PDF —
73 Аят Medinan PDF
Built right in your browser — download starts automatically

Сүрөсү Аль-Ахзаб pdf — Жүктөө (Кыргызча)

Сүрөсү Аль-Ахзаб pdf Кыргызча — Жүктөө Сүрөсү Аль-Ахзаб Котормо. Аль-Ахзаб (Medinan) 73 Аят.



73 Аят · Medinan · Кыргызча
bismillah
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟ
О, пайгамбар! Аллаһтан корк! Жана каапырлар менен мунафыктарга моюн сунба! Чынында, Аллаһ Билүүчү, Даанышман
ﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭ
Өзүнө Раббиң тарабынан вахий кылынган аяттарды гана ээрчигин! Эмне иш жасаганыңардан Аллаһ (ар дайым) Кабардар
ﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵ
Жана Аллаһтын Өзүнө тобокел кыл! Сактоо жаатынан Аллаһтын Өзү жетиштүү
ﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖ
Аллаһ эч бир адамдын көкүрөгүндө эки жүрөк жараткан эмес (ошол сыяктуу эле) силер «зихар»? кылган жубайыңарды силерге эне кылып койгон жок. Жана силердин бакма балаңарды өз перзентиңер(дей) кылган жок. Бул силердин оозуңардагы гана сөзүңөр. Аллаһ акыйкатты сүйлөдү. Жана Ал (эң туура) жолго баштайт
ﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗ
Аларды өз аталары(нын ысымы) менен чакыргыла. Аллаһтын алдында ушул адилеттүүрөөк. Эгер аталарын билбесеңер, анда ал диндеги бурадарыңар жана досуңар. Жана ката кетирген нерсеңерде силер үчүн күнөө жок. Бирок, жүрөгүңөр ниет кылган нерсе(де күнөө бар)! Аллаһ Кечирүүчү, Боорукер
ﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸ
Пайгамбар момундар үчүн өз жандарынан да кымбат. Пайгамбардын аялдары-момундардын энелери. Тууган туушкан адамдар Аллаһтын (тагдыр) китебинде бири-бирине момундардан жана мухажирлерден жакыныраак. Ал эми, өзүңөрдүн (момун, мухажир) досуңарга жакшылык кылсаңар, бул (тагдыр) китебинде жазылган
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣ
Жана бир кезде Биз бардык пайгамбарлардан ант-убадаларын алганбыз: Сенден, Нухтан, Ибрахимден, Мусадан, Марямдын уулу Ыйсадан... Биз алардан катуу убада алганбыз
ﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭ
Чынчылдардан убаданы чындап аткарганы жөнүндө сураш үчүн. Аллаһ каапырларга жан ооруткан азапты даярдап койду
ﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄ
О, ыйман келтирген пенделер! Аллаһтын силерге берген(төмөндөгү) нээматын эстегиле: бир кезде силерге (көп сандуу) аскерлер кол салганда, Биз аларга (каршы) шамалды жана силер көрбөгөн (периште) аскерлерди жибергенбиз. Аллаһ силердин жасаган ишиңерди Көрүүчү
ﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕ
Ошондо силерге үстүңөрдөн, ылдый жагыңардан (душман басып) келген жана көздөр тунарып, жүрөктөр алкымга тыгылган. Жана (кээ бирөөңөр) Аллаһка жаман ойлоп да калгансыңар
ﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜ
Ошол жерде момундар сыналып, (ыймандары) катуу бир чайпалган
ﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪ
Ошондо, мунафыктар менен жүрөгүндө шек-күмөнү бар адамдар: «Бизге Аллаһ менен Анын пайгамбары (силер жеңесиңер деп) жалган убада берген турбайбы»- дешти
ﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧ
Ошондо, алардан бир тайпа кишилер: «О, Ясриб (Медина) эли! Эми силерге бул жерде туруу(дан пайда) жок! Кайта бергиле!»- деген жана алардан дагы бир тайпалары пайгамбардан уруксат сурап: «Үйүбүз ачык калган болчу»- деп (жалган) айтышкан. Үйлөрү ачык калбаган эле. Алар болгону, качууну көздөгөн
ﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶ
Эгер (ошондо) алардын үстүнө Мединанын ар жагынан (душмандар) киргизилип, кийин динден кайтууларын талап кылынганда, көп (ойлонуп) отурбастан сурагандарын беришмек
ﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅ
Алар буга чейин артка качпайбыз деп Аллаһка ант берген элего! Аллаһка берилген ант жөнүндө (Кыяматта) суралат
