Сүрөсү Ан-Нур
PDF —
Built right in your browser — download starts automatically
Сүрөсү Ан-Нур pdf — Жүктөө (Кыргызча)
Сүрөсү Ан-Нур pdf Кыргызча — Жүктөө Сүрөсү Ан-Нур Котормо. Ан-Нур (Medinan) 64 Аят.
Related
- Ан-Нур КотормоКыргызча
- Ан-Нур mp3Укта
- Quran Index Кыргызча114
More Сүрөсү PDF
Сүрөсү Ан-Нур

ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚ
Бул сүрөнү Биз түшүрдүк, аны(н өкүмдөрүн) Биз парыз кылдык жана (о, момундар) эскерме-сабак алаарсыңар деп, анын ичинде анык далилдерди түшүрдүк
ﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷ
(Үйлөнө элек туруп) зынаа кылган аял менен зынаа кылган эркектин ар бирин жүз балактан ургула!? Эгер Аллаһка жана Акырет Күнүнө ишенчү болсоңор, Аллаһтын дининде(ги өкүмдү аткараарда) ал экөөсүнө жан тартпагыла! Экөөсүнүн жазалануусуна момундардын бир тайпасы күбө болуп турушсун
ﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋ
Зынакер эркек зынакер аялга же мушрик аялга гана үйлөнө алат, зынакер аялды дагы зынакер эркек же мушрик эркек гана никесине алат. Ал эми, ыймандууларга бул — арам
ﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠ
Таза аялдарга (жана эркектерге «зынакер» деп) доомат коюп, андан кийин төрт (адилеттүү) күбө алып келе албаган адамдарды сексен балак ургула жана алардын күбөлүгүн эч качан кабыл албагыла! Алар — (Аллаһка баш ийбеген) бузуку адамдар
ﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬ
Ал эми, ушунусунан кийин тооба кылган жана (амалдарын) оңдогон адамдар(дын күнөөсүн Аллаһ кечирет. Анткени,) Аллаһ — Кечиримдүү, Ырайымдуу
ﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟ
Өз аялдарына (зынаа кылды деген) доомат коюп, бирок, өзүнөн башка күбөсү жок болгон адамдардан ар биринин күбөлүгү (- казынын алдында:) «Мен чынчылдарданмын» деп төрт ирет Аллаһтын аты менен (ант ичип) күбөлүк берүү
ﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩ
Бешинчиси—«Эгер жалганчылардан болсом мага Аллаһтын наалаты болсун!»-деп айтуу
ﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵ
Ал эми, «Ал (күйөөсү) жалган айтууда!» - деп, төрт ирет Аллаһка ант ичүүсү андан (аялынан) азапты арылтат
ﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿ
Бешинчиси- (аялдын) «Эгер ал (күйөөсү) чын сүйлөп жаткан болсо, өзүнө Аллаһтын ачуусу болсун!»- деп (наалат) айтуусу
ﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉ
Эгер силерге Аллаһтын пазилети жана ырайымы болбогондо жана Аллаһ тообаларды кабыл кылуучу, Даанышман болбогондо.., (жалгандан ант ичкен эр же аялга өзү тилеген каргышы тиймек)
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱ
Чынында, доомат арткан адамдар өзүңөрдүн эле араңардагы бир тайпа.! Силер бул дооматты жамандык деп ойлобогула, ал силер үчүн жакшылык.! Алардан (дооматчылардан) ар бири үчүн жасаган ишине тете күнөөсү бар. Ал эми, алардын арасынан (күнөөнүн) чоңун көтөргөн адамга? (Акыретте) чоң азап бар
ﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾ
Силер (оо, мусулман жамааты!) бул жалааны укканыңарда ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдар бири-бири жөнүндө жакшы күмөндө болуп, «бул (Аишага) анык жалаа!» - десе болбойт беле
ﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎ
Алар (дооматчылар) өздөрүнүн дооматтарына төрт (адилеттүү) күбөнү алып келишсе болбойт беле?! Эгер (төрт адилеттүү) күбөнү алып келе албаса, анда алар Аллаһтын алдында жалганчы адамдар
ﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞ
Эгерде силерге Дүйнө жана Акыретте Аллаһтын пазилети жана ырайымы болбосо, анын ичине чумкуган нерсеңер (ушак-доомат) үчүн силерге чоң азап келмек
ﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯ
Силер ал убакта тилиңер менен (доомат-ушакты) сүйлөп, оозуңар менен өзүңөр билбеген нерсени жайылтып жаттыңар. Силер аны (дооматты) жеңил санайт элеңер. Чынында ал Аллаһтын алдында чоң (күнөө)
ﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟ
Аны укканыңарда «Биз муну сүйлөгөнгө акыбыз жок! (О, Аллаһым!) Өзүң Аруу-Тазасың! Бул деген чоң доомат!» - десеңер болбойт беле
ﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩ
Аллаһ силерге эскертет: Ага окшогон нерсеге эч качан кайтпагыла, эгер ыймандуу болсоңор
ﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲ
Аллаһ силерге Өзүнүн аяттарын (өкүм-шариятын ушинтип) баяндайт. Аллаһ — Билүүчү, Даанышман
ﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈ
Албетте, ыймандуу адамдар жөнүндө бузук сөздөрдү таратууну жакшы көргөн адамдарга, Дүйнөдө жана Акыретте улуу азап бар! Аллаһ (алардын жалгандарын) билет, силер билбейсиңер
ﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒ
Эгер силерге Аллаһтын пазилети жана ырайымы болбогондо жана Аллаһ Боорукер, Ырайымдуу болбогондо (силерге мамилеңерди жөнгө салган шарият жибербейт эле)
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷ
О,ыйман келтиргендер! Шайтандын изине ээрчибегиле! Ким шайтандын изине ээрчисе, (билип алсын) ал бузукулуктарга жана жаман иштерге буюрат. Эгерде силерге Аллаһтын пазилети жана ырайымы болбосо, эч качан, силерден эч кимиңер актана албайт болчу. Бирок, Аллаһ каалаган пендесин актайт. Аллаһ — Угуучу, Билүүчү
ﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕ
Силердин араңардагы пазилет (илим) ээлери жана бай-бардар жашагандар туугандарына, мискиндерге жана Аллаһ жолунда хижрат кылган кишилерге (садака) бербейм деп ант ичпесин! Тескерисинче, (аларды) кечирсин жана айыбынан өтсүн. Аллаһ силерди кечиришин каалабайсыңарбы? Аллаһ Кечиримдүү, Ырайымдуу
ﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣ
Чынында, (жамандыкты) оюна да албаган, таза-пакиза, ыймандуу кыз-келиндерге («зынаа кылды» деп, доомат ташын) аткан адамдар Дүйнө-Акыретте (Аллаһтан келген) наалатка калышат жана аларга чоң азап бар
ﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭ
Ал (Кыямат) Күнү өздөрүнүн тилдери, колдору жана буттары жасаган (жаман) амалдары себептүү аларга каршы күбөлүк берет
ﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚ
Ошол Күнү Аллаһ алардын акыйкат жазаларын толук берет жана алар Аллаһтын анык Акыйкат экенин (ошондуктан, Анын убадасы, коркутканы жана Андан келген бардык нерселер акыйкат экенин) билишет
ﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮ
Ыплас аялдар ыплас эркектер үчүн, ыплас эркектер ыплас аялдар үчүн. Таза аялдар таза эркектер үчүн, таза эркектер таза аялдар үчүн. Алар (дооматка калган таза адамдар) тигилер (дооматчы ыпластар) айткан нерседен таза. Аларга (Раббиси тарабынан) кечирим жана кереметтүү ырыскы (Бейиш) бар
ﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂ
О,ыйман келтирген пенделер! Өзүңөрдүн үйүңөрдөн башка үйлөргө, үй ээлеринен уруксат сурамайынча жана салам бермейинче кирбегиле! Ушунуңар силерге жакшы! (Аллаһтын буйруктарын) эсиңерге алышыңар үчүн
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪ
Эгер ал үйлөрдүн ичинде эч кимди таппасаңар, качан силерге уруксат берилмейинче аларга кирбегиле! Эгер силерге «кайтып кет» деп айтылса, кайтып кеткиле. Ушул силер үчүн тазараак (жорук). Аллаһ - жасаган ишиңерди Билүүчү
ﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽ
Бирок, анда (үй-бүлө) жашабаган жана силерге пайдалуу (мейманкана сыяктуу жалпы) үйлөргө уруксат сурабай киришиңерде силер үчүн күнөө жок. Аллаһ силердин жашырганыңарды да, ашкерелегениңерди билет
ﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏ
(О, Мухаммад!) Ыймандуу эркектерге айт: (Бөтөн аялдарга кумардануу менен кароодон) көздөрүн тыйышсын жана жыныс мүчөлөрүн (зынаадан жана бачабаздыктан) сакташсын! Алар үчүн ушул тазараак (жорук). Аллаһ алардын бардык иштеринен Кабардар
ﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃ
Ыймандуу аялдарга айт: (Бөтөн эркектерге кумардануу менен кароодон) көздөрүн жумушсун жана жыныс мүчөлөрүн (зынаадан) сакташсын! Көрүнүп турган зыйнатынан (кийиминен) башка зыйнат-тагынчактарын жаап жүрүшсүн! Жоолуктары менен көкүрөктөрүн жабышсын! Зыйнаттарын (моюн, билек сыяктуу зыйнат мүчөлөрүн) көргөзүшпөсүн! Бир гана күйөөлөрүнө же аталарына же күйөөсүнүн аталарына же балдарына же күйөөсүнүн балдарына же ага-инилерине же ага-инилеринин балдарына же эже-сиңдилеринин балдарына же өзүнүн (мусулман) аялдарына же кулдарына же (аялга) кызыгуусу калбаган (картайган) эркек кызматчыларына же аялдардын авраттарынын айырмасын билбеген жаш балдарга (көрүнсө күнөө жок). Жашыруун зыйнаттарын билгизиш үчүн буттарын жерге урбасын!! О, ыймандуулар! Баарыңар Аллаһка тооба кылгыла, ажеп эмес жеңишке (Бейишке) жетсеңер
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤ
(О, момундар!) Өзүңөрдүн жесирлериңерди жана кул-күңдөрүңөр арасынан жакшыларын (бири-бирине) никелеп койгула. Эгер (үйлөнүүнү) каалагандар кембагал болсо, Аллаһ Өз пазилети менен аларды байытат. Аллаһ (Тааланын жакшылык-берекеттери) Кенен, (жана Ал пенделеринин абалын) Билүүчү
ﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙ
(Кембагалдык же башка себеп менен) үйлөнө албай жүргөндөр, качан Аллаһ аларды Өз пазилети менен байытканга чейин абийир-намыстарын сакташсын! Кулдарыңардын арасынан (азаттык) келишимин каалагандар болсо, эгер аларда жакшылык (өзүнүн жанын багып кетүүгө кудурет) бар экенин билсеңер, анда алар менен келишим түзө бергиле жана (Аллаһ) силерге берген Аллаһтын малынан (аларга садака) бергиле.! Жана дүйнө байлыгына кызыгып, тазалыкты каалаган күңүңөрдү сойкулукка мажбурлабагыла! Ким аларды (сойкулукка) мажбурласа, (өздөрү каалабай туруп) мажбурлангандан кийин Аллаһ аларды Кечирүчү, Ырайымдуу
ﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧ
Биз силерге анык аяттарды, өткөн элдердин мисалдарын жана такыба кишилер үчүн эскерме-насааттарды түшүрдүк
ﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁ
Аллаһ — асмандардын жана Жердин Нуру! Анын Нурунун мисалы, чырак турган бир текче сыяктуу. Чырак-шишенин ичинде, шише болсо кудум эле каухар жылдызы! Ал (чырак) тескейде да эмес, күнгөйдө да эмес (ар дайым нур тийип турган, бийик жерде өскөн) берекеттүү Зайтун дарагы(нын майы) менен жагылат. Анын майы (тунуктугунан улам) от тийбесе деле нур тараткандай болот. (А, эгер от тамызылса) нур үстүнө нур (чачат). Аллаһ каалаган пендесин Өз Нуруна багыттайт. Аллаһ адамдарга (ушундай) мисалдарды келтирет. Аллаһ — ар нерсени Билүүчү
ﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐ
(Ал чырак «мечит» деп аталган) үйлөрдө (жагылат). Аллаһ ал үйлөрдүн (бою жана даражасы асманга) көтөрүлүшүнө жана анда Өзүнүн Ысымы эскерилишине уруксат берген. Анын ичинде (ыймандуу адамдар) эртели-кеч Аны (ар кандай кемчилдиктерден) аруулашат
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤ
(Ал) эр-азаматтарды Аллаһтын зикиринен, намаз окуудан жана зекет берүүдөн соода дагы, алды-сатты дагы алаксыта албайт! (Анткени,) алар көздөр жана жүрөктөр (коркуу менен үмүттүн ортосунда ары-бери) оодарылып кала турган Күндөн (Кыяматтан) коркушат
ﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴ
(Мунун себеби) Аллаһ аларды жасаган амалдарынын эң жакшылары менен сыйлашы жана Өзүнүн пазилети менен аларды(н соопторуна сооп) кошуп бериши үчүн. Аллаһ каалаган пендесине эсепсиз ырыскы берет
ﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌ
Каапырлардын амалдары болсо, чөлдөгү закым сыяктуу. Суусаган адам аны суу деп ойлойт. Качан ага («жетип») барса эч нерсе таппай калат. Өзүнүн алдында (Кыяматта) Аллаһты гана табат. Анан Аллаһ аны менен толук эсептешет. Аллаһ тез эсептешүүчү
ﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰ
Же болбосо (каапырдын амалдары) терең деңиз түбүндөгү караңгылыктарга окшойт. Аны толкундар орогон. Толкундардын үстүнөн дагы толкун орогон, анын үстүнөн (кара) булут (каптаган). Кабат-кабат караңгылыктар! Эгер (ошол абалда суудан) колун чыгарса да аны көрө албайт. Аллаһ кимге нур (ыйман) бербесе, ал (ар кандай) нурдан куржалак
ﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩ
(О, Мухаммад!) Аллаһка асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер (жадагалса,) асманда сап тартып учкан куштар(га чейин) тасбих айтканын билбедиңби? (Алардын) ар бири (Аллаһка жалбараар) дубасын жана тасбихин билет. Аллаһ алардын амалдарын Билүүчү
ﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲ
Асмандар жана Жер падышалыгы Аллаһка таандык! (Кыяматта) кайтып баруу — Аллаһка
ﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒﰓﰔﰕﰖﰗﰘﰙﰚ
Көрбөйсүңбү, Аллаһ булуттарды (каалаган багытына) айдап, кийин аларды чогултат жана түрмөк-түрмөк кылып койот. Кийин сен алардын арасынан жамгыр чыкканын көрөсүң. (Аллаһ) асмандан: андагы (булут) тоолорунан мөндүр жаадырып, аны менен каалаган пенделерине (апаат) жеткирет жана аны каалаган пенделеринен буруп жиберет. Анын (булуттун) чагылганынын нуру көздөрдү көр кылгыдай болот
