Сүрөсү Йусуф
PDF —
111 Аят Meccan PDF
Built right in your browser — download starts automatically

Сүрөсү Йусуф pdf — Жүктөө (Кыргызча)

Сүрөсү Йусуф pdf Кыргызча — Жүктөө Сүрөсү Йусуф Котормо. Йусуф (Meccan) 111 Аят.



Сүрөсү Йусуф
111 Аят · Meccan · Кыргызча
bismillah
ﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨ
Алиф. Лам, Раа. Булар айкын Китеп аяттары
ﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯ
Чынында, Биз акыл жүгүртүшүңөр үчүн Кураанды араб тилинде түшүрдүк
ﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡ
(О, Мухаммад) Биз сага бул Кураанды вахий кылуу менен икаялардын? эң мыктысын айтып беребиз. Буга чейин сен муну билбейт болчусуң
ﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱ
Бир кезде, Юсуф атасына: “О, атаке, мен түшүмдө Күн, Ай жана он бир жылдызды мага сажда (таазим) кылганын көрдүм” деди
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡ
(Анда атасы) айтты: “О, балам! (Бул) түшүңдү агаларыңа айта көрбө сага каршы амалкерлик кылышат. (Анткени,) Шайтан инсанга анык душман
ﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼ
Раббиң сени мына ушинтип тандап алыптыр. Эми, Ал сага сөздөрдүн (түштөрдүн) маанилерин билдирет жана мурун эки атаң — Ибрахим менен Исхакка толук бергени сыяктуу, Яькубдун үй-бүлөсүнө жана сага Өзүнүн (пайгамбарлык) нээматын толуктап берет.” Албетте, сенин Раббиң - Билүүчү, Даанышман
ﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅ
Акыйкатта, Юсуф менен анын бир туугандарында (алар жөнүндөгү икаяда) сурагандар үчүн үлгү-сабактар бар
ﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕ
Бир кезде агалары (өз ара минтип) сүйлөшүштү: «Юсуф менен анын бир тууганы (Биняминди) атабыз бизден көбүрөөк сүйөт. Акыры, биз бир жамаатпыз го! Чынын айтканда, атабыз анык адашууда калды
ﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤ
Юсуфту өлтүрүп (алыс бир) жерге таштап койгула. Ошондо, атаңардын жүзү (сүйүүсү) өзүңөргө калат жана ал иштен кийин (тооба кылып) жакшы адамдардан болуп аласыңар»
ﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖ
Алардан бирөөсү (мындай) деди: “Юсуфту өлтүрбөгүлө (бул — чоң күнөө) бирок, эгер (ушул ишти) жасоочу болсоңор, аны бир кудуктун түбүнө таштап койгула, кээ бир жолоочулар алып кетсин. Ушул пикирге бардыгы макул болгон соң, аталарына келип
ﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢ
Айтышты: “Атаке! Эмне үчүн сиз Юсуфту бизге ишенбейсиз? Биз ага боорукербиз го
ﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫ
Эртең аны бизге кошуп жибериңиз, ойноп-куунап келсин. Өзүбүз аны абайлап карайбыз”
ﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹ
(Яькуб) айтты: “Чынында, аны алып кетишиңер мени капалантып койот. Жана силер аны унутуп калсаңар карышкыр жеп кетет деп коркомун”
ﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃ
(Агалары) айтты: “Эгер биз бир жамаат болуп туруп, аны карышкыр жеп кетсе, анда, биз накта зыянкеч немелер экенбиз да?!” Эптеп аталарынын макулдугун алып, Юсуфту “ойноткону” алып чыкмай болушту
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣ
Качан аны алып кетишип, терең бир кудуктун түбүнө таштамак болуп турушканда Биз ага: “(убактысы келип) сен агаларыңа бул иш жөнүндө айтып бересиң, бирок алар “унутуп коюшат” деп вахий кылдык
ﭤﭥﭦﭧﭨ
Алар түндөсү аталарына ыйлап келишип
ﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼ
