PDF —
78 Аят Medinan PDF
Built right in your browser — download starts automatically

Ар-Рахман сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)

Ар-Рахман сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Ар-Рахман сүрөсү Котормо. Ар-Рахман сүрөсү (Medinan) 78 Аят.

← Аль-КамарАр-Рахман сүрөсү Аль-Вакиа →


78 Аят · Medinan · Кыргызча
bismillah
ﭷﭸ
55:1 Ар-Рахман
ﭹﭺﭻ
55:2 Кураанды таалим берди
ﭼﭽﭾ
55:3 Инсанды жаратты
ﭿﮀﮁ
55:4 (Жана) ага баянды — сөздү үйрөттү
ﮂﮃﮄﮅ
55:5 Күн дагы, Ай дагы (Аллаһ койгон) эсеп менен (айланат)
ﮆﮇﮈﮉ
55:6 Жылдыз дагы, дарак дагы (Раббисин таанып, Ага) сажда кылат
ﮊﮋﮌﮍﮎ
55:7 (Аллаһ) асманды бийик көтөрдү жана (жерге) адилеттүүлүк орнотту
ﮏﮐﮑﮒﮓ
55:8 Таразада кыянат кылбагыла деп
ﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚ
55:9 Адилет менен өлчөгүлө жана таразадан «кымтып» калбагыла
ﮛﮜﮝﮞ
55:10 Ал жерди калк-калайык? үчүн (мекен) кылды
ﮟﮠﮡﮢﮣﮤ
55:11 Анда (ар түрдүү) мөмөлөр жана бүчүр түйгөн курмалар
ﮥﮦﮧﮨﮩ
55:12 Кылкандуу дандар жана жыпар жыттуу гүлдөр бар
ﮪﮫﮬﮭﮮ
55:13 Эми (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﮯﮰﮱﯓﯔﯕ
55:14 Ал инсанды (Адам-Атаны) чопо сыяктуу кургак ылайдан жаратты
ﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜ
55:15 Жин-Иблисти болсо, оттун жалынынан жаратты
ﯝﯞﯟﯠﯡ
55:16 Эми, (о, инсандар жана жиндер) Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﯢﯣﯤﯥﯦ
55:17 Ал эки чыгыш менен эки батыштын? Раббиси
ﯧﯨﯩﯪﯫ
55:18 (О, инсандар жана жиндер) Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﭑﭒﭓﭔ
55:19 Ал деңиз менен дайраны(н суусун) аралаштырды
ﭕﭖﭗﭘﭙ
55:20 (Бирок), ортосунда (Аллаһ койгон) тосмо бар: өтүшпөйт
ﭚﭛﭜﭝﭞ
55:21 Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﭟﭠﭡﭢﭣ
55:22 Алардан (Аллаһ) берметтерди, шуруларды чыгарат
ﭤﭥﭦﭧﭨ
55:23 Эми, (о, инсандар жана жиндер) Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯ
55:24 (Адам колу менен) жасалган деңиздеги тоо сыяктанган кемелер дагы (чынын айтканда) Анын мүлкү
ﭰﭱﭲﭳﭴ
55:25 Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﭵﭶﭷﭸﭹ
55:26 Жер жүзүндөгү бардык нерсе жок болуучу
ﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀ
55:27 Бир гана улуу-урматтуулук Ээси болгон Раббиңдин Жүзү түбөлүк
ﮁﮂﮃﮄﮅ
55:28 Эми, (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑ
55:29 Асмандагы жана жердегинин бардыгы Андан (жардам, ырыскы) сурашат. Ал ар күн сайын иш үстүндө
ﮒﮓﮔﮕﮖ
55:30 Эми, Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﮗﮘﮙﮚﮛ
55:31 О, инсандар жана жиндер! Силер(ден эсеп алуу) үчүн бошой алабыз
ﮜﮝﮞﮟﮠ
55:32 Эми, Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓ
55:33 О, инсандар менен жиндер жамааты! Эгер асмандар менен жердин чекараларынан чыгып кете алсаңар — кете бергиле. (Аллаһтан) уруксат (же кубат) берилмейинче чыга албайсыңар
ﯔﯕﯖﯗﯘ
55:34 Эми, Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡ
55:35 Силерге оттун жалыны менен (эритилген) жез жиберилет жана (бири-бириңерге) жардам бере албай каласыңар
ﯢﯣﯤﯥﯦ
55:36 Эми (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭ
55:37 Эгер (Кыямат келип) асман жарылса, кызыл гүлдүн түсүндөй кайнак майга айланат
ﯮﯯﯰﯱﯲ
55:38 Эми (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻ
55:39 Ал күндө инсандар менен жиндердин күнөөсү (периштелер тарабынан) суралбайт
ﯼﯽﯾﯿﰀ
55:40 Эми (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇ
55:41 Күнөөлүүлөр өңүнөн эле таанылып турат. Анан алардын маңдай көкүлүнөн жана тамандарынан кармалат (дагы, тозокко ташталат)
ﭑﭒﭓﭔﭕ
55:42 Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜ
55:43 Күнөөлүүлөр жалган деген тозок — ушул
ﭝﭞﭟﭠﭡﭢ
55:44 Алар тозок менен «хамимдин» арасында айланышат
ﭣﭤﭥﭦﭧ
55:45 (О, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﭨﭩﭪﭫﭬﭭ
55:46 Ал эми, Раббисинин алдында (сурак берип туруудан) корккондорго эки бейиш-бак берилет
ﭮﭯﭰﭱﭲ
55:47 (О, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﭳﭴﭵ
55:48 Эки бак тең бутактуу.”
ﭶﭷﭸﭹﭺ
55:49 (Эй, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﭻﭼﭽﭾ
55:50 Экөөндө тең агып турган булактар
ﭿﮀﮁﮂﮃ
55:51 Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﮄﮅﮆﮇﮈﮉ
55:52 Экөөндө тең жуп-жуптан ар түркүн мөмөлөр бар
ﮊﮋﮌﮍﮎ
55:53 Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙ
55:54 (Бейиш ээлери) ичилиги жибек төшөктөргө жөлөнүп отурушат. Эки Бейиштин тең мөмөлөрү ийилген
ﮚﮛﮜﮝﮞ
55:55 (О, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨ
55:56 Ал төшөктөрдө инсандын да, жиндин да колу тийбеген жана көзүн (жат эркектен) сактаган үр кыздар бар
ﮩﮪﮫﮬﮭ
55:57 (О, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﮮﮯﮰﮱ
55:58 Ал үр кыздар жакут-маржан сыяктуу
ﯓﯔﯕﯖﯗ
55:59 Дагы Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﯘﯙﯚﯛﯜﯝ
55:60 Жакшылыктын жообу (ушундай) жакшылыктан башка эмес
ﯞﯟﯠﯡﯢ
55:61 Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﯣﯤﯥﯦ
55:62 Эки Бейиштен ылдыйраакта дагы эки Бейиш бар
ﯧﯨﯩﯪﯫ
55:63 Дагы Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﯬﯭ
55:64 Эки (күмүш) Бейиш тең жашыл түстө
ﯮﯯﯰﯱﯲ
55:65 Дагы Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﯳﯴﯵﯶ
55:66 Экөөндө тең атырылган булактар
ﯷﯸﯹﯺﯻ
55:67 Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﯼﯽﯾﯿﰀ
55:68 Экөөсүндө тең мөмөлөр, курмалар жана анарлар
ﰁﰂﰃﰄﰅ
55:69 Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﭑﭒﭓﭔ
55:70 Бейиштердин бардыгында татынакай, ай чырайлуу селкилер
ﭕﭖﭗﭘﭙ
55:71 Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﭚﭛﭜﭝﭞ
55:72 Үр кыздар бар, (күн тийбеген) чатырларда сакталган
ﭟﭠﭡﭢﭣ
55:73 Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪ
55:74 Аларга мурда эч бир жиндин, эч бир адамдын колу тийбеген
ﭫﭬﭭﭮﭯ
55:75 Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶ
55:76 Жашыл тыштуу жаздыктарга, кооз-көркөм килемдерге жамбашташат
ﭷﭸﭹﭺﭻ
55:77 Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар
ﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂ
55:78 Улуулуктун жана урматтуулуктун Ээси — Раббиңдин ысымы таберик

Ыйык Куран


Wednesday, September 9, 2026

Don't forget us in your sincere prayers