📖 0/604 окулган барактар
📄 305
Марьям сүрөсү

Марьям сүрөсү

19:2
ذِكۡرُ رَحۡمَتِ رَبِّكَ عَبۡدَهُۥ زَكَرِيَّآ ٢
(Бул—) сенин Раббиң пендеси Закарияга берген Ырайымынын кабары
19:4
قَالَ رَبِّ إِنِّي وَهَنَ ٱلۡعَظۡمُ مِنِّي وَٱشۡتَعَلَ ٱلرَّأۡسُ شَيۡبًا وَلَمۡ أَكُنۢ بِدُعَآئِكَ رَبِّ شَقِيًّا ٤
(мындай) деди: «О, Раббим! Менин муун-сөөктөрүм бошошуп, карылыктан чач агара баштады! О, Раббим, мен эч качан Сага дуба кылып таалайсыз болгон эмесмин
19:5
وَإِنِّي خِفۡتُ ٱلۡمَوَٰلِيَ مِن وَرَآءِي وَكَانَتِ ٱمۡرَأَتِي عَاقِرًا فَهَبۡ لِي مِن لَّدُنكَ وَلِيًّا ٥
Мен артымдагы жакындарымдан кооптонуп жатамын. Аялым туубас болуп калган. Өз даргөйүңдөн мага бир дос (перзент) берчи
19:6
يَرِثُنِي وَيَرِثُ مِنۡ ءَالِ يَعۡقُوبَۖ وَٱجۡعَلۡهُ رَبِّ رَضِيًّا ٦
Ал мага жана Яькубдун (ыймандуу) урпактарына мураскор болсун! О, Раббим, Аны Өзүңдүн ыраазычылыгыңдын кызматкерлеринен кылгай элең?!»
19:7
يَٰزَكَرِيَّآ إِنَّا نُبَشِّرُكَ بِغُلَٰمٍ ٱسۡمُهُۥ يَحۡيَىٰ لَمۡ نَجۡعَل لَّهُۥ مِن قَبۡلُ سَمِيًّا ٧
«О, Закария! Биз сени Яхйа деген наристе менен сүйүнтөбүз! Биз мурун ага (эч кимди) адаш кылган эмеспиз»
19:8
قَالَ رَبِّ أَنَّىٰ يَكُونُ لِي غُلَٰمٌ وَكَانَتِ ٱمۡرَأَتِي عَاقِرًا وَقَدۡ بَلَغۡتُ مِنَ ٱلۡكِبَرِ عِتِيًّا ٨
«О, Раббим!» деди (Закария) мага кайдагы перзент?! Аялым туубас болсо, өзүм карылыктын чегине жетип калган болсом?!»
19:9
قَالَ كَذَٰلِكَ قَالَ رَبُّكَ هُوَ عَلَيَّ هَيِّنٌ وَقَدۡ خَلَقۡتُكَ مِن قَبۡلُ وَلَمۡ تَكُ شَيۡـًٔا ٩
«Ошондой» — деди (Аллаһ)— Раббиң айтат: «Бул Мага жеңил. Өзүңдү деле мындан мурун Мен жаратканмын. (Анда) сен дагы эч нерсе эмес (жок) элең»
19:10
قَالَ رَبِّ ٱجۡعَل لِّيٓ ءَايَةًۖ قَالَ ءَايَتُكَ أَلَّا تُكَلِّمَ ٱلنَّاسَ ثَلَٰثَ لَيَالٍ سَوِيًّا ١٠
«О, Раббим! Анда мага (көңүлүмдүн бейпилдиги үчүн) бир белги көргөзчү?!»-деди (Закария) «Сага белги: соп-соо туруп, үч түн бою адамдарга сүйлөй албай каласың»-деди (Аллаһ)?”
19:11
فَخَرَجَ عَلَىٰ قَوۡمِهِۦ مِنَ ٱلۡمِحۡرَابِ فَأَوۡحَىٰٓ إِلَيۡهِمۡ أَن سَبِّحُواْ بُكۡرَةً وَعَشِيًّا ١١
Ал (ибадатканадагы) михрабдан? коомуна чыкты жана «түнү-күнү мактоо сөздөрүн айткыла» деп, (ымдап) ишаарат кылды. (Ошентип, арадан белгилүү убакыт өтүп Яхйа туулду, атасынан жакшы тарбия көрдү. Эми акылы толо баштаганда ага Аллаһ Таала айтты)
العربيةEnglishBahasa IndonesiaTürkçeРусскийفارسیFrançaisاردوবাংলাDeutschEspañol中文हिन्दीPortuguêsItalianoภาษาไทยPolskiNederlandsShqipKiswahiliO'zbekதமிழ்MelayuBosanskiSoomaaliAzərbaycanکوردی한국어日本語SvenskaDanskNorskپښتوമലയാളംසිංහලTamazightHausaአማርኛБългарскиТоҷикӣҚазақшаFilipinoسنڌيYorùbáFulfuldeТатарчаئۇيغۇرچەКыргызчаਪੰਜਾਬੀJawaతెలుగుမြန်မာગુજરાતીOromoमराठीTiếng ViệtMalagasyНохчийнWolofދިވެހިಕನ್ನಡУкраїнськаΕλληνικάქართულიខ្មែរدریQafar afMaranaoनेपाली
Ыйык Куран
Tuesday, August 25, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