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠ
(Мунафыктарга) айт: «Силерге качуу пайда бербейт. Эгер силер өлүмдөн же өлтүрүлүүдөн качкан болсоңор, анда (дүйнө жашоосунан) бир аз эле пайдаланып каласыңар
ﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺ
Айткын: «Эгер силерге (Аллаһ) бир жамандык каалаган болсо, Аллаһтан силерди ким сактай алат? Же Ал силерге бир ырайымдуулук кааласа (аны ким тосо алат? Качкандын башына да өлүм келет. Ошондо) өздөрүнө Аллаһтан башка дос да, жардамчы да таппай калышат
ﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋ
Аллаһ силердин араңардагы (жихаддан) тосуучуларды жана өз бурадарларына (аларды качууга үгүттөп): «Биз менен жүргүлө»-дегендерди билет. Алар согушка өтө сейрек келишет
ﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔ
(Олжону) силерден кызганып. Ал эми, (согуш учурунда) коркунуч келип калса, тим эле өлүмдүн ортосунда калып кеткендей сага алаңдап карагандарын көрөсүң. Эми, качан коркунуч кеткенде, алар жакшылыкка (олжого) ач көздүк кылышып, тезинен сага чечен тилдери менен жолугушат.! Алар ыйман келтирбеген адамдар. Аллаһ алардын амалдарын текке кетирди. Бул Аллаһка жеңил
ﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮ
Алар (Мединаны курчап турган душман) жамааттарды кетпеген деп ойлошот. Эгер ал жамааттар (бастырып) келсе, булар силердин кабарыңарды сурап коюп, тээ четтеги бедуин араптардын арасында болууну каалашат.? Эгер силердин ичиңерде (Мединада) болсо да көп (жан үрөп) согушмак эмес
ﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀ
(О, момундар!) Силер үчүн Аллаһтын элчисинде сонун үлгүлөр бар. (Бул үлгүлөр) Аллаһтан жана Акырет күндөн үмүт кылып, Аллаһты көп-көп зикир кылгандар үчүн
ﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒﰓﰔ
Ал эми, (пайгамбарынан үлгү алган, ыйманы бекем) момундар (душман) жамааттарды көргөндө: «Бул бизге Аллаһ жана пайгамбары убада кылган нерсе. Аллаһ менен пайгамбары туура сүйлөгөн экен» деп (согушка, өлүмгө даяр болуп) турушту. (Душмандын көптүгү) алардын ыймандарын жана (Исламга) моюн сунууларын гана көбөйттү
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥ
Момундардын арасында (ушундай) эр-азаматтар бар: алар Аллаһка берген убадаларында чынчыл экенин көргөзүштү. Кээ бирлери милдетин аткарып (шейит болуп) кетишти. Кээ бирөөлөрү (шейиттикти) күтүүдө. Алар (Аллаһка берген) убаданы бузбады
ﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷ
Аллаһ чынчыл адамдарды өз чынчылдыктары себептүү сыйлаш үчүн жана мунаафыктарды кааласа азапташ же болбосо тообаларын кабыл алыш үчүн (ушул сыноого дуушар кылды). Чынында, Аллаһ Кечирүүчү, Ырайымдуу
ﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊ
Ал эми, аларды (душмандарды) болсо, Аллаһ өз ачуулары менен кайтарды.! Алар эч бир жакшылыкка жетишпеди. Аллаһ момундарга согуш жаатынан жетиштүү (жардамчы) болду. Аллаһ Күчтүү, Кудуреттүү
ﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛ
Жана Аллаһ душмандарга жардам берген китеп ээлерин (Бану Курайза яхудийлерин) коргондорунан түшүрдү. Жүрөктүрүнө коркуу салды. Силер (о, момундар) алардан бир бөлүгүн өлтүрүп, бир бөлүгүн туткундап алдыңар
ﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪ
Жана силерге алардын жерлерин, короо-жайларын, мал-мүлктөрүн жана бутуңар баспаган (жаңы) жерлерди да мурас кылып берди. Аллаһ - бардык нерсеге Кудуреттүү
ﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛ
О, пайгамбар! Аялдарыңа айт: «Эгер дүйнө жашоосун жана анын зыйнаттарын кааласаңар, келгиле силерди (жакшына мүлк менен) пайдалантып, сылык-сыпаа ажырашайын
ﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪ
Ал эми, Аллаһты (н ыраазылыгын), Анын пайгамбарын жана Акырет Үйүн кааласаңар, Аллаһ силердин араңардагы жакшы ибадат кылгандарга улуу сыйлыкты (Бейишти) даярдап койгон»
ﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼ
О, пайгамбардын аялдары! Силерден кимиңер ашкере күнөө иш жасаса, ага эки эсе көп азап берилет. Бул Аллаһ үчүн жеңил
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠ
Силердин араңардан кимде-ким Аллаһка жана пайгамбарына моюн сунуп салих амал кылса, ага сооп-сыйлыгын эки ирет беребиз жана ага улуу ырыскы (Бейиш) даярдап койобуз
ﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵ
О, пайгамбардын аялдары! Силер эгер такыба болсоңор (катардагы) аялдардын бирөөсү сыяктуу эмессиңер. Демек (бөтөн эркектерге) назик сүйлөбөгүлө. Жүрөгүндө каразгөйлүгү бар адам үмүт кылып калат. Жакшынакай (түз, сыпаа) сөздөрдү сүйлөгүлө
ﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑ
Жана (зарылдык болбосо) үйүңөрдө олтургула! Абалкы жахилия (заманындагы) жасануу сыяктуу жасанбагыла!! Намазды толук аткарып, зекетти берип, Аллаһка жана пайгамбарына моюн сунгула! Албетте, о, пайгамбардын үй-бүлөлөрү, Аллаһ силерден ызаа-кыжаалатты кетирүүнү жана (ар түрдүү ушак-айыңдан) таза-пакиза сактоону каалайт
ﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡ
Өз үйүнөрдө окулган Аллаһтын аяттарын жана пайгамбардын сөздөрүн көңүлдө сактап жүргүлө. Чынында, Аллаһ бардыгын Билүүчү, Кабардар
ﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡ
Чынында, мусулман эркектер менен мусулман аялдар, момун эркектер менен момун аялдар, моюн сунуучу эркектер менен моюн сунуучу аялдар, чынчыл эркектер менен чынчыл аялдар, сабырдуу эркектер менен сабырдуу аялдар, кичипейил эркектер менен кичипейил аялдар, садака берүүчү эркектер менен садака берүүчү аялдар, орозо кармоочу эркектер менен орозо кармоочу аялдар, жыныстык мүчөлөрүн сактаган эркектер менен аялдар, Аллаһты көп эстеген эркектер менен аялдар... Аллаһ ушуларга кечирим жана улук сооп-сыйлыкты даярдап койду
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪ
Эгер Аллаһ менен Анын пайгамбары бир ишти өкүм кылса, эч бир момун эркек же момун аялга өз иштеринде ыктыяр калбайт. Кимде-ким (өзбашымчалык кылып) Аллаһ жана пайгамбарына күнөөкөр болсо, демек ал анык адашыптыр
ﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝ
(О, Мухаммад!) сен бир кезде, ага Аллаһ нээмат берген, анан сен дагы жакшылык кылган бир жигитке: «Аялыңды коюп жибербе! Аллаһтан корк!» деген болчусуң. Жана сен Аллаһ ашкере кылуучу нерсени жүрөгүңдө жашыруун тутуп, адамдардан корктуң! Өзүнөн коркушуңа Аллаһ көбүрөөк ылайык элего!! Качан Зейд ага «жакындык» кылып, (кийин талагын бергенде) аны сага никелеп бердик. Момундарга өз бакма балдарынын аялдарына үйлөнүүдө эч күнөө болбошу(н билдирүү) үчүн, эгер талактарын беришсе. Аллаһтын буйругу аткарыла турган иш
ﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗ
Аллаһ парыз кылган нерселерде пайгамбар үчүн эч кандай күнөө-кыжаалат жок. (Бул) мурда өткөн адамдар жөнүндөгү Аллаһтын сүннөтү. Аллаһтын буйругу — белгиленген тагдыр
ﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦ
Алар (мурунку пайгамбарлар) Аллаһтын элчилигин (элдерге) жеткире турган, Аллаһтан гана коркуп, Андан башка эч кимден коркпой турган адамдар болгон. Аллаһ — жетиштүү эсептешүүчү
ﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹ
(О, момундар!) Мухаммад силердин араңардагы эч бир эркектин атасы эмес.? Ал болгону Аллаһтын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысы. Аллаһ — ар нерсени Билүүчү
ﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁ
О, ыйман келтирген адамдар! Аллаһты көп зикир кылгыла
ﰂﰃﰄﰅ
Эртели-кеч Ага тасбих айткыла
ﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒﰓﰔ
Ал силерди караңгылыктардан Нурга чыгаруу үчүн Өзү жана периштелери силерге ырайым көргөзө турган Зат! Ал момундарга Ырайымдуу
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚ
