلَيْهِم بِمُصَيْطِرٍ ۝٢٢
📖 Котормо Аят 22
Сен аларга үстөмдүк кылуучу эмессиң
إِلَّا مَن تَوَلَّىٰ وَكَفَرَ ۝٢٣
📖 Котормо Аят 23
Бирок, ким жүз бурса жана каапыр болсо
فَيُعَذِّبُهُ اللَّهُ الْعَذَابَ الْأَكْبَرَ ۝٢٤
📖 Котормо Аят 24
Аны Аллаһ чоң азапка салат
إِنَّ إِلَيْنَا إِيَابَهُمْ ۝٢٥
📖 Котормо Аят 25
Алар (өлгөндөн соң) Бизге кайтышат
ثُمَّ إِنَّ عَلَيْنَا حِسَابَهُم ۝٢٦
📖 Котормо Аят 26
Кийин алар менен Өзүбүз эсептешип алабыз
← 87 Аль-Гашия (88/114) 89 →
Окуу Аль-Гашия сүрөсү Кыргызча – Котормо жана Аудио

88الغاشية Al-Ghashiyah 📚 26 Аят مكية

Аят-аят – Аль-Гашия сүрөсү — 26 Аят




Ыйык Куран


Tuesday, August 18, 2026

Don't forget us in your sincere prayers