Сүрөсү Аль-Хакка pdf — Жүктөө (Кыргызча)
Сүрөсү Аль-Хакка pdf Кыргызча — Жүктөө Сүрөсү Аль-Хакка Котормо. Аль-Хакка (Meccan) 52 Аят.
Related
- Аль-Хакка КотормоКыргызча
- Аль-Хакка mp3Укта
- Quran Index Кыргызча114
More Сүрөсү PDF
Сүрөсү Аль-Хакка

ﮯﮰ
Ал-— Хаакка
ﮱﯓﯔ
«Ал=— Хаакка» дегени эмне
ﯕﯖﯗﯘﯙ
(О, Мухаммад!) «Ал — Хаакка» эмне экенин сен кайдан билмек элең?”
ﯚﯛﯜﯝﯞ
«Самуд» менен «Аад» (коому) Кыяматты жалганга чыгарышкан эле
ﯟﯠﯡﯢﯣ
Анан... Самуд (эли жүрөк жарган) ач айкырык менен кыйратылды
ﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪ
Ал эми, Аад болсо, кутурган бороон шамал менен өлтүрүлдү
ﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻ
(Аллаһ) ал шамалды алардын үстүнө жети түн, сегиз күн токтоосуз «кызмат кылдырып» койду. Анан сен (оо, көрүүчү) ал жердеги адамдарды оонап, айкалышып жаткан курма дарагынын денелери сыяктуу кароосуз өлүп жаткандарын көрөсүң
ﯼﯽﯾﯿﰀﰁ
Эми, карачы (алардан бирөө-жарымынын) өлбөй калганын көрөөр бекенсиң
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗ
Анан Фираун, андан мурунку (каапыр) адамдар жана көңтөрүлгөн шаар (элдери — Лут коому) каапырчылык (иштерди) жасашып
ﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞ
Раббисинин пайгамбарына каршы чыгышты эле, (Рабби) аларды өтө катуу азап менен кыйратты
ﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦ
(Нух доорундагы топон) суу ташкан убакытта, Биз (каапырларды кыйратып) силерди кемеде көтөрүп койгон элек
ﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭ
Аны (кемени) силерге үлгү-сабак кылуу үчүн жана акылдуу адамдар (сабак катары) билип жүрүү үчүн
ﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴ
Эми, качан «Сур» (деп аталган чоор) бир ирет тартылганда
ﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻ
жер менен тоолор көтөрүлүп, бир ирет кагыштырылып (тоолор упадай урап, жер менен тегиз болуп калганда)
ﭼﭽﭾﭿ
Дал ошол күндө Ваакеьа (Кыямат) болот
ﮀﮁﮂﮃﮄﮅ
Жана ал күндө үлпүлдөк (алсыз) болуп калган асман жарылганда
ﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐ
жана асмандын ар тарабында периштелер (Аллаһтын кызматына даяр туруп), алардын үстүндө сегиз (күч-кубаттуу периште) Раббиңдин Аршын көтөргөндө
ﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗ
дал ошол күндө силер (Раббиңерге) жолуктуруласыңар. Силердин эч бир сыр(ыңар) жашыруун калбайт.”
ﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡ
Кимге китеби оң тарабынан берилсе, ал (сүйүнгөн бойдон мындай) дейт: «Эй! Мына, менин китебимди окуп көргүлө
ﮢﮣﮤﮥﮦﮧ
Мен бул эсеп-китебиме жолугууга анык ишенген болчумун!»
ﮨﮩﮪﮫﮬ
Анан ал өзү ыраазы болгон жашоодо —
ﮭﮮﮯﮰ
— эң жогорку Бейиште болот
ﮱﯓﯔ
Анын мөмөлөрү (отурган жерден кол сунсаң эле жеткидей аралыкта) ийилип турут
ﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝ
(Анан аларга айтылат) «Өткөн (дүйнө жашоосунда) жасаган (сооптуу) ишиңер себептүү жегиле, ичкиле — аш болсун!»
ﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨ
Ал эми, (амал) китеби сол тарабынан берилген (бактысыз адамдар кайгырып мындай)
ﯩﯪﯫﯬﯭ
жана эсебим кандай экенин билбей эле калсам экен
ﯮﯯﯰﯱ
Кана эми, ал (менин өлүмүм) чечүүчү болсо! (кайра тирилүү деген болбосо)
ﯲﯳﯴﯵﯶﯷ
Мал-дүйнөм мага пайда бербей калды
ﯸﯹﯺﯻ
Менин күч-кубатым (салтанат-бийлигим) жок болуп кетти!»
ﯼﯽﯾ
(О, периштелер!) Аны кармап, кишендегиле
ﯿﰀﰁﰂ
Кийин тозокко таштагыла
ﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊ
Андан соң узундугу жетимиш чыканак келген чынжырга өткөргүлө!»
ﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑ
(Себеби), Ал Улук Аллаһка ыйман келтирбеди
ﰒﰓﰔﰕﰖﰗ
жана бей-бечараларды тамактандырууга (эч кимди) кызыктырбады
ﰘﰙﰚﰛﰜﰝ
Ал (азаптуу) күндө ал жерде ага (эч бир) дос-жардамчы болбойт
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖ
Тамак-аш да болбойт. Бир гана «гислийн» (деген «тамак»)? болот
ﭗﭘﭙﭚﭛ
Аны күнөөлүү адамдар гана жейт
ﭜﭝﭞﭟﭠ
Мен силер көргөн нерселер менен ант ичип
ﭡﭢﭣﭤ
Жана көрө албаган (бардык) нерселер менен ант ичип (айтамын)
ﭥﭦﭧﭨﭩ
«Ал (Кураан) Улук пайгамбардын (Аллаһ үйрөткөн) Сөзү
ﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲ
Ал акындын сөзү эмес! Өтө аз ыйман келтирип жатасыңар
ﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺ
Ал көзү ачыктын да сөзү эмес!! (Аллаһты) өтө аз эскерип жатасыңар
ﭻﭼﭽﭾﭿ
Ал ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн
ﮀﮁﮂﮃﮄﮅ
Эгер ал (Мухаммад) (Кураандагы) кээ бир сөздөрдү (ойлоп чыгарган жана «ушул — Аллаһтын сөзү» деп, аны) Бизге оодарган болсо
ﮆﮇﮈﮉ
Биз аны күч менен кармап, өч алмакпыз
ﮊﮋﮌﮍﮎ
Кийин жүрөк тамырын үзүп жибермекпиз
ﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕ
Анан силердин араңардан эч ким аны (Бизден) куткарып кала алмак эмес
ﮖﮗﮘﮙ
Ал (Кураан) такыбаа кишилер үчүн эскерме-сабак
ﮚﮛﮜﮝﮞﮟ
Силердин араңарда (Кураанды) «жалган» дегендер бар экенин Биз эң жакшы билебиз
ﮠﮡﮢﮣﮤ
Ал каапырларга кайгы!”
ﮥﮦﮧﮨ
Чындыгында, бул анык чындык
ﮩﮪﮫﮬﮭ
Ошентип, Эң Улуу Раббиңдин ысымын даңазалагыла
Ыйык Куран
Tuesday, August 18, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







