Аль-Баййина сүрөсү арабча жана кыргызча

Аль-Баййина сүрөсүн толук кыргызча котормо жана аудио менен окуңуз. Аят-аят котормо. (8 Аят — مدنية). Аль-Баййина Укта, Аль-Баййина Котормо, Аль-Баййина mp3, Аль-Баййина pdf.

Аль-Баййина сүрөсүн оку жана укта

🎧 Аят
M Mishary Rashid Alafasy
M Mahmoud Khalil Al-Husary
A Abdurrahman As-Sudais
M Mohamed Siddiq Al-Minshawi
A Abdul Basit Abdul Samad
A Ali Al-Hudhaify
A Ahmed ibn Ali al-Ajamy
A Abu Bakr Ash-Shaatree
M Muhammad Ayyoub
A Abdullah Basfar
A Abdullah Al-Juhani
M Maher Al Muaiqly
x1
لَمْ يَكُنِ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ وَالْمُشْرِكِينَ مُنفَكِّينَ حَتَّىٰ تَأْتِيَهُمُ الْبَيِّنَةُ ۝١
📖 Котормо Аят 1
Китеп ээлеринен (яхудийлер жана христиандардан) жана мушриктерден болгон каапырлар аларга Анык Чындык келмейинче (адашуучулугунан) ажырай алышпады
رَسُولٌ مِّنَ اللَّهِ يَتْلُو صُحُفًا مُّطَهَّرَةً ۝٢
📖 Котормо Аят 2
(Анык Чындык) таза барактардагы (Кураанды) окуп берген Аллаһтын элчиси
فِيهَا كُتُبٌ قَيِّمَةٌ ۝٣
📖 Котормо Аят 3
Ал барактарда акыйкатты баяндаган жазуулар бар
وَمَا تَفَرَّقَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ إِلَّا مِن بَعْدِ مَا جَاءَتْهُمُ الْبَيِّنَةُ ۝٤
📖 Котормо Аят 4
Китеп берилген элдер (яхудийлер менен христиандар) аларга “Анык Чындык” келгенден кийин гана бөлүнүп кетишти
وَمَا أُمِرُوا إِلَّا لِيَعْبُدُوا اللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ حُنَفَاءَ وَيُقِيمُوا الصَّلَاةَ وَيُؤْتُوا الزَّكَاةَ ۚ وَذَٰلِكَ دِينُ الْقَيِّمَةِ ۝٥
📖 Котормо Аят 5
Алар бардык ибадаттарды калыс Аллаһ үчүн гана кылууга, андан (жеке кудайга сыйынуудан) башка динден жүз бурууга, намаз окууга, зекет берүүгө буюрулушкан эле жана дал ушул гана Туура Дин
إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ وَالْمُشْرِكِينَ فِي نَارِ جَهَنَّمَ خَالِدِينَ فِيهَا ۚ أُولَٰئِكَ هُمْ شَرُّ الْبَرِيَّةِ ۝٦
📖 Котормо Аят 6
Китеп элдери жана мушриктерден болгон каапырлар Тозок отунун ичинде! Ал жерде түбөлүк калышат! Алар (чындыкты билип туруп жүз бурганы себептүү) жаратылгандардын эң жаманы
إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ أُولَٰئِكَ هُمْ خَيْرُ الْبَرِيَّةِ ۝٧
📖 Котормо Аят 7
Ал эми ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдар... алар — жаратылгандардын эң жакшысы
جَزَاؤُهُمْ عِندَ رَبِّهِمْ جَنَّاتُ عَدْنٍ تَجْرِي مِن تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا ۖ رَّضِيَ اللَّهُ عَنْهُمْ وَرَضُوا عَنْهُ ۚ ذَٰلِكَ لِمَنْ خَشِيَ رَبَّهُ ۝٨
📖 Котормо Аят 8
Раббисинин алдында алардын сыйлыктары — анда "Адн" Бейиштер! Алардын түбүнөн дарыялар агып турат жана алар анда түбөлүк калышат. (Мунун себеби) алардан Аллаһ ыраазы болду, алар Аллаһтан ыраазы болушту. Бул (сыйлыктар) Раббисинен корккон адамдар үчүн
← 97 Аль-Баййина (98/114) 99 →
Окуу Аль-Баййина сүрөсү Кыргызча – Котормо жана Аудио

98البينة Al-Bayyinah 📚 8 Аят مدنية

Аят-аят – Аль-Баййина сүрөсү — 8 Аят




Ыйык Куран


Tuesday, August 18, 2026

Don't forget us in your sincere prayers