📖 0/604 окулган барактар
📄 3
Аль-Бакара

Аль-Бакара

2:6
إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ سَوَآءٌ عَلَيۡهِمۡ ءَأَنذَرۡتَهُمۡ أَمۡ لَمۡ تُنذِرۡهُمۡ لَا يُؤۡمِنُونَ ٦
Чынында, сен каапырларды (тозоктон) коркутсаң деле, коркутпасаң деле айырмасы жок, ыйман келтиришпейт
2:7
خَتَمَ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ وَعَلَىٰ سَمۡعِهِمۡۖ وَعَلَىٰٓ أَبۡصَٰرِهِمۡ غِشَٰوَةٌۖ وَلَهُمۡ عَذَابٌ عَظِيمٌ ٧
Аллаһ алардын жүрөктөрүнө жана кулактарына мөөр басып, көздөрүнө парда тосуп койгон. Жана (Акыретте) алар үчүн чоң азап бар
2:8
وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يَقُولُ ءَامَنَّا بِٱللَّهِ وَبِٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ وَمَا هُم بِمُؤۡمِنِينَ ٨
Адамдардан кээ бирөөлөрү «Аллаһка жана Акырет күнүнө ишендик» дешет. Бирок, ишенишкен (ыймандуу) эмес
2:9
يُخَٰدِعُونَ ٱللَّهَ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَمَا يَخۡدَعُونَ إِلَّآ أَنفُسَهُمۡ وَمَا يَشۡعُرُونَ ٩
Аллаһты жана момундарды алдамакчы болушат, бирок өздөрүн гана алдап жаткандарын сезишпейт
2:10
فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٌ فَزَادَهُمُ ٱللَّهُ مَرَضًاۖ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمُۢ بِمَا كَانُواْ يَكۡذِبُونَ ١٠
Жүрөктөрүндө оору бар. Аллаһ оорууларын дагы көбөйттү. Жана жалган сүйлөгөндөрү себептүү алар үчүн жан ооруткан азап бар
2:11
وَإِذَا قِيلَ لَهُمۡ لَا تُفۡسِدُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ قَالُوٓاْ إِنَّمَا نَحۡنُ مُصۡلِحُونَ ١١
Эгер аларга «Жер бетинде бузукулук кылбагыла»-деп айтылчу болсо, «Биз — оң-доочуларбыз»-дешет
2:12
أَلَآ إِنَّهُمۡ هُمُ ٱلۡمُفۡسِدُونَ وَلَٰكِن لَّا يَشۡعُرُونَ ١٢
Көңүл бургула! Алар — анык бузукулар. Бирок, өздөрү (муну) сезишпейт
2:13
وَإِذَا قِيلَ لَهُمۡ ءَامِنُواْ كَمَآ ءَامَنَ ٱلنَّاسُ قَالُوٓاْ أَنُؤۡمِنُ كَمَآ ءَامَنَ ٱلسُّفَهَآءُۗ أَلَآ إِنَّهُمۡ هُمُ ٱلسُّفَهَآءُ وَلَٰكِن لَّا يَعۡلَمُونَ ١٣
Дагы аларга «Адамдар (сахаабалар) ыйман келтиргендей ыйман келтиргиле»-деп айтылса, «(Ушул) акылсыздар сыяктуу ый-ман келтиребизби?!»-дешет. Көңүл бургула! Өздөрү анык акмак! Бирок, (муну) билишпейт
2:14
وَإِذَا لَقُواْ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ قَالُوٓاْ ءَامَنَّا وَإِذَا خَلَوۡاْ إِلَىٰ شَيَٰطِينِهِمۡ قَالُوٓاْ إِنَّا مَعَكُمۡ إِنَّمَا نَحۡنُ مُسۡتَهۡزِءُونَ ١٤
Ыймандуу кишилерге жолукканда: «Биз ыйман келтирдик»-дешет. Ал эми, өздөрүнүн шайтандары (чоңдору) менен жалгыз калышса: «Биз силер мененбиз. Биз аларды шылдың кылуудабыз»-дешет
2:15
ٱللَّهُ يَسۡتَهۡزِئُ بِهِمۡ وَيَمُدُّهُمۡ فِي طُغۡيَٰنِهِمۡ يَعۡمَهُونَ ١٥
Аллаһ өздөрүн шерменде кылат жана баштары айланганча каапырчылыкта жүрүүлөрүн узартат
2:16
أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ ٱشۡتَرَوُاْ ٱلضَّلَٰلَةَ بِٱلۡهُدَىٰ فَمَا رَبِحَت تِّجَٰرَتُهُمۡ وَمَا كَانُواْ مُهۡتَدِينَ ١٦
Алар- Туура Жолдун ордуна адашууну сатып алгандар. (Бул) «соодалары» пайда бербеди жана Туура Жолго түшүүчү болушпады
العربيةEnglishBahasa IndonesiaTürkçeРусскийفارسیFrançaisاردوবাংলাDeutschEspañol中文हिन्दीPortuguêsItalianoภาษาไทยPolskiNederlandsShqipKiswahiliO'zbekதமிழ்MelayuBosanskiSoomaaliAzərbaycanکوردی한국어日本語SvenskaDanskNorskپښتوമലയാളംසිංහලTamazightHausaአማርኛБългарскиТоҷикӣҚазақшаFilipinoسنڌيYorùbáFulfuldeТатарчаئۇيغۇرچەКыргызчаਪੰਜਾਬੀJawaతెలుగుမြန်မာગુજરાતીOromoमराठीTiếng ViệtMalagasyНохчийнWolofދިވެހިಕನ್ನಡУкраїнськаΕλληνικάქართულიខ្មែរدریQafar afMaranaoनेपाली
Ыйык Куран
Tuesday, August 18, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







