Аль-Мунафикун сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)
Аль-Мунафикун сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Аль-Мунафикун сүрөсү Котормо. Аль-Мунафикун сүрөсү (Medinan) 11 Аят.
Related
More Сүрөсү PDF
Аль-Мунафикун сүрөсү

ﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢ
63:1
(О, Мухаммад!) Эгер сага мунафыктар келсе «биз күбөлүк беребиз: сен Аллаһтын элчисисиң» дешет. Аллаһ билет, сен Өзүнүн элчиси экениңди. Аллаһ мунафыктардын анык жалганчылыгына күбөлүк берет
ﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰ
63:2
Алар анттарын калканыч кылып (өздөрүнө кошуп башка адамдарды да) Аллаһтын Жолунан тосушкан. Алардын иштери кандай жаман
ﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝ
63:3
Мунун себеби, алар (оозунда) ыймандуу, (жүрөгүндө) каапыр болгону. Натыйжада жүрөктөрүнө мөөр басылып, (жакшылык менен жамандыкты) ажырата албай турган болуп калышты
ﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻ
63:4
Эгер аларга карасаң келбеттери сени кызыктырат. Эгер (жалганды кооздоп) сүйлөсө аларды угасың. Алар (дубалга) жөлөп коюлган (жансыз) жыгач сыяктуу. (Ар дайым далбасада жашаганы себептүү) ар бир добушту өздөрүнүн зыянына деп ойлошот. Алар — душмандар, абайла алардан! Аллаһ кыйраткырлар, (чындыктан бурулуп) кайда бара жатышат
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟ
63:5
Аларга «(Тооба кылып) келгиле, Аллаһтын элчиси силердин күнөөңөрдү кечиришин Аллаһдан сурайт» деп айтылганда, моюн толгоп кетишкен жана сен аларды текеберлик менен (адамдарды акыйкаттан) тосконун көрдүң
ﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳ
63:6
Сеналар үчүн (Аллаһтан) кечирим сурасаң да же сурабасаң да — айырмасы жок: Аллаһ эч качан кечирбейт! Аллаһ бузуку коомду Туура Жолго баштабайт
ﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉ
63:7
Алар (өз кишилерине) «Аллаһтын элчисинин айланасындагы адамдарга ихсан-көмөк көргөзбөгүлө, (ажеп эмес, Мухаммаддын айланасынан) тарап кетишсе» дешет. Асмандар менен жердин казыналары Аллаһтын колунда го! Бирок, мунафыктар муну түшүнбөйт
ﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜ
63:8
Алар (дагы) «Эгер Мединага кайтсак, улук адамдар селсаяктарды (шаардан) айдап чыгат» дешкен!. Улуулук Аллаһка, Анын элчисине жана ыйман келтиргендерге таандык. Бирок, мунафыктар муну билишпейт
ﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯ
63:9
О,ыйман келтиргендер! Мал-дүйнөңөр менен бала-чакаңар силерди Аллаһты эскерүүдөн (ибадаттардан) алаксытып койбосун! Ким ушундай кылса, алар — зыян тарткандар
ﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦ
63:10
Качан гана силерден бирөөңөргө өлүм (сааты) келгенде «О, Раббим! Эгер мени бир аз мөөнөткө (жанымды албай) койо турсаң, садака кылып, жакшы адамдардан болоор элем!» деп (чыйпылыктап) калаардан мурда силерге Аллаһ берген ырыскылардан садака кылып калгыла
ﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳ
63:11
Ажалы жетип калса, Аллаһ эч бир жанга мөөнөт бербейт! Аллаһ силердин бардык ишиңерден Кабардар
Ыйык Куран
Wednesday, September 9, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







