Сүрөсү Аль-Муминун
PDF —
118 Аят Meccan PDF
Built right in your browser — download starts automatically

Сүрөсү Аль-Муминун pdf — Жүктөө (Кыргызча)

Сүрөсү Аль-Муминун pdf Кыргызча — Жүктөө Сүрөсү Аль-Муминун Котормо. Аль-Муминун (Meccan) 118 Аят.



Сүрөсү Аль-Муминун
118 Аят · Meccan · Кыргызча
bismillah
ﭑﭒﭓﭔ
Чынында, ыймандуулар жеңишке (Бейишке) жетишти
ﭕﭖﭗﭘﭙﭚ
Алар намаздарында (Аллаһтан) коркуп турушат.”
ﭛﭜﭝﭞﭟﭠ
Алар маанисиз сөздөрдөн ыраак болушат
ﭡﭢﭣﭤﭥ
Аларзекет (садакасын) беришет
ﭦﭧﭨﭩﭪ
Алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат
ﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵ
Ал эми, (никесиндеги) аялдары же болбосо күңдөрү менен? жатса айыптуу болбойт
ﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽ
Кимде-ким ушулардан башка аялдарды (кошулуу үчүн) издесе — алар чектен чыгуучулар
ﭾﭿﮀﮁﮂﮃ
Алар өздөрүнүн аманаттары менен убадаларын аткаруучулар
ﮄﮅﮆﮇﮈﮉ
Дагы алар намаздарын сактоочулар
ﮊﮋﮌﮍ
Дал ошолор- мурас алуучулар
ﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔ
Алар анда түбөлүк кала турган Фирдаус Бейишин мурас кылып алышат
ﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜ
Чынында, Биз инсанды ылайдын «сулааласынан»? жараттык
ﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣ
Кийин аны бекем бир мекенде (эненин жатынында) нутфа (тамчы суу) кылдык
ﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛ
Кийин ал нутфадан «алака»? (сүлүк курт сыяктуу коюу кан) жараттык. Андан кийин «алакадан» «мудга» (бир тиштем эт) жараттык. Андан соң «мудгадан» сөөк жаратып, ал сөөккө эт каптадык. Кийин аны башкача жаратылышта* өнүктүрдүк. Эң мыкты жаратуучу болгон Аллаһ Улук- Берекеттүү
ﯜﯝﯞﯟﯠﯡ
Кийин ушундан соң силер (туулуп, жер бетинде жашап, дагы) өлөсүңөр
ﯢﯣﯤﯥﯦﯧ
Кийин силер Кыямат Күндө (кайрадан) тирилтирилесиңер
ﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲ
Чынында, Биз силердин үстүңөргө жети (кабат) жолду (асманды) жараттык. Жана Биз (Өзүбүз жараткан) калк-калайыктан кабарсыз эмеспиз
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟ
Жана асмандан чен-өлчөм менен (кар, жамгыр, мөндүр түрүндө) суу түшүрүп, аны жерге жайгаштырабыз.! Биз ал (жайгашкан) сууну кетирип коюуга да кудуреттүүбүз
ﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭ
Биз ал суу менен силерге курма бактарын, жүзүм бактарын өндүрүп беребиз. Ал бактарда силер үчүн (ар түрдүү) көп мөмөлөр бар. Силер андан жейсиңер
ﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷ
Жана (ал суу менен) Тур-Сайнада? өсө турган даракты (Зайтунду пайда кылдык). Ал (дарак) май жана тамактануучулар үчүн (нанга жуурулчу) бойок менен өсөт
ﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈ
Албетте, силер үчүн үй-чарба айбандарында чоң ибарат-сабак бар. Биз силерди алардын ичиндеги нерсе (сүт) менен сугарабыз. Силерге ал айбандарда көп пайдалар бар. Жана алардан (эттеринен) жейсиңер
ﮉﮊﮋﮌﮍ
Жана алардын (ал эми деңизде) кемелердин үстүнө жүктөлүп (минип) жүрөсүңөр. (Кийинки аяттан баштап Аллаһ Таала Нух пайгамбардын жашоосунан үлгүлүү ибараттарды келтирет)
ﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟ
Аныгында, Биз Нухту өз коомуна (пайгамбар кылып) жибердик. Ал айтты: «О, коомум, Аллаһка (түздөн-түз) ибадат кылгыла. (Ортого ортомчу кошпогула) Силерге андан башка Кудай жок. (Ошол жалгыз кудайдан) коркпойсуңарбы эми
ﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛ
Анан анын коомунун арасынан каапыр болгон уруу башчылар (Нухту элге жек көргөзүү үчүн) айтышты: «Бул эч ким эмес, өзүңөр сыяктуу эле адам. Силерден абзел болуп алууну каалап жатат. Эгер Аллаһ (пайгамбар жиберүүнү кааласа) периштелерди жибермек. Биз муну(н айткандарын) абалкы ата-бабаларыбыздан уккан эмеспиз
ﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦ
Ал болгону жин тийген киши. Аны бир мезгилге чейин аңдып тургула!»
