Сүрөсү Аль-Джумуа
PDF —
11 Аят Medinan PDF
Built right in your browser — download starts automatically

Сүрөсү Аль-Джумуа pdf — Жүктөө (Кыргызча)

Сүрөсү Аль-Джумуа pdf Кыргызча — Жүктөө Сүрөсү Аль-Джумуа Котормо. Аль-Джумуа (Medinan) 11 Аят.



Сүрөсү Аль-Джумуа
11 Аят · Medinan · Кыргызча
bismillah
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝ
Аллаһка асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер тасбих айтат. Ал — Падыша, Таза-Пакиза, Кудуреттүү жана Даанышман
ﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳ
Алуммий адамдар” арасына өздөрүнүн ичинен (тандап алган) пайгамбарды жиберди. Ошол (Пайгамбар) аларга Аллаһтын аяттарын тилават кылат, аларды (ширк жана башка күнөөлөрдөн) тазартат жана Китеп менен Сүннөттү таалим берет. Алар мындан мурда анык адашууда болушкан
ﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽ
Жана (Аллаһ ал пайгамбарды) али аларга кошулбаган башка элдерге? да жиберди. Ал — Кудуреттүү, Даанышман
ﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉ
Бул Аллаһтын каалаган пенделерине бере турган пазилети. Аллаһ улуу пазилет Ээси
ﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣ
Тооратты (колдорунда) көтөргөнү менен, кийин аны(н өкүм-буйруктарын иш жүзүнө аткара) көтөрбөгөн адамдар, үстүнө көп китеп көтөргөн эшек сыяктуу. Аллаһтын аяттарын жалганга чыгарган коомдун тамсили кандай жаман! Аллаһ заалым коомду Туура Жолго баштабайт
ﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖ
(О,Мухаммад!) Айткын: «Эй, яхудийлер! Эгер силер «Бардык адамдар эмес, мына биз гана Аллаһтын сүйгөн пенделерибиз» деп ойлосоңор, анда өлүмдү тилегиле, эгер чынчыл болсоңор»
ﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡ
(Жок,) алар жасаган (көп күнөө) иштери себептүү эч качан өлүмдү сагынышпайт. Аллаһ заалымдарды Билүүчү
ﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵ
Айт: «силер качып (коркуп) жүргөн өлүмгө албетте жолугасыңар. Кийин, көмүскөнү да, көрүнгөндү да Билүүчүгө кайтарыласыңар. Ал силерге жасаган ишиңердин кабарын билдирет
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧ
О,ыйман келтирген пенделер! Эгер Жума күнү (Жума намазына чакырып) азан айтылчу болсо, тезинен Аллаһты эскерүүгө (мечиттерге) шашылгыла жана сооданы (намаз бүткөнгө чейин) токтоткула. Бул өзүңөр үчүн жакшы, эгер билсеңер
ﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷ
Ал эми, намаз бүткөндө Аллаһтын ырыскыларын издеп, жер бетине жайылгыла жана Аллаһты көп эстегиле. (Ошондо) жеңишке (Бейишке) жетээрсиңер
ﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏ
Алар (кээ бир мусулмандар) сооданы жана оюн-тамашаны көргөндө ошого чуркап кетишти. Сени болсо, (мечиттин минбарында) турганың бойдон калтырышты. Сен айткын: «Аллаһтын алдындагы сооп соодадан жана оюн-тамашадан жакшы. Аллаһ эң жакшы ырыскы берүүчү

Ыйык Куран


Tuesday, August 18, 2026

Don't forget us in your sincere prayers