Аль-Маида · 4/120
Котормо Транслитерация — Аль-Маида сүрөсү
يَسْأَلُونَكَ مَاذَا أُحِلَّ لَهُمْ ۖ قُلْ أُحِلَّ لَكُمُ الطَّيِّبَاتُ ۙ وَمَا عَلَّمْتُم مِّنَ الْجَوَارِحِ مُكَلِّبِينَ تُعَلِّمُونَهُنَّ مِمَّا عَلَّمَكُمُ اللَّهُ ۖ فَكُلُوا مِمَّا أَمْسَكْنَ عَلَيْكُمْ وَاذْكُرُوا اسْمَ اللَّهِ عَلَيْهِ ۖ وَاتَّقُوا اللَّهَ ۚ إِنَّ اللَّهَ سَرِيعُ الْحِسَابِ ۝٤
Yas`aloonaka maazaaa uhilla lahum; qul uhilla lakumuttaiyibaatu wa maa`allamtum minal jawaarihi mukallibeena tu`allimoonahunnamimmaa `allamakumul laahu fakuloo mimmaaa amsakna `alaikum wazkurus mal laahi `alaih; wattaqul laah; innal laaha saree`ul hisaab
📖 Кыргызча
Сенден өздөрүнө эмнелер адал кылынганын сурашат. Айткын: “Силерге бардык таза-пакиза тамак-аштар жана колго үйрөтүлгөн (ит, бүркүт, ителги сыяктуу) жаныбарлар кармап келген нерселер адал кылынды. Силер аларды Аллаһ силерге билгизген нерсе (илим-таалим) менен колго үйрөткөн элеңер. Эми, ошол жаныбарлар силер үчүн кармап келген нерселерди жей бергиле. Жана аларды агытып жатканыңарда Аллаһтын ысымын эстегиле. Аллаһтан корккула! Аллаһ тез Эсептешүүчү

M Mishary Rashid Alafasy ✓
M Mahmoud Khalil Al-Husary ✓
A Abdurrahman As-Sudais ✓
M Mohamed Siddiq Al-Minshawi ✓
A Abdul Basit Abdul Samad ✓
A Ali Al-Hudhaify ✓
A Ahmed ibn Ali al-Ajamy ✓
A Abu Bakr Ash-Shaatree ✓
M Muhammad Ayyoub ✓
A Abdullah Basfar ✓
A Abdullah Al-Juhani ✓
M Maher Al Muaiqly ✓
0:00
0:00
📜

Котормо — Tafsir

  1. Аяттагы түшүндүрүүнү талап кылган сөздөр:
  • الطَّيِّبَاتُ – адал, таза, пайдалуу жана шарият уруксат берген нерселер.
  • الْجَوَارِحِ – аңчылык кылуучу жаныбарлар: азуу тиштүү (ит, кабылан сыяктуу) жана тырмактуу (бүркүт, шумкар сыяктуу) куштар.
  • مُكَلِّبِينَ – аңчылык жаныбарларын үйрөтүп, аңга жиберүүчүлөр.
  • أَمْسَكْنَ عَلَيْكُمْ – аңчылык жаныбарлары силер үчүн кармап, токтотуп берген аң.
  • سَرِيعُ الْحِسَابِ – эсеп-кысабы тез, эч нерсе калтырбай эсептейт.
  1. Аяттын түшүндүрмөсү:

Оо, пайгамбар, сахабаларың сага: «Бизге эмнелерди жегенге уруксат берилди?» – деп сурашат. Аларга айт: силерге таза, пайдалуу жана адал нерселер уруксат берилди. Ошондой эле, силер үйрөткөн аңчылык жаныбарларынын – ит, кабылан сыяктуу азуу тиштүүлөрдүн жана бүркүт, шумкар сыяктуу тырмактуу куштардын – кармап берген аңдары да силерге адал. Силер аларды Аллах силерге берген билим жана ыкма менен үйрөттүңөр, алар буйрукка баш ийип, тыюуга токтой турган болушту. Эми алар силер үчүн кармап берген аңды жегиле, ал өлтүрүлгөн болсо да. Аңчылык жаныбарыңарды аңга жиберерде Аллахтын атын айткыла. Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларындан тыйылып, Андан корккула. Чындыгында Аллахтын эсеби тез, Ал бардык иштерди эч нерсени калтырбай эсептейт.

