Аль-Баййина сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)
Аль-Баййина сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Аль-Баййина сүрөсү Котормо. Аль-Баййина сүрөсү (Medinan) 8 Аят.
Related
- Аль-Баййина сүрөсү КотормоКыргызча
- Аль-Баййина сүрөсү mp3Укта
- Quran Index Кыргызча114
More Сүрөсү PDF
Аль-Баййина сүрөсү

ﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣ
98:1
Китеп ээлеринен (яхудийлер жана христиандардан) жана мушриктерден болгон каапырлар аларга Анык Чындык келмейинче (адашуучулугунан) ажырай алышпады
ﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪ
98:2
(Анык Чындык) таза барактардагы (Кураанды) окуп берген Аллаһтын элчиси
ﮫﮬﮭﮮ
98:3
Ал барактарда акыйкатты баяндаган жазуулар бар
ﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛ
98:4
Китеп берилген элдер (яхудийлер менен христиандар) аларга “Анык Чындык” келгенден кийин гана бөлүнүп кетишти
ﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭ
98:5
Алар бардык ибадаттарды калыс Аллаһ үчүн гана кылууга, андан (жеке кудайга сыйынуудан) башка динден жүз бурууга, намаз окууга, зекет берүүгө буюрулушкан эле жана дал ушул гана Туура Дин
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢ
98:6
Китеп элдери жана мушриктерден болгон каапырлар Тозок отунун ичинде! Ал жерде түбөлүк калышат! Алар (чындыкты билип туруп жүз бурганы себептүү) жаратылгандардын эң жаманы
ﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬ
98:7
Ал эми ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдар... алар — жаратылгандардын эң жакшысы
ﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄ
98:8
Раббисинин алдында алардын сыйлыктары — анда "Адн" Бейиштер! Алардын түбүнөн дарыялар агып турат жана алар анда түбөлүк калышат. (Мунун себеби) алардан Аллаһ ыраазы болду, алар Аллаһтан ыраазы болушту. Бул (сыйлыктар) Раббисинен корккон адамдар үчүн
Ыйык Куран
Wednesday, September 9, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







