Йа Син сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)
Йа Син сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Йа Син сүрөсү Котормо. Йа Син сүрөсү (Meccan) 83 Аят.
Related
- Йа Син сүрөсү КотормоКыргызча
- Йа Син сүрөсү mp3Укта
- Quran Index Кыргызча114
More Сүрөсү PDF
Йа Син сүрөсү

ﭬﭭ
36:1
Йа,Син
ﭮﭯﭰ
36:2
Даанышман Кураанга ант
ﭱﭲﭳﭴ
36:3
Сенчынында, пайгамбарлардансың
ﭵﭶﭷﭸ
36:4
Туура Жол үстүндөгү
ﭹﭺﭻﭼ
36:5
(Кураан) Ырайымдуу, Кудуреттүүнүн түшүргөнү
ﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄ
36:6
коом(уң)ду эскертишиң үчүн. Алардын ата-бабалары (эч бир пайгамбар тарабынан) эскертилген эмес, өздөрү да наадан-билимсиз адамдар эле
ﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍ
36:7
Алардын көпчүлүгүнө сөз (азап келиши) акыйкат болуп калды. Эми алар ыйман келтиришпейт
ﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘ
36:8
Бизалардын моюндарына ээктерине чейин кишен ороп койгонбуз. Анан алар какайып (ийиле албай) калышкан
ﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥ
36:9
Бизалардын алдынан, артынан (ыймандан тосо турган) тосмолорду коюп, эч нерсени көрө албай турган кылып (наадандык пардасы менен) ороп салдык
ﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮ
36:10
Эми аларды эскертесиңби же эскертпейсиңби — айырмасы жок: ыйман келтиришпейт
ﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝ
36:11
(О, Мухаммад!) Сен Зикирге (Кураан акыйкатына) ээрчиген жана кайыптагы (көрүнбөгөн) Рахмандан корккон кишини гана эскерте аласың. Сен ага (Аллаһ тарабынан боло турган) кечиримдин жана улук сооп-сыйлыктын кубанычтуу кабарын бер
ﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭ
36:12
Албетте Биз өлүктөрдү (кайрадан) тирилтебиз жана мурда жасаган иштерин, (өзүнөн калган) издерин жазып койобуз. Жана Биз бардык нерсени Анык Китепте! (алдын ала) эсептеп койгонбуз
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙ
36:13
Жана сен аларга (мушриктерге) каапыр шаардын элдерин мисалга тарт: Бир кезде ал шаарга пайгамбарлар келди.”
ﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥ
36:14
Биз аларга (элчилерден) экөөсүн жибергенибизде, экөөнү тең «жалганчы» дешти. Анан үчүнчүсү менен кубаттадык. Алар «Чынында, биз силерге жиберилген элчилер болобуз»-дешти
ﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵ
36:15
(Каапырлар) айтышты: «Силер (элчи) эмес, өзүбүз сыяктуу эле адамсыңар. Рахман (Аллаһ) силерге эч нерсе түшүргөн эмес! Силер жалган сүйлөп жатасыңар!»
ﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼ
36:16
Алар айтышты: «Раббибиз билет, биз чындап силерге жиберилген элчилербиз
ﭽﭾﭿﮀﮁﮂ
36:17
Биздин вазыйпабыз (силерге акыйкатты) анык жеткирип коюудан гана турат»
ﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐ
36:18
(Каапырлар) айтышты: «Биз силерден (каражолтой деп) ырым кылып жатабыз. Эгер (дааватыңарды) токтотпосоңор силерди ташбараңга алабыз жана бизден (силерге) жан ооруткан азап жетип калат!»
ﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜ
36:19
«Ырымыңар өзүңөргө «сыйлоо»! Эмне, эгер (биз себептүү) эскертилсеңер эле (ошенте бере-сиңерби)?! Жок! Силер чектен чыккан эл экенсиңер!»-дешти (пайгамбарлар)
ﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧ
36:20
(Ошондо) шаардын наркы четинен бир адам чуркап келип: «О, коомум! пайгамбарларды ээрчигиле
ﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯ
36:21
Өздөрү Туура Жол үстүндө болуп (силерди ошол жолго чакырганы үчүн) акы сурабаган кишилерди ээрчигиле!»-деди. (Мушриктер аны курчап алып: «Сен жалгыз кудайга сыйынып калдыңбы?»-деп кыйнаганда, мындай жооп берди)
ﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙ
36:22
«Эмне үчүн мен өзүмдү (жоктон) бар кылган Кудайга ибадат кылбайт экенмин?! Силер дагы Ага кайтарыласыңар
ﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩ
36:23
Андан башкаларды кудай кылып алайынбы?! Эгер мага Рахман бир зыян (жеткирүүнү) кааласа, мага алардын шапаат-ортомчулуктары эч кандай пайда бербейт жана алар мени куткара да алышпайт
ﯪﯫﯬﯭﯮﯯ
36:24
(Эгер Аллаһтан башканы кудай кылып алсам) анда мен анык адашууда болуп каламын
ﯰﯱﯲﯳﯴ
36:25
Мен силердин (чыныгы) Раббиңерге ыйман келтирдим, мени уккула!». (Анан мушриктер аны өлтүрүп коюшат. Шейит болуп, Раббисинин алдына барганда, ага)
ﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽ
36:26
айтылды: «Бейишке Кир»! Ал киши айтты: «Кана эми, менин коомум билсе
ﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅ
36:27
Раббим мени кечиргенин жана урматтуу адамдардан кылганын!»
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟ
36:28
Анын (өлтүрүлгөн мусулмандын) артынан Биз (каапыр) коомдун үстүнө асмандан (периштелерден куралган) аскерлерибизди түшүрбөдүк. Түшүрбөйт да болчубуз
ﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨ
36:29
(Себеби:) Бир гана ач айкырык болду! Анан.., бардыгы (өлүп, кыйрап) тынып калышты
ﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵ
36:30
Кайран гана пенделер! (Айып өздөрүндө!) Аларга бир пайгамбар келсе эле (дароо) шылдыңдай башташат
ﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁ
36:31
Көрүшпөйбү, Биз алардан мурун нечендеген (каапыр) муундарды кыйратып салдык! Эми алар өздөрүнө (бул дүйнөгө) кайтып келишпейт
ﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈ
36:32
Албетте, алардын (кыйрагандардын) бардыгы (Кыяматта) Биздин алдыбызда (суроо-жооп үчүн) даяр турушат
ﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓ
36:33
Аларга (кудуретибизден дагы бир) белги-өлүк жер. Биз аны (жамгыр менен) тирилттик жана андан данды (өндүрүп) чыгардык. Эми, ошондон жеп жатышат
ﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞ
36:34
Жана Биз жерде курмалардан, жүзүмдөрдөн бак-бостондорду жараттык. Жана анын боорун жарып, булактарды чыгардык
ﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨ
36:35
Ошол бактардын мөмөсүнөн жесин деп. Ал мөмөлөрдү алардын колу жасаган жок! Шүгүр кылышпайбы, эми
ﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗ
36:36
Жер өстүрүп чыгарган нерселерден, өздөрүнөн жана өздөрү да билбеген (көп) нерселерден бардык жуп-жубайларды жараткан Аллаһ — Аруу,Таза
ﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡ
36:37
Аларга (дагы бир) белги — түн. Биз андан күндүздү сыйрып алаарыбыз менен, алар караңгыда калышат
ﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫ
36:38
(Дагы бир белги —) Күн, өзүнө белгиленген орунда гана (айланып) жүрөт. Бул — Кудуретүү, Билүүчүнүн тагдыр кылганы
ﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳ
36:39
Биз Айга да, курманын эски шиңгили сыяктуу болуп (ийрейип) калганга чейин бир нече орундарды белгилеп койгонбуз
ﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄ
36:40