  1. Аяттан алынуучу пайдалар жана исламга болгон кызыгууну арттыруучу ойлор:
  • Ислам дини адам баласына жашоосунда керектүү болгон нерселердин баарын уруксат кылат, бирок алардын таза жана пайдалуу болушун талап кылат. Бул диндин жеңилдигин жана адамдын муктаждыктарын эске алуусун көрсөтөт.
  • Аллах Таала адамдарга аңчылык жаныбарларын үйрөтүү жана алар аркылуу азык табуу сыяктуу жаратылыштагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга уруксат берген. Бул Исламдын жашоонун бардык тармактарын камтыган толук система экенин билдирет.
  • Аңга жиберерде Аллахтын атын айтуу – ар бир иштин башында Аллахты эстөө керектигин үйрөтөт. Бул ыймандуу адамдын күнүмдүк жашоосунда да Аллах менен байланышта болушун камсыздайт.
  • Аллахтын эсеби тез экендигин эстөө аркылуу адам өз иш-аракеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылат жана жакшылыкка умтулат. Бул Исламдын адеп-ахлактык негиздерин бекемдейт.
  • Аяттагы «Аллах силерге үйрөткөндөй үйрөткүлө» деген ой – илим-билимге, үйрөнүүгө чакырык. Ислам илимди, өнөрдү жана пайдалуу билимдерди колдоого чакырат.
  • Бул аят мусулмандарга Аллахтын берген ныкматтарын таза жана адал жол менен пайдаланууга үндөйт. Ошону менен бирге, ар бир иштин акыбетин Аллахтын эсептей турганын эскертип, такыбалыкка чакырат.