ﯧﯨﯩﯪﯫﯬ
(Нух) Айтты: «О, Раббим! Мени «жалганчы» дегендери себептүү (ал заалымдарга каршы) мага жардам бер!»
ﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎ
Биз ага вахий кылдык: « (О, Нух!) Биздин Көз алдыбызда, Биздин вахий (үйрөтүүбүз) менен (чоң) кеме жаса. Качан (каапырларга) буйругубуз (азап) келгенде жана тандыр(лардын ичинен да) суу атырылып чыкканда кемеге ар бир айбанаттан бир жуптан (эркек-ургаачысын) жана үй-бүлөңдү чыгар. Үй-бүлөңдөн бир гана анын зыянына (каргыш) Сөз өткөнүн (уулуңду) чыгарба жана заалым (каапыр) адамдар жөнүндө (ал сенин уулуң болсо да) Мага («аны куткар» деп) кайрылба!! Алар эч күмөнсүз чөктүрүлөт
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠ
Качан сен жана сени менен болгондор кемеге жайгашып алганыңарда: «Бизди заалым коомдордон куткарган Аллаһка мактоолор болсун!» - дегин
ﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩ
Жана айткын: «О, Раббим! Мени берекеттүү орунга түшүр! Сен эң жакшы жайгаштыруучусуң!»
ﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱ
Чынында, бул иштерде (кудуретибизге) белгилер бар. Биз (адамдарды) сынадык
ﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸ
Кийин алардын (топон суудан кыйрагандардын) артынан башка коомдорду пайда кылдык
ﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈ
Аларга да өздөрүнүн арасынан пайгамбар жибердик. (Ал пайгамбар дагы Нух сыяктуу) «Аллаһка гана ибадат-кулчулук кылгыла! Силерге Андан башка кудай жок! Такыба болбойсуңарбы, эми!» (деп даават кылды)
ﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢ
Анын (пайгамбардын) коомунун ичиндеги каапыр болгон, Акыреттин келишин жалганга чыгарган жана Биз аларды дүйнө жашоосунда бай (ысырапчыл, оюн-зоокко берилген) абалда жашатып койгон уруу башчылары айтышты: «Бул эч ким эмес! Силер жеген нерселерден жеген, силер ичкен нерселерден ичкен, өзүңөр сыяктуу эле адам
ﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪ
Эгер өзүңөргө окшогон (жөнөкөй) адамга моюн сунсаңар, анда силер зыян тартып каласыңар
ﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕ
Эмне, ал силерге: «Эгер, өлүп топурак же сөөк болуп калсаңар, (мүрзөдөн тирилип) чыгарыласыңар» деп убада берип жатабы
ﯖﯗﯘﯙﯚﯛ
Алыс-алыс (мүмкүн эмес) силерге убада кылынган нерсе
ﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦ
Ушул дүйнө жашообуздан башка (Акыреттеги) жашоо жок! (Кээ бирибиз) өлөбүз (кээ бирибиз) жашайбыз. Биз эч качан кайра тирилбейбиз
ﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳ
А, бул болсо, жалгандан («мен-пайгамбармын»деп) Аллаһка доомат койгон адам! Биз ага ишенбейбиз!»
ﯴﯵﯶﯷﯸﯹ
(Ошондо пайгамбар) айтты: «О, Раббим! Мени «жалганчы» дегендери себептүү (аларга каршы) мага жардам бер!»