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜ
Аллаһ түн менен күндүздү алмаштырып турат. Албетте, мында акылдуулар үчүн (Аллаһтын кудуретин тааныткан) сабак бар
ﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿ
Аллаһ баардык жан-жаныбарды суудан жаратты. Алардын кээ бири сойлоп жүрөт, кээ бири эки буттап жүрөт, кээ бирлери төрт бут менен басат. Аллаһ каалаган нерсесин (каалагандай) жаратат. Аллаһ ар нерсеге Кудуреттүү
ﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌ
Биз (Кураанда чындыкка багыттоочу) анык аяттарды түшүрдүк. Аллаһ каалаган пендесин Туура Жолго баштайт
ﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝ
Алар «Биз Аллаһка, пайгамбарга ыйман келтирдик жана (экөөсүнүн буйруктарына) моюн сундук» дешет. Кийин, дал ушундан кийин (каалоолоруна ылайык келбеген буйруктарды аткарууга келгенде) алардын кээ бир тайпалары жүз буруп кетишет. Алар ыймандуу эмес
ﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩ
Эгер араларында өкүм кылуу үчүн Аллаһка жана пайгамбарына чакырылса, капыстан бир топтору тескери басып кетишет
ﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱ
Эгерде (талаштагы) чындык алар тарапта болсо, пайгамбарга баш ийип келишет
ﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤ
Алардын жүрөгүндө илдет (эки жүздүүлүк) барбы? Же (Мухаммаддын пайгамбар экенинен) шектеништиби же болбосо, Аллаһ менен пайгамбары зулум кылат деп коркушабы? Жок! Алардын өздөрү заалым
ﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸ
Ал эми, араларында өкүм кылуу үчүн Аллаһ жана пайгамбарына чакырылган кездеги ыймандуулардын сөзү: «Уктук жана моюн сундук» деп айтуу (гана болушу кажет). Дал ошолор гана жеңишке (Бейишке) жетүүчүлөр
ﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃ
Ким Аллаһка жана пайгамбарына моюн сунса, Аллаһтан корксо жана такыба кылса, дал ошолор жеңишке жетүүчүлөр
ﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒﰓﰔﰕﰖﰗﰘﰙ
Эгер сен аларга (мунафыктарга «Мен менен жихадка чыккыла!» деп) буюрсаң, «албетте, чыгабыз!» деп, Аллаһтын аты менен, жан үрөп ант ичишет. (Аларга) айт: «(жалгандан) ант ичпегиле. (Силердин) моюн сунууңар белгилүү.! Аллаһ эмне амал кылганыңардан Кабардар.»
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫ
(О, пайгамбар, адамдарга) айткын: «Аллаһка моюн сунгула жана пайгамбарга моюн сунгула! Эгер жүз үйүрсөңөр, Пайгамбарга өз милдети, силерге өз милдетиңер.? Эгер ага моюн сунсаңар анда, туура жолго түшөсүңөр. пайгамбардын мойнунда анык жеткирүүдөн башка (милдет) жок
ﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔ
Аллаһ силердин араңардагы ыйман келтирген жана жакшы амалдарды аткарган адамдарды жер жүзүнө халифа кылууну убада берди, мурдагы (ушундай) кишилерди халифа кылганы сыяктуу. Жана аларга Өзү ыраазы болгон диндерин бекемдеп берүүнү, коркунучтарынан кийин (анысын) тынчтыкка алмаштырып берүүнү (да убада берди жана мындай шарт койду:) «Менин Өзүмө гана ибадат кылышат, Мага эч нерсени шерик кылышпайт». Ким ушундан кийин каапыр болсо, ошолор гана бузукулар.”
ﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝ
Жана (силер о, момундар) намазды (так) аткаргыла, зекетти бергиле жана пайгамбарга моюн сунгула! Ажеп эмес (Аллаһтын) ырайымына бөлөнсөңөр
ﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫ
(О, Мухаммад!) Каапырлар жер бетинде Аллаһтан качып кутулат деп ойлобо! (Акыретте болсо) алардын жайы тозокто! Кандай жаман акыбет
ﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄ
О, ыйман келтиргендер! Кулдарыңар менен күңдөрүңөр жана эрезеге жетпеген бөбөктөрүңөр (силердин бөлмөгө кирүү үчүн) үч маал уруксат сурашсын:! Багымдат намазынан мурун (сырткы кийимиңерди кийе электе), Бешим убактысында(гы ысыктан) чечинип алганыңарда жана Куптан намазынан кийин (жатаарда). Ушул үч убак силер үчүн аврат (кийимсиз) болгон учурлар. Бул үч убактан башка убактарда (уруксатсыз кирсе) силерге да, аларга да күнөө жок. Алар силерге: бири-бириңерге аралашып жүрө бересиңер. Аллаһ силерге (өкүм) аяттарын мына ушинтип баяндайт. Аллаһ -Билүүчү, Даанышман
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦ
Эгер силердин бөбөктөр эрезе жашына жетсе, алардан мурдагылар (чоңдор) сыяктуу (ар убакта) уруксат сурашсын. Аллаһ силерге аяттарын мына ушинтип (айкын) баяндайт. Аллаһ Билүүчү, Даанышман
ﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀ
Аялдардын арасынан никеден үмүт үзүп, олтуруп (картайып) калгандары үчүн зыйнат-жасалгалары менен ачылып- чачылбаган абалда (чоң жоолук жана хижап-халат сыяктуу сырткы) кийимдеринин кээ бирин (махрам эместердин алдында) чечип коюусунда күнөө жок. (Бирок,) эгер (чечүүдөн) ыйба кылышса өздөрүнө жакшы. Аллаһ Угуучу, Билүүчү
ﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱ
(Жихад жана ушул сыяктуу парыз амалдарды аткара албай калган) сокурларга, чолокторго жана оорулууларга күнөө жок. Жана силер үчүн (оо, момундар) өз үйүңөрдөн же атаңардын үйүнөн же апаңардын үйүнөн же ага-иниңердин үйүнөн же эже-сиңдиңердин үйүнөн же абаңардын үйүнөн же апчеңердин үйүнөн же таякеңердин үйүнөн же таежеңердин үйүнөн же ачкычы колуңарга (ишенип) тапшырылган үйлөрдөн же дос-жарандарыңардын үйүнөн (уруксатсыз) тамактанууңарда күнөө жок. (Ошондой эле,) чогуу же бөлүнүп тамак-танууңарда да күнөө жок. Эгер үйлөргө кирсеңер өзүңөргө Аллаһтын алдынан келген, таза, берекеттүү саламды бергиле.! Аллаһ силерге аяттарын ушинтип баяндайт. Акылыңарды иштетсеңер ажеп эмес
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻ
(Чыныгы) момундар — Аллаһка жана Анын пайгамбарына ыйман келтирген адамдар. Качан алар (мусулмандарга) пайдалуу бир иштин үстүндө пайгамбар менен бирге болушса, андан уруксат сурамайынча кетип калышпайт. (О, Мухаммад!) Чынында, сенден уруксат сураган адамдар Аллаһка жана Анын пайгамбарына (чын ыклас менен) ишенгендер! Эгер алар кээ бир иштерине уруксат сурашса, алардан каалаганыңа уруксат бер жана алардын күнөөлөрүн кечирүүсүн Аллаһтан сура. Чынында, Аллаһ Кечиримдүү, Ырайымдуу
ﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙ
(О, ыйман келтиргендер!) Өз араңарда пайгамбарга кайрылууну бири-бириңерге кайрылган сыяктуу (жөнөкөй) кылып албагыла!! Аллаһ силердин араңардагы суурулуп, жашыруун түрдө чыгып кете турган (мунафык) адамдарды жакшы билет. Пайгамбардын буйругуна каршы иш жасагандар баштарына (бул дүйнөдө) балээ же (Акыретте) жан ооруткан азап түшүп калусунан абайлашсын
ﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓ
Уккула! Асмандардагы жана Жердеги нерселердин баары Аллаһтын мүлкү. Ал силер эмне иш үстүндө экениңерди билет. Ал эми, (пенделер) Өзүнө кайтарыла турган (Кыямат) Күнү болсо, аларга (бардык) иштеринин кабарын билдирет. Аллаһ - бардык нерселерди Билүүчү
Ыйык Куран
Tuesday, August 18, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