“О, атаке! Биз Юсуфту буюмдарыбыздын жанына калтырып, жарышмай ойноп кетип калыптырбыз. Ошондо, аны карышкыр жеп кетиптир. Эми ар канча чынын айтсак да бизге ишенбейсиз!” - дешти
ﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒ
Жана анын жалган канга бойолгон көйнөгүн алып келишти. (Яькуб аларга ишене бербей:) «Андай эмес! Силерге напсиңер (бир жамандыкты) кооздоп көргөзүптүр. Эми, жакшынакай сабыр (кылуудан башка арга жок.) Силер айткан ишке Аллаһтын Өзү жардамчы болоор!» деди
ﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦ
Анан жолоочулар (кербендер) келип, өздөрүнүн суу издөөчүсүн жиберишти. Ал (кудук башына келип) чакасын таштады. (Арканга Юсуф асылып чыкканда): “Сүйүнчү! Бул бала(та карагыла)!” деди. Жолоочулар аны (бирөө-жарым көрүп, талашпасын деп) буюмдарынын арасына жашырып коюшту. Аллаһ алардын иштерин Билүүчү
ﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰ
Аны арзыбаган баага — саналуу гана теңгелерге сатып жиберишти жана андан кутулушту. Кербендер Юсуфту Мисирге алып келип, кул базарда сатышты
ﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴ
Аны Мисирде сатып алган киши (падышанын вазири) аялына айтты: “Аны жакшы орунга жайгаштыр, пайдасы тийип калаар, же болбосо өзүбүзгө (бакма) бала кылып алаарбыз” Мына ушинтип, Биз Юсуфту — түштөрдүн маанисин үйрөтүү үчүн — (Мисир деген) жерге мекендештирип койдук. Аллаһ Өз ишинде Жеңүүчү. Бирок муну көпчүлүк адамдар билишпейт. (Кичинекей Юсуф сарайда эрке бала болуп, каалаган нерсеси даяр болсо да, илимге кызыкты. Эрезе жашына жеткенге чейин ал өз доорунун залкар аалымына айланган. Буга кошумча)
ﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿ
Жигит курагына жеткенде, Биз ага пайгамбарчылык жана (илахий) илим бердик. Биз жакшылык (таза ибадат) кылуучу адамдарды мына ушинтип сыйлайбыз
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫ
Ал үйүндө жашаган аял (вазирдин аялы) аны “жолдон азгырууну” каалап, эшиктерди (ичинен) кулпулап, “келегой” деди. (Анда, Юсуф) айтты: “Аллаһ сактасын! Акыры, ал (сенин эриң) мага орун-жай тууралуу (көп) жакшылык кылган кожоюнум го! (Мен кыянат кылбаймын!) Зулумкер адамдар (тозоктон) кутулбайт!”
ﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂ
Аял ага умтулду. Эгер (Юсуф) Раббисинин далилдерин (ыйман жана илимди) билбесе, ал да умтулмак. Ушинтип, Биз андан жамандык, бузукулукту буруп жибердик. Чынында, Юсуф Биздин ыкыластуу пенделерибизден
ﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛ
Экөө тең эшик тарапка (бири качып, бири кууп) чуркады. Аял анын көйнөгүн аркасынан айрып салды. Экөө (ошол абалда) эшиктин оозунда аялдын эрине жолугуп калышты. (Анда) аял (Юсуфка жалаа жаап): “Сенин аялыңа арамдык каалаган адамдын жазасы же зындан же кыйноочу азап” деди
ﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰ
“Анын өзү мени азгырууну каалады” деди (Юсуф.) Ошондо, аялдын жакын туугандарынан бирөө: “Эгер анын көйнөгү алдынан айрылган болсо, аялың ак, бул жалганчы
ﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜ
Ал эми, мунун көйнөгү артынан айрылган болсо, бул — ак, аялың жалганчы” деп калыс сөзүн айтты
ﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫ
(Вазир) Юсуфтун көйнөгү арт жагынан айрылганын көргөндө, (аялына карап): “Бул силердин (аялдардын) амалыңардан турбайбы! Силердин айлакерлигиңер чоң экен!”
ﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸ
“О, Юсуф, сен муну унутуп кой (эч кимге айтпа.) А, сен болсо, (оо, аялым) күнөөң үчүн кечирим сура. Ката кылуучулардан болуптурсуң”- деди
ﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎ
Шаардагы аялдар (ушак) айта баштады: “(Уктуңарбы), вазирдин аялы өз кызматкерин азгырууну каалаптыр. Аябай сүйүп калган го. (Ошентсе да) биз аны анык адашуучулукта деп билебиз”
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲ
(Вазирдин аялы) алардын айлакер сөздөрүн укканда, адам жиберип, алдыртып келди жана аркаларына жөлөнгүч жаздыктарды коюп, (дасторконду ар түрдүү мөмө-жемиштер менен толтуруп, мөмөлөрдү кесип жеш үчүн) ар биринин колуна бирден бычак карматты жана (Юсуфка): “Алардын алдына чык” - деди. Аны көргөндө ага алкыш жаадырышып, (акыл-эстерин тап-такыр жоготкондон улам мөмө-жемиш кескендин ордуна) өз колдорун кесе башташты. Жана: “О, (кемчилдиктен) Таза Аллаһ! Бул адам эмес, кереметтүү периштенин өзү го!” дешти
ﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈ
(Анда) аял: “Ал жөнүндө силер мени айыптаган жигит — ушул! (Ооба!) мен аны азгырууга умтулдум. Ал өзүн сактады. (Бирок, мен ниетимен кайта элекмин) Этер менин буйругумду аткарбаса, зынданга ташталып, кордолгондордон болот”- деди
ﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛ
(Юсуф) айтты: “О, Раббим! Алар сунуштаган нерседен мага зындан жакшыраак! Эгер, ал аялдардын! айлакерликтерин менден арылтпасаң аларга көңүлүм жибип, наадандардан болуп каламын!”
ﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧ
Раббиси анын дубасын кабыл алып, андан аялдардын айлакерлигин арылтты. Чынында, Аллаһ Угуучу, Билүүчү
ﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔ
(Юсуфтун күнөөсүздүгүнүн) белгилерин көрүшкөн соң, аны бир мезгилдерге (эл оозу басылганга) чейин зынданда сактап туруу (бийлик ээлерине) макул көрүндү
ﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴ
Аны менен бирге эки жигит да зынданга түшкөн. Алардан бири: “Мен түшүмдө жүзүм мөмөсүн сыгып, шарап жасап жатканымды көрдүм” десе, экинчиси: “Менин түшүмдө болсо, башыма нан көтөрүп баратсам, аны куштар чокуп жатыптыр” деп түштөрүн айтып: “Биз сени жакшылык кылуучулардан деп билебиз. Бизге (ушул) түшүбүздү жоруп берчи” -дешти
ﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑ
(©Осуф) айтты: “Экөөңөргө жей турган тамагыңар келгенге чейин мен силердин түшүңөрдү жоруп беремин. Бул — мага Раббим үйрөткөн касиет.! Мен Аллаһка ыйман келтирбеген адамдардын динин жериген кишимин. (Анткени,) Алар Акырет күнүнө ишенишпейт
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭ
Мен аталарым Ибрахим, Исхак жана Яькубдардын динин ээрчидим. Бизге (оо, досторум), жалгыз Аллаһка эч нерсени шерик кылуу ылайык эмес! Бул (Таухид) бизге жана адамдарга Аллаһтын пазилети. Бирок, көпчүлүк адамдар шүгүр (ибадат) кылбай жатышат
ﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷ
О, менин зындандагы шериктерим! Бир нече бытыранды “кудайлар” жакшыбы, же жалгыз, Жеңүүчү Аллаһпы
ﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚ
Аллаһтан башка силер сыйынып жаткан нерселер, силер жана ата-бабаңар ат коюп алган ысымдардан бөлөк эч нерсе эмес. Аллаһ аларга (ошол нерселердин кудай экенине) эч далил түшүргөн эмес. Өкүм жалгыз Аллаһка гана таандык. Ал жалгыз Өзүнө гана ибадат кылууңарга буюрат. Ушул гана (бардык жакшылыктарга буюрган) эң туура дин. Бирок (муну) көпчүлүк адамдар билишпейт
ﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰ
