PDF —
99 Аят Meccan PDF
Built right in your browser — download starts automatically

Аль-Хиджр сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)

Аль-Хиджр сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Аль-Хиджр сүрөсү Котормо. Аль-Хиджр сүрөсү (Meccan) 99 Аят.

← ИбрахимАль-Хиджр сүрөсү Ан-Нахль →


99 Аят · Meccan · Кыргызча
bismillah
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘ
15:1 Алиф, Лам, Раа. Булар Китептин — Анык Кураандын аяттары
ﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠ
15:2 (Ошол кезде) Каапырлар мусулман болууну эңсеп калаары бышык.”
ﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩ
15:3 (О, Мухаммад!) Аларды жөн кой, жеп-ичип, пайдаланып, («биз дүйнөдө түбөлүк калабыз» деген жалган) кыялдарына алданып жүрө беришсин. Кийин тез эле билип алышат
ﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲ
15:4 Биз эч бир айыл(-шаардын элин) өзүнө белгиленген (тагдырдагы) жазмышщ(ы) келмейинче өлтүрбөдүк
ﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺ
15:5 Эч бир эл (өзүнө жазылган) мөөнөтүнөн озуп да кетпейт, артта да калбайт
ﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃ
15:6 (Мушриктер Мухаммадга): “О, Зикир (Кураан) түшүрүлгөн адам, сен — жиндисиң
ﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌ
15:7 Эгер чынчыл болсоң, бизге (сөзүндү тастыктаган) периштелерди таап келчи?!» дешти
ﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖ
15:8 Биз (азаптоочу) периштелерди Акыйкат менен гана түшүрөбүз. Ал убакытта аларга мөөнөт берилбейт
ﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞ
15:9 Биз Зикирди (Кураанды) Өзүбүз түшүрдүк жана аны Өзүбүз сактайбыз
ﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦ
15:10 Чынында, Биз сенден мурда, абалкы жамааттарга да (сага окшогон) пайгамбарларды жибергенбиз
ﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯ
15:11 Алардан кимисине бир пайгамбар келчү болсо, аны мыскылдап күлүшкөн
ﮰﮱﯓﯔﯕﯖ
15:12 Биз аны (мазактоону) кылмышкерлердин жүрөктөрүнө ушинтип салып койобуз
ﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞ
15:13 (Ошондуктан,) ага ыйман келтиришпейт. Мурункулардын (үлгүлүү) жолу өттү го
ﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨ
15:14 Эгер Биз аларга асмандан эшик ачып, алар андан көтөрүлө баштаса да, (ишенбей)
ﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱ
15:15 «Көзүбүздү бойоп коюлду! Биз сыйкырланып калдык!» дешет
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘ
15:16 Чынында, Биз асманда топ жылдыздарды жаратып, аларды көрүүчүлөр үчүн зыйнат кылып койдук
ﭙﭚﭛﭜﭝﭞ
15:17 Жана асманды бардык каргыш тийген жин-шайтандардан сактадык
ﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦ
15:18 Ал эми, (жин-шайтандардан) кимиси асман кабарларын уурдаганга аракет кылса, аны бир нурдуу жылдыз кууп жетет (жана өлтүрөт)
ﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲ
15:19 Биз жерди(н үстүн) жайык кылып, анда тоолорду орноттук жана ар түрдүү пайдалуу нерселерди өстүрдүк
ﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻ
15:20 Жана жер үстүндө, силер үчүн жана силер ырыскы бере албай турган (кол астыңардагы) калк-макулуктар үчүн тиричилик (шарттарын) жараттык
ﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇ
15:21 Бардык нерселердин казынасы Биздин алдыбызда. Биз андан эмнени (пендебизге) түшүрсөк, (мурдатан) белгиленген өлчөм (тагдыр) менен түшүрөбүз
ﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔ
15:22 Жана Биз (булуттарды) боозутуучу шамалдарды? жибердик. Кийин асмандан суу түшүрдүк жана аны менен силерди (эгиниңерди жана айбанаттарыңарды) сугардык. (О, инсандар!) Өзүңөр аны сактай албайт элеңер
ﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛ
15:23 Чынында, Биз гана тирилтирип, Биз гана өлтүрөбүз. Жана Өзүбүз гана мурас алуучубуз
ﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣ
15:24 Албетте, Биз силерден байыркыларды да, кийинкилерди да билгенбиз
ﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬ
15:25 (О, Мухаммад) Раббиңдин Өзү гана аларды (Кыяматка сот-сурак үчүн) чогултат. Чынында Ал Даанышман (жана) Билерман
ﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖ
15:26 Биз инсанды (Адам-Атаны) чалчык ылайдан (жана) кургап, зыңылдап калган чоподон жараттык.”
ﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞ
15:27 Андан мурда жиндерди(н атасы Иблисти) жалындуу оттон жаратканбыз
ﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫ
15:28 (О, Мухаммад, эстегин) бир кезде Раббиң периштелерге: «Албетте, Мен карарган ылайдан жасалган чоподон Адам жаратамын
ﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵ
15:29 Качан аны(н дене түзүлүшүн) жасап, ага Өзүмдүн Рухумдан үйлөгөндө (жан киргизгенде) ага (урмат көргөзүп) сажда кылып жыгылгыла»- деди
ﯶﯷﯸﯹﯺ
15:30 Бардык периштелер сажда кылышты
ﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂ
15:31 Бир гана Иблис сажда кылуучулар менен (бирге) сажда кылуудан баш тартты
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙ
15:32 (Аллаһ):»О, Иблис! Эмне үчүн сен сажда кылуучулардан болбодуң?!» - деди
ﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥ
15:33 «Мен (эч качан) адамга сажда кылбаймын! (Себеби,) Сен аны чалчык ылай - чоподон жараттың. (А, мен оттон жаралганмын)» -деди
ﭦﭧﭨﭩﭪﭫ
15:34 (Аллаһ) Айтты:»Анда, Бейиштен жогол! Сен айдалдың
ﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲ
15:35 Сага Кыяматка чейин каргыш болсун!»
ﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹ
15:36 (Иблис) Айтты: «О, Раббим! Анда мага, алар кайра тирилүүчү күнгө (Кыяматка) чейин (өлбөй жашаганга) мөөнөт бер!»
ﭺﭻﭼﭽﭾ
15:37 (Аллаһ) айтты: «Албетте, сен мөөнөт берилгендерден болдуң
ﭿﮀﮁﮂﮃ
15:38 белгилүү убакытка чейин»
ﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎ
15:39 (Иблис) айтты: «О, Раббим! Мени адаштырганың үчүн мен аларга жердеги(күнөө нерсе)лерди кооз көргөзүп, бардыгын азгырамын
ﮏﮐﮑﮒﮓ
15:40 Алардын арасынан ыкластуу пенделериңден башкасын
ﮔﮕﮖﮗﮘﮙ
15:41 (Аллаһ) айтты: «Бул — Мага (алып келүүчү) Туура Жол
ﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥ
15:42 Албетте, Менин (ыкластуу) пенделеримдин үстүндө бийлигиң жок! Бир гана адашкандардан болуп, сага ээрчигендерге (өкүмүң өтөт)
ﮦﮧﮨﮩﮪ
15:43 Сени ээрчигендердин бардыгына убада жайы, албетте, тозок
ﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔ
15:44 Анын (биринен бири төмөн жайгашкан) жети дарбазасы бар. Ар бир дарбазадан алардын бөлүк-бөлүк топтору (күнөөлөрүнүн даражаларына жараша азап чегип киришет)
ﯕﯖﯗﯘﯙﯚ
15:45 Чынында, (күнөөдөн) сактанган адамдар булактарда, бейиштерде
ﯛﯜﯝﯞ
15:46 (Биз аларга:) «Тынчтык, саламаттык менен бейишке киргиле» (дедик)
ﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩ
15:47 Биз алардын көкүрөктөрүндө болгон (кек-көралбастык) сыяктуу нерселерди сууруп алганбыз. Алар бири-бирине бет-маңдай, дос-бурадар болушуп, сөрүлөрдө (отурушат)
ﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲ
15:48 Бейиште аларды кайгы-муң баспайт жана эч качан ал жерден чыгарылышпайт
ﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺ
15:49 (О, Мухаммад!) Пенделериме кабар бер: Мен гана Кечирүүчү Ырайымдуумун
ﯻﯼﯽﯾﯿﰀ
15:50 Чынында менин азабым — жан ооруткан азап
ﰁﰂﰃﰄﰅ
15:51 (О, Мухаммад), аларга Ибрахимдын меймандары жөнүндөгү кабарды жеткир
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚ
15:52 Бир кезде алар анын алдына «салам» деп киришти. (Ибрахим) «Чынында, биз силерден коркуп жатабыз» — деди
ﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢ
15:53 «Коркпогун, — дешти алар, — биз албетте, сага илимдүү бир перзенттин сүйүнчүсүн билдиребиз.»
ﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫ
15:54 (Ибрахим) айтты: «Мага карылык келгенде сүйүнчүлөп жатасыңарбы? Кандай (себеп менен) сүйүнчүлөйсүңөр?”
ﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳ
15:55 «Биз сага акыйкатты сүйүнчүлөдүк. Эми, сен үмүтү жоктордон болбогун» дешти
ﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼ
15:56 (Ибрахим) айтты: «Раббисинин ырайымынан заалым адамдар гана үмүтсүз болушат
ﭽﭾﭿﮀﮁﮂ
15:57 (Дагы мындай) деди: «О, элчилер, эмне жумуш менен келдиңер?»
ﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉ
15:58 Айтышты: «Биз кылмышкер коомго (аларды жазалоо үчүн) жиберилгенбиз
ﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐ
15:59 Бирок, Луттун үй-бүлөсүнүн бардыгын куткарабыз
ﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗ
15:60 Аялынан башкасын. Биз, аны (азапта) калуучулардан болот деп эсептейбиз.»
ﮘﮙﮚﮛﮜﮝ
15:61 Элчилер Луттун үй-бүлөсүнө келгенде
ﮞﮟﮠﮡﮢ
15:62 Ал: «Силер бейтааныш коомсуңар(бы)?» — деди
ﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪ
15:63 (Элчилер) айтышты: «Жок, биз бузулган коомуң күмөн санаган нерсени (азапты) алып келдик
ﮫﮬﮭﮮﮯ
15:64 Биз сага чындыкты гана алып келдик. Биз чынчылбыз
ﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟ
15:65 Эми, түндүн бир бөлүгүндө (таңга маал) үй-бүлөңдү (айылдан) алып чык дагы, өзүң артынан түш. Силерден эч бир адам карбаластабасын (тез баскыла) жана буюрулган тарапка кете бергиле.»
ﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩ
15:66 Биз ага (Лутка) таңга маал ошол (бузук) коомдун «куйругу кыркылышы»! жөнүндөгү ушул буйрукту вахий кылдык
ﯪﯫﯬﯭﯮ
15:67 Анан, шаардын (бузук) элдери сүйүнгөн бойдон жетип келишти
ﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵ
15:68 (Лут): «Булар менин мейманым. Мени шерменде кылбагыла
ﯶﯷﯸﯹﯺ
15:69 Аллаһтан корккула! Абийиримди төкпөгүлө!»- деди
ﯻﯼﯽﯾﯿﰀ
15:70 (Бузукулар) айтты: «Биз сени ааламдардан кайтарбадык беле?!»
