Сүрөсү Аль-Мульк
PDF —
30 Аят Meccan PDF
Built right in your browser — download starts automatically

Сүрөсү Аль-Мульк pdf — Жүктөө (Кыргызча)

Сүрөсү Аль-Мульк pdf Кыргызча — Жүктөө Сүрөсү Аль-Мульк Котормо. Аль-Мульк (Meccan) 30 Аят.



Сүрөсү Аль-Мульк
30 Аят · Meccan · Кыргызча
bismillah
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚ
(Бүткүл ааламдардын) мүлк(ү) Өз Колунда болгон Аллаһ Ыйык! Ал бардык нерсеге Кудуреттүү
ﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧ
Алсилердин кимиңер эң мыкты (сооптуу) иш жасай алышыңарды сыноо үчүн өлүм менен өмүрдү жараткан. Жана Ал — Кудуреттүү, Кечиримдүү
ﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼ
Ал жети асманды кабат-кабат жараткан. Сен Рахмандын жаратканында эч кандай кемчилдик таба албайсың. Эми дагы бир кара! Кемчилдик көрөөр бекенсиң
ﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇ
Анан дагы кайра-кайра үңүл! Көз(үң) сага тунарган, чарчаган бойдон кайта берет
ﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕ
Биз дүйнө асманын жылдыз-чырактар менен кооздоп, аларды шайтандар үчүн атылуучу таш кылдык. Жана Биз алар (шайтандар) үчүн (Акыретте) тозок азабын даярдап койдук.”
ﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞ
Жана Раббисине каапыр болгон адамдар үчүн тозок азабы бар! Ал эң жаман кайтуу
ﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧ
Качан алар анын (тозоктун) ичине ташталганда, коркунучтуу добушун угушат! Ал кайнап турган
ﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗ
(Тозок өзүнө ташталган каапырлардан) каардангандан улам жарылып кеткидей болот! Ар качан ага бир жамаат (каапырлар) ташталганда, анын (периште) кароолчулары: «Эмне силерге (ушул тозок жөнүндө) кабар берген пайгамбар келбеди беле?»-деп сурайт
ﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪ
Алар айтышат: “Ооба, ырас бизге эскертүүчү-пайгамбар келген. Бирок, биз аны жалганчыга чыгарып: «Аллаһ (силерге) эч нерсе түшүргөн эмес! Силер эң чоң адашуудагы адамсыңар!» дегенбиз”
ﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶ
Жана айтышат: «Эгер биз (ошол пайгамбарды) угуп, акылыбызды иштеткенде (бүгүн) тозок «ээлери» болуп калбайт элек!»
ﯷﯸﯹﯺﯻﯼ
Ошентип күнөөлөрүн мойнуна алышат. Тозокулар (Аллаһтын ырайымынан) алыс
ﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆ
Кайыптагы Раббисинен корккон адамдарга (Аллаһ Таала тарабынан) кечирим жана чоң сыйлык (Бейиш) бар
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛ
Жана (о, адамдар) силер сөзүңөрдү сыр тутасыңарбы же ашкере кыласыңарбы, Ал көкүрөктөрдү ээлеген нерселерди Билүүчү
ﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣ
(Көкүрөктөгү сырларды) Жараткан билбей калат бекен?! Ал Латийф! (жана бардыгынан) Кабардар го
ﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳ
Ал силер үчүн жерди моюн сунуучу кылып койду. Эми, анын чар тарабында жүрүп, (Аллаһтын) ырыскыларынан жей бергиле! Кайра тирилип баруу — анын Өзүнө гана
ﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿ
<Эй, каапырлар) асмандагы Зат> силерди жерге жуткуруп жиберүүсүнөн (тап-такыр) тынчсыңарбы?! Капысынан ал (жер) чайпалып кетсечи
ﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍ
Же болбосо, силер, асмандагы (Аллаһ) үстүңөргө таш учурган катуу шамал жиберишинен амансыңарбы!? Жакында (Менин) эскертүү(м) кандай экенин билип аласыңар
ﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖ
Алардан мурунку (каапыр) пенделер дагы (пайгамбарды) жалганчыга чыгарышкан. Анан (Менин) четке кагуу(м) кандай болду
ﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨ
Алар төбөсүндөгү канатын (бир) жайып (бир) жыйнап турган кушка карашпайбы?! Аны (ободо ырайымдуу) Рахман гана кармап турат! Ал - ар бир нерсени Көрүүчү
ﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚ
(Эй, каапырлар! Ойлонгула:) Силерге Рахмандан башка жардам бере ала турган аскериңер (жардамчыңар) ким экен?! Каапырлар адашуунун гана ичинде
ﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨ
Эгер (Аллаһ) Өз ырыскысын токтотуп койсо, силерге ырыскы таап бере ала турган ким?! Жок! (каапырлар дагы эле) катаал-дыгын, (исламды) жек көрүүсүн улантып жатышат
ﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵ
Ким Туура Жол табуучураак? Жер карап бара жаткан кишиби же болбосо, Туура Жолдо (башын) түз (тутуп) бара жаткан кишиби
ﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃ
Айткын: “Ал силерди жаратып, көз, кулак жана жүрөктөрдү берген. Өтө аз шүгүр кылуудасыңар!”
ﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌ
Айткын: «Ал силерди жер бетинде өндүрүп-өстүргөн. Жана (кайра тирилгенде) Өзүнө гана чогултуласыңар»
ﰍﰎﰏﰐﰑﰒﰓﰔ
Жана алар: «Эгер чынчыл болсоңор бул (кайра тирилүү жөнүндө) убада (Кыямат) качан?» дешет
ﰕﰖﰗﰘﰙﰚﰛﰜﰝﰞ
Айткын: «(Ал жөнүндөгү) илим Аллаһтын гана алдында. А мен болгону, анык эскертүүчү-пайгамбармын»
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞ
Качан гана аны (тозокту) жакындан көрүшкөндө каапыр болгондордун жүздөрү карарып кетет жана аларга: «ушул силер («качан-качан» деп) шаштырган нерсеңер!»-деп айтылат
ﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮ
Айткын: «(Ойлонуп) көрбөйсүңөрбү, эгер мени жана мени менен бирге болгон (ыймандуу) адамдарды Аллаһ (силер тилегендей) өлтүрчү болсо (бизге Акыреттик Бейиш даяр) же (узун өмүр берип) бизге ырайым кылса (Өзүнө сыйынып, шүгүр кылып жашай беребиз. Ал эми, силердин жаныңарды алчу болсо) анда силерди катуу азаптан ким сактап калат
ﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽ
Айткын: «Ал — Рахман (Ырайымдуу)! Биз Ага ыйман келтирдик жана тобокел кылдык. А, силер (эй, каапырлар), ким анык адашууда экенин жакында билип аласыңар
ﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈ
Айткын: «(Эй, каапырлар) ойлонуп көрбөйсүңөрбү, эгерде силердин сууңар жер астына сиңип кетсе, анда силерге аккан сууну ким келтирип берет

Ыйык Куран


Tuesday, August 18, 2026

Don't forget us in your sincere prayers