Сүрөсү Ад-Духан
PDF —
Built right in your browser — download starts automatically
Сүрөсү Ад-Духан pdf — Жүктөө (Кыргызча)
Сүрөсү Ад-Духан pdf Кыргызча — Жүктөө Сүрөсү Ад-Духан Котормо. Ад-Духан (Meccan) 59 Аят.
Related
- Ад-Духан КотормоКыргызча
- Ад-Духан mp3Укта
- Quran Index Кыргызча114
More Сүрөсү PDF
Сүрөсү Ад-Духан

ﭑﭒ
Хаа. Мийм
ﭓﭔﭕ
Анык баяндоочу Китепке ант
ﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟ
Бизаны (Кураанды) Ыйык (Кадыр) түнүндө түшүрдүк. Жана Биз (аны менен элдерди) эскертүүчүбүз
ﭠﭡﭢﭣﭤﭥ
Алтүндө ар бир өкүм кылынган иштер белгиленет.”
ﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭ
Биздин буйругубуз болгону себептүү. Чынында, Биз пайгамбарларды жиберүүчүбүз
ﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶ
Раббиңден ырайымдуулук иретинде. Чынында, Ал - Угуучу, Билүүчү
ﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀ
(Жана Ал) эгер ишенсеңер, асмандардын, жердин жана ал экөөнүн ортосундагы (бардык) нерселердин Раббиси
ﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌ
Эч бир кудай жок, жалгыз Өзү бар! Ал тирилтет жана өлтүрөт. Силердин жана абалкы ата-бабаңардын Раббиси
ﮍﮎﮏﮐﮑﮒ
Жок! Алар (ойлонуунун ордуна) күмөн санап оюнкарактык кылышууда
ﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙ
Сен (алардын башына) асман анык түтүн келтирген Күндү күт
ﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠ
Бул жан ооруткан азап (түтүн) адамдарды (мушриктерди) ороп алат
ﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧ
(Анан алар): «О, Рабби! Биз ыйман келтирели! Бизден азапты арылта көр!» (дешет)
ﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯ
Алар кайдан эсине келмек эле! Акыры, аларга (ушуга чейин эле) анык баяндоочу пайгамбар келген
ﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗ
(Бирок) кийин андан жүз үйрүп: «(Кураан сага христиан аалымдары тарабынан) үйрөтүлгөн. (Сен) жиндисиң»- дешти
ﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟ
Биз, аныгында, силерден азапты бир аз арылттык. Силер болсо (күнөөгө кайра) кайттыңар
ﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦ
(Анан) чоң азап менен азапталган күнү? Биз силерден өч алдык
ﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰ
Биз алардан мурун Фираун элин сынадык. Аларга улук элчи (Муса) келди
ﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻ
(Жана мындай деди): «Аллаһтын пенделерин мага тапшыргыла!? Мен силерге ишеничтүү пайгамбармын
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛ
Өзүңөрдү Аллаһтан жогору койбогула! Мен силерге анык далилдерди алып келдим
ﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢ
Мени ташбараң кылууңардан коргоо тилеп өзүмдүн жана силердин Раббиңерге жалбарамын
ﭣﭤﭥﭦﭧﭨ
Эгер ыйман келтирбесеңер, мени жөн койгула»
ﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯ
Анан ал Раббисине: «Алар күнөөкөр элдер экен. (Аларга азап жибер)»- деп дуба кылды
ﭰﭱﭲﭳﭴﭵ
(Аллаһ анын дубасын кабыл алып) «Менин пенделеримди алып түнү менен (Мисирден) чык. Силердин артыңардан кубалашат»- деп, (вахий кылды). (Фираун аларга жетейин деп калганда Аллай Таала Мусага «Таягың менен деңизди ур» деп вахий кылат. Буйрукту аткарганда, он эки уруу үчүн деңизден он эки жол ачылат. Муса эли менен аман-эсен өтүп, деӊизди дагы баягы калыбына келтирүү үчүн аса таягын саздап калганда, Аллай Таала, алардын артынан келген Фираун аскерлерин деӊиз-жолго киргизүү үчүн, Мусага)
ﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽ
«Деңизди жөн кой. Алар чөгүп кетүүчү аскерлер!» - деди
ﭾﭿﮀﮁﮂﮃ
Алар нечендеген бактарды, булактарды
ﮄﮅﮆﮇ
Эгиндерди, эң мыкты үй-жайларды
ﮈﮉﮊﮋﮌ
Жана ойноп-чардаган (башка көп) нээматтарды (ээсиз калтырып чөгүп кетишти)
ﮍﮎﮏﮐﮑﮒ
Ошентип, Биз аларды башка коомго (Исрайил урпактарына) мурастап бердик
ﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛ
Аларга асман да, жер да ыйлаган жок! Аларга мөөнөт да берилген жок
ﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣ
Биз Исрайил урпактарын кордук (кулчулук) азабынан —
ﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬ
— Фираундан куткардык. Ал өзүн (Аллаһтан да) бийик сезген, чектен чыккан адамдардан эле
ﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔ
Биз билген абалда аларды (Исрайил урпактарын) ааламдардан (адамдардан) тандап алган элек
ﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜ
Жана аларга анык сыноолорду? ичине камтыган моожизаларды бердик
ﯝﯞﯟﯠ
Алар (Курайш каапырлары) айтышты
ﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩ
«Биринчи өлүмүбүздөн башка өлүм (биринчи жашообуздан башка жашоо) жок. Биз (эч качан) кайра тирилбейбиз
ﯪﯫﯬﯭﯮﯯ
Эгер силер (о, момундар) чынчыл болсоңор,? биздин ата-бабабызды (тирилтип) алып келгилечи?!»
ﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽ
Ушулар (Макка мушриктери) жакшыбы же болбосо, Тубба* коому жакшыбы? (Ал коом) булардан мурун жашаган (сан жагынан да, күч-кубат жагынан да булардан артык болгон) адамдар. Биз ошолорду да кыйраттык. (Себеби) алар күнөөкөр коом эле
ﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅ
Биз асмандарды, жерди жана экөөсүнүн арасындагы нерселерди эрмек үчүн (беймаксат) жаратканыбыз жок
ﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎ
Ал экөөсүн (жана ортосундагы нерселерди) Акыйкат менен жараттык. Бирок, (муну) алардын көпчүлүгү билбейт
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖ
Чынында, (акыйкат менен жалган) ажыратыла турган (Кыямат) Күн бардык адамдардын эсеп берчү убактысы
ﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡ
Ал күндө дос (өзүнүн) досуна эч нерсени жардам бере албайт жана өздөрү да (эч кимден) жардам ала албайт
ﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪ
Бир гана Аллаһ ырайым кылган кишилерге (Аллаһ тарабынан жардам берилет). Ал Кудуреттүү жана Ырайымдуу
ﭫﭬﭭﭮ
(Тозоктогу) «Заккум» дарагы —
ﭯﭰﭱ
Күнөөкөр адамдардын тамагы
ﭲﭳﭴﭵﭶ
Ал курсактарда кайнаган ириң (же зайтун майы) сыяктуу
ﭷﭸﭹ
Кайнак суунун кайнаганы сыяктуу
ﭺﭻﭼﭽﭾﭿ
«Аны (күнөөкөр адамды) кармагыла (жана) тозоктун ортосуна сүйрөгүлө!»
ﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇ
Кийин башынан ылдый кайнак суу азабын куйгула!»
ﮈﮉﮊﮋﮌﮍ
(Эй, кылмышкер, мушрик! Азабыңды) тарт! Сен «улук-урматтуу» эмес белең
ﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔ
Бул— силер ишенбеген азаптар
ﮕﮖﮗﮘﮙﮚ
Ал эми, такыбаа кишилер тынч-бейпил жерлерде
ﮛﮜﮝﮞ
Бейиштерде, булактарда
ﮟﮠﮡﮢﮣﮤ
«Истабрак» жана «сундус» (деген) жибек кийимдерден кийип, бет-маңдай (сүйлөшүп) отурушат
ﮥﮦﮧﮨﮩ
Ошондой эле, Биз аларды бото көз сулууларга үйлөнтүп койобуз
ﮪﮫﮬﮭﮮﮯ
Алар анда эч кайгысыз абалда, ар түрдүү мөмөлөрдөн чакырышат
ﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜ
Ал жерде биринчи (дүйнөдөгү) өлүмдөн башка өлүмдү(н даамын) татышпайт. (Аллаһ) аларды тозок азабынан сактаган
ﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥ
(Бул) — Раббиңден болгон пазилет! Бул — чоң жеңиш
ﯦﯧﯨﯩﯪﯫ
(О, Мухаммад!) Биз аны (Кураанды) эскерме алышаар бекен деп, сенин тилиңе жеңил кылып койдук
ﯬﯭﯮﯯ
Эми сен (Аллаһ алардын жазасын беришин) күт. Алар да (сага бир зыян келишин) күтүшүүдө
Ыйык Куран
Tuesday, August 18, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