ﯺﯻﯼﯽﯾﯿ
(Аллаһ) Айтты: «Бир аздан соң алар (жасаган жоруктарына) бушайман кылуучуларга айланышат
ﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉ
Чынында, кийин аларды (коркунучтуу) ач айкырык кармады жана Биз аларды (кыйратып) кургаган чырпыктар сыяктуу кылдык. Жоголсун заалым коомдор
ﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐ
Андан соң алардын артынан башка муундарды пайда кылдык
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘ
Эч бир эл (өзүнө белгиленген) мөөнөтүнөн ашыкча да, кем да жашабайт
ﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯ
Кийин пайгамбарларыбызды удаама-удаа жибердик. Ар качан бир эл-үммөткө өз пайгамбары келгенде, аны «жалганчы» дешти. Биз да аларды биринин артынан бирин ээрчитип (кыйраттык) жана аларды (эл оозундагы) сөздөргө айлантып койдук. Жоголсун ыймансыз коомдор
ﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸ
Андан соң (бир нече жылдар өтүп) Муса менен агасы Харунду, Өз аяттарыбыз жана анык далилдер менен пайгамбар кылып жибердик
ﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀ
Фираун жана анын (каапыр) элине. Алар болсо, текеберленип, өздөрүн жогору койгон коом болушту
ﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈ
Жана: «Өзүбүзгө окшогон ушул эки адамга ыйман келтиребизби?! Алардын элдери (яхудийлер) биздин кулдарыбыз болсо?!» -дешти
ﮉﮊﮋﮌﮍ
Анан, экөөсүн жалганчыга чыгарып, натыйжада (деңизге чөктүрүлүп) кыйрагандардан болуп калышты
ﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔ
Аныгында, Биз (яхудийлер коому) Туура Жолго түшүп калышса ажеп эмес деп, Мусага Китеп бердик
ﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠ
Жана Биз Марямдын уулу (Ыйса) менен апасын (Өз кудуретибизден) белги кылдык жана экөөнү (Марям толгоо азабы менен кыйналып, өзүн койгону жай таппай калган убакта) суулуу, ыңгайлуу бийик орунга жайгаштырдык
ﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭ
О, пайгамбарлар! Таза-пакиза ырыскылардан жегиле жана салих амалдарды кылгыла. Мен силердин эмне кылганыңарды Билүүчүмүн
ﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗ
Чынында, силердин бул үммөтүңөр бир үммөт. (Бардыгы жалгыз Аллаһка моюн сунууга, демек Исламга чакырылган.) Мен — силердин Раббиңер боломун. Менден гана корккула
ﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢ
(Бирок, пайгамбарлардан кийин элдер) диндерин бөлүп кетишти. Ар бир топ (жамаат) өз алдындагы нерсе (бөлүнгөн ишеними) менен гана сүйүнүп калды
ﯣﯤﯥﯦﯧﯨ
Сен (о, Мухаммад), аларды өз адашуучулугунда (азап) мезгили келгенге чейин жөн кой
ﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰ
Биз алардын мал-дүйнөсүн, бала-чакасын көбөйтүп койгонубузду
ﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹ
Аларга жакшылыктарды тездетишибиз деп ойлошобу?! Жок, алар (Биздин айла-амалыбызды) сезбей жатышат
ﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁ
Чынында, Раббисинен коркуп, (жүрөгү) титирегендер
ﰂﰃﰄﰅﰆﰇ
Жана Раббисинин аяттарына ыйман келтиргендер
ﰈﰉﰊﰋﰌﰍ
Жана Раббисине шерик кылбагандар
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛ
жана садакаларын Раббилерине кайтуучу экенин (ойлоп) жүрөктөрү титиреген абалда берген адамдар
ﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣ
Дал ушулар бири-бири менен жарышып жакшылык кылуучулар
ﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱ
Биз эч бир жанды чыдамынан ашыкча нерсеге жумшабайбыз. Биздин алдыбызда акыйткатты сүйлөгөн Китеп (Лавхул-Махфуз) бар. Жана алар (Кыямат Күнү) эч зулум көрүшпөйт
ﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀ
Жок, алардын жүрөктөрү мындан кабарсыз. Алардын мындан (Кураанда буюрулгандан) башка (күнөө) иштери бар. Алар ошолорду аткарышат
ﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉ
Качан Биз алардын (напсинин кулчулугунда калган) байларын азапка салганда гана жалдырап ыйлап калышат
ﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒ
(Биз:) «Бүгүн (бейпайда) ыйлабагыла! Чынында, силерге Бизден эч жардам болбойт»-(дейбиз)
ﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜ
(Анткени,) Менин аяттарым силерге окулганда артыңарга качат элеңер
ﮝﮞﮟﮠﮡ
(«Биз Каабанын кожоюндары болобуз» деп,) аны менен текеберленип, түнү менен (Каабанын айланасында отуруп Кураан жөнүндө) жаман сөздөрдү сүйлөйсүңөр
ﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬ
Алар Сөзгө (Кураанга) пикир кылып карашпайбы?! Же аларга абалкы ата-бабаларына келбеген (жаңы нерсе) келиптирби
ﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕ
Же пайгамбарларын жакшы таанышпайбы, аны (н пайгамбарчылыгын) четке каккыдай
ﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡ
Же аны жинди деп жатышабы?!?* Жок, андай эмес! Ал (Мухаммад) буларга акыйкатты гана алып келди. Ал эми, алардын көпчүлүгү Акыйкатты жаман көрүшөт
ﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳ
Эгер Акыйкат алардын каалоолоруна баш ийип калса, асмандар, Жер жана алардагы нерселер бузулуп кетмек. Жок! Биз (Кураан менен) аларга өздөрүнүн даңк-шооратын алып келгенбиз. Алар өздөрүнүн даңк-шооратынан* жүз буруп жатышат
ﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾ
(О, Мухаммад!) Же сен (дааватың үчүн) алардан акы сурап жатасыңбы? Раббиңдин алдындагы сооп жакшы жана ал эң жакшы ырыскы берүүчү
ﯿﰀﰁﰂﰃﰄ
Албетте, сен аларды Туура Жолго чакырасың
ﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍ
Акыретке ыйман келтирбегендер (жана Акырети үчүн иштебегендер) жолдон тайган адамдар
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝ
Эгер Биз ырайым кылып, алардагы зыянды алып койсок деле (Бизге ибадат-шүгүр кылуунун ордуна) тентиген адашуучулугунда жүрө беришет
ﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦ
Биз аларды (ар түркүн) азаптар менен сынадык. Бирок, дагы эле Раббисине моюн сунбай, жалынып дуба кылбай жатышат
ﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳ
Качан Биз аларга (Акыреттеги) катуу азап эшигин ачканыбызда (бардык жакшылыктан) үмүтсүз болуп калышат
ﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿ
Ал (Аллаһ) силерге кулак, көз жана дил-жүрөк берди. Силер болсо өтө аз шүгүр кылуудасыңар
ﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇ
Ал силерди(н бардыгыңарды) жер бетине жаратты. Жана (Кыяматта) Өзүнө чогултуласыңар
ﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓ
Ал жашоо берет жана өлтүрөт. Түн менен күндүн алмашуусу Ага таандык. Акылыңарды иштетпейсиңерби
ﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚ
Бирок, (каапырлар) мурдакылар айткан сөздөрдү айтышып, (мындай)
ﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣ
дешти: «Эгер биз өлүп топуракка жана (чириген) сөөккө айланып калсак деле кайра тирилет бекенбиз
ﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰ
Бул (сөздөр) бизге жана ата-бабаларыбызга буга чейин (көп ирет) айтылды. Булар байыркылардын жомокторунан башка эмес»
ﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚ
Айткын (оо, Мухаммад:) «Жер жана андагылар кимдики, айткылачы, эгер билсеңер?»
ﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡ
Алар дароо: «Аллаһка таандык» дешет. Айткын: «Эстебейсиңерби (ошол Аллаһты?!»)
ﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪ
Айт: «Жети (кабат) асмандардын жана (алардын үстүндөгү) Улуу Арштын Раббиси (Ээси) ким?»
ﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱ
Алар дароо «Аллаһка таандык» дешет. Айткын: «коркпойсуңарбы (ошол Аллаһтан?!»)
ﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀ
Айткын: «Бардык нерселердин падышалыгы кимдин колунда? Ким ал — коргойт, бирок, эч ким аны коргой албайт? (Айткылачы,) эгер билсеңер?»
ﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇ
Алар дароо «Аллаһка таандык» дешет. Айткын: «Кантип алдануудасыңар?°»
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖ
Жок, Биз аларга чындыкты алып келгенбиз. Бирок, «жалган» деп, четке кагышты
ﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱ
Аллаһ (эч кимди Өзүнө) бала (кылып) алган эмес! Аны менен бирге башка кудай дагы жок! Андай болсо, ар бир кудай өзү жараткан нерсе менен кетмек жана (дүйнө падышалары сыяктуу) бири-бирине үстөмдүк кылмак. Аллаһ (мушриктер) сыпаттагандан! Аруу
ﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸ
Ал көмүскөнү да, көрүнгөндү да Билүүчү. Ал (мушриктер ойлоп тапкан) шериктерден Аруу-Бийик
ﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿ
Айткын: «Оо, Раббим! Эгер аларга убада кылынган азапты мага көргөзчү болсоң
ﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆ
о, Раббим, (азап келгенде) мени заалым коомдун ичинде калтырба!»
ﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎ
Чынында, Биз сага да (о, Мухаммад) аларга убада кылган азапты көргөзүүгө кудуреттүүбүз
ﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙ
(Душманың жасаган) жамандыкка жакшылык менен жооп кыл. Биз алар сыпаттаган (ширк, жалган сыяктуу) нерселерди эң жакшы билебиз
ﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡ
Айткын: «О, Раббим! Мен шайтандын азгырыктарынан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын
ﮢﮣﮤﮥﮦﮧ
О, Раббим! Алар (менин ишимдин үстүндө) ар дайым болуусунан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын
ﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰ
Качан алардан (каапырлардан) бирине ажал келсе (мындай) дешет: «О, Раббим! мени (дүйнөгө) кайтарчы
ﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥ
Эми жоготкон нерсемде (өмүрүмдө) жакшы амалдарды жасасам ажеп эмес!» Бул анын (пайдасыз жана жалган) сөздөрү. Алардын (өлгөндөрдүн) нар жагында кайра тирилчү күндөрүнө чейин Барзах (Мүрзө жашоосу) бар
ﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰ
(Ал эми, Кыямат башталып) «Сур» (кернейи) тартылганда.., ошол Күндө алардын арасында тууганчылык да калбайт бири-бирин жоктой да алышпайт
ﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷ
Анан кимдин (сооп) таразасы оор келсе, алар жеңишке жеткендер
ﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂ
Жана кимдин (сооп) таразасы жеңил келсе (жана ширк баштаган күнөөлөрү оор келсе) алар тозок отунда түбөлүк калып, өздөрүнө зыян кылгандар
ﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉ
Алардын жүзүн от күйдүрөт жана бетинен бузулуп (Куйкаланган баш сыяктуу эриндери тартылып, тиштери ырсайып) калышат
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙ
(О, каапырлар!) Силерге Менин аяттарым окулбады беле жана аны «жалган» дебедиңер беле
ﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢ
(Ошондо каапырлар) айтышат: «О, Рабби! Бизге (дүйнөдө) лаззат-кумарыбыз үстөмдүк кылып, адашкан коомдордон болуп калдык
ﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪ
О, Рабби! Бизди андан чыгарчы! Эгер бизди (дүйнөгө) кайтарсаң (жана кайрадан адашсак, анда) накта заалымдарбыз»
ﭫﭬﭭﭮﭯﭰ
(Ошондо Аллаһ) айтат: «Анда (тозокто) кор болуп калгыла! Мага сүйлөбөгүлө!»
ﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿ
Чынында, Менин пенделеримдин (ыйман келтирген) бир бөлүгү «О, Рабби! Сага ыйман келтирдик, эми биздин күнөөлөрүбүздү кечирип, ырайым көргөз! Сен эң жакшы Ырайымдуусуң» дешет
ﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈ
Силер болсо (о, каапырлар) аларды мыскылдадыңар, (мыскылыңар) силерге Мени эстөөнү унуттурду жана алардын үстүнөн күлдүңөр
ﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑ
Бүгүн Мен аларга сабыр кылганы себептүү сыйлык беремин. Чынында, алар жеңишке жеткендер
ﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙ
(Аллаһ тозокуларга) «Жерде канча жыл жашап турдуңар» - деди
ﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢ
«Бир күн же бир күндүн бир бөлүгүнчө. Эсеп билгендерден сура» - дешти
ﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭ
(Аллаһ) айтты: «Бир аз эле турдуңар, эгер (Акыреттин түбөлүктүүлүгүнө салыштыра) билсеңер
ﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗ
Оюңарда Биз силерди максатсыз (жөн эле) жаратыптырбызбы жана Бизге (сурак бергени) кайтып келбейт бекенсиңер?»
ﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤ
Чыныгы Падыша — Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок (жана) Улуу Арштын Ээси болгон Аллаһ (бир нерсени максатсыз жаратуудан) Бийик
ﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸ
Ким (анын кудай экенине) далили жок туруп Аллаһка кошуп дагы бир «кудайга» дуба (ибадат) кылса, анын эсеби (жазасы) Раббисинин алдында! Албетте, каапырлар (тозоктон) кутулбайт
ﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀ
Айткын: «О, Раббим! Күнөөлөрүмдү кечир! Ырайым кыл! Сен эң жакшы Ырайымдуусуң!»

Ыйык Куран


Tuesday, August 18, 2026

Don't forget us in your sincere prayers