Сүрөсү Ар-Рум
PDF —
60 Аят Meccan PDF
Built right in your browser — download starts automatically

Сүрөсү Ар-Рум pdf — Жүктөө (Кыргызча)

Сүрөсү Ар-Рум pdf Кыргызча — Жүктөө Сүрөсү Ар-Рум Котормо. Ар-Рум (Meccan) 60 Аят.



Сүрөсү Ар-Рум
60 Аят · Meccan · Кыргызча
bismillah
ﮫﮬ
Алиф. Лам. Мим
ﮭﮮﮯ
Рум (Персиядан) жеңилди.”
ﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙ
Эңжакын жерде. Жана алар (Румдук аскерлер) жеңилгенден соң тез арада дагы жеңишке жетет
ﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨ
Бирнече жылдарда. Мындан мурун да, кийин да иш Аллаһтын колунда. Ошол (Рум жеңген) күндө момундар сүйүнүп калышат
ﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳ
Аллаһ Өзүнүн жардамы менен каалаган пенделерине жеңиш берет. Ал Кудуреттүү, Ырайымдуу
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝ
(Бул—) Аллаһтын убадасы. Аллаһ (эч качан) убадасын аткарбай койбойт. Бирок, адамдардан көпчүлүгү муну билишпейт
ﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨ
Алар (көпчүлүк адамдар) дүйнө жашоосун үстүртөн эле билишет. Бирок, Акырет жөнүндө эч нерсе билишпейт
ﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁ
Алар өздөрү жөнүндө ойлонушпайбы?! Аллаһ асмандар менен жерди жана ал экөөнүн арасындагыларды (беймаксат эмес) Акыйкат менен убактылуу мөөнөткө гана жаратты. Бирок, адамдардан көпчүлүктөрү Раббилерине жолугууга (жана бул сыноо дүйнө жашоосунан эсеп берүүгө) ишенишпейт
ﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤ
Алар жер жүзүн кезип, өздөрүнөн мурда жашагандардын акыбети кандай болгонун көрүшпөйбү?! Алар булардан (азыркы каапырлардан) кубаттуураак болушкан, жерде көбүрөөк из калтырышкан. Жана буларга караганда көбүрөөк (жакшыраак) имарат-курулуштар кылышкан. Кийин аларга пайгамбарлары (Аллаһтын) анык аят-далилдерин алып келген. Аларга Аллаһ зулум кылбады. Өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты
ﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓ
Кийин жамандык (күнөө иш) жасагандардын акыбети андан да жаман болду! Себеби, алар Аллаһтын аяттарын «жалган» дешкен жана аларды (аяттарды) шылдың кылышкан
ﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜ
Аллаһ калк-калайыкты биринчи ирет жоктон бар кылган. Кийин аларды (дүйнөдө жашатып, өлтүргөн соң) кайрадан экинчи ирет жаратат. Кийин Анын Өзүнө кайтарыласыңар
ﯝﯞﯟﯠﯡﯢ
Кыямат кайым болгон Күнү күнөөкөр адамдар (бардык жакшылыктан) үмүтсүз болушат
ﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬ
Алардын (Аллаһка) шерик кылган «кудайлары» аларга шапаатчы (күнөөлөрүн жеңилдетүүчү) болбой калат. Жана (кийин) алар өз «кудайларына» каапыр болушат
ﯭﯮﯯﯰﯱﯲ
Жана Кыямат Күнү алар (жалган кудайлар менен алардын «пенделери» бири-бирин айыптап) бөлүнүп кетишет
ﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼ
Ыйман келтирип, салих (сооп) амал кылган адамдар (Бейиш) бактарда көңүл ачышат
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜ
Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызга жана Акыреттеги (Аллаһ менен) жолгушууга ишенбеген адамдар.., ошолор азапта калуучулар
ﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣ
Түнгө кирип баратканда жана таңды утурлай Аллаһга тасбих? айткыла
ﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬ
Асмандардагы жана жердеги бардык мактоо Өзүнө! Дигер мезгилинде? жана Бешим мезгилинде да (мактоо Өзүнө)
ﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼ
(Аллаһ куш сыяктуу) тирик жандуудан, (жумуртка сыяктуу) өлүктү чыгарат. (Ал эми, жумуртка сыяктуу) өлүктөн тирик жандууну чыгарат жана жерди өлгөндөн соң кайра (жамгыр менен) тирилтет. (Анан ал өлүк жерден өсүмдүктөр өнүп чыгат) Силер дагы (Акыретте мүрзөлөрдөн) ушул (өсүмдүктөр) сыяктуу чыгарыласыңар
ﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈ
Силерди топурактан жараткандыгы жана адамга айланып (жер бетине) таралганыңар Анын (кудуретинин) белгилеринен
ﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞ
Жана Анын белгилеринен -алар менен тынчтанууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып бергени! жана араңарга сүйүү, ырайым салып койгону. Чынында бул нерселерде пикир кылган адамдар үчүн (даанышмандыгыбыздын) белгилер(и) бар
ﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭ
Жана Анын белгилеринен: Асмандар менен Жерди жаратканы, силердин тилиңер-ди, ыраң-түсүңөрдү ар түрдүү кылып койгону. Албетте буларда билгендер үчүн (Аллаһтын кудуретине) белгилер бар
ﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞ
Жана Анын белгилеринен (бири) силердин түн ичинде жана күндүз (дүн бир бөлүгүндө) укташыңар. Жана (күндүздүн көп бөлүгүндө) Аллаһтын пазилетин издешиңер (тиричилик кылышыңар). Чынында, ушул нерседе уга турган адамдарга белгилер бар
ﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵ
Жана Анын белгилеринен: Коркушуңар жана үмүт кылышыңар үчүн! силерге чагылганды көргөзөт. Жана Ал (силерге) асмандан суу түшүрүп, аны менен жерди өлгөндөн? соң тирилтет. Албетте мында акылдуу адамдар үчүн белгилер бар
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢ
Жана Анын белгилеринен (бири) асман менен жердин Анын амири менен (тынч, зыянсыз) турушу. (Андан) Кийин (Аллаһ) силерди чакыраар замат бардыгыңар Жерден (мүрзөдөн) чыгарыласыңар (Акыреттик сурак үчүн)
ﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬ
Асмандарда жана Жерде болгондун баары Аллаһтын мүлкү. Бардыгы Ага (кааласа-каалабаса) моюн сунат
ﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁ
Ал калк-калайыкты (дүйнө-ааламды) жоктон бар кылган жана (Акыретте экинчи жолу) кайрадан жарата турган Кудай. Бул иш Ага абдан жеңил. Асмандардагы жана жердеги эң жогорку сыпаттоолор Өзүнө гана таандык. Ал Кудуреттүү, Даанышман
ﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟ
Ал силерге өзүңөрдөн мисал келтирди: Силердин кулдарыңар (жана күңдөрүңөр) арасында Биз силерге (менчик) ырыскы кылып берген нерселерде силерге шерик болчулары барбы? Кийин алар менен анда (мүлктү каржылоодо) тең болуп каласыңарбы? Алардан өзүңөрдө(гү эркин адамдарда)н корккондой коркот белеңер? Биз акылдуу адамдарга аяттарыбызды ушинтип баяндайбыз
ﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓ
Жок! Заалымдар илимсиздиктен улам өз кызыкчылыктарын ээрчишти. Аллаһ адаштырганды ким Туура Жолго сала алат? (Акыретте) аларга жардамчы жок
ﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭ
(О, Мухаммад!) Таухидге! баш ийип, жүзүңдү Динге бур! (Ислам Дини) — бул Аллаһ (жараткан) табият. Адамдарды ошол табият (Ислам) менен жараткан. Аллаһтын жаратканын өзгөртүү мүмкүн эмес. Эң Туура Дин — ушул. Бирок, адамдардан көбү билишпейт
ﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸ
Ага (тооба менен) кайткыла! Андан корккула жана намаз окугула! Мушриктерден болбогула
ﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅ
Диндерин ажыратып, топ-топ болуп (бөлүнүп) алышкан (ошол мушриктерден болбогула!) Ар бир жамаат өз пикирлери менен гана курсант
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣ
Качан адамдарды зыян торуганда гана Тообо кылып Раббисине (жалбарып) дуба кылышат. Анан аларга (Аллаһ) Өз ырайымын таттырганда, алардан бир тобу капыстан Раббисине ширк келтире башташат
ﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫ
Алар (ширк келтиргендер) Биз берген нээматтарга каапыр боло беришсин. Силер дагы (о, мушриктер, өткөөл дүйнөдө) пайдаланып калгыла. Жакында билип аласыңар
ﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶ
Же Биз аларга ширк амалдарын(ын чындыгын) сүйлөй турган далил түшүрдүк беле
ﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇ
Биз качан адамдарга ырайым көргөзсөк, аны менен шаттанышат. Ал эми, өз колдору жасаган иштер себептүү аларга бир жамандык жетсе, үмүтсүздүккө түшүшөт
ﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘ
Эмне, алар Аллаһ каалаган пендесине ырыскыны кенен, каалаганына ченеп беришин көрбөй жатышабы? Албетте, мында ыймандуу коомдорго белгилер бар
ﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫ
Эми, (о, ыймандуу пенде) тууган-туушканга, мискин-кедейге жана мусапырга (тиешелүү) акысын бергиниң. Аллаһтын ыраазычылыгын каалаган пенделерге бул жакшы иш. Дал ошолор гана жеңишке (Бейишке) жетишет
ﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤ
Адамдардын мал-мүлкүнүн арасында көбөйүшү үчүн пайдакордук (сүткордук) максатында (карыз) бергениңер Аллаһтын алдында көбөйбөйт. Ал эми, Аллаһтын Жүзүн үмүт кылып берген зекетиңер болсо, дал ошолор (зекет бергендер) бир нече эсе көп пайда (сооп) табуучулар
ﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽ
Силерди жараткан, андан кийин ырыскы берген, андан кийин жаныңарды алган, андан кийин (Кыяматта кайра) тирилткен — Аллаһ! Ушулардан эч бирин силердин (Аллаһка) шерик кошкон «кудайлар» жасай алабы? Алардын ширктеринен Аллаһ Аруу жана Бийик
ﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍ
Адамдардын колдору жасаган (күнөө) иштер себептүү жерде жана деңизде (ар кандай) апаат(тар) пайда болду. Аларга кылмыштарын(ын азабын) таттырыш үчүн. Кана эми (Туура Жолго) кайтышса
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠ
Айткын: «(О, каапырлар!) Жер жүзүн кезип, мурдагы (каапыр) коомдордун акыбети кандай болгонун көрүп (андан сабак) алгыла! Алардын көбү (Аллаһка) шерик кошуучу болушкан»
ﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲ
Эми, сен (о, Мухаммад, эч ким) кайтара алгыс күн (Кыямат) Аллаһ тарабынан келип калганга чейин жүзүңдү туура динге (Исламга) буруп кал! Ал күнү (адамдар амалдарын көрүү үчүн) бөлүнүп калышат
ﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽ
Ким каапыр болсо, каапырлыгы(нын зыяны) өзүнө. Ким жакшы амал кылса, өздөрүнө (Бейишти) даярдады —
ﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊ
ыйман келтирип, салих амал кылгандарды Өзүнүн пазилети менен сыйлаш үчүн. Ал каапырларды сүйбөйт
ﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜ
Анын (кудуретинин) белгилеринен (бири): ырайымын силерге таттырыш үчүн, Өз амири менен кемелерди жүргүзүш үчүн жана Анын пазилетинен үмүт кылышыңар үчүн шүгүр кылсаңар ажеп эмес деп шамалдарды куш кабарчы кылып жибериши
ﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰ
Биз (о, Мухаммад) сенден мурун да элчилерди өз коомдоруна жибергенбиз жана (элчилер) аларга анык далилдерди алып келишкен. (Баш ийбегенден кийин) Биз күнөөкөрлөрдөн өч алганбыз жана ыймандууларга жардам берүү Бизге ак милдет болгон
ﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯ
Аллаһ шамалдарды жиберип (оор) булуттарды козгойт. Анан (Аллаһ) аларды асманда Өзү каалагандай жайат жана бөлөк-бөлөк кылып таратат. Анан сен алардын арасынан жамгыр чыкканын көрөсүң. Эми качан (Аллаһ) аны (жамгырды) каалаган пенделерине жеткиргенде, капысынан сүйүнүп калышат
ﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺ
Эгер алар өздөрүнө (жамгыр) жаадырылышынан бир аз эле, (ооба) бир аз эле мурун үмүтсүз болушса, (мына эми сүйүнүп калышты)
ﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐ
Эми сен (о, адам) Аллаһтын ырайымынын (жамгырдын) белгилерине кара: Ал өлүк жерди кантип тирилткенине (кара)! Чынында, ушул (Аллаһ) өлүктөрдү да албетте тирилте алат! Ал ар нерсеге Кудуреттүү
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚ
Ал эми Биз (эгиндерине ысык) шамал жиберип, алардын куурап калганын көргөндө, (Аллаһка) каапыр болуп калышат
ﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦ
(О, пайгамбар!) Чынында сен (жүрөгү) өлүктөргө (сөз) угуза албайсың. Жана (сага) артын салып бара жаткан маалда (акыйкатты угуудан) керең болгондорго дааватты угуза албайсың
ﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶ
(Чындыкты көрүүдөн атайлап) сокур болгондорду адашуучулугунан Туура Жолго баштай албайсың. Сен Биздин аяттарыбызга ыйман келтиргендерге гана (чындыкты) угуза аласың. Ошолор гана мусулмандар
ﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒ
Аллаһ силерди алсыз (тамчы суудан) жаратты. Алсыздыктан (бөбөктүктөн) кийин күч-кубат(туу адам) кылды. Кубат(туулук) тан кийин (кайрадан) алсыздык жана карылыкка алып келди. Ал каалагандай жаратат. Ал-Билимдүү, Кудуреттүү
ﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠ
Саат (Кыямат) болгондо күнөөкөр пенделер «(дүйнөдө) бир саат гана (жашап) турдук»-деп ант ичишет. Алар (Дүйнө жашоосунда да) ушундай жалганчылар болчу
ﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗ
Анан ыймандуу, илимдүү адамдар (аларга) айтышат: «Аллаһ (Тагдырда) жазганы боюнча кайра тирилүү күнүнө чейин (жашап) турдуңар. Мына ушул — кайра тирилүү күнү. Бирок, силер муну билбейт (ишенбейт) элеңер»
ﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡ
Ал күндө заалымдарга шылтоолору! пайда бербейт жана алардан (тооба менен Аллаһты ыраазы кылуу да) талап кылынбайт
ﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶ
Биз бул Кураанда адамдарга ар түрдүү мисалдарды келтирдик. Эгер сен аларга бир далил алып келсең, «Силер (мусулмандар) жалганчысыңар» дешет
ﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿ
Аллаһ (чындыкты) билбегендердин жүрөгүнө ушинтип мөөр басат
ﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋ
(О, Мухаммад!) Сен эми (бул дооматчыларга) сабыр кыл. Аллаһтын («жеңиш берем» деген) убадасы чындык. (Убадага) анык ишенбегендер сени бүлгүнгө салбасын

Ыйык Куран


Tuesday, August 18, 2026

Don't forget us in your sincere prayers