Сүрөсү Худ
PDF —
123 Аят Meccan PDF
Built right in your browser — download starts automatically

Сүрөсү Худ pdf — Жүктөө (Кыргызча)

Сүрөсү Худ pdf Кыргызча — Жүктөө Сүрөсү Худ Котормо. Худ (Meccan) 123 Аят.



Сүрөсү Худ
123 Аят · Meccan · Кыргызча
bismillah
ﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟ
Алиф, Лаам, Раа. Бул китептин аяттары (эч качан бузулбай турган кылып) бекемделди жана Даанышман, Кабардар (Аллаһ) тарабынан (эң жогорку деңгээлде) баян кылынды
ﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪ
(Мунун себеби) Аллаһтан башка “кудайларга ибадат кылбашыңар үчүн. Чынында, мен силерге Аллаһ тарабынан (жиберилген) эстетүүчү жана куш кабар берүүчүмүн
ﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦ
Жасаган күнөөңөрдү кечирүүсүн сурап, Аллаһка жалбаргыла жана (“экинчи кайталабаймын” деп) тооба кылгыла! (Ошондо) силерди, белгиленген убакытка чейин эң сонун ырыскылар менен пайдалантат жана ар бир пазилеттүү (ихсан-садакалуу) адамга Өзүнүн пазилетинен берет. Эгер жүз үйрүп кетсеңер, мен силерге Улуу Күндүн (Кыяматтын) азабы жетип калуусунан коркомун
ﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰ
Бардыгыңардын кайтышыңар — Аллаһка! Ал — ар нерсеге кудуреттүү
ﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆ
Уккула, алар Аллаһка билдирбеш үчүн көкүрөктөрүн(дөгү каапырлыктарын) жашырышат. Уккула, эгер алар (көкүрөгүнүн үстүнөн) кийимдерин ороп алса да Аллаһ бардык сырларын жана ашкере нерселерин билип турат. Чынында, Ал көөдөндөрдү ээлеген сырларды Билүүчү
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣ
Жер бетинде (суу түбүндө жана аба мейкиндигинде) кыбырагандын баарынын ырыскысы Аллаһтын кепилдигинде. Ал алардын жатар жерин дагы бараар жерин дагы билет. Бардыгы ачык-айкын Китепте (Лавхул-Махфузда жазылган)
ﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄ
Аласмандарды жана жерди алты күндө жараткан. Анын Аршы суунун үстүндө эле. Кимиңердин амалыңар жакшыраак экенин сынаш үчүн. (О, Мухаммад) Эгер сен: “Силер албетте, өлгөнүңөрдөн кийин кайра тирилесиңер” десең, каапыр адамдар: “Бул анык сыйкырдан башка эмес” дешет
ﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜ
Эгер Биз азап берүүнү алардан белгилүү мөөнөткө чейин кечиктирсек (шылдыңдашып): “Аны эмне кечиктирди экен?” -дешет. Уккула, (азап) келгенде алардан кайтпайт жана аларга шылдыңдаган нерселери түшөт
ﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨ
Эгер Биз инсанга ырыскыларыбызды(н даамын) таттырып, кийин аны алып койсок (Бизден) үмүтсүз жана шүгүрсүз болуп калат
ﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘ
Ал эми, башына түшкөн оор күндөрдүн артынан (көп-көп) нээматтарыбызды(н даамын) таттырсак “Оор күндөр өттү (эми келбейт)” деп манчыркап, бирөөнү назарына илбей калат
ﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣ
Ал эми, (машакаттуу күндөрдө) сабырдуу болуп, салих-жакшы амалдарды кылган адамдар (андай эмес.) Аларга Аллаһтын кечирими жана чоң сооптор бар
ﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁ
(О, Мухаммад, мушриктердин) “Ага асмандан казына түшсө же асмандан периште (учуп) келсе болбойт беле” деген сөздөрү себептүү балким, Сенин жүрөгүң сыгылып, өзүңө вахий кылынган кээ бир аяттарды таштагың келээр. (Капа болбо жана андай кылба) сен — эстетүүчүсүң. Аллаһ ар нерсенин сактоочусу
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤ
Же болбосо алар (Кураанды Мухаммад) ойлоп чыгарган дешеби? Айткын: «Эгер сөзүңөр чын болсо, Аллаһтан башка чакыра алганыңардын баарын жардамга чакырып, ушуга окшош Он даана “ойлоп чыгарылган сүрө” келтиргилечи, кана
ﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶ
Эгер (жардамга чакырган кыйындарыңар) силерге жооп бербесе, анда, билип койгула: бул (Кураан) Аллаһтын илими менен түшкөн! Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Анын Өзү бар! Эми, мусулман болосуңарбы?»
ﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅ
Ким ушул дүйнө жашоосун жана анын зыйнаттарын кааласа, аларга (каалаган) иштерин ушул дүйнөдө толуктап беребиз. Жана алар кем болбой жашашат
ﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗ
Бирок, аларга Акыретте Тозок отунан башка эч нерсе жок! Жана дүйнөдө жасаган, аткарган иштери “күйүп”, пайдасыз болуп калат
ﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤ
Раббиси тарабынан анык далилди (Кураанды) кармаган, ал далилин Рабби тарабынан (дагы бир) күбө (таза акыл) коштогон, андан мурдараак жолбашчы жана ырайым болгон Мусанын Китеби (Тоорат дагы тастыктаган) адамдар! (Туура Жол табуучубу же далил кармабай эле адашып жүргөндөрбү?) Ошол (далил кармаган) адамдар ага (Кураанга) ыйман келтиришет. (Ар түрдүү) тайпалардан ким буга каапыр болсо ага убада кылынган жер — Тозок. Сен (О, Мухаммад) андан күмөн санаба. Ал — Раббиңден келген Акыйкат. Бирок, адамдардын көпчүлүгү ыйман келтиришпейт
ﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾ
Аллаһка жалаа жапкандардан көбүрөөк заалым болгон ким бар?! Алар (Кыяматта) Раббисине жолуктурулат жана (бардык) күбөлөр: “Раббисине жалган жалаа жапкандар — ушулар!” дешет. Уккула, заалымдарга Аллаһтын наалаты болсун
ﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊ
(Заалымдар адамдарды) Аллаһтын жолунан тосуп, аны (өз каалоолоруна карай) бурууну каалашат. Алар Акыретке тап-такыр ишенбеген адамдар
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫ
Алар жер бетинде (Аллаһтын өкүмүнөн) качып кутула алышпайт жана аларга Аллаһтан башка жардамчы да жок. Аларга (өздөрүнө кошуп башкаларды да адаштырганы себептүү) кошумча азап берилет. Алар (Акыйкатты жек көрүп, аны) укканга да, көргөнгө да жарабай калышты
ﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵ
Алар өздөрүнө зыян кылган адамдар. Жана (Кыямат жазасы мезгилинде) ойлоп тапкан “кудайлары” алардан жок болуп кетет
ﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽ
Эч шексиз алар Акыретте эң көп зыян тартуучулар
ﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍ
Ыйман келтирип, сооптуу иштерди жасаган жана Раббисине моюн сунган адамдар Бейиш ээлери болуп, анда түбөлүк калышат
ﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜ
Бул эки тайпанын (шордуулар менен бактылуулардын) мисалы сокур, дүлөй менен көрүүчү, угуучу адамга окшош. Ушул экөөнү теңештирип болобу? Эсиңерге келбейсиңерби
ﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦ
Биз Нухту өз коомуна элчи кылып жибердик. (Ал айтты:) “Мен силерге анык эстетүүчүмүн
ﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔ
Аллаһтан башкага ибадат кылбашыңарды (эскертемин.) Мен силердин башыңарга кыйноочу Күндүн азабы түшүп калуусунан коркомун”
ﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲ
Анын коомунун арасындагы каапыр болгон уруу башчылары: “Биздин оюбузча, сен биз сыяктуу эле адамсың. Биз сенин артыңдан акылсыз кедейлер гана ээрчигенин көрүп турабыз. Бизден артыкча жериңерди эч көрбөй жатабыз, тескерисинче биз силерди жалганчылар деп күмөн кылабыз”-дешти
ﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆ
(Нух) айтты: “О, коомум! Айткылачы, эгер мен Раббимден келген анык далилге ээ болсом жана мага Андан ырайым — пайгамбарчылык келген болсо, а бирок, бул силерге билине элек болсо, силер аны жаман көрүп турсаңар деле, биз силерди ага мажбурламак белек
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪ
О,коомум! Мен (динге) даават кылганым үчүн силерден мал-дүйнө сурабаймын. Мага сооп- сыйлыкты Аллаһ берет. Мен ыйманга келгендерди кууп жибербеймин.! Алар Раббисине жолугуучу (жана андан Бейиш сыйлыгын алуучу) адамдар. Бирок, мен силердин наадан коом экениңерди көрүп турамын
ﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵ
О, коомум! Эгер мен ал адамдарды айдап жиберсем, Аллаһтын (азабынан кутулууга) мага ким жардам бере алат?! Ойлонбойсуңарбы
ﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖ
Мен силерге: “Менде Аллаһтын казыналары бар” дебеймин. Мен кайыпты да билбеймин (аны бир Аллаһтан башка эч ким билбейт). Жана “мен периштемин” деп да айтпаймын. Жана... Силер көзүңөргө илбеген (бей-бечара) адамдар жөнүндө: “Аллаһ аларга жакшылык (Бейиш) бербейт” дей албаймын. (Эгер ыймандары ыкыластуу болсо, албетте, берет) Алардын жан-дилиндеги нерселерди Аллаһ көбүрөөк билет. Мен (эгер силер каалаганды айтсам) анда, мен заалымдардан болуп калмакмын. Мушрик-каапырлар Нух алейхи саламдан өздөрү талап кылган жоопту алалбай калгандан кийин мындай
ﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤ
дешти: “О, Нух! Биз менен көп талаштың! Эгер сөзүңдө чынчыл болсоң, бизге убада кылганыңды (азапты) келтирчи кана!”
ﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯ
(Анда Нух): “Аны силерге эгер кааласа, Аллаһ гана келтирет. Анда (Аллаһ Таалага) алыңар жетпей калат
ﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤ
Эгер Аллаһ силерди адаштырууну каалаган болсо, мен силерге насаат айтууну кааласам да, насаатым силерге пайда бербейт. Ал силердин Раббиңер жана Өзүнө кайтарыласыңар”- деди
ﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲ
Же алар: “(Нух) Аллаһка жалган-жалаа айтып жатат” дешеби? Айт: “Эгер мен жалган айтсам, күнөөм өз мойнумда. Бирок, мен силердин күнөөңөргө жооп бербеймин”
ﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄ
(Нухка вахий кылынды: “Коомуңдун арасынан мурда ыйман келтиргендеринен башка эч ким ыйман келтирбейт.) Бирок, алардын (каапырлык) иштери себептүү кайгырба. (Аллаһ сазайын берет)
ﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐ
(О, Нух!) Биздин Көз алдыбызда вахий-таалимибиз боюнча (чоң) кеме жаса жана заалым адамдар(ды өлтүрүү) жөнүндө мага кайрылбай эле кой. (Тагдырдагы «иш» бүткөн:) Алар — чөктүрүлгөндөр
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥ
(Анан Нух) кеме жасай баштады. Ар качан (анын) алдынан коомунун адамдары өткөндө, аны шылдыңдашты. (Анда Нух): “Эгер (азыр) бизди мазактасаңар, биз да силерди өзүңөрдөй мазактайбыз
ﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰ
Силер тез эле кимге (ушул дүйнөдө) кор кылуучу азап жана (Акыретте) кимдерге түбөлүк азап келишин билип аласыңар”- деди
ﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌ
Качан гана Биздин (тагдырда белгилеген) буйругубуз келип, (асмандан сел куюлуп, бардык жерден, жадагалса оттун “уюгу” болгон) тандырлар(дын оозунан да оргуштап суу) атырылып чыкканда, Биз айттык: «(О, Нух!) Кемеңе ар түрдүү айбанаттардан экиден жуптарды, үй-бүлөңдү жана ыйман келтиргендерди чыгар. Ал эми, Биздин (“ага өлүм” деген) сөзүбүз жеткен адамдарды (чыгарба!)» Ага бир аз эле кишилер ыйман келтирген болчу
ﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚ
(Нух) айтты: «кемеге чыккыла! Анын жүрүшү да, токтошу да Аллаһтын ысымы менен. Чынында, Раббим - Кечиримдүү, Ырайымдуу!»
ﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮ
Жана кеме тоолордой толкундардын үстүндө сүзүп баратканда Нух (ыймандуулардан) ажырап калган уулуна: “О, уулум, биз менен бирге кемеге чык! Каапырлар менен болбо! (Анда сен дагы чөгүп өлөсүң)”- деди
ﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩ
(Баласы атасына ишенбей): “Мен тоонун башына чыгып кетемин. Ал мени суудан сактап калат”-деди. (Нух) айтты: “Бүгүн Аллаһтын буйругунан кутултуучу жок. Өзү ырайым кылгандар гана (кутулат.) (Анан) экөөнүн арасын толкун бөлүп койду жана (уулу, каапыр болгону себептүү) чөктүрүлгөндөрдөн болду
ﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼ
(Кийин Аллаһтын буйругу) айтылды: “О, жер, сууңду тарт! О, асман, (жамгырды) токтот!” Ошентип, суу тартылды жана өкүм аткарылды. (Кеме) Жудий тоосунун үстүндө токтоп калды жана “заалымдарга өлүм!” деген наалат айтылды
ﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌ
Анан Нух Раббисине (бийик добуш менен) жалбарды: “Раббим-ай! Уулум менин үй-бүлөмдөн го!? Сенин убадаң акыйкат го!? Сен эң адилет өкүм кылуучусун го!?”
