Ан-Ниса · 10/176
Котормо Транслитерация — Ан-Ниса сүрөсү
إِنَّ الَّذِينَ يَأْكُلُونَ أَمْوَالَ الْيَتَامَىٰ ظُلْمًا إِنَّمَا يَأْكُلُونَ فِي بُطُونِهِمْ نَارًا ۖ وَسَيَصْلَوْنَ سَعِيرًا ۝١٠
Innal lazeena yaakuloona amwaalal yataamaa zulman innamaa yaakuloona fee butoonihim Naaranw-wa sayaslawna sa`eeraa
📖 Кыргызча
Чынында, жетимдердин малын зулумдук-кыянаттык менен жеген адамдар курсактарына от жеген менен барабар. Алар тез күндө Тозокко ташталат

M Mishary Rashid Alafasy ✓
M Mahmoud Khalil Al-Husary ✓
A Abdurrahman As-Sudais ✓
M Mohamed Siddiq Al-Minshawi ✓
A Abdul Basit Abdul Samad ✓
A Ali Al-Hudhaify ✓
A Ahmed ibn Ali al-Ajamy ✓
A Abu Bakr Ash-Shaatree ✓
M Muhammad Ayyoub ✓
A Abdullah Basfar ✓
A Abdullah Al-Juhani ✓
M Maher Al Muaiqly ✓
0:00
0:00
📜

Котормо — Tafsir

  1. Сөздөрдүн мааниси:
  • يَتَامَىٰ (ятама): атасы жок балдар, жетимдер.
  • ظُلْمًا (зулман): акысыз, мыйзамсыз жол менен, кыянаттык менен.
  • بُطُونِهِمْ (бутунихим): алардын ичтери, курсактары.
  • سَيَصْلَوْنَ (саясавлаун): жакында кирип, азабын тартышат.
  • سَعِيرًا (саиран): күйүп турган тозок оту, жалындаган тозок.
  1. Аяттын түшүндүрмөсү:

Чындыгында, жетим балдардын мал-мүлкүн акысыз, кыянаттык менен жеген адамдар — алар жегени курсактарына от толтуруу гана. Бул дүйнөдө алар тамак жеп жаткандай сезилсе да, чындыгында алар өздөрүнүн ичтерине тозоктун отун жыйнап жатышат. Анткени жетимдин акысы — эң оор күнөөлөрдүн бири, ал эч качан жазасыз калбайт. Ал эми акыретте алар жалындаган тозокко кирип, анын катуу ысыгы менен азабын тартышат. Бул аят жетимдердин мал-мүлкүнө кол тийгизүүнүн канчалык коркунучтуу экенин эскертип, алардын акысын коргоого чакырат.

  1. Аяттан алынуучу пайдалар:
  • Ислам жетимдерди коргоого, алардын акысын сактоого чоң маани берет. Бул — ыймандуу адамдын милдети.
  • Жетимдин мал-мүлкүнө кыянаттык кылуу — эң чоң күнөөлөрдөн. Бул адамды тозокко алып барат.
  • Адам байлыкты акысыз жеп, убактылуу ырахат алса да, анын акыбети өтө оор экенин түшүнүү керек.
  • Ислам — адилеттик жана ырайым дини. Ал алсыздарды, жетимдерди, муктаждарды коргоого үндөйт.
  • Бул аят аркылуу ар бир адам өз амалдарын ойлонуп, харамдан алыс болууга, акыйкат болууга умтулат. Исламдын көркөмдүгү — анын адилеттигинде жана алсыздарга болгон камкордугунда.


