Сүрөсү Лукман
PDF —
34 Аят Meccan PDF
Built right in your browser — download starts automatically

Сүрөсү Лукман pdf — Жүктөө (Кыргызча)

Сүрөсү Лукман pdf Кыргызча — Жүктөө Сүрөсү Лукман Котормо. Лукман (Meccan) 34 Аят.



Сүрөсү Лукман
34 Аят · Meccan · Кыргызча
bismillah
ﭑﭒ
Алиф, Лам, Мим
ﭓﭔﭕﭖﭗ
Булар- даанышман Китеп аяттары
ﭘﭙﭚﭛ
Жакшы амалдарды кылгандар үчүн Ырайым жана Туура Жол
ﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥ
Алар намазды (толук) аткарышат, зекетти беришет жана Акыретке анык ишенишет
ﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯ
Мына ушулар Раббилери тарабынан (жиберилген) Туура Жол үстүндө жана ушулар гана жеңишке жетүүчүлөр
ﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃ
Адамдардын арасынан кээ бирөөлөр билимсиздиктен улам Аллаһтын Жолунан тосо турган маанисиз сөздөрдү?” сатып алат жана аны (Кураанды) шылдың кылат. Дал ошолорго кор кылуучу азап бар
ﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕ
Эгер ага Биздин аяттарыбыз окуп берилчү болсо, аны эч укпагандай, тим эле, кулагында дүлөйлүгү бардай текеберленип, тетири басып кетишет. Ага жан ооруткан азаптын кабарын берип кой
ﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞ
Ал эми, ыйман келтирип, салих амал кылгандарга нээмат Бейиштери бар
ﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩ
Алар анда түбөлүккө калышат. Аллаһтын акыйкат убадасы-(ушул). Ал — Кудуреттүү, Даанышман
ﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨ
(Аллаһ) асмандарды, көрүп турганыңардай түркүксүз жаратты жана силерди чайпалтып жибербесин деп жер бетине тоолорду орнотуп койду. Жана ар түрдүү жаныбарларды таратты. Биз асмандан суу түшүрүп жер бетинде ар түрдүү кооз-пайдалуу өсүмдүктөрдү өстүрдүк
ﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸ
Булар Аллаһтын жараткандары. Эми силер мага Аллаһтан башка («кудайыңар») жараткан нерселерди көргөзгүлөчү?! Заалымдар анык адашууда
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥ
Жана Биз Улукманга даанышмандык бердик (жана): «Аллаһка шүгүр кыл. Ким шүгүр кылса, өзүнүн пайдасына шүгүр кылат. Ал эми, Ким (нээматка) шүгүр кылбаса, Аллаһ Беймуктаж, Мактоого ылайык
ﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵ
Бир кезде Улукман! баласына насаат кылып, (мындай) деди: «О, балам (ибадатта) Аллаһка шерик кошпогун! Ширк деген - бул чоң зулум
ﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇ
Биз инсанга ата-энесине (жакшылык) кылууну осуят (өкүм) кылдык. Энеси аны машакат үстүнө машакат менен (курсагында) көтөрүп жүрөт. (Төрөлгөн соң) аны (көкүрөктөн) ажыратуу (убактысы) эки жыл. (О, инсан!) «Мага жана ата-энеңе шүгүр кыл! Мага гана кайтасыңар!»
ﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨ
(О, Инсан!) Эгер сенин ата-энең сени өзүң билбеген нерселерди мага ширк келтирүүгө мажбурласа, аларга моюн сунбагын! Жана дүйнөдө ал экөөнө жакшы мамиледе бол! Мага тооба кылып, кайткан адамдарды ээрчигин! (Өлгөндөн) кийин Мага кайтасыңар. Анан Мен силерге эмне иш кылганыңардын кабарын билдиремин
ﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣ
О,уулум! Чынында ал (сен жасаган жакшы же жаман иш) сары кычы өсүмдүгүнүн данынчалык (майда) нерсе болуп, чоң аска таштын ичинде (калып калган) же болбосо, асманда же жердин түбүндө болсо да Аллаһ аны таап келе алат. Аллаһ (абдан) Кылдат, (бардыгынан) Кабардар
ﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶ
О, уулум! Намазды (ар дайым) окуп жүр, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтар жана өзүңө жеткен машакатка сабырдуу бол! Чынында бул (сабырдуулук) берилип аткарылчу иштерден
ﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈ
Жана (текеберленүү менен) адамдардан жүзүңдү бурбагын! Жана жер бетинде оолугуп-обочолонуп жүрбөгүн! Чынында, Аллаһ текебер, мактанчаактардын эч кимисин сүйбөйт
ﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒﰓﰔﰕ
Басканда кичипейилдик менен бас, (сүйлөгөндө) добушуңду көтөрбө! Добуштардын эң жаманы эшектин добушу
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰ
