PDF —
96 Аят Meccan PDF
Built right in your browser — download starts automatically

Аль-Вакиа сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)

Аль-Вакиа сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Аль-Вакиа сүрөсү Котормо. Аль-Вакиа сүрөсү (Meccan) 96 Аят.

← Ар-РахманАль-Вакиа сүрөсү Аль-Хадид →


96 Аят · Meccan · Кыргызча
bismillah
ﮃﮄﮅﮆ
56:1 (Кыяматтык) окуя болгондо
ﮇﮈﮉﮊ
56:2 Анын болгонун эч ким «жалган» дей албайт
ﮋﮌﮍ
56:3 Ал төмөндөтүүчү, бийиктетүүчү
ﮎﮏﮐﮑﮒ
56:4 Жер катуу силкинип, титирегенде
ﮓﮔﮕﮖ
56:5 Тоолор дагы талкаланып
ﮗﮘﮙﮚ
56:6 чаң-тозонго айланганда
ﮛﮜﮝﮞ
56:7 Жана силер (төмөндөгү) үч тайпага бөлүнгөндө
ﮟﮠﮡﮢﮣﮤ
56:8 Оңтарап ээлери. Оң тарап ээлери кандай (бийик даража)
ﮥﮦﮧﮨﮩﮪ
56:9 Жанасол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)
ﮫﮬﮭ
56:10 Алдыңкылар — алдыңкылар
ﮮﮯﮰ
56:11 Ошолор (Аллаһка) жакын болгондор
ﮱﯓﯔﯕ
56:12 Алар «Наим» (нээматы эң көп) бейиштерде болушат
ﯖﯗﯘﯙ
56:13 (Наим бейишине) абалкы момундардан көбүрөөк жамааттар
ﯚﯛﯜﯝ
56:14 Акыркылардан азыраак жамааттар (түшөт)
ﯞﯟﯠﯡ
56:15 Алар (асыл таштар аралаш) токулган сөрүлөрдө
ﯢﯣﯤﯥ
56:16 жамбаштап, бири-бирине бетмаңдай (сүйлөшүп) отурушат
ﭑﭒﭓﭔﭕ
56:17 (Алардын кызматында) түбөлүк жаш жигиттер тегеренип жүрүшөт
ﭖﭗﭘﭙﭚﭛ
56:18 Таттуу шарап толтурулган, көзөлөрү, кумуралары, чөйчөктөрү менен
ﭜﭝﭞﭟﭠﭡ
56:19 Ал шараптан алардын баштары оорубайт жана мас болушпайт
ﭢﭣﭤﭥ
56:20 (Кызматчы жигиттер, алар) тандаган мөмөлөр менен
ﭦﭧﭨﭩﭪ
56:21 табити каалаган (ар түрдүү, бышкан) куш эттери менен (тегеренип жүрүшөт)
ﭫﭬﭭ
56:22 Жана (алар үчүн) бакыраң көз үр кыздар бар
ﭮﭯﭰﭱ
56:23 (Седепте) жашынган бермет сыяктуу
ﭲﭳﭴﭵﭶ
56:24 Жасаган (сооп) иштеринин сыйлыгына
ﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽ
56:25 (Бейишилер) ал жерде маанисиз жана уят (күнөө) сөздөрдү угушпайт
ﭾﭿﮀﮁﮂ
56:26 Бир гана «салам-салам» (деген) сөздөрдү угушат
ﮃﮄﮅﮆﮇﮈ
56:27 Оңтарап ээлери. Оң тарап ээлери не деген (бакыт)
ﮉﮊﮋﮌ
56:28 (Алар) тикенсиз «Сидр»! дарагынын арасында
ﮍﮎﮏ
56:29 Мөмөлүү банан бактарында
ﮐﮑﮒ
56:30 Жайылган (кенен) көлөкөлөрдө
ﮓﮔﮕ
56:31 (Шар) аккан суулар(дын боюн)да
ﮖﮗﮘ
56:32 Көп мөмө-жемиштердин ичинде —
ﮙﮚﮛﮜﮝ
56:33 Түгөнбөгөн, үзүлбөгөн
ﮞﮟﮠ
56:34 (Жана) балпайган (жумшак, жибек) төшөктөрдө
ﮡﮢﮣﮤ
56:35 Биз аларды (Бейиштеги үр кыздарды) өзгөчө жаратуу менен жараттык
ﮥﮦﮧ