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫ
(Аллаһ) айтты: “О, Нух! Ал сенин үй-бүлөңдөн эмес! Чынында, бул (сенин каапырга жан тартышың) жакшы иш эмес! Өзүң (акыбетин) билбеген нерселерди менден тилебе! Мен сага наадандардан болбошуңду насаат кыламын”
ﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀ
Айтты: “О, Раббим! Мен өзүм билбеген нерсени Сенден сураганымдын жамандыгынан Өзүңдөн коргоо тилеймин! Эгер Сен мени кечирип, ырайым кылбасаң, зыян тартуучулардан болуп каламын
ﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔ
Айтылды: “О, Нух Биз тараптан берилген амандык менен жана сага, сени менен (кемеде) бирге болгондорго берилген берекелер менен (жерге) түшкүн. Дагы эл-улуттар (болот). Биз аларды (ар түрдүү) нээматтар менен пайдалантабыз. (Эгер шүгүр-ибадат кылышпаса) кийин аларды Биз тараптан келген кыйноочу азап кармайт
ﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫ
(О, Мухаммад!) Булар Биз сага вахий кылган кайып кабарлары. Мындан мурун аларды сен билбейт элең, коомуң да билбейт эле. Эми, сабырдуу бол. Чынында, акыбет-натыйжа такыбаа кишилердин пайдасына
ﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠ
Жана Биз (Йемен) жериндеги) Аад элине, өздөрүнүн бурадарлары Худду Пайгамбар кылып жибердик. Ал айтты: «О, коомум! Аллаһтын Өзүнө ибадат кылгыла! Силерге Андан бөлөк сыйынууга татыктуу кудай жок! Силер (жалган “кудайларды”) ойлоп чыгарган (мушрик) экенсиңер
ﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰ
О, коомум! Мен өзүмдүн дааватым үчүн силерден акы сурабаймын. Мага сооп-сыйлык берүү мени жараткан Аллаһтын вазыйпасы. Акылыңарды иштетпейсиңерби
ﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂ
О, коомум! (Өткөндөгү күнөөңөргө) Раббиңерден кечирим сурап, тооба кылгыла! (Ошондо) Ал үстүңөргө нөшөрлөгөн (берекелүү) жамгырларды жиберет, кубатыңарга дагы кубат кошот. (Ыйманга келгиле!) Күнөөкөр болуп тескери баспагыла!”
ﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒ
(Мушриктер) айтышты: “О, Худ, бизге далил (моожиза) алып келбедиң. Сенин сөзүң менен биз кудайларыбызды таштабайбыз жана сага ыйман келтирбейбиз
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢ
Биз “сени кудайларыбыздан бири жинди кылып коюптур” дегенден башка эч нерсе айталбайбыз. (Худ) айтты: “Мен Аллаһты күбө кыламын жана силер да күбө болуп койгула: Мен алысмын, (силер) шерик кылып жаткан кудайыңардан
ﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫ
Аллаһты таштап! Эми мага (колуңардан келген) бардык амалыңарды эч кечиктирбей жасай бергиле
ﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀ
Менин жана силердин Раббиңер — Аллаһка өзүмдү тапшырдым. Аллаһ маңдайынан мыкчыбаган (Өз өкүмүн өткөрбөгөн) эч бир жан жок! Чынында, менин Раббим Туура Жол үстүндө
ﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘ
Эгер жүз бурсаңар (өзүңөрдөн көргүлө). Мен силерге өзүм алып келген нерсени (динди) жеткирдим (жана милдетимди аткардым). Эми Раббим ордуңарга башка бир (Өзүнө моюн суна турган) коомду келтирет. (Силер каапырлыгыңар менен) Аллаһка эч кандай зыян келтире албайсыңар. Чынында, Раббим - ар нерсени Сактоочу
ﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧ
Жана качан гана Биздин буйругубуз (катуу шамал) келгенде Худ жана аны менен бирге болгон ыймандууларды Өз ырайымыбыз менен куткардык. Биз аларды катуу азаптан куткардык
ﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖ
Мына бул (Аллаһ жазалаган) Аад коому Раббисинин аяттарын четке кагып, пайгамбарларына күнөөкөр болуп, ар бир тоңмоюн, текебер адамдарга ээрчип калган эле
ﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪ
Аларды бул дүйнөдө да Кыяматта да наалат коштоп жүрөт. Уккула! Чынында, Аад коому Раббисине каапыр болду! Уккула, Худдун коому Аадга өлүм
ﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊ
Жана Самуд коомуна өздөрүнүн бурадары Салихты (пайгамбар кылып) жибердик. Ал айтты: “О, менин коомум! Аллаһтын Өзүнө ибадат кылгыла! Силерге (жерде да, асманда да) Андан башка Кудай жок. Ал силерди жерден (топурактан) жаратып, анын үстүндө жашатып койду. Аллаһтан кечирим сурагыла жана тооба менен Өзүнө кайткыла! Акыйкатта, менин Раббим жакын жана (дубаларга) жооп берүүчү
ﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒﰓﰔﰕﰖﰗﰘﰙﰚﰛﰜﰝﰞﰟﰠﰡ
(Каапырлар) айтты: О, Салих, сен биздин арабызда мындан мурун (көптү) үмүттөндүргөн (жакшы, адептүү адам) болчусуң. Эми сен бизди ата-бабаларыбыз сыйынган кудайларга сыйынуудан кайтарасыңбы?! Сен даават кылып жаткан диниңден биз шектенип калдык
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨ
(Салих) айтты: “О, коомум! Айткылачы, мен Раббим тарабынан анык далил үстүндө болсом жана Ал мага Өзүнүн ырайымын — пайгамбарчылыгын берген болсо, (силердин далилсиз “кудайыңарга” ыраазы болуп) Ага (Аллаһка) күнөө кылсам, Аллаһтын азабынан мага ким жардам бере алат?! Силер (бул талабыңар менен) мага зыяндан башка нерсени көбөйтпөйсүңөр!?”
ﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼ
“О, коомум! Мына бул төө силер үчүн Аллаһтын белгиси. Аны жөн (өз эркине) койгула. Аллаһтын жеринде оттоп жүрө берсин. Ага эч жамандык кыла көрбөгүлө! Антсеңер, силерге жакын(да) азап жетет!”
ﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉ
(Бирок, каапырлар) төөнү союп жиберишти эле (Салих) айтты: “Короо-жайыңарда үч күн (жашоо нээматынан) пайдалана тургула. (үч күндөн соң Аллаһтын азабы келет) бул — акыйкат убада
ﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝ
Качан Биздин буйругубуз (азап) келген убакытта Биз Салих менен ыйман келтирген адамдарды Өз ырайымыбыз менен (азаптан) жана ошол күндүн шерменделигинен асырап калдык. Албетте, сенин Раббиң - Кубаттуу, Кудуреттүү
ﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦ
Жана заалым (каапыр) болгон адамдарды катуу добуш (ач кыйкырык) кармады. Бардыгы (жүрөктөрү жарылып) орду-ордунда кырылып калышты
ﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖ
Алар бул жерлерде жашабагандай болуп (кырылып) калышты! Көңүл бургула, Самуд коому Раббисине каапыр болду эле! Уккула, Самудка өлүм
ﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨ
Биздин (периште) элчилерибиз Ибрахимге (адам кейпинде) куш кабар алып келгенде, ага салам айтышты. “Салам”-деди (Ибрахим) жана дароо куурулган музоону(н этин) алып келди (дагы, «жебейсиңерби?» деди)
ﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼ
Алардын колу тамакка созулбай турганын көргөндө (бир жамандык менен келишкен болбосун деп), алардан шек санап, кооптоно түштү. (Анда) алар: “Коркпогун, биз Лут коомуна жиберилген (азаптоочу) элчилер болобуз” -дешти
ﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆ
Ибрахимдин аялы (кызмат кылып) турган. (Болгон сөздү угуп) күлүп жиберди. Биз (периштелер аркылуу) ага (жакында төрөй турган баласы) Исхактын жана Исхактын артынан (жарык дүйнөгө жарала турган небереси) Яькубдун кушкабарын билдирдик
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞ
Ал (таңыркап, ишенгиси келбей): «Шорум курсун! Мен төрөйт бекенмин?! Өзүм кемпир, бул эрим чал болуп калган болсок?! Бул кызык нерсе го!» деди
ﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯ
(Периштелер) айтышты: “Аллаһтын буйругуна таң каласыңбы? О, (куттуу) үй-бүлө! Силерге Аллаһтын ырайым, берекелери төгүлсүн! Ал — Даңазалуу, Улук
ﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻ
Ибрахимдин кооптонуусу тарап, ага куш кабар келгенде Биз (жиберген периштелер) менен Лут коому жөнүндө талаша баштады
ﭼﭽﭾﭿﮀﮁ
Чынында Ибрахим пейили жумшак, Аллаһка өтө берилген ибадатчы киши эле
ﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒ
“О, Ибрахим бул талашты кой. Анткени, Раббиңдин өкүмү эчак эле келген. Аларга кайтарылгыс азап сөзсүз келет!”
ﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠ
Биздин элчилерибиз (Ибрахимден чыгып) Лутка келгенде, булар(дын келиши) себептүү капаланып жана кыжаалат болуп “Бул оор күн болот го!” деди
ﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟ
Мындан мурун бузук иштерди (бачабаздык) кылып жүргөн коомунун адамдары анын (үйүнүн) алдына чуркаган бойдон жетип келишти (жана “жаш жигиттерге” суктанып турушту). “Оо, коомум — деди Лут — (бул арам иштен көрө) мына бул менин кыздарым (менен болгонуңар) тазараак силер үчүн. Аллаһтан корккула!! Мени меймандарымдын алдында шерменде кылбагыла! Силердин араңарда акылы соо адам калган эмеспи
ﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭ
Айтышты: “Кыздарыңа биздин каалообуз жок экенин билесиң. Чынын айтканда, биз эмнени каалап жатканыбызды билип эле турасың да
ﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹ
(Анда Лут мындай) деди: “(Эх,) силерге кубатым жеткенде же болбосо, жөлөнөөр бекем тирегим (жоокерлерим) болгондо кана, атаганат!”
ﯺﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒﰓﰔﰕﰖﰗﰘﰙﰚﰛﰜﰝ
(Ошондо жигит кейпиндеги периштелер) айтты: “О, Лут! Биз Раббиңдин элчилери болобуз. Алар сага катыла албайт. Сен түндүн (таңга жакын) бир бөлүгүндө үй-бүлөңдү (айылдан) чыгарып кет. Эч кимиңер артына карабасын! Бир гана аялыңды (куткарууга аракет кылба). Чынында, аларга (каапырларга) жетүүчү азап ага да жетет.? Алардын (өлтүрүлүү) убадалары таңга маал. Таң мезгили жакын эмеспи!”
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝ
Анан, Биздин (азап жөнүндөгү) буйругубуз келгенде, (айылдын) астын үстүнө төңкөрүп, асмандан токтоосуз чопо-таш жаадырдык
ﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧ
Ал таштар Раббиңдин алдында (азап белгилери менен) белгиленген. Мындай азаптар (ар кайсыл замандагы Лут коому сыяктуу) заалымдардан алыс эмес
ﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆ
Мадян коомуна! өз бурадарлары Шуайбды (пайгамбар кылып) жибердик. Ал айтты: “Оо, коомум! Аллаһка (эч нерсени шерик кошпой) ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Өлчөгөндө жана тартканда кемитпегиле! Мен силерде жакшылыкты (бай-бардар турмушту) көрүп турамын. Силердин үстүңөргө ороп алуучу күндүн азабы түшүүсүнөн коркомун
ﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖ
О, менин коомум! Өлчөөнү, таразаны адилеттик менен толук тарткыла! Адамдардын нерселерин кымтып калбагыла” жана жер бетинде (токтоосуз) бузукулук кылып жүрбөгүлө
ﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣ
Эгер ыймандуу болсоңор, силер үчүн (адал — таза эмгегиңерден) Аллаһ калтырган нерселер жакшы. (Эми, өзүңөрдү оңдогула) мен силердин үстүңөрдө корукчу эмесмин
ﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚ
(Алар) айтышты: “О, Шуайб! Бизге, ата-бабаларыбыз сыйынган кудайларды (таштоону) же өз малыбызда (соодабызда) өзүбүз каалагандай иш кылууну токтотууну сенин намазың буюруп жатабы? Сен эмне, (биздин ата-бабаларыбыздан да) айкөл жана Туура Жол тапкыч болуп калдыңбы
ﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂ
(Шуайб) айтты: «Айткылачы, О, коомум, эгер мен Раббимден келген бир айкын далилдин үстүндө болсом жана Ал мени Өзүнүн жакшы ырыскы-мүлкү менен сыйлаган болсочу?! Мен өзүм кайтарган нерсеге өзүм каршы чыгууну каалабайм. Мен (силердин бузук абалыңарды) кудуретим жетишинче оңдоону гана каалап жатам. Максатка жетүүмө Аллаһ гана жардам берет. (Ошондуктан,) Өзүнө моюн сунуп, Өзүнө гана тобокел кыламын
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨ
О, коомум! Мага (бул) каршы чыгууңар, Нухтун, Худдун жана Салихтын (каапыр) коомдоруна жеткен азаптын силерге да жетип калуусуна себеп болуп жүрбөсүн! Лут коому(нун жашаган жери жана заманы) силерге алыс эмес го
ﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳ
(Эсиңердин барында) Раббиңерден күнөөңөрдү(н кечирилишин) сурап, Өзүнө тооба кылып калгыла! Албетте, Менин Раббим - (тооба кылгандарга) Ырайымдуу жана ыймандууларды Сүйүүчү»
ﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈ
Алар айтты: “О, Шуайб! Көп сөздөрүңдү түшүнбөй турабыз. Жана биз сени арабыздагы алсыз адам катары көрөбүз. Эгер уруу-жамаатың болбогондо сени ташбараң кылып таштайт элек. Өзүң бизге кадырлуу адам эмессиң
ﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙ
(Шуайб) айтты: «О, коомум! Силерге менин уруу-жамаатым Аллаһдан да кадырлуубу? Аны(н буйруктарын) артыңарга таштап койдуңар?! Менин Раббим бардык ишиңерди ороп (билип) алуучу
ﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯ
О, коомум! (Анда) Өз билгениңерди жасап жүрө бергиле, мен да (өз билгенимди) жасаймын. Кимге шерменде кылуучу азап келишин жана ким жалганчы экенин тез эле билип аласыңар. Күткүлө, мен да силер менен чогуу күтөйүн.»
ﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣ
Качан аларга Биздин буйругубуз (азап) келген чакта Шуайб жана аны менен бирге болгон момундарды Өз ырайымыбыз менен куткардык. Ал эми, зулум (каапырчылык) жасаган адамдарды катуу добуш (ач айкырык) “кармап”, бардык каапырлар өз короо-жайларында кыйрап
ﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯ
Ал жерде жашабагандай болуп калышты Көңүл бургула! Самуд коому кырылгандай, кырылсын Мадян
ﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶ
Биз Мусаны Өз моожизаларыбыз жана айкын далил менен жибердик
ﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂ
Фираун жана анын (сарай) адамдарына. Алар (сарай адамдары) Фираундун амирине моюн сунушту. А, Фираундун иши (өкүмү) туура эмес болчу
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛ
Ал (Фираун) Кыяматта өз коомун жетелеп, Тозокко алып келет. Бул келүү кандай жаман
ﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦ
Аларды ушул дүйнөдө да, Кыяматта да наалат коштоп жүрөт. Кандай гана жаман кошулуу
ﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱ
(О, Мухаммад) Булар Биз сага икая кылып берген шаарлардын кабарлары. Алардан кээ бирлери(нин урандылары) турат. Кээ бирлери теп-тегиз болуп калган
ﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌ
Аларга Биз зулумдук кылбадык, бирок (ширк, тоңмоюндук жана каапырчылыктары себептүү) өздөрүнө-өздөрүнө зулумдук кылышты. Аларга Раббиңдин буйругу (азабы) келгенде, Аллаһтан башка жалбарган “кудайлары” эч жардам бере албай калды жана аларга зыяндан башка нерсени кошумча кыла албады
ﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚ
Сенин Раббиң шаарларды (азап менен) кармаганда мына ушинтип кармайт. Алар заалым болчу. Чынында, Анын азабы жан оорутуучу, катуу
ﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬ
Чынында, бул(айтылганд)арда Акырет азабынан корккондор үчүн үлгү-сабактар бар. Бул (Акырет) адамдар чогултулуучу Күн! Бул — күбө болуна турган Күн
ﮭﮮﮯﮰﮱﯓ
Биз бул Күндү санактуу күндөргө (дүйнө жашоосу бүткөнгө чейин) гана кечиктиребиз
ﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟ
(Ошол Күн) келгенде, Анын уруксаты болмоюнча эч ким сүйлөбөйт. (Ал күндө) адамдардан бактылуусу да бактысыздары да болот
ﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩ
Ал эми, бактысыз адамдар Тозокто! Анда алардын (жүрөк үшүткөн) өкүрүк-бакырыктары бар
ﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺ
Алар анда асмандар жана Жер тургуча (түбөлүк) калышат. Бир гана Раббиң каалаган (бул дүйнөдө жашаган жана Тозокко кире элек) мезгилде гана (анда болушпайт.) Албетте, сенин Раббиң каалаган нерсесин жасоочу
ﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏ
Ал эми, бактылуулар болсо, жер-асмандар турганга чейин, түбөлүк Бейиште болушат. Бир гана Раббиң каалаган (бул дүйнөдө жашаган жана Бейишке кире элек) мезгилде болушпайт. Түгөнгүс сыйлык болгону үчүн