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗ
15:71 (Лут): «Эгер бул иштен кайра тартпасаңар, мына, менин кыздарым» деди
ﭘﭙﭚﭛﭜﭝ
15:72 (О, Мухаммад!) Өмүрүңө ант, алар (ышкы-кумардын) мастыгында көздөрүнө эч нерсе көрүнбөй калган эле
ﭞﭟﭠﭡ
15:73 Анан.., Күн чыгаар мезгилде аларды (коркунучтуу) ач айкырык кармады
ﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪ
15:74 Анан Биз шаардын асты жагын үстүнө көңтөрүп, алардын үстүнө чопо-таштарды жамгырдай жаадырдык
ﭫﭬﭭﭮﭯﭰ
15:75 Албетте бул окуяда парасаттуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар
ﭱﭲﭳﭴ
15:76 Ал (ойрон болгон шаар) кан жолдун боюнда.”
ﭵﭶﭷﭸﭹﭺ
15:77 Албетте, мында момун адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар
ﭻﭼﭽﭾﭿﮀ
15:78 Бак-бостон кожоюндары заалым (каапыр) болушкан
ﮁﮂﮃﮄﮅﮆ
15:79 Биз алардан да өч алдык! Чынында, экөө (Лут коому менен Шуайб коому) тең кең жолдун боюнда
ﮇﮈﮉﮊﮋﮌ
15:80 «Хижр» (өрөөнүнүн) жашоочулары да пайгамбарларды «жалганчы» дешти
ﮍﮎﮏﮐﮑﮒ
15:81 Биз аларга аят-моожизаларыбызды (жи)бергенде, андан жүз бурушту
ﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙ
15:82 Алар тоолордун боорун оюп-жонуп үйлөр куруп, тынч-аман жүрүшкөн
ﮚﮛﮜﮝ
15:83 Анан.., аларды да таң мезгилинде (капысынан) ач айкырык кармап, (кыйрап калышты)
ﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤ
15:84 Жасаган нерселери аларга пайда берген жок
ﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖ
15:85 Биз асмандарды, Жерди жана экөөнүн арасындагы нерселерди Акыйкат менен жараттык. Саат (Кыямат) сөзсүз келүүчү. Сен (оо, Мухаммад, наадан адамдардан) сылык-сыпаа жүз үйүр
ﯗﯘﯙﯚﯛﯜ
15:86 Албетте, сенин Раббиң — Ал гана (бардык макулуктарды) Жаратуучу, Билүүчү
ﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤ
15:87 Биз сага кайталануучудан жетини жана Улук Кураанды бердик
ﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴ
15:88 Алардын (каапырлардын) арасынан бир нече тайпаларга берген Биздин нээматтарыбызга карабай (көңүл бурбай) эле кой. (Ошондой эле, эгер баштарына Аллаһтын бир азабы түшсө) аларга кайгырба! (Мээримдүүлүк) канатыңды ыймандууларга жайгын
ﯵﯶﯷﯸﯹﯺ
15:89 Айт: «Мен (башыңарга келүүчү азап жөнүндө) анык эскертүүчүмүн
ﯻﯼﯽﯾﯿ
15:90 Ошондой эле, Биз бөлүүчүлөргө (азап) түшүрдүк
ﭑﭒﭓﭔﭕ
15:91 Алар Кураанды бөлүктөргө ажыратышты
ﭖﭗﭘﭙ
15:92 Раббиңе ант! Биз алардын бардыгын суракка тартабыз
ﭚﭛﭜﭝ
15:93 жасаган иштерине жараша
ﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤ
15:94 (Сен аларга көңүл бурбай) буюрулган ишке умтул жана мушриктерден жүз бур
ﭥﭦﭧﭨ
15:95 Албетте, сени шылдыңдаган адамдарга Өзүбүз жетиштүүбүз
ﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲ
15:96 Алар Аллаһка дагы башка «кудайларды» кошуп (шерик кылып) алышкан. Жакында (иштеринин натыйжасын) билишет
ﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺ
15:97 Билебиз, алардын айткандарынан көкүрөгүң кысылып турат
ﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁ
15:98 Эми сен (көкүрөгүң кайра кең болушу үчүн) Раббиңе (көп) тасбих (мактоо) айтып, (көбүрөөк) сажда кылуучулардан бол
ﮂﮃﮄﮅﮆﮇ
15:99 Жана сага өлүм келгенге чейин Раббиңе гана ибадат кыл

Ыйык Куран


Wednesday, September 9, 2026

Don't forget us in your sincere prayers