📜 Аят 8-12 — Ан-Ниса сүрөсү

8وَإِذَا حَضَرَ الْقِسْمَةَ أُولُو الْقُرْبَىٰ وَالْيَتَامَىٰ وَالْمَسَاكِينُ فَارْزُقُوهُم مِّنْهُ وَقُولُوا لَهُمْ قَوْلًا مَّعْرُوفًا
Эгер мурас бөлүштүрүү(нүн үстүн) дө (мураскор эмес) тууган-уруктар, жетимдер жана жакырлар болуп калса, аларга да мурастан ырыс-кешик бергиле жана аларга ширин сөздөрдөн сүйлөгүлө
9وَلْيَخْشَ الَّذِينَ لَوْ تَرَكُوا مِنْ خَلْفِهِمْ ذُرِّيَّةً ضِعَافًا خَافُوا عَلَيْهِمْ فَلْيَتَّقُوا اللَّهَ وَلْيَقُولُوا قَوْلًا سَدِيدًا
(Өлүмгө бет алган кишинин алдында турган) адамдар эгер артында алсыз (мурастан куржалак) перзенттерди калтырышса (жана алардын абалынан кабатыр болушса, демек, өлүп бараткан адамдын перзенттеринин абалынан да) кабатыр болушсун. Жана Аллаһтан коркуп, (өлүмгө бет алган кишиге) жакшы сөздөрдү насаат кылышсын
10إِنَّ الَّذِينَ يَأْكُلُونَ أَمْوَالَ الْيَتَامَىٰ ظُلْمًا إِنَّمَا يَأْكُلُونَ فِي بُطُونِهِمْ نَارًا ۖ وَسَيَصْلَوْنَ سَعِيرًا
Чынында, жетимдердин малын зулумдук-кыянаттык менен жеген адамдар курсактарына от жеген менен барабар. Алар тез күндө Тозокко ташталат
11يُوصِيكُمُ اللَّهُ فِي أَوْلَادِكُمْ ۖ لِلذَّكَرِ مِثْلُ حَظِّ الْأُنثَيَيْنِ ۚ فَإِن كُنَّ نِسَاءً فَوْقَ اثْنَتَيْنِ فَلَهُنَّ ثُلُثَا مَا تَرَكَ ۖ وَإِن كَانَتْ وَاحِدَةً فَلَهَا النِّصْفُ ۚ وَلِأَبَوَيْهِ لِكُلِّ وَاحِدٍ مِّنْهُمَا السُّدُسُ مِمَّا تَرَكَ إِن كَانَ لَهُ وَلَدٌ ۚ فَإِن لَّمْ يَكُن لَّهُ وَلَدٌ وَوَرِثَهُ أَبَوَاهُ فَلِأُمِّهِ الثُّلُثُ ۚ فَإِن كَانَ لَهُ إِخْوَةٌ فَلِأُمِّهِ السُّدُسُ ۚ مِن بَعْدِ وَصِيَّةٍ يُوصِي بِهَا أَوْ دَيْنٍ ۗ آبَاؤُكُمْ وَأَبْنَاؤُكُمْ لَا تَدْرُونَ أَيُّهُمْ أَقْرَبُ لَكُمْ نَفْعًا ۚ فَرِيضَةً مِّنَ اللَّهِ ۗ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمًا
Аллаһ перзенттериңер жөнүндө, эркек бала үчүн эки кыздын үлүшүнчө (мурас бөлүштүрүүнү) осуят кылат. Эгер алар (атадан мурас алуучу перзенттер) экиден ашык аялдар болсо, анда аларга (атасы) калтырган мурастан үчтөн эки бөлүгү, а эгер (мураскор) жалгыз кыз болсо, ага тең жарымы тиет. Эгер анын (мурас калтыруучунун) перзенти бар болсо, анда ата-энесинин ар бирине, ал калтырган мурастан алтыдан бир бөлүгү тиет.! Эгер анын перзенти болбой, ата-энеси гана мураскор болушса, анда апасына үчтөн бири (калганынын бардыгы атасына) тиет. Эгер анын ага-инилери (же эже-сиңдилери) болсо, анда, апасына алтыдан бири, (калганынын баары атасына) тиет.* (Ушул бөлүштүрүүлөр) маркум тарабынан айтылган осуят-керээзден кийин же болбосо маркумдун карыздарын төлөгөндөн кийин гана аткарылат. (Өз акылыңарга койсо) силер ата-энеңер менен бала-чакаңардын кай бири силерге пайдалуураак экенин билбейсиңер. (Ошондуктан мурас маселеси) Аллаһ тарабынан парыз кылып (дайындалып, белгиленип) коюлду. Албетте, Аллаһ — Билүүчү, Даанышман