(О, инсандар!) Көрбөй жатасыңарбы, Аллаһ силерге асмандардагы жана жердеги нерселерди моюн сундуруп, силерди көрүнгөн-көрүнбөгөн нээматтарына бөлөп таштады?! Адамдардын арасында же илими, же (Аллаһтан келген) Нурдуу Китеби, же (пайгамбар көргөзгөн) Туура Жолу болбосо да Аллаһ жөнүндө талашып-тартыша берген кишилер бар
ﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇ
Эгер аларга: «Аллаһ түшүргөн нерсеге (Кураанга) ээрчигиле!» деп айтылса, «Жок, биз ата-бабаларыбызды кайсы жолдун үстүндө тапсак, ошого гана ээрчийбиз» дешет. Эгер шайтан аларды тозок азабына чакырып жатса дагы (ошенте беришеби)
ﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙ
Жана кимде-ким (Аллаһка Аны көрүп тургандай) ибадат кылып, жүзүн (өзүн) Аллаһка толук моюн сундура алса анда ал Бекем Арканды кармаптыр!! Иштердин акыбети-Аллаһка
ﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫ
(О, Мухаммад!) Ким каапыр болсо, анын каапырлыгы сени капа кылбасын. Өзүбүзгө кайтып келишет. Анан Биз аларга кылмыштарынын кабарын беребиз. Албетте, Аллаһ көкүрөктү ээлеген сырларды Билүүчү
ﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔ
Биз аларды (бул дүйнөдө) бир аз пайдалантабыз. Кийин (Акыретте) катуу азап тартууга мажбур кылабыз
ﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦ
Эгер сен алардан: «Асмандар менен жерди ким жараткан?» деп сурасаң, «Аллаһ» дешет. Сен «Аллаһка мактоо болсун» дегин.! Жок! Алардын көпчүлүгү билишпейт
ﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲ
Асмандар жана Жерде болгон нерсенин бардыгы Аллаһтын мүлкү. Чынында, Аллаһтын Бир Өзү гана Беймуктаж, мактоого (ибадатка) татыктуу. (Анткени)
ﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉ
Эгер жер бетиндеги (бардык) дарактар калемсап болсо жана деңиз (сыя болсо) бул деңиздин артында дагы жети деңиз жардамдашып (сыя болуп) турса да Аллаһтын сөздөрү түгөнбөйт! Чынында, Аллаһ Кудуреттүү, Даанышман
ﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒﰓﰔﰕﰖ
Силердин жаралышыңар жана кайрадан тирилишиңер бир эле жанга окшойт. Аллаһ Угуучу, Көрүүчү
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫ
Көрбөй жатасыңбы, Аллаһ түндү күндүзгө, күндүздү түнгө (кантип) киргизгенин? Күн менен Айды (адамзатка кантип) кызмат кылдырып койгонун? Алардын бардыгы белгиленген мөөнөткө (Кыяматка) чейин айланат. Аллаһ силердин эмне жасаганыңардан Кабардар
ﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼ
Анткени, Аллаһ чыныгы (Кудай). Ал эми, Андан башка, (мушриктер) дуба кылып жаткан нерселер жалган (кудайлар). Жана Аллаһтын Бир Өзү гана эң Жогору, Улук
ﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑ
Деңиздеги кемелер силерге Аллаһтын белгилерин көргөзүш үчүн (жана) Аллаһтын нээматы себептүү сүзүп жүргөнүн көрбөй жатасыңбы?! Чынында бул нерседе сабыр кылуучу, шүгүр кылуучу адамдарга чоң белгилер бар
ﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩ
Жана качан аларды(н кемелерин) тоодой толкундар ороп калганда гана Аллаһтын жалгыз Өзүнө дуба кылышат. Ал эми, (балээден) куткарып кургактыкка чыгарып койсо, алардан (көпчүлүк) бөлүгү Аллаһга толук берилбей калышат. Биздин аят-белгилерибизди кыянатчы, шүгүр кылбаган адамдар гана четке кагышат
ﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫ
О, адамдар! Раббиңерден корккула! Жана атасы баласына, баласы атасына өз сообунан (жардам катары) эч нерсе бере албай турган Күндөн корккула! (Ал күндүн келишин Аллаһ убада берген). Аллаһтын убадасы-Акыйкат! Силерди дүйнө жашоосу(нун убактылуу арам жыргалдары) азгырып койбосун! Силерди азгыруучу Аллаһ(тын кечиримдүүлүгү) менен азгырып койбосун
ﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊ
Кыямат качан болушун Бир Аллаһ гана билет. Ал (асмандан) жамгыр жаадырат. (Бир Өзү гана) жатындагы түйүлдүктү(н тагдырын) билет. Эч бир жан эртең эмне иш жасаарын биле албайт. Жана эч ким кай жерде (кантип) өлүшүн да биле албайт. Чынында, Бир Аллаһ гана (бардыгын) Билүүчү, (бардыгынан) Кабардар

Ыйык Куран


Tuesday, August 18, 2026

Don't forget us in your sincere prayers