Сүрөсү Аль-Кахф
PDF —
Built right in your browser — download starts automatically
Сүрөсү Аль-Кахф pdf — Жүктөө (Кыргызча)
Сүрөсү Аль-Кахф pdf Кыргызча — Жүктөө Сүрөсү Аль-Кахф Котормо. Аль-Кахф (Meccan) 110 Аят.
Related
- Аль-Кахф КотормоКыргызча
- Аль-Кахф mp3Укта
- Quran Index Кыргызча114
More Сүрөсү PDF
Сүрөсү Аль-Кахф

ﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧ
Өзүнүн пендесине (Мухаммадга) Китеп (Кураан) түшүргөнгө мактоолор болсун! Ал анда (Кураанда) бир дагы карама-каршылыкка жол бербеди
ﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷ
(Тескерисинче) аны эң туура (китеп) сүрөтүндө (түшүрдү.) (Каапырларды) Өзүнүн алдындагы катуу азаптан коркутуш үчүн жана жакшы амал кылган момундарга эң мыкты сооптор (Бейиш) бар экени жөнүндө куш кабар бериш үчүн
ﯸﯹﯺﯻ
Алар (момундар) анда түбөлүк калышат
ﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂ
Жана «Аллаһтын баласы бар» деген адамдарды (тозоктон кабар берип) коркутуш үчүн
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣ
Ал (Аллаһ) жөнүндө алар (мушриктер) да, ата-бабалары да анык эч нерсе билишпейт. Ооздорунан чыккан (бул) сөз өтө опурталдуу! Алар жалганды гана сүйлөп жатышат
ﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯ
(О, Мухаммад!) Эгер бул (ыйык) Сөзгө ыйман келтиришпесе, алардын артынан бушайман болуп өзүңдү өлтүрүп да алаарсың
ﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻ
Биз алардын кимиси жакшыраак амал кылаар экен деп сынаш үчүн жер бетиндеги нерселерди жерге зыйнат-көрк кылдык
ﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂ
Биз албетте жер бетиндеги нерселерди өлүк топуракка айлантып койобуз
ﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍ
Же болбосо сен (о, Мухаммад)) үңкүр ээлери жана жазуу Биздин моожизаларыбыздан (эң) таң калычтуусу деп ойлоорсуң
ﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞ
Бир кезде (каапыр коомдон качып) баш паанек издеп (тоодогу) үңкүргө барган жигиттер: «Оо, Рабби! Бизге Өзүңдөн ырайым (коргоо) жибер! Жана ишибизди оңунан келтирип, жеңил кыла көр!» - дешти
ﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦ
Кийин Биз аларды үңкүрдө бир нече жылдар бою кулактарына (мөөр) уруп (уктатып) койдук
ﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰ
(Арадан үч жүз жыл өткөндөн) кийин Биз аларды, эки жамааттан кимиси канча убакыт (уктап) турганын туура эсептегенин билүү үчүн ойготтук
ﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞ
Биз сага (о, Мухаммад), алардын кабарларын акыйкат менен икая кылуудабыз: Алар Раббилерине ыйман келтирген жигиттер эле. Биз алардын ыймандарын (дагы) көбөйттүк
ﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳ
Жана жүрөктөрүн (ыйман менен) бекем кылдык. Бир кезде алар (өз элинин арасында) туруп: «Биздин Раббибиз — асмандар менен жердин Раббиси! Биз Андан башканы кудай деп ибадат кылбайбыз, эгер (мындан башка сөз) айтсак, анда акыйкаттан алыстап кеткен болобуз
ﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈ
Мына бул элибиз Аллаһтан башка нерселерди кудай кылып алышты. (Ошого жараша) Эгер өз жолдоруна анык далил алып келишсе кана! Ким Аллаһка жалган токуган адамдардан көбүрөөк заалым!»-дешти. (Аллаһка ушинтип жалбаргандан соӊ алар өз ара кеңешип, дини бөлөк бул элден чыгып кетпесек, бизге жана ыйманыбызга зыяндарын тийгизбегей эле деп, төмөнкүчө масилет курушту)
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤ
«Силер азыр алардан жана Аллаһтан башка алар сыйынган «кудайлардан» үзүлдүңөр. Эми үңкүрдөн башпаанек тапкыла. Раббиңер силер үчүн Өз ырайымынан коргоо жиберээр жана ишиңерди оңунан келтирип койоор!»
ﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋ
Сен, күн чыкканда алардын үңкүрүнүн оң капталынан, ал эми батып баратканда сол капталынан (айланып) өткөнүн көрөсүң. Алардын өздөрү болсо, үңкүрдүн кенен жеринде. Бул — Аллаһтын моожизаларынан. Аллаһ кимди Туура Жолго баштаса ал Туура Жолдо. Жана кимди адаштырса, сен ага Туура Жол көргөзүүчү жолбашчы таба албайсың
ﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥ
(О, аларга караган адам!) Сен аларды ойгоо деп ойлойсуң. Чынында, алар уйкуда. Жана Биз аларды оң-сол жамбаштарына оодарып турабыз.! Алардын ити болсо, (тирүү сыяктуу) бутун астана тарапка сунган бойдон жатат. Эгер аларга карасаң, жүрөгүң кооптонуп, артыңа качасын
ﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰ
Ошентип, (арадан үч жүз жыл өткөндө) Биз аларды өз-ара бири-биринен сурамжылаш үчүн ойготтук. Алардын бирөөсү: «Канча убакыт (уйкуда) болду-ңар?» - деди эле, (башка бирөө- лөрү): «Бир күн же бир күндүн бир аз бөлүгүнчө» дешти. (Ошентип, талашып, эки тарап тең өздөрүнүн пикирин анык далилдей албай, акырында мындайча) сүйлөшүштү: «Канча (уйкуда) болгонуңарды (бир гана) Раббиңер билет. Эми, бирөөңөрдү мына бул акчаңар менен шаарга жибергиле. Ал эң асыл-чүйгүн тамактарды карап (тандап) ырыскы алып келсин. Жана ал өтө кылдат болсун. Дагы силерди бирөөгө сездирип кой-босун
ﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾ
Эгер алар (шаар эли) силерди билип калчу болсо, ташбараңга алат же өздөрүнүн (көп кудайлык) динине кайра киргизет. Анда эч качан кутулбай кала-сыңар»
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴ
Ошентип, Аллаһтын убадасы Акыйкат экенин жана Кыямат(тагы кайра тирилүү) болушунда шек жок экенин адамдар билсин деп (алардын сырын элге) билгиздик.? (Кийин, алар дүйнөдөн кайтыш болуп кеткенде,) ошондо, адамдар алардын маселесин өз-ара талаш-тартышка айлантышып, (кээ бирөөлөрү): «Алардын үстүнө күмбөз кургула! Раббилери аларды(н улук адам экенин) билет”-(дешсе) алардын чоңдору: «Булардын (мүрзөсүнүн) үстүнө мечит курабыз» - дешти
ﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙ
(Алардан бир жамаат): «Үчөө болгон, төртүнчүсү - ити» десе, башкалары: «бешөө болгон, алтынчысы - ити» деп кайыпка таш атышат. (Дагы бир топтору): «Жетөө болгон, сегизинчиси - ити» дешет. Айткын, (О, Мухаммад): «Алардын санагын Раббим эң жакшы билет жана аларды(н санын) аз гана кишилер билет». Сен алар(дын саны) жөнүндө талашпа, эгер талашчу болсоң, анык далилдер (вахий) менен гана талаш. Жана алар жөнүндө алардын (яхудийлердин) эч биринен сураба
ﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡ
Эч качан бир нерсени «муну эртең жасаймын» дебегин
ﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕ
«Аллаһ кааласа» дегин жана унутуп калганыңда Раббиңди эстегин. Жана айткын: «Раббим мени мындан да Туура Жолго баштаса ажеп эмес!»
ﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞ
Алар үңкүрлөрүндө үч жүз жыл турушту жана тогузду кошушту. (Демек, бардыгы болуп үч жүз тогуз жыл укташкан)
ﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹ
Айткын: «Канча турганын Аллаһ эң жакшы билет. (Себеби) асмандар менен жердеги кайып илимдери Анын Өзүнүкү. Ал — эң мыкты Көрүүчү жана эң мыкты Угуучу! Алар (үңкүр ээлери) үчүн Аллаһтан башка дос-башчы болбоду жана Ал Өз өкүмүнө эч кимди шерик кылбайт
ﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊ
Жана сен өзүңө вахий кылынган Раббиңдин китебин оку(п, ошону гана ээрчигин)! Анын сөздө-рүн эч ким өзгөртө албайт! Сен Андан башкага арызданып бара албайсың
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱ
Сен эртели-кеч Раббисине Анын Жүзүн (ыраазылыгын) каалап, дуба кылып жаткан адамдар менен бирге өзүңдү сабырдуу карма! Эки көзүң аларды көрбөй калып, дүйнө жашоосунун зыйнаттарына берилбе! Жана Биз жүрөгүн Өзүбүздү эскерүүдөн бейкапар кылып койгон жана өз каалоосуна гана ээрчиген адамга моюн сунба! Анын бардык иштери текке кетүүчү
ﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒ
Айт: «(Мен алып келген Дин) Раббиңер тарабынан келген Акыйкат. Эми, ким кааласа — момун болсун, ким кааласа — каапыр болсун! Биз заалым-дарга жалын-дубалдары аларды курчап ала турган Тозокту даярдап койдук! Эгер суусап, суу сурашса, эриген коргошун сыяктуу, (табы) жүздөрдү куйкалап жиберчү суу ичирилет! Кандай жаман «суусундук», кандай жаман орун
ﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟ
Ал эми, ыйман келтирип салих амалдарды аткарган момундардын — жакшы амал кылгандардын сообун текке кетирбейбиз
ﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞ
Аларга түбүнөн дарыялар аккан Адн бейиштери бар. Ал жерде алтын билериктер менен жасанышат жана жибек кымкаптан жашыл кийимдерди кийишип, сөрүлөрдө жөлөнүп отурушат. (Бул) не деген улук сооп жана эң мыкты орун
ﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮ
(О, Мухаммад), аларга (бири Аллаһтын нээматына шүгүр кылуучу, экинчиси каапыр болгон) эки кишинин мисалын айтып бер: «Биз экөөсүнүн бири-не (каапырына) эки бак бергенбиз, жүзүмзар (жана курмалуу). Айланасын курма бак менен ороп, эки бактын ортосуна эгин-тигин кылып бергенбиз
ﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻ
Эки бак тең кемчилдиксиз (толук) мөмө берип, ортосунан Биз дарыя агызып койдук
ﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉ
Ал үчүн (жыл сайын) мол түшүм (байлык) болуп турган. Анан, берки шеригине — аны менен сүйлөшүп олтуруп — айтты: «Менин мал-дүйнөм жана сан-санагым (балдарым, кулдарым жана жардамчыларым) сеникинен көп жана кубаттуу»
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝ
Жана өзүнө заалым (каапыр) болгон абалда (кооз-көркөм) багына кирип: «Бул (байлыгым) менден эч качан жоголбойт го
ﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪ
Кыямат деле болбосо керек. Эгер (болуп калып) мен Раббиме кайтарылган күндө да, азыркыдан жакшыраак келечек тапсам керек деп ойлоймун» - дечү
ﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻ
Берки шериги сүйлөшүп олтуруп ага мындай деди: «Сени (оболу) топурактан жаратып, кийин (ушундай көркөм) адам келбетине киргизген Раббиңе каапыр болдуңбу
ﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄ
Бирок, мен «Раабим — Аллаһ» (деймин) жана Раббиме эч нерсени шерик кылбаймын
ﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙ
Эгер сен багыңа киргенде: «Аллаһтын каалаганы (болот). Аллаһтан башка күч-кубат жок» десең (жакшы болмок). Эгер сен мени мал-дүйнө, бала-чака жаатынан өзүңдөн аз деп кемсинтсең
ﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩ
(Аллаһым мага сенин багыңдан жакшыраак бак насип кылып, сенин багыңа асмандан добул, жамгыр сыяктуу) апаат-балээ жиберип койгусу бардыр. Анда (мактанган) багың ойрону чыккан ээн талаага айланып калат
ﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓ
Же болбосо, суусу тартылып, (багың куурап) суу таппай да калаарсың»
ﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧ
(Чын эле) анын байлыгы (багы асмандан түшкөн от балээсинин) арасында калды. Өзү, багына сарп-таган нерселерине (бушайман болуп) алакандарын оодарып кала берди. Бак болсо, дарактардын (дөңкөйгөн) денелери сороюп, сып-сыйда болуп калды! Жана ал: «Эх, кана эми Раббиме эч нерсени шерик кылбаган болсом!» -деди
ﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳ
Жана ага жардам бергидей, Аллаһтан башка топ-жамааты да болбой, өзүнө-өзү да жардам бере албай калды
ﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾ
Анда(й шартта) чыныгы достук, жакындык (ишенип-жөлөнүү) Аллаһка (тана болушу зарыл) Анын сооп-сыйлыгы да, акыбет-натыйжасы да эң мыкты
ﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒﰓﰔﰕﰖﰗ
(Оо, Мухаммад)) аларга дүйнө жашоосунун мисалын Биз асмандан түшүргөн сууга окшоштур: Ал суу менен жер өсүмдүктөрү ширелишип, (жер бети гүл болуп) калды. (Арадан эч канча убакыт өтпөй эле, баары кургап) шамал учурган, куурап сынган шыпырындыга айланды. Аллаһ ар нерсеге Кудуреттүү
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟ
Мал-дүйнө, бала-чака (булар өткөөл) дүйнөнүн зыйнаттары. Ал эми, Раббиңдин назарында, түбөлүк калчу сооп иштер, сыйлык жаатынан да, арзуу жаатынан да жакшыраак
ﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫ
Биз тоолорду (тытылган жүн сыяктуу) учурган Күндө (Кыяматта) жерди жайдак-жалаң абалда көрөсүң. Анан Биз аларды (адамдарды) чогултабыз! Эч бирин калтырбайбыз
ﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽ
Алар сап-сап болуп Раббиңе жолуктурулат: «Мына Өзүмө келдиңерго биринчи ирет жаратканым сыяктуу!! (Көпчүлүгүңөр) Бизди (бул) убада кылынган жолугушууну болтура албайт деп ойлогонсуңар!» (дейт ошондо Аллаһ)
ﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛ
Анан китеп (амал дептерлери) таратылат. Сен анан, кылмышкерлерди, андагы (жазылган) иштеринен кооптонуп: «Эх, өлдүк! Бул эмне деген китеп?! Чоң-майда күнөөлөрүбүздүн бирин да калтырбай тизмектеп коюптур!» дешет жана жасаган жоруктарын (ошол китептин ичинде) даяр абалда табышат. Сенин Раббиң эч кимге зулумдук кылбайт
ﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙ
(О, Мухаммад!) эстегин, Биз периштелерге: «Адамга сажда кылгыла» дегенде, бир Иблистен башка бардыгы сажда кылышты. Ал жиндер тайпасынан эле. Раббисинин буйругуна каршы чыкты. Эми, силер Мени таштап, ошол Иблис менен анын укум-тукумдарын өзүңөргө дос- башчы кылып жатасыңарбы?! Алар силердин душманыңар го! Заалымдардын (Дос-Раббини душман-шайтанга) алмаштырганы кандай жаман
ﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨ
Мен асмандар менен жерди жаратканда да, алардын өзүн жараткан кезде да эч кимисин күбө (шерик) кылган эмесмин! Мен азгыруучуларды жардамчы кылган эмесмин!»
ﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶ
Ошол (Кыямат) Күнү (Аллаһ) айтат: «(Өзүңөр кудай деп) ойлогон Менин «шериктериме» жалбаргылачы?!» Жалбарышат, бирок алар жооп беришпейт.! Биз алардын арасына өлүм чуңкурун салып койгонбуз
ﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁ
Күнөөкөр адамдар Тозокту көргөндө, өздөрүнүн ага ташталаарын билишет. Жана өздөрүн андан буруп (кутултуп) кетүүчүнү таппай калышат
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠ
Биз бул Кураанда адамдарга (эсине келип, жолун таап алсын деп) ар түрдүү мисалдарды келтирдик. Инсан көп нерселер жөнүндө талаша берет
ﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴ
Өздөрүнө Хидаят (Ислам чындыгы) келгенден кийин, адамдарды ыйманга келүүдөн, жана Раббисине тооба кылуудан тоскон нерсе — аларга абалкы-лардын жолунун (кайталанып) келиши(н) же утурлап азап келиши(н талап кылгандары) гана болду
ﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉ
Биз бардык пайгамбарларды (Бейиштен) куш кабар, (тозоктон) сестентүүчү кабар берүүлөрү үчүн жиберебиз. Каапыр адамдар (өз) жалган(дары) менен Акыйкатты жеңип алабыз деп талашышат. Менин аяттарымды жана коркутулган нерселерди (тозок кабарларын) азил-тамаша кылып алышат
ﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪ
Раббисинин аяттары эскертилгенде андан жүз буруп, жасаган күнөөлөрүн унуткандардан көбү-рөөк заалым (каапыр) болгон бирөө барбы?! Биз алардын жүрөктөрүнө — Кураанды түшүнбөй калсын деп — чүмбөт жаап койдук, кулактарында дүлөй-лүк бар! Эми аларды Туура Жолго ар канча чакырсаң да, эч качан оңолушпайт
ﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡ
Сенин Раббиң — Ырайымдуу, Кечирүүчү. Эгер күнөөлөрүнө жараша жазаласа, аларга азапты тездетмек. Алар үчүн убада кылынган Күн (Кыямат) бар. Ал күнү алар Аллаһтан башка Куткаруучуну таппай калышат
ﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪ
Биз мына бул шаарларды(н элдерин) чектен чыгып каапыр болуп кеткенде (берилген мөөнөт — ырайымды билбей ашынап кеткенде) кыйратканбыз жана кыйроолоруна убакыт белгиле-генбиз
ﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸ
Бир кезде Муса (кызматчы) баласына: «(Белгиленген) эки деңиздин кошулуш жерине жеткенге чейин же болбосо алыс жол басканга (чарчаганга) чейин жүрүүдөн токтобоймун» деди
ﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄ
Экөө эки деңиздин кошулган жерине жеткенде, балыктарын унутуп (жоготуп) коюшту. Балык болсо, деңизге бет алып, (себеттен) чыгып кеткен
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝ
(Белгиленген жерден) өтүп кеткенде Муса (кызматчы) жигитине: «Биздин тамакты алып келчи бери, бул сапарыбыздан абдан чарчадык го!»- деди
ﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳ
(Анда жигит): «Билесизби, аска таштын жанында баш калкалап турганыбызда, мен балык-ты унутуп калган экенмин. Муну (сизге айтууну) шайтан гана унуттурду! Ал (тирилип) деңизге жолун таап кеткен! (Бул) ажайып!»- деди
ﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾ
«Биз каалаган нерсе — ушул»-деди Муса жана экөө изме-из артка кайтышты
ﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋ
(Белгиленген жерде) Биздин пенделерибизден бир пендени табышты. Биз ага Өзүбүз тараптан (өзгөчө) ырайым берген жана алдыбыздагы (кайып) илимден ага (керегинче) үйрөткөн элек
ﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗ
Ага Муса айтты: «Өзүңүзгө (Аллаһ тарабынан) үйрөтүлгөн илимден түз-туура нерселерди мага да таалим беришиңиз үчүн сизге ээрчип жүрсөм болобу?»
ﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞ
Ал айтты: «Сен мени менен жүрүүгө сабыр кыла албайсың.”
ﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧ
Өзүң толук кабардар болбогон нерсеге кантип сабыр кылмак элең
ﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓ
(Муса) айтты: «Аллаһ кааласа, менин сабыр кылганымды көрөсүз. Мен сиздин эч бир ишке каршы чыкпаймын»
ﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠ
«Эгер мени ээрчисең, качан өзүм сага түшүнүк бермейинче, менден эч нерсе сурабайсың» -деди ал
ﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱ
Ошентип, экөө жөнөп кетишти. Качан кемеге чыгышканда, ал (Кызыр) кемени тешип койду эле, (Муса убаданы унутуп): «Эмне сиз кемени, элдерин чөктүрүп жиберейин деп тештиңизби?! Сиз жаман иш жасадыңыз!»- деди
ﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺ
«Мени менен (жүрүүгө) сабыр кыла албайсың дебедим беле?» -деди (Кызыр)
ﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅ
(Анда Муса): «Унутканым себептүү мени күнөөлөбөңүз. Ишимден мага оор болгонун жүктөбөңүз» - деди
ﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒﰓﰔﰕﰖ
Дагы жол жүрүштү. Качан бир наристе баланы жолуктурушканда (Кызыр) аны өлтүрүп койду. «Сиз бейкүнөө жанды жан(га-жан мыйзамы)сыз эле, өлтүрүп койдуңуз! Сиз жаман иш кылды-ңыз!»-деди (чыдай албаган Муса)
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛ
«Мен сага айтпадым беле: «Мени менен жүрүүгө сабырың жетпейт» деп»-деди (Кызыр кайрадан)
ﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪ
(Муса) Айтты: «Ушундан кийин эмне жөнүндө сурасам — мени шерик кылбайсыз. Мени жетиштүү эле кечирдиңиз (деп ойлоймун)»
ﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄ
Дагы жолун улантышты. Бир шаар элине жеткиче басышты. Алардан тамак-аш сурашты эле, экөөсүн конок кылуудан баш тартышты. Анан ошол жерден урап калган бир дубалды тапканда (Кызыр) аны (кайра) тикелеп койду. (Муса болсо, өздөрүнө урмат-сый көргөзбөгөн элдин шаарындагы эски дубалды оңдоп, жакшылык кылган Кызырга түшүнбөй): «Эгер кааласаңыз бул ишиңизге (эмгек) акы алсаңыз болмок» деди
ﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒ
(Анда Кызыр айтты:) «Бул сени менен менин ортобуздагы ажырашуу! Эми, сага сен сабыр кыла албаган нерселердин кабарын берейин
ﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤ
Кеме (жөнүндө айтсам,) ал деңизде тиричилик кылган мискин-кедейлердики болчу. Мен аны тешип койууну кааладым. (Мунун себеби) алардын кайткан жолунда бардык кемелерди басып алуучу (каракчы) падыша бар эле
ﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯ
Жана(гы) наристеге келсек, анын ата-энеси момун пенделер эле. Биз (ал бала чоңойгондо каапыр болуп) ата-энесине (адам чыдагыс) каршылык жана каапырлык көргөзүүсүнөн корктук
ﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚ
Анан Раббиси ал экөөсүнө тазараак, ырайымдуураак (перзентти) алмаштырып беришин кааладык
ﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀ
Ал эми дубал шаардагы эки жетим баланыкы болуп, түбүндө экөөнө аталган (мурас) казына бар эле. Алардын атасы жакшы адам болгон. Анан Раббиң эки (жетим) бой жетип, өз казыналарын өздөрү чыгарып алуусун каалады. (Бул кайып илимдери) Раббиң тарабынан болгон Ырайым. Мен буларды өзүмчө аткарганым жок. Сен сабыр көргөзө албаган окуялардын жандырмагы ушулар»
ﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋ
(О, Мухаммад! Яхудийлер, христиандар жана мушриктер) Сенден Зулкарнайн! жөнүндө сурашат. Айткын: «Азыр мен силерге ал жөнүндөгү (Аллаһ мага вахий кылган) кабарды окуп беремин
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛ
Чыныда, Биз ага жер бетинде улуу салтанат — бийлик жана ар бир нерсенин себептерин, мүмкүн-чүлүктөрүн бердик
ﭜﭝﭞ
Анан ал (аскери менен) бир себеп артынан түшүп, жол тартты
ﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸ
Күн батыш тарапка жеткенде, күндүн карарган сууда (мунарыкта) батып баратканын көрдү. Ал «суунун» жанында бир элге жолукту. Биз айттык: «О, Зулкарнайн, сен бул элди же азаптайсың же аларга жакшы мамиле жасайсың»? (Ошентип, Зулкарнайн бир элге жетип барып)
ﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆ
«Заалымдарын азыр эле жазалайбыз кийин Раббилерине кайтарылганда Өзү оор азап менен жазалайт» - деди
ﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕ
Ал эми, ыйман келтирип, салих-жакшы иш жасаган адамга болсо, жакшы сыйлык (Бейиш) бар. Биз дагы ага өз амирибизден жакшы сөздөрдү айтабыз»
ﮖﮗﮘﮙ
Кийин (Чыгышка кайтып келип, Аллаһ көргөзгөн) себептерди ээрчиди
ﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩ
Ушул бойдон күнчыгышка жетти да, Күндүн бир элдин үстүнөн нур чачып турганын көрдү. Биз бул элге Күндөн бөлөк «чүмбөт» кылбаган элек
ﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱ
Ошондой эле. Биз аны (Зулкарнайнды) алдындагы бардык өнөр-билими менен кошуп ороп алганбыз
ﯓﯔﯕﯖ
Кийин дагы бир себептин артынан түштү
ﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤ
Качан тээ (алыстагы) эки тоонун арасына жеткенде, ал эки тоонун алдында тап-такыр сөз түшүнбөгөн элге жолукту
ﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸ
Алар айтышты: «О, Зулкарнайн! (Мына бул тоонун ары жагындагы) Яжуж-Мажуж (эли) жер бетинде бузукулук (зулумдук) кылышууда. (Эмне дейсиң,) биз менен алардын арасына (бекем бир) тосмо-дубал жасап беришиң үчүн сага акы чогултуп берсек болобу?»
ﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅ
(Зулкарнайн) айтты: «Раббим мага берген нерсе (бийлик, илим, өнөр силер берген нерседен) жакшыраак. Андан көрө мага күч-кубат жагынан жардам кылгыла, силер менен алардын арасына тосмо куруп берейин
ﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒﰓﰔﰕﰖﰗﰘﰙﰚﰛ
(Оболу) эки тоо менен барабар болгонго чейин темир сыныктарын алып келгиле» (Зулкарнайн эки бийик тоонун арасына тосмо жасоо үчүн оболу алардын арасын темир сыныктары менен толтуртту. Бул иш бүткөндө, улуу от жактырып...) «(СҮ йлөгүч аспап менен) үйлөгүлө» - деди. Качан ал (темир тосмо кып-кызыл) от болуп калганда айтты: «Эритилген мис алып келгиле, үстүнө куямын»
ﰜﰝﰞﰟﰠﰡﰢﰣﰤ
Анан «Эми, алар бул тосмонун үстүнө чыга да албайт, аны теше да алышпайт» -деди
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢ
(Бардык ишин бүтүргөндө): «Бул Раббимдин ырайымы. Эми, качан Раббимдин (Яжуж-Маьжуж чыгат деген) убадасы келген күнү Өзү аны тегиздеп коёт (жана Яжуж-Маьжужга жол ачат). Раббимдин убадасы — акыйкат» - деди
ﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰ
Биз ошол (Яжуж-Маьжуж чыккан) күнү аларды бири-бирине айкаш-уйкаш кылып таштайбыз жана «Сур» (кернейи) тартылганда баарын (Өзүбүзгө) чогултабыз
ﭱﭲﭳﭴﭵﭶ
Ошол күндө каапырларга Тозокту анык жолуктурабыз
ﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂ
(Бул дүйнөдө) алардын көздөрү Менин эскермелеримден пардаланган жана (аны) угууга да ал-кудуреттери жетпейт
ﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒ
Каапыр болгон адамдар Менден башка Өзүмдүн пенделеримди дос («кудай») тутунуп алууну (каалашабы жана «ошолор мени сактайт» деп) ойлошобу?! Биз каапырлар үчүн Тозокту «конок үйү» кылып даярдап койдук
ﮓﮔﮕﮖﮗﮘ
Айт (о, Мухаммад): «Иштеринде зыян тарткандар жөнүндө силерге кабар берейинби
ﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤ
Алар бул дүйнө жашоосунда аракет-жолдору адашкан бирок, «биз эң мыкты иш жасап жатабыз» деп ойлогон адамдар
ﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔ
Алар Раббилеринин аяттарына жана Ага (Кыяматта) жолугууга ишенишпейт. (Бардык жакшы) амалдары күйүп кетти! Эми, Кыямат Күнү алар үчүн (кыпындай да) салмак (кадыр-барк) койбой-буз
ﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞ
Менин аяттарымды жана пайгамбарларымды шылдыңдап, каапыр болгондору себептүү ушул тозок алардын жазасы
ﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩ
Ыйман келтирип, салих-жакшы амал кылгандардын түшчү жери — Фирдаус бейиштери
ﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰ
Ал жерде түбөлүк калышат жана андан (башка жакка) көчүүнү каалашпайт
ﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃ
Айт, (о, Мухаммад): «Эгер Раббимдин Сөздөрү(н жазуу) үчүн деңиз сыя болсо жана эгер дагы ошол деңизче сыяны (кошумча) алып келсек да, Раббимдин сөздөрү түгөнөөрдөн мурун сыя түгөнүп калат”
ﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒﰓﰔﰕﰖﰗﰘﰙﰚﰛﰜﰝ
Айткын: «Мен силер сыяктуу эле кишимин. (Болгон айырмачылыгыбыз) мага (Раббимден мындай деген) вахий жиберилет: «Силердин кудайыңар — Жалгыз Кудай. Ким Раббисине (бактылуу абалда) жолугууну кааласа, (Аллаһтын Шариятына ылайык) жакшы амал кылып, Раббисине ибадат кылганда (Ага) эч нерсени шерик кошпосун!»
Ыйык Куран
Tuesday, August 18, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