12۞ وَلَكُمْ نِصْفُ مَا تَرَكَ أَزْوَاجُكُمْ إِن لَّمْ يَكُن لَّهُنَّ وَلَدٌ ۚ فَإِن كَانَ لَهُنَّ وَلَدٌ فَلَكُمُ الرُّبُعُ مِمَّا تَرَكْنَ ۚ مِن بَعْدِ وَصِيَّةٍ يُوصِينَ بِهَا أَوْ دَيْنٍ ۚ وَلَهُنَّ الرُّبُعُ مِمَّا تَرَكْتُمْ إِن لَّمْ يَكُن لَّكُمْ وَلَدٌ ۚ فَإِن كَانَ لَكُمْ وَلَدٌ فَلَهُنَّ الثُّمُنُ مِمَّا تَرَكْتُم ۚ مِّن بَعْدِ وَصِيَّةٍ تُوصُونَ بِهَا أَوْ دَيْنٍ ۗ وَإِن كَانَ رَجُلٌ يُورَثُ كَلَالَةً أَوِ امْرَأَةٌ وَلَهُ أَخٌ أَوْ أُخْتٌ فَلِكُلِّ وَاحِدٍ مِّنْهُمَا السُّدُسُ ۚ فَإِن كَانُوا أَكْثَرَ مِن ذَٰلِكَ فَهُمْ شُرَكَاءُ فِي الثُّلُثِ ۚ مِن بَعْدِ وَصِيَّةٍ يُوصَىٰ بِهَا أَوْ دَيْنٍ غَيْرَ مُضَارٍّ ۚ وَصِيَّةً مِّنَ اللَّهِ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَلِيمٌ
Силерге (өлгөн) аялыңар калтырган нерсенин - эгер алардын балдары болбосо - тең жарымы тиет. Эгер алардын (силерденби же башкаданбы, уулбу же кызбы, азбы же көппү, өзүнүнбү же уул-кызынынбы) балдары калган болсо, анда, (ал калтырган) осуяттан кийин же болбосо анын карыздары төлөнүп бүткөндөн кийин силерге аялыңар калтырган мүлктүн төрттөн бири тиет. Жана силер (өлгөнүңөрдөн кийин) калтырган мурастан аялдарыңарга - эгер силерден бала калбаган болсо - төрттөн бири тиет. Эгер силерден бала калган болсо, -силердин осуятыңардан жана карызыңар төлөнгөндөн кийин - аялдарыңарга силер калтырган мурастан сегизден бири тиет. Ал эми, мурас калтырып жаткан эркек же аял (ата-энеси да, бала-чакасы да, чоң ата-чоң энеси да, небере-чебереси да жок) жалгыз киши болсо, жана анын (эне тараптан) ага-иниси же эже-сиңдиси болсо, алардын ар бирине алтыдан бир бөлүктөн тиет. Эми, алар мындан (бирден) көп болушса, алардын бардыгы үчтөн бирден шерик болушат. (Бул бөлүштүрүү) мураскорлордун эч бирине зулум кылынбай айтылган осуяттан кийин жана анын карыздары төлөнүп бүткөндөн кийин болот. (Бул силерге) Аллах тарабынан осуят иретинде (айтылды). Аллах — Билүүчү, (пейили) Жумшак
Ан-НисаКуран тизмеси
176Аят
MedinanRevelation
10Аят

Котормо — Ан-Ниса 10

Ан-Ниса сүрөсү Аят 10 - Окуу, Укта, Котормо, Кыргызча : Чынында, жетимдердин малын зулумдук-кыянаттык менен жеген адамдар курсактарына от жеген…

Сүрөсү Аят 10/176 — Ан-Ниса сүрөсү النساء (Medinan). Окуу Укта Котормо (Кыргызча). Укта: Ан-Ниса сүрөсү Укта, Ан-Ниса сүрөсү Котормо, Ан-Ниса сүрөсү mp3, Ан-Ниса сүрөсү pdf. Аят 8–12. Кыргызча: Русский.





Ыйык Куран


Monday, September 28, 2026

Don't forget us in your sincere prayers