📜 Аят 2-6 — Аль-Маида сүрөсү

2يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تُحِلُّوا شَعَائِرَ اللَّهِ وَلَا الشَّهْرَ الْحَرَامَ وَلَا الْهَدْيَ وَلَا الْقَلَائِدَ وَلَا آمِّينَ الْبَيْتَ الْحَرَامَ يَبْتَغُونَ فَضْلًا مِّن رَّبِّهِمْ وَرِضْوَانًا ۚ وَإِذَا حَلَلْتُمْ فَاصْطَادُوا ۚ وَلَا يَجْرِمَنَّكُمْ شَنَآنُ قَوْمٍ أَن صَدُّوكُمْ عَنِ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ أَن تَعْتَدُوا ۘ وَتَعَاوَنُوا عَلَى الْبِرِّ وَالتَّقْوَىٰ ۖ وَلَا تَعَاوَنُوا عَلَى الْإِثْمِ وَالْعُدْوَانِ ۚ وَاتَّقُوا اللَّهَ ۖ إِنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ
О,ыйман келтиргендер! Аллаһ арам кылган нерселерди, “тштахрул харам” айларын(да кан төгүүнү), Аллаһка арналган белек жаныбарларды (өлтүрүүнү жана уурдоону), ошондой эле, (таанылып турушу үчүн) алардын мойнуна асылган мончокторду (үзүүнү) жана Раббисинин пазилет, ыразычылыгын тилеп, Байтул-Харамды көздөй жолго чыккан кишилерди (өлтүрүүнү) өзүңөргө адал кылып албагыла! Ал эми, качан ихрамдан чыксаңар аң уулай бергиле. (Силерге зулум кылган) бир (мусулман) коомду жаман көрүшүңөр, аларды Масжид - Аль-Харамга киргизбей коюуга жана аларга душмандык кылууга силерди мажбурлабасын. Жакшылык жана такыбаа иштерде бири-бириңерге жардам бергиле. Душманчылык жана күнөө иштерде бири-бириңерге жардам бербегиле. Аллаһтан корккула! Аллаһтын азабы катуу
3حُرِّمَتْ عَلَيْكُمُ الْمَيْتَةُ وَالدَّمُ وَلَحْمُ الْخِنزِيرِ وَمَا أُهِلَّ لِغَيْرِ اللَّهِ بِهِ وَالْمُنْخَنِقَةُ وَالْمَوْقُوذَةُ وَالْمُتَرَدِّيَةُ وَالنَّطِيحَةُ وَمَا أَكَلَ السَّبُعُ إِلَّا مَا ذَكَّيْتُمْ وَمَا ذُبِحَ عَلَى النُّصُبِ وَأَن تَسْتَقْسِمُوا بِالْأَزْلَامِ ۚ ذَٰلِكُمْ فِسْقٌ ۗ الْيَوْمَ يَئِسَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِن دِينِكُمْ فَلَا تَخْشَوْهُمْ وَاخْشَوْنِ ۚ الْيَوْمَ أَكْمَلْتُ لَكُمْ دِينَكُمْ وَأَتْمَمْتُ عَلَيْكُمْ نِعْمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ الْإِسْلَامَ دِينًا ۚ فَمَنِ اضْطُرَّ فِي مَخْمَصَةٍ غَيْرَ مُتَجَانِفٍ لِّإِثْمٍ ۙ فَإِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَّحِيمٌ
Силерге өлүмтүк (тарп), (мууздалган учурда атырылган) кан, доңуздун (чочконун) эти, Аллаһтан башканын атын атап союлган жандыктын эти, муунуп өлгөн, урунуп (соккудан) өлгөн, бийиктиктен кулап өлгөн, сүзүшүп өлгөн жана жырткычтар тиштеп-тытып! өлтүргөн айбандардын эттери арам кылынды. Ал эми мууздап алганыңар арам эмес.? Дагы буттарга (мазарларга) арнап союлган жандыктын эти жана «азлам»? менен пал ачууңар арам кылынды. Бул ишиңер (Аллаһ арам кылганды жасашыңар) — бузукулук. Мына бүгүн (Макка фатх болгондон кийин) силерди диниңерден (кайтаруудан) каапырлардын үмүтү үзүлдү. Эми алардан коркпогула. Менден гана корккула! Мына бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылып, нээмат-жакшылыктарымды бирин калтырбай берип, силерге Исламдын гана дин болушун кааладым. Ал эми, ким ачарчылык азабына чыдабай (жанагы арам тамактардан) өзөк жалгаар даражада жешке мажбур болсо, Аллаһ Кечиримдүү, Ыйрамдуу
4يَسْأَلُونَكَ مَاذَا أُحِلَّ لَهُمْ ۖ قُلْ أُحِلَّ لَكُمُ الطَّيِّبَاتُ ۙ وَمَا عَلَّمْتُم مِّنَ الْجَوَارِحِ مُكَلِّبِينَ تُعَلِّمُونَهُنَّ مِمَّا عَلَّمَكُمُ اللَّهُ ۖ فَكُلُوا مِمَّا أَمْسَكْنَ عَلَيْكُمْ وَاذْكُرُوا اسْمَ اللَّهِ عَلَيْهِ ۖ وَاتَّقُوا اللَّهَ ۚ إِنَّ اللَّهَ سَرِيعُ الْحِسَابِ
