PDF —
26 Аят Meccan PDF
Built right in your browser — download starts automatically

Аль-Гашия сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)

Аль-Гашия сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Аль-Гашия сүрөсү Котормо. Аль-Гашия сүрөсү (Meccan) 26 Аят.

← Аль-АляАль-Гашия сүрөсү Аль-Фаджр →


26 Аят · Meccan · Кыргызча
bismillah
ﭽﭾﭿﮀﮁ
88:1 (О, Мухаммад!) сага Ороп алуучунун кабары келдиби?”
ﮂﮃﮄﮅ
88:2 Ал Күндө (каапыр) жүздөр коркууда(н кубарып, жер карайт)
ﮆﮇﮈ
88:3 (Тозоктогу кишендерден) чарчаган, кыйналган абалда
ﮉﮊﮋﮌ
88:4 кызыган отко кирет
ﮍﮎﮏﮐﮑ
88:5 (Аларга) кайнаган булактан суу ичирилет
ﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘ
88:6 Алар үчүн (тозокто) тикенден башка тамак жок
ﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟ
88:7 (Ал) семиртпейт жана тойдурбайт
ﮠﮡﮢﮣ
88:8 Ал күндө (ыймандуу) жүздөр шат — куунак
ﮤﮥﮦ
88:9 (Бул дүйнөдөгү адал, сооп) иш — аракеттерине ыраазы
ﮧﮨﮩﮪ
88:10 Жогорку Бейиште
ﮫﮬﮭﮮﮯ
88:11 Анда маанисиз сөздөрдү укпайт
ﮰﮱﯓﯔ
88:12 Анда агып турган булактар
ﯕﯖﯗﯘ
88:13 Бийик сөрүлөр
ﯙﯚﯛ
88:14 (Ичишке даярдап) коюлган чөйчөктөр
ﯜﯝﯞ
88:15 Сап-сап тизилген жаздыктар
ﯟﯠﯡ
88:16 Жана төшөлгөн килемдер бар
ﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨ
88:17 Алар (Каапырлар) карашпайбы, төөнүн кандай жаратылганына
ﯩﯪﯫﯬﯭ
88:18 Асмандын кандай көтөрүп коюлганына
ﯮﯯﯰﯱﯲ
88:19 Тоолордун кандай сайып коюлганына
ﯳﯴﯵﯶﯷ
88:20 Жана жердин кандай жайып коюлганына
ﯸﯹﯺﯻﯼ
88:21 (О, Мухаммад) эскерткин! Анткени, сен эскертүүчүсүң
ﯽﯾﯿﰀ
88:22 Сен аларга үстөмдүк кылуучу эмессиң
ﭑﭒﭓﭔﭕ
88:23 Бирок, ким жүз бурса жана каапыр болсо
ﭖﭗﭘﭙﭚ
88:24 Аны Аллаһ чоң азапка салат
ﭛﭜﭝﭞ
88:25 Алар (өлгөндөн соң) Бизге кайтышат
ﭟﭠﭡﭢﭣ
88:26 Кийин алар менен Өзүбүз эсептешип алабыз

Ыйык Куран


Wednesday, September 9, 2026

Don't forget us in your sincere prayers