Ага жолуккан (Акырет) күндөгү (ыймандуулардын) амандашуулары «Салам» (деген сөз). Аллаһ аларга улук сооп (Бейиш) даярдап койгон
ﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢ
О, Пайгамбар! Биз сени күбө болуучу, (Бейиштен) кушкабар берүүчү, (тозоктон) коркутуучу кылып жибердик
ﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩ
Өзүнүн уруксаты менен (элдерди) Аллаһка даават кылуучу жана Нурдуу Чырак (кылып жибердик)
ﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲ
Жана момундарга, алар үчүн Аллаһ тарабынан улук пазилет (артыкчылык) болушу жөнүндө кушкабар бер
ﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀ
Каапырлар менен мунафыктарга моюн сунба! Алар көргөзгөн ызааларды унут. Жана Аллаһка тобокел кыл! Сактоочулук жаатынан Аллаһтын Өзү жетиштүү
ﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘ
О, ыйман келтиргендер! Эгерде, момун аялдарды никеңерге алганыңардан кийин аларга жакындык кылбай туруп талагын берсеңер, силер үчүн өздөрү санай турган иддага отурушпайт. Эми, аларды (көңүлүңөрдөн чыккан белектер менен) пайдалантып, сылык-сыпаа жообун берип койгула
ﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹ
О, Пайгамбар! Биз сага махырын берген жубайларыңды, Аллаһ (согуштардан) олжо кылып берген күңдөрүңдү, (дагы) абаңдын, атаңдын эже-карындаштарынын, таякеңдин жана таежеңдин (кыздарынын арасынан) сени менен бирге хижрат кылгандарын адал кылдык. Жана өзүн пайгамбарга белек кылган ар бир ыймандуу аялды — эгер пайгамбар аны өз никесине алууну кааласа — адал кылдык. (Бул укук, о, пайгамбар) башка момундарсыз жалгыз өзүңө тиешелүү. Момундарга аялдары, күңдөрү жөнүндө парыз кылган нерселерибизди Өзүбүз билебиз.! (Сага бул укуктар) жүрөгүң сыгылбасын деп (берилди). Аллаһ-Кечирүүчү, Ырайымдуу
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹ
(Дагы) сен аялдар(ың)дан каалаганыңды (төшөктө жалгыз) таштап, каалаганың менен боло аласың. Жана жалгыз калдырган аялдарыңдан кимисине (кайра) барсаң да, сага күнөө жок.? Бул (сенин ыктыярдуу адилетиң) аялдарыңдын көздөрү кубануусуна, капаланбоосуна жана бардыгына сен берген кезек-насиптерине ыраазы болууларына жакыныраак нерсе. Аллаһ силердин жүрөгүңөрдөгү нерсени билип турат. Аллаһ Билүүчү (жана пейили) Жумшак
ﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔ
Сага (ушул тогуз аялдан) кийин аялдар(та үйлөнүү) жана аларды башка аялдарга алмаштыруу адал эмес, эгер алардын чырайы сени кызыктырган болсо да. Бир гана кол астыңдагы күң аялдарга барышыңа уруксат. Аллаһ бардык нерселерди көрүп турат
ﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁ
О, ыйман келтирген адамдар! Силерге уруксат берилмейинче пайгамбардын үйүнө кирбегиле! Тамак жегенге (уруксат берилсе, бирок даяр болбогон болсо) күтүп олтура бербегиле! Эгер чакырылсаңар, киргиле дагы тамактанып, (дароо) тарап кеткиле. Сөзгө алаксып олтура бербегиле. Мунуңар пайгамбарды иренжитет. Бирок ал силерден ыйбаа кылат. («Кеткиле» дегенден тартынат). Аллаһ болсо, акыйкатты айтуудан тартынбайт. Жана эгер алардан (Пайгамбардын аялдарынан) бир нерсе сурасаңар, парданын артынан сурагыла. Ушунуңар силердин да, алардын да жүрөктөрүн тазартуучураак (жорук). Аллаһтын пайгамбарын иренжитүү жана андан соң анын (жесир) аялдарына үйлөнүү силерге эч качан мүмкүн эмес! Мунуңар Аллаһтын назарында чоң күнөө болмок
ﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍ
Эгер силер бир нерсени жашырсаңар же ашкере кылсаңар да, Аллаһ бардык нерсени билип турат
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱ
(Эгер пайгамбардын аялдары) аталарынын алдында, уул перзенттеринин алдында, ага-инилеринин алдында, ага-инилеринин уул перзенттеринин алдында, эже-сиңдилеринин уул перзентеринин алдында, өздөрүнүн (мусулман) аялдарынын алдында жана кол астындагы кулдарынын алдында (бетин ачып жүрсө) эч күнөө жок! (О, пайгамбардын аялдары!) Аллаһтан корккула! Аллаһ чынында бардыгын көрүп турат
ﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀ
Албетте, Аллаһ жана Анын периштелери пайгамбарга салават айтышат. О, ыйман келтиргендер, силер да ага көптөн-көп салават-саламдарды айткыла
ﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏ
Аллаһты жана Анын элчисин иренжиткен адамдарга дүйнө-акыретте Аллаһ наалат айткан жана аларга кордоочу азап даярдаган
ﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜ
Момун эркектер менен момун аялдарды жасабаган иштери себептүү иренжиткен адамдар (желкелерине) чоң дооматты жана анык күнөөнү көтөрүшүптүр
ﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕ
О, Пайгамбар! Аялдарыңа жана момундардын аялдарына айткын: жоолуктарын өздөрүнө жакындатып (көкүрөк-баштарын жаап) алышсын! Ушул алардын (күңдөрдөн ажыралып) таанымал болууларына жана иренжитилбей жүрүүлөрүнө жакыныраак (жорук). Аллаһ Кечиримдүү, Ырайымдуу
ﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪ
Эгерде мунафыктар, жүрөгү бузулган адамдар жана Мединада (ушак-айың таратып, момундарды) коркутуп жүрүүчүлөр (ушул иштеринен) токтобосо, сени аларга каршы койобуз. Кийин алар сага кошуна болуп (Мединада) көп тура албай калышат
ﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲ
(Анан) каргышка учураган абалда, кай жерден жолуктурулса, кармалып, айоосуз өлтүрүп жиберилет
ﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀ
Бул муруңкулардын (Аллаһ түзүп берген) жолу. Сен Аллаһтын жолун өзгөртө албайсың
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢ
Сенден адамдар Кыямат жөнүндө сурашат. Айткын: Аны бир гана Аллаһ билет. (О, Мухаммад!) Сен кайдан билесиң, Кыямат жакын болушу да мүмкүн
ﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪ
Аллаһ каапырларга наалат айтты жана аларга тозокту даярдап койду
ﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴ
Алар анда түбөлүккө калышат! Өздөрүнө эч бир (тозоктон куткаруучу) дос, эч бир жардамчы таба алышпайт
ﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀ
Алардын беттери тозокто (күйүп) оодарылып калган күндө: «О! Кана эми, Аллаһка жана Анын элчисине моюн сунуучу болгонубузда!»- деп (арман кылып) калышат
ﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉ
Жана: «О, Рабби! Биз өзүбүздүн башчыларыбызга, чоңдорубузга баш ийген элек. Бизди ошолор жолдон чыгарган
ﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒ
О, Рабби! Аларга эки эсе азап бер! Жана аларга чоң наалат жаадыр!»-дешет
ﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤ
О, ыйман келтиргендер! Силер (Мухаммадга мамиле кылганда) Мусаны иренжиткен адамдар сыяктуу болбогула! Анан Аллаһ аны (Мусаны) алар айткан сөздөн аруулаган.! (Себеби) Ал Аллаһтын алдында урматтуу (пайгамбар)
ﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭ
О,момундар! Аллаһтан корккула жана жалаң чын сөздөрдү сүйлөгүлө
ﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞ
(Ошондо) Аллаһ силердин ишиңерди оңдоп, күнөөңөрдү кечирет. Кимде-ким Аллаһка жана Анын элчисине моюн сунса, улук жеңишке (Бейишке) жетиптир
ﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲ
Биз Аманатты (Ислам шариятын оболу) асмандарга, Жерге жана тоолорго сунуштадык. Алар аны көтөрүүдөн коркуп, баш тартышты. Анан аны инсан өз желкесине алды. Чынында, ал -зулумкер, наадан.”
ﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃ
Аллаһ мунафык эркектер менен мунафык аялдарды, мушрик эркектер менен мушрик аялдарды азаптоо үчүн, ал эми момун эркектер менен момун аялдардын тообасын кабыл алуу үчүн (ушул аманатты инсаниятка жүктөдү). Аллаһ - Кечиримдүү, Ырайымдуу

Ыйык Куран


Tuesday, August 18, 2026

Don't forget us in your sincere prayers