Hurrimat `alaikumul maitatu waddamu wa lahmul khinzeeri wa maaa uhilla lighiril laahi bihee walmun khani qatu wal mawqoozatu wal mutarad diyatu wanna teehatu wa maaa akalas sabu`u illaa maa zakkaitum wa maa zubiha `alan nusubi wa an tastaqsimoo bil azlaam; zaalikum fisq; alyawma ya`isal lazeena kafaroo min deenikum falaa takhshawhum wakh shawn; alyawma akmaltu lakum deenakum wa atmamtu `alaikum ni`matee wa radeetu lakumul Islaama deenaa; famanidturra fee makhmasatin ghaira mutajaanifil li ismin fa innallaaha Ghafoorur Raheem
📖 Котормо (Кыргызча)
📖 Кыргызча
Силерге өлүмтүк (тарп), (мууздалган учурда атырылган) кан, доңуздун (чочконун) эти, Аллаһтан башканын атын атап союлган жандыктын эти, муунуп өлгөн, урунуп (соккудан) өлгөн, бийиктиктен кулап өлгөн, сүзүшүп өлгөн жана жырткычтар тиштеп-тытып! өлтүргөн айбандардын эттери арам кылынды. Ал эми мууздап алганыңар арам эмес.? Дагы буттарга (мазарларга) арнап союлган жандыктын эти жана «азлам»? менен пал ачууңар арам кылынды. Бул ишиңер (Аллаһ арам кылганды жасашыңар) — бузукулук. Мына бүгүн (Макка фатх болгондон кийин) силерди диниңерден (кайтаруудан) каапырлардын үмүтү үзүлдү. Эми алардан коркпогула. Менден гана корккула! Мына бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылып, нээмат-жакшылыктарымды бирин калтырбай берип, силерге Исламдын гана дин болушун кааладым. Ал эми, ким ачарчылык азабына чыдабай (жанагы арам тамактардан) өзөк жалгаар даражада жешке мажбур болсо, Аллаһ Кечиримдүү, Ыйрамдуу
🌐 Additional reference in Русский
🌐 Русский
Запрещена вам в пищу мертвечина, Кровь, и свинина, и всякая живая тварь, Что с именем других, а не Аллаха Была заколота (для пищи), Мясо удавленной скотины, Или издохшей от удара иль от паденья с крутизны, Или забоданной (рогами), Или заеденной каким-то хищным зверем, Помимо случая того, Когда (в ней все еще теплИтся кровь) И вы заколете ее по нужному обряду. (Запрещено вам также в пищу) То, что на жертвенниках убиенно, А также и дележ по стрелам: Сие - нечестие и блажь. Сегодня те, кто вашей верой пренебрег, В отчаянии пребывают. Но их не бойтесь, а страшитесь лишь Меня. Я завершил для вас сегодня (Вероустав) религии (Своей) И проявил сполна Свою вам милость, Назначив изволением Своим ислам - (Как-то: покорность Моей Воле). Кого же голод вынудит (к сей пище) Без (нечестивости иль) склонности к греху, - Так ведь Аллах, поистине, прощающ И милостив (к людским заботам)!
مَا ذَكَّيْتُمْ – өлүм алдында тирүү кезинде ислам ыкмасы менен союуга жетишкендер.
النُّصُبِ – жалган кудайларга арналып орнотулган таштар, алардын жанында союу жүргүзүлчү.
الْأَزْلَامِ – "кыл" же "кылба" деп жазылган жебелер, алар менен тагдырды билүүгө аракет кылышчу.
فِسْقٌ – Аллахка баш ийүүдөн чыгуу, күнөө.
مَخْمَصَةٍ – ачкачылык, тамак жетишсиздиги.
مُتَجَانِفٍ – эңкейүү, күнөөгө умтулуу.