Күн (өз айлануусунда) Айга жетиши мүмкүн эмес, түн дагы күндүздөн озуп кете албайт.! Бардыгы асманда сүзүп жүрүшөт
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙ
36:41
Аларга (дагы бир) белги: (Нухтун доорунда) Биз алардын урпактарын (айбандар жана ыймандуу адамдар менен) толтурулган кемеде (топон суунун бетине) көтөрүп койгонубуз
ﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠ
36:42
Дагы (бир белги) Биз аларга ошол кеме сыяктуу (бирок, башка түрдөгү) мине турган нерселерди жаратып бердик
ﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪ
36:43
Эгер кааласак Биз аларды (кеме менен сапарга чыккан араб мушриктерин) чөктүрүп жиберебиз. Кийин аларга эч бир жардамчы болбойт жана куткарылышпайт
ﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱ
36:44
(Бирок, качан) Биз тараптан ырайым болсо жана белгилүү убакытка чейин пайдалануулары үчүн куткарылышы мүмкүн
ﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽ
36:45
Эгер аларга алдыңардагы жана артыңардагы (азаптан) корккула, ажеп эмес ырайымына жолуксаңар деп айтылчу болсо, (такыр кулак салышпайт)
ﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉ
36:46
Аларга Раббилеринин аят-белгилеринен бири келсе, андан да жүз бурушат
ﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢ
36:47
Эгер аларга: «Аллаһ ырыскы кылып берген нерселерден (муктаждарга) садака кылгыла»-деп айтылса, каапырлар момундарга: «Аллаһ Өзү тамактандырууну каалаган кишилерди биз тамактандырабызбы?! Силер анык адашууда экенсиңер!»-дешет
ﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪ
36:48
Жана айтышат: «Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы) бул убада (Кыямат) качан келет?»
ﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔ
36:49
Алар (эч нерседен бейкапар) өз ара жаңжалдашып турганда (жандарын) ала турган бир айкырыкты гана күтүп калышты.”
ﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜ
36:50
(Аларга өлүм келгенде) осуят кылууга да үлгүрбөй калышат. Жана үй-бүлөлөрүнө да кайтып бара алышпайт
ﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧ
36:51
Жана (Кыяматта) Сур (кернейи экинчи ирет) тартылат. Кийин, капыстан алар Раббисине (сурак берүү үчүн) мүрзөлөрүнөн суурулуп чыгышат
ﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶ
36:52
(Жана) айтышат: «О, шорубуз! Бизди уйкубуздан (өлүмдөн) ким тургузду экен?! Бул Рахмандын (кайра тирилүү жөнүндөгү) убадасы турбайбы! пайгамбарлар туура сүйлөгөн экен!»
ﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁ
36:53
Бир гана айкырык (Сур кернейинин добушу) болот. Анан дароо алардын баары Биздин алдыбызда туруп калышат
ﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍ
36:54
Ал күндө эч бир жан зулумдук көрбөйт. Жана силер өзүңөр жасаган ишиңерге гана ылайык жаза аласыңар
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘ
36:55
Ал Күнү Бейиш элдери кубаныч менен гана алек
ﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠ
36:56
Жубайлары менен көлөкөнүн астына коюлган сөрүлөрдө жөлөнүп отурушат
ﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧ
36:57
Ал жерде алар үчүн мөмөлөр, тилеген бардык нерселери бар
ﭨﭩﭪﭫﭬﭭ
36:58
Алардын Ырайымдуу Раббиси тарабынан «Салам» деген сөз (айтылат)
ﭮﭯﭰﭱﭲ
36:59
Эй, күнөөкөрлөр! Бул күндө силер (жакшылардан) бөлүнгүлө
ﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂ
36:60
О, Адам урпактары! Мен силерге: «Шайтанга ибадат кылбагыла! Ал силерге анык душман
ﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉ
36:61
Өзүмө гана ибадат кылгыла! Туура Жол — ушул!» деп буюрбадым беле
ﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓ
36:62
Ал силерден көп муундарды азгырып жиберди го! Акылыңарды иштетпейт белеңер
ﮔﮕﮖﮗﮘﮙ
36:63
Силерге убада кылынган тозок — ушул
ﮚﮛﮜﮝﮞﮟ
36:64
Каапыр болгонуңар себептүү бүгүн ага киргиле!»
ﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫ
36:65
Ал күндө алардын оозуна мөөр басып койобуз. Бизге анын кылмыштары жөнүндө колдору сүйлөйт, буттары күбөлүк берет
ﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖ
36:66
Жана эгер кааласак, көзүн тегиздеп (сокур кылып) койобуз. Анан Бейиш жолун издегенге шашылышат. Көрмөк кайда эми
ﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡ
36:67
Жана эгер кааласак аларды турган жеринде катырып койобуз. Алдыга басканга да артка кайтканга да кудурети келбей калат
ﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪ
36:68
Биз кимге узун өмүр берсек, анын түзүлүшүн начар кылып койобуз. Акылдарын иштетишпейби
ﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸ
36:69
Биз ага (Мухаммадга) ыр үйрөткөнүбүз жок. (Акын болуу) ага ылайык эмес. Ал (Мухаммад окуган нерселер) Зикир (эскертүү) жана анык Кураан
ﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁ
36:70
Тирүү адамдарды эскертүү үчүн жана каапырларга (азап жөнүндөгү өкүм) сөздү чындыкка чыгаруу үчүн (түшүрүлгөн эскертүү)
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝ
36:71
Алар көрбөй жатышабы, Биз алар үчүн Өз Колубуз жасаган нерселерден чарба айбандарын жаратып, колдоруна мүлк кылып бердик
ﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤ
36:72
Жана аларга ал(айбанд)арды моюн сундуруп бердик. Алардан арасынан мингендери бар, этин жегендери бар
ﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬ
36:73
Жана аларда пайдалар (айран, сүт сыяктуу) ичимдиктер бар. Шүгүр кылышпайбы?! (Шүгүр кылмак кайда! Кайра, ошол нерселерди Аллай эмес, арбактар, бут-статуялар жаратып бергенсип)
ﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴ
36:74
Аллаһтан башка нерселерди кудай кылып алышты. Алардан жардам болсо кана
ﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼ
36:75
(«Кудайлары») аларга жардам берүүгө кудуреттүү эмес!. (Бирок ошого карабай) аларга даярдалган аскерлер (сыяктуу кызматын кылып, сыйына беришет)
ﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇ
36:76
(О, пайгамбар!) Сени алардын сөздөрү кайгыга салбасын. Биз алардын жашыруун, ашкере иштерин билип турабыз
ﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓ
36:77
Инсан билбейби, Биз аны (бир тамчы) суудан жараттык эле, анан капыстан Бизге анык душман болуп чыга келди
ﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠ
36:78
Жана, өзүнүн (эмнеден) жаралганын унутуп, (чириген сөөктү колуна кармап): «Сөпөт болгон сөөктү ким (кайрадан) тирилте алат?»-деп, Бизге (каршы) мисал келтирет
ﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬ
36:79
Айткын: «Аны биринчи ирет (оболу топурактан, анан бел суудан) жараткан Кудай (кайра дагы ошол топурактан) тирилтет. Ал ар бир макулукту (кандай жаратаарын жакшы) билет
ﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙ
36:80
Ал силерге көк (жана ным) дарактан отун жасап берген.! Силер аны жагып жатасыңар
ﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩ
36:81
Асмандарды жана Жерди жарата алган Зат алардын окшошун (экинчи ирет) жаратууга кудуреттүү эмеспи?? Жок! Кудуреттүү! Ал эң мыкты жаратуучу жана эң илимдүү
ﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴ
36:82
Эгер бир нерсени (жаратууну) кааласа, Анын иши «Бол!» деп айтуудан гана турат. Анан ал нерсе болуп калат
ﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽ
36:83
Бардык нерселердин бийлик-өкүмдарлыгы Өз колунда болгон Аллаһ (мушриктердин «жарата албайт» деген сыпаттоосунан) Таза! Бардыгыңар Өзүнө кайта-рыласыңар
Ыйык Куран
Wednesday, September 9, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