56:36 Биз аларды бикир* кылып жаратып
ﮨﮩﮪ
56:37 Бир тегиз куракта жана өтө сүймөнчүк (назик) кылып койдук
ﮫﮬﮭ
56:38 Оң тарап ээлери үчүн
ﮮﮯﮰﮱ
56:39 Алар (оң тарап ээлери) абалкылардан көп жамааттар
ﯓﯔﯕﯖ
56:40 Акыркылардан азыраак жамааттар
ﯗﯘﯙﯚﯛﯜ
56:41 Жана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)
ﯝﯞﯟﯠ
56:42 Алар «самум» менен «хамимдин!»!ичинде
ﯡﯢﯣﯤ
56:43 жана кап-кара түтүндүн «көлөкөсүндө»
ﯥﯦﯧﯨﯩ
56:44 Анын салкыны да жок, көркү да жок
ﯪﯫﯬﯭﯮﯯ
56:45 Алар мурда(гы жашоосунда) арамкор адамдар эле
ﯰﯱﯲﯳﯴﯵ
56:46 Алар үзгүлтүксүз, чоң күнөөлөрдү жасашкан
ﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿ
56:47 Жана «Биз өлүп топурак жана (чириген) сөөк болуп калсак деле кайра тирилет бекенбиз
ﰀﰁﰂ
56:48 Ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилет бекен?)»-дешкен
ﰃﰄﰅﰆﰇ
56:49 (Аларга айт): «Чынында, абалкылар дагы, акыркылар дагы
ﰈﰉﰊﰋﰌﰍ
56:50 Белгиленген күндүн убадасына чогултулат
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖ
56:51 Кийин, эй, акыретти «жалган» деп адашкандар
ﭗﭘﭙﭚﭛﭜ
56:52 «Заккум» дарагыңн(ын ачуу, тикенектүү «мөмөсүн») жейсиңер
ﭝﭞﭟﭠ
56:53 Аны менен курсагыңарды толтуруп
ﭡﭢﭣﭤﭥ
56:54 Үстүнөн кайнак суу ичесиңер
ﭦﭧﭨﭩ
56:55 Суусаган төө сыяктуу (жуткунуп) ичесиңер!»
ﭪﭫﭬﭭﭮ
56:56 Алардын Кыяматтагы «сыйтамагы» — ушул
ﭯﭰﭱﭲﭳ
56:57 (О, инсандар!) Силерди биз жаратканбыз, ишенгиле
ﭴﭵﭶﭷ
56:58 Өзүңөр агызган бел суу жөнүндө ойлоп көрдүңөрбү
ﭸﭹﭺﭻﭼﭽ
56:59 Аны (адам кылып) өзүңөр жаратып аласыңарбы же биз жаратабызбы
ﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅ
56:60 Силердин араңардагы өлүмдү да Биз тагдыр кылганбыз жана Биз алсыз эмеспиз
ﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏ
56:61 Силерге окшогондорду (кыйратып, башка элге) алмаштырууга жана (Кыяматта) силерге белгисиз абалда кайра жаратууга
ﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖ
56:62 Билесиңерго, (Аллаһ жасаган) абалкы жаратууну. Эсиңерге келбейсиңерби
ﮗﮘﮙﮚ
56:63 Өзүңөрдүн эгиндериңерге карабайсыңарбы
ﮛﮜﮝﮞﮟﮠ
56:64 Аны өзүңөр өндүрдүңөрбү же Биз өндүрдүкпү
ﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧ
56:65 Эгер кааласак Биз аны кууратып коймокбуз. Анан силер таңыркаган бойдон кайгырып
ﮨﮩﮪ
56:66 «Чынында биз зыянга баттык
ﮫﮬﮭﮮ
56:67 (Ырыскыдан) кол жууп калдык!»-демексиңер
ﮯﮰﮱﯓﯔ
56:68 Ичип жаткан сууңарга карабайсыңарбы
ﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜ
56:69 Аны булут арасынан силер түшүрдүңөрбү же Биз түшүрдүкпү
ﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣ
56:70 Эгер кааласак Биз аны туздуу кылып коймокбуз. Шүгүр кылбайсыңарбы
ﯤﯥﯦﯧﯨ
56:71 Өзүңөр жагып жаткан отко байкоо салдыңарбы
ﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯ
56:72 Анын (отун болгон) дарагын өзүңөр жаратып алдыңарбы же Биз жаратып бердикби
ﯰﯱﯲﯳﯴﯵ
56:73 Биз жаратканбыз аны, (Кыяматтагы тозок отунан) эскерме иретинде жана мусапырлар пайдаланышы үчүн
ﯶﯷﯸﯹﯺ
56:74 Эми (о, Мухаммад) Улук Раббиңдин ысымын (кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула
ﯻﯼﯽﯾﯿﰀ
56:75 Мен жылдыздардын (баткандагы жана чыккандагы) орду менен ант ичемин
ﰁﰂﰃﰄﰅﰆ
56:76 Бул өтө улук ант, эгер билсеңер
ﭑﭒﭓﭔ
56:77 Ал- Улук Кураан
ﭕﭖﭗﭘ
56:78 Сакталган-жашыруун Китепте
ﭙﭚﭛﭜﭝ
56:79 Аны (Кураанды) таза адамдар гана кармайт
ﭞﭟﭠﭡﭢ
56:80 Ал—- ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн
ﭣﭤﭥﭦﭧ
56:81 Силер бул (Улук) Сөздү баалабайсыңарбы
ﭨﭩﭪﭫﭬ
56:82 Аны «жалган» деп, четке кагууну өнөр-ырыскы кылып аласыңарбы
ﭭﭮﭯﭰﭱ
56:83 (Эгер бир жакыныңардын) жан(ы) алкымга келсе
ﭲﭳﭴﭵ
56:84 Ошондо (колуңардан эч нерсе келбей) карап каласыңар
ﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽ
56:85 (Анткени), аларга (илим-кудуретибиз жана периштелерибиз менен) силерге караганда Биз жакыныраакпыз. Бирок, силер (аларды) көрбөйсүңөр
ﭾﭿﮀﮁﮂﮃ
56:86 Эгер силер (өлбөс жана) эсеп бербес болсоңор
ﮄﮅﮆﮇﮈ
56:87 (Алкымына келген) жанды кайтаргылачы кана, эгер чынчыл болсоңор
ﮉﮊﮋﮌﮍﮎ
56:88 Эми эгер (жаны алкымга келген) адам алдыңкылардан болсо
ﮏﮐﮑﮒﮓ
56:89 (Ага наркы дүйнөдө) ырахат, жыргал жана «Наим» бейиши даяр
ﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚ
56:90 Ал эми ал оң тарап ээлеринен бири болсо
ﮛﮜﮝﮞﮟﮠ
56:91 Анда сага (эй жаны алкымына келген пенде), оң тарап ээлеринин саламы болсун
ﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧ
56:92 Эгерде ал адашкан жана (Кураанды) «жалган» дегендерден болсо
ﮨﮩﮪﮫ
56:93 Ага кайнак суудан «сыйтамак» берилип
ﮬﮭﮮ
56:94 Тозокко ташталат
ﮯﮰﮱﯓﯔﯕ
56:95 Чынында бул (айтылгандар) эч күмөнсүз Акыйкат
ﯖﯗﯘﯙﯚ
56:96 Демек, Улук Раббиңдин ысымын аруулагын (ар убак)

Ыйык Куран


Wednesday, September 9, 2026

Don't forget us in your sincere prayers