Сенден өздөрүнө эмнелер адал кылынганын сурашат. Айткын: “Силерге бардык таза-пакиза тамак-аштар жана колго үйрөтүлгөн (ит, бүркүт, ителги сыяктуу) жаныбарлар кармап келген нерселер адал кылынды. Силер аларды Аллаһ силерге билгизген нерсе (илим-таалим) менен колго үйрөткөн элеңер. Эми, ошол жаныбарлар силер үчүн кармап келген нерселерди жей бергиле. Жана аларды агытып жатканыңарда Аллаһтын ысымын эстегиле. Аллаһтан корккула! Аллаһ тез Эсептешүүчү
5الْيَوْمَ أُحِلَّ لَكُمُ الطَّيِّبَاتُ ۖ وَطَعَامُ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ حِلٌّ لَّكُمْ وَطَعَامُكُمْ حِلٌّ لَّهُمْ ۖ وَالْمُحْصَنَاتُ مِنَ الْمُؤْمِنَاتِ وَالْمُحْصَنَاتُ مِنَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ مِن قَبْلِكُمْ إِذَا آتَيْتُمُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ مُحْصِنِينَ غَيْرَ مُسَافِحِينَ وَلَا مُتَّخِذِي أَخْدَانٍ ۗ وَمَن يَكْفُرْ بِالْإِيمَانِ فَقَدْ حَبِطَ عَمَلُهُ وَهُوَ فِي الْآخِرَةِ مِنَ الْخَاسِرِينَ
Бүгүн силерге (бардык) таза нерселер адал кылынды. Жана китеп берилген элдердин тамагы силер үчүн, силердин тамагыңар алар үчүн адал кылынды. Жана силерге момун-мусулмандардын таза-пакиза аялдары менен китеп ээлеринен болгон таза (сойку эмес) аялдар(га үйлөнүү) адал кылынды. (Мунун шарты:) эгер махырын берип, зынаа кылбай, ойнош тутпай, ак никелеп алсаңар. Ал эми, ким ыйманга каапыр болсо,! анын амалдары (ибадаттары) күйүп кетет жана Акыретте зыян тартуучулардан болот
6يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا قُمْتُمْ إِلَى الصَّلَاةِ فَاغْسِلُوا وُجُوهَكُمْ وَأَيْدِيَكُمْ إِلَى الْمَرَافِقِ وَامْسَحُوا بِرُءُوسِكُمْ وَأَرْجُلَكُمْ إِلَى الْكَعْبَيْنِ ۚ وَإِن كُنتُمْ جُنُبًا فَاطَّهَّرُوا ۚ وَإِن كُنتُم مَّرْضَىٰ أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ أَوْ جَاءَ أَحَدٌ مِّنكُم مِّنَ الْغَائِطِ أَوْ لَامَسْتُمُ النِّسَاءَ فَلَمْ تَجِدُوا مَاءً فَتَيَمَّمُوا صَعِيدًا طَيِّبًا فَامْسَحُوا بِوُجُوهِكُمْ وَأَيْدِيكُم مِّنْهُ ۚ مَا يُرِيدُ اللَّهُ لِيَجْعَلَ عَلَيْكُم مِّنْ حَرَجٍ وَلَٰكِن يُرِيدُ لِيُطَهِّرَكُمْ وَلِيُتِمَّ نِعْمَتَهُ عَلَيْكُمْ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
О,ыйман келтиргендер! Эгер намазга камдансаңар жүзүңөрдү, анан колуңарды чыканакка чейин (чыканакты кошуп) жуугула жана башыңарга «масх» тарткыла жана да бутуңарды кызыл ашыгын кошуп жуугула. Эгер жүнүб (булганган) болсоңор -жуунгула. Ал эми, эгер оорулуу же сапарда, болсоңор же болбосо бирөөңөр ажатканадан келсе, же аялыңары сылап-сыйпаласаңар жана, (даарат же гусул) үчүн суу таппай калсаңар, таза жер кыртышына таяммум кылып (алаканыңарды уруп) аны менен бетиңерди анан колуңарды сылагыла. Аллаһ силерге машакат жаратууну каалабайт. Бирок, силерди тазартууну жана шүгүр кылуучу болушуңар үчүн силерге нээматтарын толук берүүнү каалайт
Аль-МаидаКуран тизмеси
120Аят
MedinanRevelation
4Аят

Котормо — Аль-Маида 4

Аль-Маида сүрөсү Аят 4 - Окуу, Укта, Котормо, Кыргызча : Сенден өздөрүнө эмнелер адал кылынганын сурашат. Айткын: “Силерге бардык таза-пакиза…

Сүрөсү Аят 4/120 — Аль-Маида сүрөсү المائدة (Medinan). Окуу Укта Котормо (Кыргызча). Укта: Аль-Маида сүрөсү Укта, Аль-Маида сүрөсү Котормо, Аль-Маида сүрөсү mp3, Аль-Маида сүрөсү pdf. Аят 2–6. Кыргызча: Русский.





Ыйык Куран


Monday, September 28, 2026

Don't forget us in your sincere prayers