Сүрөсү Аль-Худжурат
PDF —
Built right in your browser — download starts automatically
Сүрөсү Аль-Худжурат pdf — Жүктөө (Кыргызча)
Сүрөсү Аль-Худжурат pdf Кыргызча — Жүктөө Сүрөсү Аль-Худжурат Котормо. Аль-Худжурат (Medinan) 18 Аят.
Related
- Аль-Худжурат КотормоКыргызча
- Аль-Худжурат mp3Укта
- Quran Index Кыргызча114
More Сүрөсү PDF
Сүрөсү Аль-Худжурат

ﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟ
О,ыйман келтиргендер! Аллаһтын жана пайгамбарынын алдында (бир иш же сөз менен) жулунбагыла! Жана Аллаһтан корккула! Чынында, Аллаһ Угуучу, Билүүчү
ﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗ
О,ыйман келтирген пенделер! Добушуңарды пайгамбардын добушунан бийик көтөрбөгүлө! Билбестиктен улам (сооптуу) ишиңер «күйүп кетпеши» үчүн, бири-бириңерге кыйкырып сүйлөгөндөй ага (пайгамбарга) кыйкырып сүйлөбөгүлө
ﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪ
Чынында, Аллаһтын элчисинин алдында добушун төмөндөткөн адамдар гана, Аллаһ алардын жүрөктөрүн такыбалык үчүн сынаган (жана сыноодон өткөн) кишилер. Аларга (Аллаһ тарабынан) кечирим жана улук сооп бар
ﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴ
(О, Мухаммад), чынында, сага бөлмөлөрдүн артынан кыйкырган кишилердин көпчүлүгү акылын иштетпеген адамдар
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞ
Эгер алар, сен чыкканга чейин сабыр кылып турушканда өздөрүнө жакшы болмок. (Бирок), Аллаһ - Кечирүүчү, Боорукер
ﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰ
О,ыйман келтирген пенделер! Эгер силерге бир күнөөлүү адам (кандайдыр) кабар алып келсе, наадандык менен (ал жамандаган) коомду кайгы-капага салбашыңар үчүн жана жасаган ишиңерге бушайман болуп калбашыңар үчүн жакшылап (чын-төгүнүн) териштиргиле
ﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏ
Жана билип алгыла, силердин араңарда Аллаһтын элчиси бар! Эгер ал көпчүлүк иштерде силерге моюн сунса, кыйналып каласыңар!! Бирок Аллаһ силерге ыйманды жакшы көргөзүп, аны менен жүрөгүңөрдү кооздоп койду жана силерге каапырчыкты, күнөөнү, (Өзүнө) каршы чыгууну жаман көргөздү. Ушул (сыпаттагы) адамдар гана, Туура Жолдогу кишилер
ﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘ
Аллаһ тарабынан (берилген) пазилет жана нээмат (ушул). Аллаһ - Билерман, Даанышман
ﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛ
Эгерде момундардан эки тайпасы өз ара согушуп калса, экөөнүн арасын оңдогула! Эгерде экөөсүнөн бири экинчисине зулум кылса, силер зулум кылганына каршы, Аллаһтын буйругуна кайтканга чейин согушкула! Эгер (тооба кылып, Аллаһтын өкүмүнө) кайтса, экөөсүнүн арасын адилеттик менен оңдоп (жараштырып) койгула! Жана (колуңардан келишинче) адилет кылгыла! Чынында, Аллаһ адил адамдарды сүйөт
ﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧ
Чынында, (бардык) момундар — бир туугандар! Бир тууганыңардын арасын оңдогула! Жана Аллаһтан корккула! Ажеп эмес, ырайымына арзысаңар
ﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒ
О, ыйман келтирген пенделер! Эч бир эл башка элди мазактабасын! Алар (мазакталгандар) булардан жакшыраак болуп калуусу толук мүмкүн. Жана эч бир аялдар башка аялдарды шылдыңдабасын, алар булардан жакшыраак болуп калышы мүмүкүн. Өзүңөрдү-өзүңөр (жаман) ылакаптар менен мыскылдабагыла! Ыймандын артынан бузук ысым (менен аталуу) кандай жаман! Ал эми, кимде-ким тооба кылбаса, алар — заалымдар
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴ
О,ыйман келтиргендер! Күмөнчүл болуудан сактангыла! Чынында, кээ бир күмөндөр күнөө.! Жана бири-бириңерди аңдыбагыла жана бири-бириңерди кыйбат кылбагыла! Силерден бириңер өз бир тууганынын этин жегенди жактырабы?!” Жактырбайсыңарго! Аллаһтан корккула! Чынында, Аллаһ тообаларды Кабылдоочу, Боорукер
ﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋ
О, адамдар! Биз силерди бир эркек жана бир аялдан (Адам-Ата менен Хаваа-Энеден) жаратып, өз ара таанышып-билишиңер үчүн улуттарга, урууларга (бөлүп) койдук. Аллаһтын назарында силердин эң улугуңар — такыбалуураак болгонуңар. Аллаһ чынында, Билүүчү, Кабардар
ﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫ
Бедуиндер: «Биз ыймандуубуз»-дешет. Айткын: «Ыймандуу эмессиңер, бирок «Исламга кирдик»-дегиле. Ыйман силердин жүрөгүңөргө толук жете элек»!. Жана эгер Аллаһка жана Анын элчисине моюн сунсаңар, Ал силердин амалыңардан эч нерсени кемитпейт. Чынында, Аллаһ -Кечиримдүү, Ырайымдуу
ﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠ
Албетте, Аллаһка жана Анын элчисине ыйман келтирип, андан (өз ыйманынан) шек санабаган жана Аллаһтын жолунда малдары, жандары менен жихад кылган адамдар гана (ыйманында) чынчыл кишилер
ﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲ
(О, Мухаммад, акылысыз адамдарга) айткын: «Аллаһка диниңерди билдирип койоюн дедиңерби? Аллаһ асмандардагы жана жердеги (бардык) нерселерди (ошонун арасында силердин жүрөгүңөрдөгү ой-максатыңарды да) билет. Жана Аллаһ - бардык нерселерди Билүүчү»
ﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈ
Алар сага өздөрүнүн мусулман болгондуктарын милдет (колко) кылышат. Айткын: «Исламга киргениңерди колко кылбагыла! Тескерисинче, Аллаһ силерди Туура Жолго баштаганын колко кылат, эгер (ыйманыңарда) чынчыл болсоңор»
ﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒﰓﰔ
Чынында, Аллаһ асмандардагы жана Жердеги кайыптарды билет. Аллаһ силер жасаган иштерди Көрүүчү
Ыйык Куран
Tuesday, August 18, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