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧ
(О, Мухаммад) Тиги (мушрик) адамдар ибадат кылып жаткан нерселерден эч күмөн санаба. Алар мурунку ата-бабалары сыйынганы сыяктуу сыйынып жатышат. (Тозокко да ошолор киргендей киришет) Бирок, Биз алардын (бул дүйнөдөгү) насиптерин кыскартпай эле бердик
ﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼ
Биз Мусага Китепти (Тооратты) бердик эле, ал жөнүндө талаш пайда болду. Эгер Сенин Раббиң тарабынан (жаза Кыяматта болушу жөнүндөгү) Сөз(ү) болбогондо алардын арасында(гы заалымдарына ошол замат азап берүү менен) өкүм кылынмак. Чынында алар андан (Кураандан) да күмөн санашууда
ﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈ
Албетте, сенин Раббиң (Кыяматта) алардын ар бирине амалдарын(а жараша сыйлык же жазасын) толук берет. Ал (Аллаһ) алардын бардык иштеринен кабардар
ﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖ
(О, Мухаммад) сен жана сени менен болгон тооба кылгандар (дин-ишенимиңерде Кураанда) буюрулгандай түз болгула! Чектен чыга көрбөгүлө! Ал (Аллах) эмне кылганыңарды Көрүүчү
ﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨ
Заалым (каапыр) адамдарга жан тартпагыла. (Эгер аларга болушсаңар) силерди Тозок кармайт жана Аллаһтан башка эч бир дос таппай, жардамсыз каласыңар
ﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚ
(О, Мухаммад!) Күндүздүн эки тарабында (түшкө чейин жана түштөн кийин) жана түндүн бир бөлүгүндө намаз оку!! Чынында жакшылыктар жамандыктарды (күнөөлөрдү) кетирет. Бул — эскерүүчү адамдар үчүн эскертүү
ﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢ
Сабыр кыл. Аллаһ жакшылык кылуучулардын сообун текке кетирбейт
ﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾ
Эгер силерден мурунку (апааттан кырылган) муундардын арасында жерде бузукулук кылуудан кайтара турган жакшы кишилерден (бир аз) калган болсо, (алар башкаларды да даават кылмак жана жалпы апааттан кутулуп калышмак) Ал эми Биз (апааттан) куткаргандардын арасында андайлар өтө сейрек болду. Заалымдар кумар-лаззаттарга берилип, күнөө-кылмыш жасоочулар(дан) болуп калышты (натыйжада баштарына Аллаһтын азабы түштү)
ﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇ
Сенин Раббиң эч качан элдери агартуучу болгон шаарларды адилетсиздик менен кыйраткан эмес
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜ
(О, Мухаммад) Эгер Раббиң кааласа, бардык адамдарды бир динде (Исламда) кылып коймок. Бирок, азыркыга чейин ар кандай (динде) калууда
ﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮ
Өзү ырайым кылгандардан башкалары. Аллаһ адамдарды ушундай (кээ бири акыйкатка, кээ бири жалганга ээрчий турган) болушу үчүн жаратты. Раббиңдин: “(Каапыр болгон) бардык жиндер жана адамдар менен тозокту толтураармын!” деген сөзү толугу менен аткарылды
ﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁ
(О, Мухаммад) Биз сага (өткөн) пайгамбарлардын ар бир кабарларынан сенин жүрөгүңө кубат болчуларын баян кылып бердик. Мында (ушул сүрөнүн ичинде) Акыйкат, Насаат жана ыймандуу адамдар үчүн үлгү — сабактар бар
ﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋ
(Далилдерди тизмектегенден кийин) ыйман келтирбеген адамдарга айткын: “Билген ишиңерди жасагыла, биз да билгенибизди жасайбыз”
ﮌﮍﮎﮏ
(Бизге эмне болоорун) күткүлө, биз дагы (башыңарга кандай жаза келээрин) күтөбүз
ﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡ
Асмандар жана жердеги (көрүнгөн жана) көрүнбөгөн нерселер Аллаһтын мүлкү. Бардык иштер Анын Өзүнө кайтат. Эми, Анын Өзүнө ибадат кылгыла жана Өзүнө тобокел кылгыла! Силер жасаган иштердин эч биринен Аллаһ кабарсыз эмес

Ыйык Куран


Tuesday, August 18, 2026

Don't forget us in your sincere prayers