Аяттын түшүндүрмөсү:
Аллах Таала бул аятта адамдарга өзү өлгөн жаныбардын этин, агып чыккан канды, чочконун этин, союу учурунда Аллахтан башканын аты аталган малдын этин жешке тыюу салды. Ошондой эле муунтулуп өлгөн, уруп өлтүрүлгөн, бийиктен кулап өлгөн, башка жаныбар мүйүз менен сүзүп өлтүргөн жана жырткыч жеп койгон жаныбарлардын эти да арам болду. Бирок ушул аталгандардан өлүм алдында тирүү кезинде жетип, ислам ыкмасы менен союуга үлгүргөндөр адал болот. Ошондой эле буттарга арналып союлган малдын эти жана жебелер менен тагдырды билүүгө аракет кылуу да арам кылынды. Ушул иштердин баары Аллахка баш ийүүдөн чыгуу, күнөө.
Андан соң Аллах мындай деп билдирди: "Бүгүн каапырлар силердин диниңерди жок кыла албастыгына, силердин кайра каапырлыкка кайтарыңарга үмүтү үзүлдү. Эми алардан коркпогула, Менден гана корккула. Бүгүн силерге диниңерди толуктадым, силерге болгон жакшылыгымды бүтүндөй аяктадым жана Исламды силер үчүн дин кылып ыраазы болдум." Бул аят Аллахтын Ислам динин толуктаганын, анын жакшылыктарын аяктаганын жана Исламды эң мыкты дин катары тандаганын билдирет.
Акырында Аллах ачкачылыктан улам өлүм коркунучуна кабылган адамга өзү өлгөн малдын этин жешке уруксат берди, бирок бул күнөөгө умтулуу менен эмес, зарылчылыктан улам болушу керек. Анткени Аллах Кечиримдүү жана Ырайымдуу.
Аяттан алынуучу пайдалар:
Ислам дини адамдын ден соолугун жана рухий тазалыгын коргоого чоң көңүл бурат. Арам кылынган тамак-аштар адамдын денесине жана жанына зыян келтирет.
Аллах Таала өзүнүн пенделерине ар дайым жеңилдик каалайт. Ачкачылык сыяктуу өтө оор кырдаалда арам нерселерди жешке уруксат берүү – Анын ырайымынын белгиси.
Ислам дини толук жана аякталган дин. Аллах аны өзү тандап, ыраазы болгон. Бул биз үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик.
Каапырлардын жек көрүүсүнө жана коркутууларына карабастан, мусулмандар Аллахка гана таянып, Андан гана коркушу керек.
Ислам дини адам баласын адашуудан, ырым-жырымдардан жана жалган ишенимдерден коргоп, туура жолго багыттайт.
Аллахтын Кечиримдүүлүгү жана Ырайымдуулугу чексиз. Зарылчылык учурунда кылган күнөөлөрү үчүн пенделерине кечирим берет.
Силерге өлүмтүк (тарп), (мууздалган учурда атырылган) кан, доңуздун (чочконун) эти, Аллаһтан башканын атын атап союлган жандыктын эти, муунуп өлгөн, урунуп (соккудан) өлгөн, бийиктиктен кулап өлгөн, сүзүшүп өлгөн жана жырткычтар тиштеп-тытып! өлтүргөн айбандардын эттери арам кылынды. Ал эми мууздап алганыңар арам эмес.? Дагы буттарга (мазарларга) арнап союлган жандыктын эти жана «азлам»? менен пал ачууңар арам кылынды. Бул ишиңер (Аллаһ арам кылганды жасашыңар) — бузукулук. Мына бүгүн (Макка фатх болгондон кийин) силерди диниңерден (кайтаруудан) каапырлардын үмүтү үзүлдү. Эми алардан коркпогула. Менден гана корккула! Мына бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылып, нээмат-жакшылыктарымды бирин калтырбай берип, силерге Исламдын гана дин болушун кааладым. Ал эми, ким ачарчылык азабына чыдабай (жанагы арам тамактардан) өзөк жалгаар даражада жешке мажбур болсо, Аллаһ Кечиримдүү, Ыйрамдуу