О, менин зындандагы шериктерим! Эми, (силерге түшүңөрдүн маанисин айтсам) экөөңөн бириң (азат болуп чыгып) өз кожоюнуңа шарап куюп берет экенсиң. Экинчиң болсо.., асып өлтүрүлүп, анын башын куштар чокуйт экен. Силер маанисин сураган иштер (ушундай) өкүм (тагдыр) кылыныптыр
ﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤ
(Юсуф) экөөнүн азат болот деп болжогонуна карап: “Кожоюнуңдун алдында мени тилге алып кой”- деп суранды. Бирок, (азат болуп чыккан соң) Шайтан кожоюнуна эстетүүнү унуттурду. Кийин Юсуф зынданда бир нече жылдар калып кетти
ﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾ
Падыша айтты: “Мен түшүмдө жети семиз уй көрдүм. Аларды жети арык уй жеп койду. Жана жети даана жашыл машак менен андан башка (жети даана) куурагандарын көрдүм. Кана, оо, эл-журт, эгер түш жоруучу болсоңор, менин ушул түшүмдү жоруп бергиле. (Мамлекет падышасынын бул түшүн сарай адамдарынан эч кимиси жоруй албай)
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚ
Айтышты: “(Бул Шайтандан болгон) чаташкан түштөр. Биз чаташкан түштөрдү жоруй албайбыз
ﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦ
Андан соң, (ошол жерде турган зындандагы) экөөнүн кутулганы, бир нече жылдан кийин гана аны эстеп: “Силерге бул түштүн маанисин мына мен айтып беремин. Мени (Юсуфка) жибергиле” деди (жана Юсуф жаткан зынданга барып, ага жалына баштады)
ﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽ
“Юсуф! О, чынчыл жигит! Бизге жети семиз уйду жеп койгон жети арык уй жөнүндө жана жети жашыл машак, дагы (ушунча) башка куураганы жөнүндө(тү түштүн) маанисин айтып берчи? Ажеп эмес, адамдарга кайтып барсам алар да билип алышса!”
ﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌ
(Юсуф) айтты: “Жети жыл удаама-удаа (буудай) эгесиңер. Жыйнаган түшүмүңөрдү (жанчып албай) машагында калтырасыңар. Болгону, бир аз гана жегениңерди (жанчып аласыңар)
ﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜ
Андан кийин жети жыл каатчылык келип, ушул жылдар үчүн мурдатан даярдаган камылгаңарды “жеп койот”. Бир аз сактаганыңар гана калат
ﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨ
Андан кийин (ушундай) бир жыл келет, анда адамдар жамгырдын астында (жыргап) калышат. Жана ошол жылда (көп-көп шараптарды) сыгып алышат
ﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢ
Падыша айтты: “Аны мага алып келгиле”. Юсуфка анын чабарманы келгенде (зындандан чыгууга шашылбай, өзүнүн актыгын далилдеп, ашкере кылуу үчүн): “Кожоюнуңа кайтып баргын дагы, колдорун кесип алган аялдарга эмне болгонун сурагын. Менин Раббим алардын айлакерлигин Билүүчү” деди. (Чабарман Юсуфтун талабын падышага жеткиргенде “кол кырккан” аялдарды чогултуп окуянын чоо-жайын аныктоого киришип, аларга)
ﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂ
Айтты: “Юсуфту азгырууну каалаганыңарда эмне болгон элеңер?” Алар айтышты: “Аллаһ — Аруу, Таза! Биз анын эч бир айыбын билбейбиз”. Вазирдин аялы айтты: “Акыйкат ушул тапта анык болгону калды. (Ооба.) Мен аны азгырган болчумун. Чынында ал акыйкатчыл адамдардан экен
ﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏ
Муну мен, (ошол) эч ким жок мезгилде ага (күйөөмө) кыянат кылбаганымды билип алсын үчүн (айтып жатам). Чынында, Аллаһ кыянатчылардын амалын түз жолго салбайт экен
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣ
Мен өзүмдү актабаймын. Чынында, напси деген жаман ишке тынбастан буюрат турбайбы, Раббим ырайым кылбаса! Албетте, Раббим Кечирүүчү, Ырайымдуу”
ﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳ
Падыша айтты: “Аны мага (урмат-сый менен) алып келгиле, өзүмө ынак (кеңешчи) кылып алайын”. (Юсуф) аны менен сүйлөшкөндө, (падыша) айтты: «Бүгүн(дөн баштап) сен биздин алдыбызда туруктуу жана ишенимдүү адамыбызсың.»
ﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽ
(Юсуф) айтты: «Анда мени жер казыналарынын үстүнө (башчы) кылып коюңуз. Мен сактай билген жана билимдүү кишимин.»
ﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑ
Мына ушинтип, Биз Юсуфту (Мисирдеги) жерден өзү каалаган жайда жашай турган кылып орноштурдук. (Бул) Өзүбүз каалаган адамдарга бере турган ырайым-рахматыбыздын насиби. Биз жакшылык кылуучулардын сообун текке кетирбейбиз
ﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙ
Чынында, ыйман келтирип, такыба болгон кишилерге (бул дүйнө жыргалынан) Акыреттик сооп жакшы
ﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣ
Агалары Юсуфка келип, (дан тарттырып алуу үчүн) алдыга киргенде, аларды (дароо) тааныды. Бирок, алар аны тааныган жок
ﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗ
Аларга жүктөрүн даярдап берген убакта (мындай) деди: «Аталаш бир тууганыңарды да мага алып келгиле. Өлчөгөндө толтуруп бергенимди жана жакшылап конок-зыяпат кылганымды көрбөй жатасыңарбы?»
ﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢ
«Эгер аны алып келбесеңер, мага жакындашпайсыңар жана менден силерге (буудай) өлчөп берилбейт.»
ﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩ
Алар: «Айтканыңызды сөзсүз аткарабыз, инибизди атасына жалынып болсо да алып келебиз» дешти
ﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸ
Ал (Юсуф) өзүнүн жигиттерине айтты: «(Буудайдын акысына төлөгөн) буюмдарын төөлөрүнүн үстүндөгү жүктөрүнө (билдирбей) салып койгула. Ажеп эмес, үйлөрүнө жеткен кезде аны таанып (данды бекер бергенибизди билип) кайтып келишсе.»
ﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉ
Аталарына кайтып барышканда, айтышты: «О, атаке, (эгер биз менен Биняминди жибербесең, эмкисинде) бизге (дан) тартуу токтотулду! Инибизди биз менен жибер. (Дан) тарттырып келели. Аны (Биняминди) өзүбүз сактайбыз.»
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣ
(Яькуб) айтты: «Мурда силердин колуңарга агасын ишенип тапшыргандай «ишенип тапшырайынбы». Сактоо жаатынан Аллаһ гана жакшы. Өзү гана ырайымдуулардын эң Ырайымдуусу.»
ﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁ
(Агалары) жүктөрүн ачканда ичинен кайтарылган буюмдарын таап алышып атасына: «Бизге дагы эмне керек? Мына буюмдарыбыз кайтарылып берилди. Үй-бүлөбүздү багабыз, инибизди коргойбуз жана бир төө буудайды ашыгыраак алабыз. Бул (барып-келүү убактысы) аз эле мөөнөт го?!» дешти
ﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛ
“(Мейли), бирок, бир кокустук силерди ороп калбаса жана аны мага кайтарып келүүгө Аллаһтын алдында ант-убада берсеңер гана жиберейин» деди. Ага балдары ант-убада бергенде, айтты: «Бул сөзүбүзгө Аллаһ күбө!»
ﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜ
Айтты: «О, уулдарым! (Шаарга) бир эшиктен кирбегиле. Ар башка эшиктерден киргиле. Бирок, муну менен Аллаһ тарабынан белгиленген нерседен эч бирин силерден тосо албаймын. Өкүм Аллаһка гана таандык. Өзүнө гана тобокел кылдым. Тобокел кылуучулар Анын Өзүнө гана таянсын!»
ﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼ
Алар (шаарга) аталары буюрган абалда кирсе да, (бул иш) алардан Аллаһ тарабынан тагдыр кылынган эч нерсени өзгөртө албайт. Бирок, бул Яькубдун, өз жүрөгүндөгү бир муктаждыкты аткарып (жүрөгүн жеңилдетип) алуусунан башка эч нерсе эмес. Ал биз үйрөткөн илимдин ээси болгон. (Тагдырды өзгөртүп болбостугун билет) Бирок, адамдардан көпчүлүгү билишпейт
ﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎ
Алар Юсуфтун алдына киргенде, инисине үйүнөн (өз алдынча) орун берип: «Мен сенин агаң (Юсуф) боломун. Алардын ишинен капа болбо (бардыгы жайында болот)»деди. (Кийин аны шек туудурбай бирге алып калуу үчүн ойлогон эрежесин ишке ашырууга киришти)
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠ
(Юсуф) алардын жүктөрүн даярдап (жөнөтөөр алдында) инисинин жүктөрүнүн ичине (кымбат баалуу) чөйчөктү салып койду. Кийин бир жарчы(сы): «О, кербендер! Силер ууру экенсиңер!»деп кыйкырды
ﭡﭢﭣﭤﭥﭦ
Агалары алар тарапка басып: «Эмне жоготтуңар?» - деди
ﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳ
«Падышанын чөйчөгүн — дешти алар — кимде-ким аны тапса, жүгү менен бир төө берилет. Буга мен кепилмин.»
ﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀ
«Биз (бул) жерге бузукулук кылганы келбедик! Аллаһка ант, силер муну билесиңер! Биз ууру эмеспиз!»- дешти (Юсуфтун агалары)
ﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇ
(Анда жарчылар): «Эгер алдасаңар, жалганчынын (уурунун) жазасы эмне?» — дешти
ﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔ
Алар айтты: «Кимдин жүгүнүн арасынан (чөйчөк) табылчу болсо, ошол табылгандын өзү — анын жазасы! Биз (өз динибизде) заалымдарды ушундай жазалайбыз!»
ﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛ
(Издөөчү) инисинин жүктөрүнөн мурда агаларынын жүгүнөн баштады. Кийин аны (чөйчөктү) инисинин буюмдарынын арасынан сууруп чыкты. Биз Юсуфка ушундай амал үйрөттүк. Себеби ал (мисирлик) падышанын дини боюнча («ууру») инисин алып кала алмак эмес. Бирок, Аллаһ кааласа (башка жол менен да) алып калмак. Биз каалаган адамыбыздын даражасын көтөрөбүз. Бардык илим ээсинин үстүндө Билүүчү (Аллаһ) бар. (Юсуфтун агалары Биняминдин «уурулугу ачылып» калганын көрүп, жамандап башташты)
ﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸ
«Бул уурдаган болсо, мурдараак мунун бир тууган агасы (Юсуф) дагы уурулук кылган» Юсуф бул сөздөрдү(н таасирин) аларга билдирбей «жутуп» койду жана: (ичинен:) «Өзүңөр эң жаман адамсыңар. Айткан сөзүңөрдү (н чын-төгүнүн) Аллаһтын Өзү жакшы билет» — деди
ﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉ
Алар айтты: «Оо, улукзаада! Бул (ууру) баланын картайып калган атасы бар. Анын ордуна биздин бирөөбүздү алчы?! Биз сени жакшылык кылган кишилерден деп билебиз.»
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞ
«Аллаһ сактасын! — деди (Юсуф) — буюмубуз кимден табылган болсо, ошону гана алып калабыз. Антпегенде, биз зулум кылуучу болуп калабыз.»
ﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇ
Андан (Юсуфтан) үмүттөрү үзүлгөндө, өз алдынча чогулуп кеңешишти. Алардын чоңу айтты: «Билбейсиңерби, атаңар силерден Аллаһты ортого коюп (Биняминди алып келесиңер деп) ант-убада алган. Мурдараак, Юсуф жөнүндө да ушундай (акылы) кыскалык кылгансыңар. Эми, мен качан мага атам уруксат бермейинче же Аллаһ (инибизди азат кылуу менен) менин пайдама өкүм кылмайынча ушул ордуман козголбоймун. Аллаһ - өкүм кылуучулардын мыктысы!.»
ﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙ
А, силер болсо атаңарга баргыла дагы (мындай) дегиле: «Ата! Уулуң уурулук кылды. Биз билгенибизди гана айтып жатабыз биз кайыпты (келечекти) билүүчү эмеспиз. (Эгер келечекти билсек, сага жалдырап атып Биняминди алып кетпейт элек)
ﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦ
(Эгер ишенбесең) Биз болгон шаардан жана биз келген кербендерден сура. Биз чын сүйлөп жатабыз»
ﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝ
(Яькуб): «Напсиңер силерди (дагы бир) жаман ишке баштаган го! Жакшынакай сабыр кылуу(дан башка аргам жок!) Аллаһ баардыгын чогуу берип калса ажеп эмес! Чынында, Аллаһ - Билүүчү, Даанышман!» деди
ﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪ
(Кийин) аларга далысын салып, айтты: «О, Юсуф байкушум!» Кайгы-кападан (көз жашы куюла берип) көздөрүнө ак түшүп кетти. Ал (бардыгын) ичине жутат болчу
ﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷ
(Балдары) айтты: «Аллаһка ант! (ушул) Юсуфту эстей берип, өлгөнү калдыңыз же (жакында) өлүп каласыз!»
ﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅ
(Яькуб): «Кайгы-капам менен арыз-муңумду Аллаһка гана айтамын! Мен силер билбеген нерселерди Аллаһтан (келген вахий аркылуу) билемин!»- деди
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦ
О, балдарым! Баргыла, Юсуф менен инисин издегиле! Аллаһтын ырайымынан үмүт үзбөгүлө! Аллаһтын ырайымынан каапыр адамдар гана үмүтсүз болушат
ﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽ
Алар (кайра Мисирге келип) Юсуфтун алдына киргенде (мындай) дешти: «О, урматтуу таксыр! Биз жана үй-бүлөбүз (баарыбыз) кыйналып калдык. Жана сага (бул ирет, болгон) биртике буюмдарды гана алып келдик. Бизге садака кылып, өлчөмдү толтуруп бер эми. Албетте, Аллаһ садака кылуучуларга сооп жазат!? (Юсуф агаларынын жүдөгөн абалдарына боору ооруп, өзүн таанытып, бир аз жемелеп)
ﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈ
(Мындай) деди: «Тээ наадандык жасаган кезиңерде, Юсуф менен анын инисине эмне кылганыңар эсиңердеби?»
ﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣ
«Сен (ошол) Юсуфсуңбу?!» - деди бардыгы (таң калып). «(Ооба) мен Юсуф боломун. А, бул болсо — иним. Аллаһ бизге ырайым көргөздү. Чынында, кимде-ким Аллаһтан коркуп, сабырдуу болсо, Аллаһ жакшылык кылуучулардын сыйлыгын текке кетирбейт.»- деди
ﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭ
(Анда) агалары: «Аллаһка ант, Аллаһ сени бизден абзел-жогору кылды. Биз ката кылуучулардан болдук!» дешти
ﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜ
(Юсуф) айтты: «Бүгүн силерди айыптамай жок. Силерди Аллаһтын Өзү кечирсин! Ал — ырайым кылуучулардын эң ырайымдуусу
ﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩ
Менин бул көйнөгүмдү атама алпарып, бетине жапкыла — көзү ачылат. Анан (атам-апамды алып) баарыңар үй-бүлөңөр менен мага (кайтып) келгиле» — деди
ﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷ
Ал эми, качан кербен (Мисирден) козголоору менен, (Палестинада, туугандаынын арасында отурган) атасы: «Эгер (акылынан адашкан деп) үстүмөн күлбөсөңөр, мен Юсуфтун жытын сездим!»- деди
ﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾ
«Аллаһка ант, сен кадимки эле адашуучулугуңдасың!» дешти (анын жанындагылар)
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦ
Ал эми, качан сүйүнчүлөгөн адам (жетип) келип, аны (Юсуфтун көйнөгүн) анын бетине таштаганда, көзү мурунку абалына кайтып, көрүп калды (жана): «Силерге: «Мен Аллаһтан (келген вахий себептүү) силер билбеген нерселерди көбүрөөк билемин» дебедим беле?»- деди
ﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯ
(Балдары) айтты: «О, атаке! Биздин күнөөбүздү(н кечирилишин) Аллаһтан сураңыз. Чынында, биз ката кылуучулардан болдук!»
ﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺ
(Яькуб) айтты: «Албетте силердин күнөөңөрдү кечирүүсүн Аллаһдан сураймын! Аныгында, Ал Кечирүүчү, Ырайымдуу
ﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉ
Юсуфка киришкенде, ата-энесин үйүнө түшүрүп: «Мисирге кош келдиңиздер! Аллаһ кааласа тынч келдиңиздер!»- деди
ﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝ
жана ата-энесин (жетелеп падышалык) тактыга алып барды. (Ошондо) бардыгы ага сажда (таазим) кылып жыгылышты. (Анда Юсуф): «О, атаке! Бул менин мурунку (балалыгымдагы) түшүмдүн мааниси. Раббим ал түшүмдү акыйкатка айлантты. Ал мени зыңдандан чыгарганда, силерди ээн чөлдөн (аман-эсен) алып келгенде жана шайтан мени менен агаларымдын арасын бузгандан! кийинки кездерде мага (чоң) ихсан-жакшылык кылды. Чынында, Раббим каалаган ишин кылдаттык менен иш жүзүнө ашырып коюучу! Чынында, Ал — Билүүчү, Даанышман
ﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶ
«О, Раббим! Сен мага мүлк-бийлик берип, түштөрдүн маанисин үйрөттүң! Оо, асмандар жана жердин жаратуучусу! Менин дүйнө-Акыреттеги сактоочум Өзүңсүң! Мени мусулман абалда өлтүрүп (наркы дүйнөдө) жакшы адамдарга кошкунуң!»
ﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆ
(О, Мухаммад!) Биз сага вахий кылган бул икая кайып кабарларынан. (Болбосо, Юсуфтун агалары) айлакерлик кылып, өз иштерин чогуу эрежелештирип жатканда, сен алардын алдында жок болчусуң
ﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍ
Эгер сен умтулсаң да адамдардын көпчүлүгү момун болушпайт
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜ
Сен ал (дааватың) үчүн алардан акы деле сурабайсың. Ал (Кураан) ааламдар(дагы бардык адамдар) үчүн эстетүү гана
ﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨ
Асмандар жана Жерде (Аллаһтын жалгыз Кудай экенин билдирген) канчалаган аян-белгилер бар. (Бирок,) адамдар алардан жүз бурган бойдон (ыймансыз) өтүп кетишүүдө
ﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰ
Алардан көпчүлүгү Аллайһка.., мушрик болгон абалда ишенишет
ﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿ
Алар өздөрүнө Аллаһтын ороп алуучу азабы келишинен же болбосо, сезбей турган мезгилдеринде капыстан Кыямат келип калышынан көңүлдөрү бейпил бекен
ﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓ
Айт: «Ушул менин жолум! Мен адамдарды Аллаһка (эч нерсени шерик кылбай сыйынууга) чакырамын! Мен жана мага ээрчигендер анык далилдин үстүндөбүз. Аллаһ (мушриктер сыпаттаган кемчилдиктүү сыпаттардан) Аруу-Таза! Жана мен мушриктерден эмесмин!”
ﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕ
Сенден мурда Биз (периштеден же аялдардан эмес) шаар элинин эркектеринен пайгамбар кылып, аларга вахий жибергенбиз. Жер бетинде саякат кылышпайбы жана өздөрүнөн мурункулардын (каапырлардын) акыбеттери кандай болгонун көрүшпөйбү? Ал эми, такыба адамдар үчүн Акырет Үйү жакшы. Акыл калчап көрбөйсүңөрбү
ﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪ
Аллаһтын пайгамбарлары деле, «Биз алдандыкпы» деп ойлоп калышкан(да гана) аларга Биздин жардамыбыз (каапырлардын башына түшкөн азап түрүндө) келген жана Биз каалаган адамдар куткарылган. Кылмышкер коомдордон болсо, Биздин азап (эч качан) кайтарылбайт
ﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃ
Алардын баяндарында акылдуу адамдар үчүн сабак бар. (Ошол икаяларды баяндаган Кураан болсо, Мухаммад тарабынан) ойлоп чыгарылган сөздөр эмес. А, бирок, өзүнөн мурунку (китептерди) тастыктоочу, бардык нерсенин толук баяны жана ыймандуу адамдар үчүн Туура Жол жана Ырайымдыр

Ыйык Куран


Tuesday, August 18, 2026

Don't forget us in your sincere prayers