Аль-Аля сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)
Аль-Аля сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Аль-Аля сүрөсү Котормо. Аль-Аля сүрөсү (Meccan) 19 Аят.
Related
- Аль-Аля сүрөсү КотормоКыргызча
- Аль-Аля сүрөсү mp3Укта
- Quran Index Кыргызча114
More Сүрөсү PDF
Аль-Аля сүрөсү

ﮟﮠﮡﮢﮣ
87:1
Эң жогорку Раббиңдин ысымын (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула
ﮤﮥﮦﮧ
87:2
Ал(бүт ааламдарды) жараткан жана теңсалмактуу кылган
ﮨﮩﮪﮫ
87:3
Жана (ааламдардагы жандуу-жансыз нерселердин өмүрүн, тагдырын) өлчөп-белгилеп, (ар бирине өзгөчө касиеттер берип, жашоо жолуна) багыттаган
ﮬﮭﮮﮯ
87:4
Ал (эрте жазда жерден ар түрдүү) өсүмдүктү чыгарып
ﮰﮱﯓﯔ
87:5
андан соң (кеч күздө) карарган чөп кылып койот
ﯕﯖﯗﯘ
87:6
(О, Мухаммад), Биз сага (Кураанды) окутабыз. Анан сен эч унутпайсың
ﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣ
87:7
Бирок, Аллаһ (унуттурууну) каалаган нерселерди гана унутасың. Ал чынында, ашкере жана купуя нерселерди билет
ﯤﯥﯦ
87:8
Жана Биз сага оңой жолду жеңил кылып беребиз
ﯧﯨﯩﯪﯫ
87:9
Эми, насаат пайда берсе (адамдарга Кураан менен) насаат айткын
ﯬﯭﯮﯯ
87:10
(Насаатты) Аллаһтан корккон адамдар гана эсине алышат
ﭑﭒﭓ
87:11
Шордуу адам болсо андан качат
ﭔﭕﭖﭗﭘ
87:12
Ал эбегейсиз чоң отко кире турган киши
ﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟ
87:13
Ал анын (тозоктун) ичинде же өлө албайт же жашай албайт
ﭠﭡﭢﭣﭤ
87:14
Ким (ыйман менен) тазарган болсо, ал ийгиликке жетти
ﭥﭦﭧﭨﭩ
87:15
Жана Раббисинин ысымын эскерип, намаз окуса ( - ийгиликке жетти)
ﭪﭫﭬﭭﭮ
87:16
Силер (эй, каапырлар!) дүйнө жашоосун (Акыреттен) жогору койосуңар
ﭯﭰﭱﭲ
87:17
Бирок, Акырет (жашоосу) жакшы жана түбөлүк
ﭳﭴﭵﭶﭷﭸ
87:18
Чынында, бул (айтылгандар) абалкы (ыйык) барактарда да бар эле
ﭹﭺﭻﭼ
87:19
Ибрахимдин жана Мусанын барактарында
Ыйык Куран
Wednesday, September 9, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







