📖 0/604 окулган барактар
📄 549
Аль-Мумтахина сүрөсү

Аль-Мумтахина сүрөсү

60:1
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَتَّخِذُواْ عَدُوِّي وَعَدُوَّكُمۡ أَوۡلِيَآءَ تُلۡقُونَ إِلَيۡهِم بِٱلۡمَوَدَّةِ وَقَدۡ كَفَرُواْ بِمَا جَآءَكُم مِّنَ ٱلۡحَقِّ يُخۡرِجُونَ ٱلرَّسُولَ وَإِيَّاكُمۡ أَن تُؤۡمِنُواْ بِٱللَّهِ رَبِّكُمۡ إِن كُنتُمۡ خَرَجۡتُمۡ جِهَٰدًا فِي سَبِيلِي وَٱبۡتِغَآءَ مَرۡضَاتِيۚ تُسِرُّونَ إِلَيۡهِم بِٱلۡمَوَدَّةِ وَأَنَا۠ أَعۡلَمُ بِمَآ أَخۡفَيۡتُمۡ وَمَآ أَعۡلَنتُمۡۚ وَمَن يَفۡعَلۡهُ مِنكُمۡ فَقَدۡ ضَلَّ سَوَآءَ ٱلسَّبِيلِ ١
О,ыйман келтирген пенделер! Менин жана өзүңөрдүн душманыңарды дос тутпагыла! Силер аларга достук (катын) жиберип жатасыңар. Алар силерге келген Акыйкатка каапыр болушкан! Силерди жана пайгамбарды Аллаһка — Раббиңерге ыйман келтиргениңер үчүн гана (Маккадан айдап) чыгарышууда! Эгер силер Менин ыраазычылыгымды гана үмүт кылып, Менин Жолумда гана жихад кылуу үчүн чыккан болсоңор (аларды дос тутпагыла!) Силер болсо, жашыруун достошуп жатасыңар! Мен силердин ичиңерге катканыңарды да, ашкере кылганыңарды да эң жакшы билемин! Силерден ким муну жасаса, ал Түз Жолдон адашыптыр
60:2
إِن يَثۡقَفُوكُمۡ يَكُونُواْ لَكُمۡ أَعۡدَآءً وَيَبۡسُطُوٓاْ إِلَيۡكُمۡ أَيۡدِيَهُمۡ وَأَلۡسِنَتَهُم بِٱلسُّوٓءِ وَوَدُّواْ لَوۡ تَكۡفُرُونَ ٢
Алар“ эгерде силерди(н зыяныңарга бир мүмкүнчүлүк) таап калса эле, ошол замат душман болуп, колдору менен тилдерин силерге жамандык менен агытышат жана каапыр болушуңарды самап турушат
60:3
لَن تَنفَعَكُمۡ أَرۡحَامُكُمۡ وَلَآ أَوۡلَٰدُكُمۡۚ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ يَفۡصِلُ بَيۡنَكُمۡۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرٌ ٣
Тууган-уругуңар менен бала-чакаңар Кыяматта силерге пайда жеткире албайт!, (Аллаһ) араңарды бөлүп койот. Аллаһ эмне иш жасаганыңарды Көрүүчү
60:4
قَدۡ كَانَتۡ لَكُمۡ أُسۡوَةٌ حَسَنَةٌ فِيٓ إِبۡرَٰهِيمَ وَٱلَّذِينَ مَعَهُۥٓ إِذۡ قَالُواْ لِقَوۡمِهِمۡ إِنَّا بُرَءَٰٓؤُاْ مِنكُمۡ وَمِمَّا تَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ كَفَرۡنَا بِكُمۡ وَبَدَا بَيۡنَنَا وَبَيۡنَكُمُ ٱلۡعَدَٰوَةُ وَٱلۡبَغۡضَآءُ أَبَدًا حَتَّىٰ تُؤۡمِنُواْ بِٱللَّهِ وَحۡدَهُۥٓ إِلَّا قَوۡلَ إِبۡرَٰهِيمَ لِأَبِيهِ لَأَسۡتَغۡفِرَنَّ لَكَ وَمَآ أَمۡلِكُ لَكَ مِنَ ٱللَّهِ مِن شَيۡءٍۖ رَّبَّنَا عَلَيۡكَ تَوَكَّلۡنَا وَإِلَيۡكَ أَنَبۡنَا وَإِلَيۡكَ ٱلۡمَصِيرُ ٤
Силер үчүн Ибрахимде жана аны менен бирге болгон (ыймандуу) адамдард(ын жашоосунд)а өрнөк бар: Бир кезде алар (каапыр) элдерине «Биздин силерге жана силер сыйынган Аллаһтан башка кудайларга тиешебиз жок. биз силерге каапыр болдук! Эми, биз менен силердин араңарда, качан жеке-жалгыз Аллаһка ыйман келтиргениңерге чейин түгөнгүс душманчылык жана жек көрүү жаралды!» деп айтышкан. Бирок, Ибрахимдин атасына карата: «Мен сизге (Аллаһтан) кечирим сурай-мын. Сизге Аллаһ тарабынан (келе турган азаптан) эч нерсени кайтарууга кудуретим жетпейт»-деген сөзүн (өрнөк кылбагыла)”. О, Раббибиз! Биз Сага тобокел кылдык, Өзүңө кайттык жана кайтып баруу — Өзүңө гана
60:5
رَبَّنَا لَا تَجۡعَلۡنَا فِتۡنَةً لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ وَٱغۡفِرۡ لَنَا رَبَّنَآۖ إِنَّكَ أَنتَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ ٥
О, Раббибиз! Бизди каапырларга фитна (көз каранды) кылбагай элең! жана күнөөлөрүбүздү кечиргей элең! О, Раббибиз! Аныгында Сен Кудуреттүү, Даанышмансың
العربيةEnglishBahasa IndonesiaTürkçeРусскийفارسیFrançaisاردوবাংলাDeutschEspañol中文हिन्दीPortuguêsItalianoภาษาไทยPolskiNederlandsShqipKiswahiliO'zbekதமிழ்MelayuBosanskiSoomaaliAzərbaycanکوردی한국어日本語SvenskaDanskNorskپښتوമലയാളംසිංහලTamazightHausaአማርኛБългарскиТоҷикӣҚазақшаFilipinoسنڌيYorùbáFulfuldeТатарчаئۇيغۇرچەКыргызчаਪੰਜਾਬੀJawaతెలుగుမြန်မာગુજરાતીOromoमराठीTiếng ViệtMalagasyНохчийнWolofދިވެހިಕನ್ನಡУкраїнськаΕλληνικάქართულიខ្មែរدریQafar afMaranaoनेपाली
Ыйык Куран
Monday, August 31, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







