Сүрөсү Аль-Фуркан
PDF —
77 Аят Meccan PDF
Built right in your browser — download starts automatically

Сүрөсү Аль-Фуркан pdf — Жүктөө (Кыргызча)

Сүрөсү Аль-Фуркан pdf Кыргызча — Жүктөө Сүрөсү Аль-Фуркан Котормо. Аль-Фуркан (Meccan) 77 Аят.



Сүрөсү Аль-Фуркан
77 Аят · Meccan · Кыргызча
bismillah
ﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝ
Ааламдарга (инсан жана жин ааламына) эскертүүчү болсун деп, пендесине ( Мухаммадга, чындык менен жалганды) Ажыратуучуну (Кураанды) түшүргөн Аллаһ Улук-Берекеттүү
ﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱ
Аласмандардын жана Жердин падышасы, Өзүнө бала тутпаган, мүлкүндө шериги болбогон жана ар бир нерсени эң назик ченем-өлчөм менен жараткан Зат
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧ
(Мушриктер болсо) Андан (Аллаһ Тааладан) башка, эч нерсени жарата албай турган, өздөрү жаратылган, өздөрүнө пайда дагы, зыян дагы жеткире албаган, не өлтүрүү, не тирилтүү, не (өлгөндөргө) кайра жан берүү колунан келбей турган нерселерди кудай тутуп алышты
ﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹ
Каапырлар (Кураан жөнүндө): «Бул — жалган! Аны (Мухаммад) өзү ойлоп чыгарган жана ага башкалар жардам беришкен» деп, (акыйкатка) зулумдук кылышты жана жалган күбөлүк беришти
ﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃ
Жана «Бул байыркылардын жомогу, аны (Мухаммад) жаздырып алган жана алар ага эртели-кеч (бирөөлөр тарабынан) айтып турулган» дешти
ﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑ
(О, Мухаммад, аларга) айткын: «Аны (Кураанды мага) асмандардагы жана жердеги (бардык) сырды билген Зат (Аллаһ) түшүрдү. Ал Кечирүүчү, Ырайымдуу»
ﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢ
(Мушриктер) айтышты: «Бул эмне деген пайгамбар болду-ыя?! Тамак-аш жейт, базарларда жүрөт?! Эгер ага, аны менен бирге (элдерди) эскертүүчү бир периште түшүрүлсө
ﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖ
же ага (асмандан) казына ташталса, же болбосо, андан жей турган бак-бостону болсо.., (бул башка кеп) Заалым (каапыр) болгондор (дагы): «(О, адамдар) силер сыйкырланган кишиге ээрчип жатасыңар!» -дешти
ﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠ
Карачы (о, Мухаммад!) алар сага кандай мисалдарды келтирип (эмнелерге окшотуп) жатышат. Алар адашып кетишти! Эми (эч качан туура) жолду таба алышпайт
ﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲ
Эгер кааласа сага мындан да жакшыраак, түбүнөн дарыялар агып турган бактарды жана (бийик, кооздолгон) сарайларды жасап бере ала турган Аллаһ Улук-Берекеттүү
ﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼ
Жок! (Каапырлар) Кыяматты (тап-такыр) жалганга чыгарышты! Бирок, Биз Кыяматты «жалган» дегендерге тозокту даярдап койгонбуз
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚ
Тозок аларды алыс жерден көргөндө эле, анын (тозоктун) ачууланып айкырганын угушат
ﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤ
Анан алар тозоктун (ортосундагы) тар жерге, кишенделген абалда ташталганда, ошол жерде өздөрүнө өлүм тилеп калышат
ﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭ
Ал Күнү өлүмдү бир жолу эмес, көп жолу чакырасыңар
ﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼ
(Ошондо, о, Мухаммад) сен аларга «Ушул жакшыбы же такыба кишилерге убада кылынган түбөлүк Бейиш жакшы беле?» деп айткын. Ал (Бейиш) такыба адамдардын кайта турган (түбөлүк) жайлары жана сыйлыктары
ﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈ
Ал жерде алар үчүн каалаган нерселери даяр. (Алар анда) түбөлүккө калышат. (Бул) Раббиң Өз милдетине алган жоопкерчиликтүү убада болчу
ﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙ
(Аллаһ) аларды жана алар ибадат кылган Аллаһтан башка «кудайларды» (бир жерге) чогулткан күндө: «(Эй, жалган кудайлар!) Менин мына бул пенделеримди («мага ибадат кыласыңар» деп) силер азгырдыңарбы?! Же алар өздөрү адашып кетиштиби» - дейт
ﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯ
Алар айтышат: «Сен (О, Жараткан, шериги жана баласы бар болуудан) Тазасың! Сенден башканы Дос-Рабби кылуу бизге ылайык эмес! Бирок, Сен аларды жана алардын ата-бабаларын (дүйнөдө көп байлык менен) пайдалантырган элең, натыйжада зикирди (Сени эстөөнү) унутушту жана (бизди сага шерик кылып алышып) өлүмгө (тозокко) ылайык болуп калышты!»
ﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡ
(Эй, Мушриктер! Мына, «кудайыңар») силер айткан сөздөрдү «жалган» деди. Эми силер (өзүңөрдөн азапты) буруп жиберүүгө да («кудайыңардан») жардам алууга да жетише албайсыңар. Силерден ким (акыйкатты четке кагып) зулумдук кылган болсо, ага чоң азапты таттырабыз
ﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸ
(О, Мухаммад!) Сенден мурун Биз жиберген бардык пайгамбарлар тамак-аш жеп, базарларда жүрүшкөн. Биз бирөөңөрдү бирөөңөргө фитна-сыноо кылып койдук.! (Бул сыноолорго) сабыр кыла аласыңарбы? Сенин Раббиң (бардыгын) Көрүүчү
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦ
Бизге жолугууну үмүт кылбаган (ыймансыз) адамдар «Эгер бизге периште түшсө же Раббибизди (өз көзүбүз менен) көрсөк (ошондо гана ыйман келтирмекпиз)»-дешет.! Алар өздөрүнчө текеберленип жана аябай таш-жүрөк болуп кетишкен
ﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱ
Периштелерди көргөн ошол (Кыямат) Күнү, күнөөкөр адамдарга жакшы кабар болбойт. (Аларга периштелер:) «(Силер үчүн Бейиш) тап-такыр арам!» -дешет
ﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻ
Жана Биз алар (сооп деп ойлоп) жасаган (кайрымдуулук) иштерге келдик жана аны чаң-тозоң кылып (сапырып) таштадык
ﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃ
Ошол Күнү (Аллаһка ыйман келтирип, салих амал кылган) Бейиш ээлери эң сонун орундарда, эң мыкты эс алуу жайларында болушат
ﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋ
Жана булуттуу асман жарылган жана периштелер сап-сап абалында түшүрүлгөн Күнү
ﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖ
Дал ошол (Кыямат) Күнү чыныгы мүлк-бийлик Рахманга (Аллаһка) гана таандык болот. Жана ал күндө каапырларга оор болот
ﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢ
Ал Күнү заалымдар (каапырлар) эки колун(ун манжаларын) тиштеп: «Атаганат, (дүйнөдө) пайгамбар менен (бир) жолду кармаган болсом кана
ﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩ
Шорум курусун-ай! Баланчаны! дос кылбай эле койсом болмок экен
ﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗ
Ал мени, мага келген зикирден (Кураандан) адаштырды! Шайтан инсанды жардамсыз таштап коёт турбайбы!» дешет
ﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡ
Пайгамбар (Мухаммад) айтты: «О, Раббим! Менин коомум (Курайш) мына бул Кураанды (арттарына) таштап коюшту»
ﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮ
Ошондой. Биз ар бир пайгамбарга күнөөкөр адамдардан душман кылып койдук. Бирок, жол башчы жана жардамчы болууга Раббиңдин Өзү жетиштүү
ﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀ
Каапырлар «Эгер Кураан (Мухаммадга бөлүк-бөлүк болбой) бир бүтүн болуп түшсө экен»-дешет. Биз сенин жүрөгүңдү кубаттандыруу үчүн (аны бөлүп-бөлүп түшүрдүк) жана аны (Кураандын түшүүсүн) бөлүк-бөлүк кылдык.”