О,ыйман келтиргендер! Убадаңарды аткаргыла! Силерге (төмөндө) окуп бериле тургандарынан башка бардык жандыктар адал кылынды. (Силерге) Ихрамда? болуп турган абалыңарда аң уулоо адал эмес. Аллаһ Өзү каалагандай өкүм кылат
О,ыйман келтиргендер! Аллаһ арам кылган нерселерди, “тштахрул харам” айларын(да кан төгүүнү), Аллаһка арналган белек жаныбарларды (өлтүрүүнү жана уурдоону), ошондой эле, (таанылып турушу үчүн) алардын мойнуна асылган мончокторду (үзүүнү) жана Раббисинин пазилет, ыразычылыгын тилеп, Байтул-Харамды көздөй жолго чыккан кишилерди (өлтүрүүнү) өзүңөргө адал кылып албагыла! Ал эми, качан ихрамдан чыксаңар аң уулай бергиле. (Силерге зулум кылган) бир (мусулман) коомду жаман көрүшүңөр, аларды Масжид - Аль-Харамга киргизбей коюуга жана аларга душмандык кылууга силерди мажбурлабасын. Жакшылык жана такыбаа иштерде бири-бириңерге жардам бергиле. Душманчылык жана күнөө иштерде бири-бириңерге жардам бербегиле. Аллаһтан корккула! Аллаһтын азабы катуу
Силерге өлүмтүк (тарп), (мууздалган учурда атырылган) кан, доңуздун (чочконун) эти, Аллаһтан башканын атын атап союлган жандыктын эти, муунуп өлгөн, урунуп (соккудан) өлгөн, бийиктиктен кулап өлгөн, сүзүшүп өлгөн жана жырткычтар тиштеп-тытып! өлтүргөн айбандардын эттери арам кылынды. Ал эми мууздап алганыңар арам эмес.? Дагы буттарга (мазарларга) арнап союлган жандыктын эти жана «азлам»? менен пал ачууңар арам кылынды. Бул ишиңер (Аллаһ арам кылганды жасашыңар) — бузукулук. Мына бүгүн (Макка фатх болгондон кийин) силерди диниңерден (кайтаруудан) каапырлардын үмүтү үзүлдү. Эми алардан коркпогула. Менден гана корккула! Мына бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылып, нээмат-жакшылыктарымды бирин калтырбай берип, силерге Исламдын гана дин болушун кааладым. Ал эми, ким ачарчылык азабына чыдабай (жанагы арам тамактардан) өзөк жалгаар даражада жешке мажбур болсо, Аллаһ Кечиримдүү, Ыйрамдуу
Сенден өздөрүнө эмнелер адал кылынганын сурашат. Айткын: “Силерге бардык таза-пакиза тамак-аштар жана колго үйрөтүлгөн (ит, бүркүт, ителги сыяктуу) жаныбарлар кармап келген нерселер адал кылынды. Силер аларды Аллаһ силерге билгизген нерсе (илим-таалим) менен колго үйрөткөн элеңер. Эми, ошол жаныбарлар силер үчүн кармап келген нерселерди жей бергиле. Жана аларды агытып жатканыңарда Аллаһтын ысымын эстегиле. Аллаһтан корккула! Аллаһ тез Эсептешүүчү
Бүгүн силерге (бардык) таза нерселер адал кылынды. Жана китеп берилген элдердин тамагы силер үчүн, силердин тамагыңар алар үчүн адал кылынды. Жана силерге момун-мусулмандардын таза-пакиза аялдары менен китеп ээлеринен болгон таза (сойку эмес) аялдар(га үйлөнүү) адал кылынды. (Мунун шарты:) эгер махырын берип, зынаа кылбай, ойнош тутпай, ак никелеп алсаңар. Ал эми, ким ыйманга каапыр болсо,! анын амалдары (ибадаттары) күйүп кетет жана Акыретте зыян тартуучулардан болот
SurahQuran.com was founded as a humble effort to serve the Noble Book and the pure Sunnah, to invite people to Allah, and to make the religious sciences accessible according to the methodology of the Quran and Sunnah. We praise and thank Allah for His grace, and we ask Him to accept our work and make it sincere for His noble Face.