Аль-Иншикак сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)
Аль-Иншикак сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Аль-Иншикак сүрөсү Котормо. Аль-Иншикак сүрөсү (Meccan) 25 Аят.
Related
- Аль-Иншикак сүрөсү КотормоКыргызча
- Аль-Иншикак сүрөсү mp3Укта
- Quran Index Кыргызча114
More Сүрөсү PDF
Аль-Иншикак сүрөсү

ﭣﭤﭥﭦ
84:1
Күтүүсүздөн асман жарылды
ﭧﭨﭩﭪ
84:2
Ал Раббисине моюн сунган эле жана (моюн сунушу) акыйкат болчу
ﭫﭬﭭﭮ
84:3
Жана жер (дагы) күтүүсүздөн (силкине-силкине) созулуп
ﭯﭰﭱﭲﭳ
84:4
ичиндеги нерселерин (төрөгөн сыяктуу) чыгарып, бошонуп калды
ﭴﭵﭶﭷ
84:5
Ал дагы Раббисине моюн сунган эле жана (ушундай болушу) акыйкат болчу
ﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀ
84:6
О,инсан! Сен Раббиңе (жолугуу үчүн сооптуу же күнөөлүү иштер менен) түйшөлүп, акырында Ага жолуктуң
ﮁﮂﮃﮄﮅﮆ
84:7
Кимдин (амал) китеби оң тарабынан берилсе
ﮇﮈﮉﮊﮋ
84:8
Өтө жеңил суралат
ﮌﮍﮎﮏﮐ
84:9
Жана (бейиштеги) үй-бүлөсүнө сүйүнгөн бойдон кайтып келет
ﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗ
84:10
Ал эми, кимдин (амал) китеби арка тарабынан берилсе
ﮘﮙﮚﮛ
84:11
(Өзүнө) өлүм чакырат
ﮜﮝﮞ
84:12
Жана тозокко ташталат
ﮟﮠﮡﮢﮣﮤ
84:13
Чынында, ал (дүйнө жашоосунда) үй-бүлөсүнүн арасында шат-курсант болчу
ﮥﮦﮧﮨﮩﮪ
84:14
Чынында, ал өзүн эч качан (Раббисине) кайтпачудай сезчү
ﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓ
84:15
Жок! Андай эмес! (Ал раббисине кайтып барат!) Акыйкатта, Раббиси аны көрүп турган
ﯔﯕﯖﯗ
84:16
Мен (күн батып бараткандагы) күүгүмгө ант ичип
ﯘﯙﯚﯛ
84:17
Түнгө, жана да түн өз койнуна алган (бардык) нерсеге ант ичип
ﯜﯝﯞﯟ
84:18
Жана толгон кездеги (толун) айга ант ичип (айтамын)
ﯠﯡﯢﯣﯤ
84:19
(О, инсандар!) силер аныгында, баскычтан баскычка минесиңер
ﯥﯦﯧﯨﯩ
84:20
Аларга эмне болду, ыйман келтирбей жатышат
ﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱ
84:21
Жана эгер аларга Кураан окуп берилчү болсо, (моюн суну менен) сажда кылышпайт
ﯲﯳﯴﯵﯶ
84:22
Тескерисинче, каапыр болгон пенделер (кайра тирилүүнү) «жалган» дешет
ﯷﯸﯹﯺﯻ
84:23
Бирок, алар ичине эмне жашырганын Аллаһ эң жакшы билет
ﯼﯽﯾﯿ
84:24
(О, Мухаммад!) Сен аларга жан ооруткан азаптын кабарын бер
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚ
84:25
А бирок, ыйман келтирип, жакшы (сооп) иштерди жасагандар(га бейишти сүйүнчүлө). Алар үчүн түгөнгүс сыйлыктар бар
Ыйык Куран
Wednesday, September 9, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