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙ
Алар (мушриктер өз пикирин тастыктоо үчүн кайдагы бир) мисалдарды сага келтирчү болсо, Биз сага Акыйкатты (Кураанды) жана (анын аяттары үчүн) эң жак-шы түшүндүрмөлөрдү келтиребиз
ﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥ
(Периштелер тарабынан) жүздөрүн (жерге) ышкап, тозокко чогултула турган адамдар.., ошолор гана эң жаман орундагы, эң адашкан жолдогу адамдар
ﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯ
Биз Мусага Китепти (Тооратты) бердик жана агасы Харунду аны менен бирге: ага вазир кылдык
ﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹ
Анан: «Экөөң Биздин аяттарыбызды жалган деген (каапыр) коомго бар(ып аларды динге даават кылгыла)» дедик. (Экөө буйрукту аткарып, Фираун жана анын коомуна барып, аларды ыйманга чакырды. Бирок алар текеберленип, акыйкатты жалганга чыгарганда) аларды (деңизге чөктүрүп) бирин калтырбай кыйраттык
ﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈ
Нухтун коомун дагы пайгамбарларды! «жалганчы» дешкенде (топон суу жиберип) чөктүрүп, адамдар үчүн ибарат-сабак кылып (Ошолорго жана алардын жолун жолдогон) заалымдарга жан ооруткан азап даярдап койдук
ﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑ
Аад, Самуд (элдерин), «кудук ээлерин» жана ушулардын аралыгындагы (башка) көп муундарды (каапырчылыгы себептүү кыйраттык)
ﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚ
Биз алардын баарына мисал-далилдерди келтиргенбиз (моюн толгогондон кийин гана) бардыгын кырып-жоюп жибердик! (Кырылган элдерден бири Лут пайгамбардын коому болчу. Алардын башына таш жамгыры жаап кыйраган)
ﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭ
Алар (Макка мушриктери) балээ (таш) жамгыры жаадырылган шаарга келген эле го! Эмне, аны(н кесепеттерин) көрбөй жатышабы?! Жок, (көрүшкөн, бирок) алар кайра тирилүүгө ишенишпейт
ﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚ
Эгер алар сени көрүшсө, келеке кылышып: «Аллаһ пайгамбар кылып жиберген (баякы неме) ушулбу
ﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭ
Ал бизди кудайларыбыздан азгырып жибере жаздабадыбы! Эгер бир аз аларга (кудайларыбызга) сабыр кылып турбаганда (азгырып жибермек экен)»-дешти. Жакында (тозоктогу) азапты өз көздөрү менен көргөн кезде ким Туура Жолдон адашуучурак экенин билип алышат
ﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷ
(О, Мухаммад!) Өзүнүн каалоосун кудай кылып алган адамды(н бул айткандарын) карабайсынбы! Эми сен ага өкүл (көзөмөлдөөчү) болосуңбу
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡ
Же болбосо алардан көпчүлүгү угат, акылдарын иштетет деп ойлойсуңбу? Алар айбан сыяктуу болуп калган. Жок! Айбандан да адашуучураак
ﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲ
(О, Мухаммад!) Раббиңди(н кудуретин) көрбөйсүңбү: (Жер бетине) кантип көлөкөнү (таңкы караңгылыкты) жайып койду. Эгер кааласа аны жылбай турган кылып коймок. Кийин Биз ага Күндү далил? кылдык
ﭳﭴﭵﭶﭷﭸ
Кийин Биз акырындык менен аны (таңкы көлөкөнү) жыйнап алабыз
ﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄ
Ал силерге түндү кийим, уйкуну ырахат (эс алуу) кылып койду. Жана эрте мененки убакытты тирилүү (учуру) кылды
ﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓ
Жана Ал Өз ырайымынын (жамгырдын) астынан, кубаныч кабарчысы катары шамалдарды жиберди. Жана Биз асмандан таза суу түшүрдүк
ﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞ
аны менен өлүк шаарларды тирилтүү үчүн жана Өзүбүз жараткан көп адамдар менен айбандарды сугаруу үчүн
ﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨ
Биз аны (Кураан аяттарын) алардын арасында ар түрдүү (ыкмалар менен) баян кылдык, акыл-насаат алуулары үчүн. Бирок, көпчүлүк адамдар каапырлыктан башкасына ыраазы болушпады
ﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰ
Эгер кааласак Биз ар бир шаарга (бирден) эскертүүчү-пайгамбар жибермекпиз
ﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙ
(О, Мухаммад!) Каапырларга моюн сунба жана аларга (Кураан) менен чоң жихад кыл
ﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪ
Ал (Аллаһ) эки деңизди (жанаша) агызып койду. Мунусу (дарыя) ширин-даамдуу, анысы (деңиз) шор-кычкыл. Жана экөөсүнүн арасына (көрүнбөгөн) тосмо жана бекем-бышык парданы жаратты
ﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸ
Ал адамды суудан жараткан жана аны тууган-урук, куда-сөөк кылып койгон Зат. Сенин Раббиң (ар нерсеге) Кудуреттүү
ﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈ
Алар (мушриктер) Аллаһтан башка өздөрүнө не пайда, не зыян жеткире албай турган «кудайларга» ибадат кылышат. Каапыр (жараткан) Раббисине каршы (жасалма кудайларга) жардамчы болду
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖ
Биз сени (Бейиштен) кушкабар, (тозоктон) коркунучтуу кабар берүүчү кылып гана жибергенбиз
ﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥ
Айткын: «Мен ал (кабар жеткирүүчүлүгүм) үчүн силерден акы сурабаймын. Ал эми, кимде-ким (садака берүү менен) Раббисине жол тутууну кааласа (ага тоскоол болбоймун)
ﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴ
Жана сен (эч качан) өлбөй турган түбөлүк Тирүүгө (Аллаһ Таалага) тобокел кыл, Аны даңктап (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула. Анын Өзү пенделеринин күнөөлөрүнөн жетиштүү Кабардар
ﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇ
Ал асмандар менен жерди жана экөөсүнүн арасында болгон нерселерди алты күндө жаратып, андан кийин (Өзүнүн гана улуулугуна жараша) Арштан Бийик-Жогору болду!. Ал — Ырайымдуу! Сен муну (бардыгынан) Кабардар болгон Заттан сура! (Ал Өзүнүн сыпатын, улуулугун Өзү гана жакшы билет)
ﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖ
Эгер аларга (мушриктерге) «Рахманга сажда кылгыла» деп айтылчу болсо, «Рахман эмне? Бизге буюрган нерсеңе сажда кыла беребизби?» - дешет. (Бул чакырык) алардын качуусун гана көбөйтөт
ﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢ
Асмандагы (түркүм) жылдыздарды жараткан Аллаһ Улук-Берекеттүү болду. Ал асманга чырак (Күн) менен нурлуу Айды дагы жаратты
ﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰ
Жана Ал зикир кылууну же шүгүр келтирүүнү каалаган адамдар үчүн түн менен күндүздү удаама-удаа (келе турган) кылып жаратты.”
ﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞ
Рахмандын пенделери... алар жер бетинде кичипейил-салабаттуу жүрүшөт. Наадандар (оройлук менен) сүйлөсө да «салам» деп коюшат
ﯟﯠﯡﯢﯣﯤ
Алар түн ичинде! Раббисине сажда кылган, (намазда) тикесинен турган абалда болушат
ﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱ
Алар «О, Раббим! Бизден тозок азабын арылта көр! Анын азабы түгөнгүс
ﯲﯳﯴﯵﯶ
Чынында, ал эң жаман орун, эң жаман жай! (Биз ага чыдай албайбыз!)» - дешет
ﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂ
Алар эгер (дин жолунда) садака-ихсан кылса ысырапчыл да болушпайт, сараң да болушпайт. Ушунун ортолугунда турушат
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨ
Алар Аллаһтан башка «кудайларга» дуба кылышпайт, Аллаһ өлтүрүүнү арам кылган жанды өлтүрүшпөйт. Акысы (өчү) бар болгондо гана (өлтүрүүсү адал болот). Алар зынаа-бузукулукка барышпайт. Кимде-ким ушуларды жасаса (айрыкча Аллаһтан башкага дуба (ширк) кылса) жазага жолугат
ﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱ
Ага Кыямат Күнү (тозокто) үстөккө-босток азаптар берилет жана кордолгон абалда ал жерде түбөлүк калат
ﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃ
Ал эми, тообо кылып, ыйман келтирип, жакшы (сооп) амал кылган адамдар болсо..,Аллаһ алардын жамандыгын жакшылыкка алмаштырат.! Аллаһ-Кечиримдүү, Ырайымдуу
ﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍ
Жана кимде-ким тообо кылып, салих амал кылса, ал Аллаһка (Аллаһтын жолуна) чындап кайтыптыр
ﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗ
Жана алар (Рахмандын пенделери) жалган күбөлүк беришпейт. Пайдасыз (кыйбат, ушак) сөздүн жанынан өтсө (ага аралашпай) урмат-сыйын сактап өтөт
ﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢ
Аларга Раббилеринин аяттары угузулса, дүлөйлүк, сокурлук менен жыгылышпайт. (Түшүнүп, аң-сезимдүүлүк менен кабыл алышат)
ﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰ
Алар: «О, Рабби! Бизге (көргөндө) көзүбүз кубана турган жубайларды жана урпактарды белек кыл! Жана бизди такыба кишилерге имам (жол башчы) кыл» дешет
ﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛ
Ушул адамдар (дин жолунда) сабыр кылгандары себептүү (Бейиштеги) жогорку орундар менен сыйланышат жана саламдар, ширин сөздөр менен күтүп алынат.”
ﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢ
Алар анда түбөлүк калышат. Жайгашкан орундары, түшкөн мекендери кандай сонун
ﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰ
(О, Мухаммад!) айткын: «Эгер дубаңар гана болбосо, Аллаһ силерди баалабайт.! Себеби силер (динди, Кураанды) жалганга чыгардыңар! Жакын арада силерге (азап) жабышып келет

Ыйык Куран


Tuesday, August 18, 2026

Don't forget us in your sincere prayers