Сүрөсү Ан-Намль
PDF —
93 Аят Meccan PDF
Built right in your browser — download starts automatically

Сүрөсү Ан-Намль pdf — Жүктөө (Кыргызча)

Сүрөсү Ан-Намль pdf Кыргызча — Жүктөө Сүрөсү Ан-Намль Котормо. Ан-Намль (Meccan) 93 Аят.



Сүрөсү Ан-Намль
93 Аят · Meccan · Кыргызча
bismillah
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘ
Та. Син. Булар — Кураандын жана ачык-айрым (катасы жок) Китептин аяттары
ﭙﭚﭛﭜ
Туура Жол жана момундарга куш кабар
ﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦ
Алар (момундар) намазды толук окушат, зекетти беришет жана Акыреттерине бекем ишенишет
ﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱ
Ал эми Акыретке ишенбеген адамдарга Биз (күнөө) иштерин кооз көргөзүп койдук. Эми алар адашып-тентип жүрө беришет
ﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼ
Алар азаптын эң жаманына жолугуучулар! Алар Акыретте эң көп зыян тартуучулар
ﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄ
Жаначынында (сага түшүрүлгөн) Кураан — Билүүчү, Даанышман (Аллаһ) тарабынан берилген
ﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕ
(О, Мухаммад эстегин), бир кезде Муса (Мадяндан келе жатып) өз үй-бүлөсүнө: «Мен (алыстан) от көрдүм. Дароо андан кабар же силерге бир аз чок ала келейин. Ажеп эмес жылынып алсаңар» -деди
ﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤ
Ал отко (жакындап) келгенде (кайыптан): «Оттун жанындагы кишиге жана тегерегиндегилерге береке болсун!” Ааламдардын Раббиси-Аллаһ Аруу!» - деген добуш угулду
ﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫ
«О, Муса бул Мен - Кудуреттүү, Даанышман Аллаһмын
ﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢ
Аса-таягыңды ташта!» (Аса-таягын жерге таштады эле) Анын жылан болуп сойлогонун көрүп артына карабай качып жөнөдү. «О, Муса! — (деди кайрадан жанагы добуш) — коркпогун, Менин алдымда пайгамбарлар коркушпайт
ﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮ
Ал эми, зулумдук кылган адамдар (Менден коркушат) (Бирок) кийин күнөөсүн сооп ишке алмаштырса, Мен Кечиримдүү, Ырайымдуумун
ﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄ
(О, Муса), колуңду колтугуңа киргиз, ал жамандыгы жок! ап-апак болуп чыгат. (Аса таяк менен ак кол) Фираун жана анын коомуна арналган тогуз моожизадан“(экөөсү).Чынында алар бузулган коомдор
ﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍ
Ал эми, качан аларга Биздин моожизалар келгенде! «Бул-анык сыйкыр» дешти
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝ
Жана өздөрү (чындык экенин) билип турса да, зулумдук, текебердик менен четке кагып коюшту. Эми сен бузулган адамдардын акыбет-натыйжасы кандай болгонун көрүп кой
ﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮ
Биз Дауд менен (анын уулу) Сулайманга илим (пайгамбарлык) бердик. Анан алар: «Аллаһка мактоолор болсун! Ал Өзүнүн көп ыймандуу пенделеринен бизди пазилеттүүрөөк (артыгыраак) кылды!» дешти
ﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃ
Сулайман Дауддан (илими менен пайгамбарлыгын) мураска алды жана: «О, адамдар, Бизге куштардын тили үйрөтүлдү жана (ушул кезге чейин, эч кимге берилбеген) бардык нерселер берилди. Бул (Аллаһ тарабынан берилген) анык пазилет!» - деди
ﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍ
Жана (күндөрдүн биринде) Сулайманга жиндерден, инсандардан, куштардан турган аскерлери чогултулду жана тизилип турушту
ﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡ
Алар качан гана кумурскалардын өрөөнүнө жетип келишкенде, бир кумурска: «Э-э-й, кумурскалар! Уяңарга киргиле! Сулайман менен аскерлери билбестен силерди жанчып жибербесин!» - деди
ﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛ
Анын сөзүнө Сулайман жылмайып койду жана (дуба кылып, мындай) деди: «О, Раббим! Мага жана ата-энеме берген нээматтарыңа шүгүр кылууга жана Өзүң ыраазы боло турган иштерди аткарууга мени жөндөмдүү кыл жана салих пенделериңдин катарында Өз ырайымыңдын астына киргиз!»
ﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨ
(Бир жерде) куштарды кароодон өткөрдү жана: «Мага эмне болгон, үпүптү көрбөй жатамын? Же ал (бир жагына) кайып болуп кеттиби
ﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲ
Мен аны катуу азап менен жазалаймын: же союп жиберемин же болбосо мага (жоголгонунун) анык-ишенимдүү далилин алып келет!» деди
ﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁ
Көп турбай (үпүп келип калды) жана ошол замат (маалымат берип мындай) деди: «Мен сен билбеген нерсени билип келдим. Мен сага Сабаа! элинен анык кабар алып келдим
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜ
Мен аларга бийлик кылган (Билкийс деген) аялды таптым. Ага ар бир (кымбат, күчтүү) нерселер берилиптир. Жана анын улук тактысы да бар экен
ﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮ
Мен ал аял менен анын коомун, Аллаһты коюп, Күнгө табынып жатканын көрдүм. Шайтан аларга (ширк) амалдарын кооздоп көргөзүп (Туура) Жолдон тосуп коюптур. Алар (ошондуктан) адашып кетишкен го
ﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽ
Аллаһтын Өзүнө сажда кылышса болбойт беле?! Ал асмандардагы жана жердеги жашыруун нерселерди чыгарган жана силер жашырган же жарыя кылган (бардык) нерселерди билет
ﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇ
Аллаһ(тын) бир Өзүнөн башка эч бир кудай жок! (ал) Улук Арштын Раббиси! (Үлүп өз маалыматын ушинтип бүтүрдү. Сулайман аны уккан соң)
ﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐ
(мындай) деди: «Чын сүйлөдүңбү же жалганчылардан болдуңбу, (муну) азыр эле байкап көрөбүз
ﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜ
Менин мына бул катымды алып жөнөгүн. Аларга алпарып таштагын дагы, өзүң ыраак болуп, аңдып тур: эмне жооп айтышаар экен. (Үпүпкуш катты алпарып таштады да, буюрулганы сыяктуу, окуянын кандай уланышын бир четте карап турду. Сабаа канышасы катты ачып, мындай)
ﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥ
деди: «О, ойондорум, мага бир улук кат келиптир
ﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮ
Сулаймандан экен. Анда «Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллаһтын ысымы менен (баштаймын)
ﮯﮰﮱﯓﯔﯕ
(О, сабаалыктар,) өзүңөрдү менден бийик сезбей, моюн сунган абалда мага келүүңөрдү (буюрамын» деп жазыптыр)»
ﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢ
(Дагы) айтты: «Кана, (акылман) ойондор, мага ишимде кеңеш бергиле. Качан силер (бир нерсеге) күбөлүк бермейинче, мен эч кандай чечим чыгарбаймын»
ﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯ
(Ойондор) айтышты: «Биз Кудуреттүү жана күчтүү кошуун ээсибиз.! Бирок, ыктыяр өзүңүздө. Эмне буйрук чыгарууну өзүңүз карап көрүңүз» (Каныша ойлонуп, эң жакшы чечимге келди жана)
ﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾ
Айтты: «Чынында падышалар бир айыл-шаарга басып кирсе, анын ойронун чыгарып, кадырлуу элин кор кылышат. Дал ушундай кылышат
ﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇ
А, мен болсо аларга (кымбат баалуу) белектер жиберемин. Көрөйүнчү, элчилер(им) кандай кабар менен кайтаар экен»
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢ
(Элчилер кымбат белектер менен) Сулайманга келгенде, ал: «Силер мага мал-дүйнө менен жардам берейин дедиңерби-ыя! Аллаһ берген нерселер (чексиз мүлк, илим жана пайгамбарчылык) силер алып келгендерден абзел. (Бул) белек-бечкегиңер менен өзүңөр сүйүнө бергиле
ﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰ
(Бул белегиң менен) аларга кайтып жөнөгүн! Эми Биз алардын үстүнө (адамдар, жиндер жана куштардан болгон) туруштук бере албай турган аскер менен барып, моюн сунган, кордолгон абалда журтунан сүрүп чыгарабыз!»
ﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻ
(Анан) айтты: «О, аскерлерим! Кимиңер мага анын тактысын, өзү моюн сунган абалда келгенге чейин жеткирип келе аласыңар?»
ﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍ
Жиндерден «Ифрийт» деген бирөөсү: «Мен аны сен ушул мажилисиңден турганга чейин алып келе аламын жана ушуга мен кудуреттүү, ишенимдүүмүн» -деди
ﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘ
Ал эми, анын (Сулаймандын) алдындагы китепти билген бир адам: «Мен аны көзүңдү жумуп ачканга чейин эле, келтире аламын» деди. (Сулайман көзүн ачып) тактыны өз алдында орношуп калганын көргөндө: «Бул Раббимдин мени, шүгүр кыламынбы же шүгүрсүз боломунбу, (ушуну) сынаш үчүн мага берген пазилети. Ким шүгүр кылса-өзүнө пайда. Ал эми, ким каапыр (шүгүрсүз) болсо, Раббим (андан) Беймуктаж жана Улук!» -деди
ﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥ
(Анан) айтты: «Анын тактысын өзгөртүп койгула. Көрөбүз, ал тааныйбы же тааныбагандардан болобу»
ﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶ
(Билкийс) жетип келгенде «Сенин тактың ушундай беле?» деп суралды. «Дал өзү го!» - деди ал. «Бизге мындан мурун илим (пайгамбарлык жана башка илимдер) берилген жана биз мусулмандардан болдук» (деди Сулайман)
ﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄ
Ал эми, канышаны болсо, өздөрү ибадат кылган, Аллаһтан башка «кудайлары»(на болгон ишеними, Аллаһка ыйман келтирүүдөн) тосуп турган. Ал каапыр коомдордон эле
ﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒﰓﰔﰕﰖﰗﰘﰙﰚﰛﰜﰝﰞﰟﰠﰡﰢﰣﰤ
(Анан ага): «Сарайга кириңиз» деп айтылды. Сарайды көргөндө, аны суу деп ойлоп, буттарын чечти? эле, (Сулайман) «Бул тегизделген жылмакай хрусталдардан жасалган сарай»-деди. (Сулаймандын Аллаһтын Кудуретинен жардам алган пайгамбар экенине эми Сабаа канышасында эч шек-күмөн калбады. Ошондуктан:) «О, Раббим! Мен өз жаныма зулум кылып жүргөн экенмин! Мен Сулайман менен бирге ааламдардын Раббисине моюн сундум!»-деди
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞ
Биз Самуд элине өздөрүнүн бурадарлары Салихти «Аллаһка ибадат кылгыла!» (деп буюрушу үчүн) пайгамбар кылып жибердик. Анан алар эки бөлүк (мусулман-каапыр) болуп талашып-тартыша баштады. (Каапырлар Салих пайгамбарды жалганчы дешип, «эгер чын пайгамбар болсоң, биздин башыбызга бир азап түшүрчү, кана» деп кыстай баштады. Анда)
ﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬ
(Салих) айтты: «О, коомум! Эмнеге силер жакшылыктан мурун жамандыкты кыстап жатасыңар?! (Андан көрө) Аллаһтан кечирим сурасаңар болбойбу?! Ырайымына арзып калышыңар ажеп эместир!»
ﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼ
(Каапырлар) айтты: «Сенден жана сени менен бирге болгондордон (кесепеттүү экенсиңер деп) ырым кылып жатабыз» (Салих) айтты: «Ырымыңар Аллаһтын алдында. Жок! (Силер айткандай эмес) Чынында, силер сыналып жаткан коомсуңар»
ﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇ
Шаарда тогуз кишиден турган, жер бетинде ислах (оңдоп-түзөтүү) иштерин жүргүзүүнүн ордуна бузукучулук, ыпластык менен күн өткөргөн жамаат бар эле
ﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖ
Ошолор өз ара Аллаһтын ысымына ант ичишип: «Салих менен үй-бүлөсүн түн ичинде тынчытабыз. Кийин тууган(дар)ына «Анын үй-бүлөсүнүн өлгөнүнөн кабарыбыз жок. Биз чын сүйлөгөн кишилербиз» - дейбиз» дешти
ﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞ
Алар (ушундай) айла кылышты Биз дагы айла кылдык. Алар билбей калышты
ﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨ
Карачы, алардын айлакерликтеринин акыбети эмне болгонун: Биз аларды (тогуз мыкаачыны) бардык (каапыр) коомдору менен бирге кыйратып койдук
ﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖ
Мына алардын үйлөрү! Зулумдук (каапырлык) кылгандары себептүү бош калды! Билген адамдар үчүн бул окуяда (кудуретибизге) белги бар
ﯗﯘﯙﯚﯛﯜ
Ал эми, ыйман келтирген адамдарды, биз куткардык. Алар такыба кишилер болчу
ﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥ
Жана (о, Мухаммад!) Лутту да (эстегин). Бир кезде ал коомуна: «Силер көрүп, билип туруп бузукулук жасай бересиңерби
ﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲ
Аялдар калып, эркектерге кумар менен (артынан) келе бересиңерби?! Жок! Силер тап-такыр (чектен чыккан) наадан коом экенсиңер!» деди
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢ
Коомунун ага берген жообу бул гана болду: «Луттун үй-бүлөсүн шаардан айдап чыккыла! Алар (бизге кошулбаган) таза адамдар имиш!»
ﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪ
Кийин Биз Лут менен анын үй-бүлөсүн куткардык. Бир гана аялын куткарбадык. Биз ага кыйрагандардан (бири) болууну тагдыр кылган элек
ﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲ
Жана алардын үстүнө (таш) жамгырын жаадырдык. Эскертилгендердин?* «жамгыры» аябай жаман болду
ﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀ
Айт (о, Мухаммад): «Аллаһка мактоолор, тандап алган пенделерине (пайгамбарларга) салам болсун! Аллаһ жакшыбы, же силер (Аллаһка) шерик кылып жаткан «кудайларбы»
ﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞ
Же болбосо, асмандар менен жерди жаратып, силерге асмандан суу түшүргөн Кудайбы?» Биз ал суу менен кооз-көркөм бак-бостондорду өндүрдүк. Силер ал бактардын дарактарын өндүрүп-өстүрө албайт элеңер. (Эми, айткылачы, ушуларды) Аллаһ менен бирге (шерик) болгон «кудайлар» жасадыбы?! Жок! Алар (Аллаһка башка «кудайды») тең кылган адамдар
ﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗ
Же болбосо, жерди ким (инсаниятка) башпаанек кылды? Анын араларына (ким) дарыяларды агызып, үстүнө тоолорду орнотуп, эки деңиздин (дарыя менен деңиздин) арасына (ким) тосмо койду? (Аллаһбы) же Аллаһ менен (силер ага шерик кылган) «кудайбы»?! Жок! Алардын көпчүлүгү (акыйкатты) билишпейт
ﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪ
Же болбосо, зарыккан-муктаждын дубасына ким жооп берип, балээни ким кайтарат? Жана силерди жер бетине (ким) халифа-орунбасар кылат? (Аллаһбы) же, Аллаһ менен (силер Ага шерик кылган башка) «кудайбы»?! Өтө аз ойлоносуңар
ﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁ
Же болбосо, силерге кургактык менен деңиздердин караңгылыктарында жол көргөзгөн ким? Жана Өз ырайым-рахматынын астынан, сүйүнүчтүн элчиси катары шамалдарды жиберген ким? (Аллаһбы) же, (силердин оюңардагы) Аллаһ менен бирге (шерик) болгон «кудайбы»?! Аллаһ алардын ширк амалдарынан (Аруу Таза жана) Бийик
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦ
Же болбосо, (инсанды) абалкы ирет жаратып, кийин аны (өлгөндөн соң) кайрадан жарата турган ким?! Жана силерге асмандан жана жерден ырыскы бере турган ким?! (Аллаһбы) же Аллаһ менен бирге болгон (силер шерик кылган) «кудайбы?!» Айт (оо, Мухаммад): «Эгер (Аллаһтын шериги бар деген сөзүңөрдө) чынчыл болсоңор, далилиңерди алып келгиле!»
ﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶ
Айт: «Асмандардагы жана жердеги эч ким кайыпты! билбейт. Бир гана Аллаһ билет! Качан кайрадан тирилишин сезишпейт
ﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇ
Жок, (сезбейт гана эмес) алардын Акырет жөнүндө илимдери алсыз. Жок, (алсыз гана эмес) алар Акыреттен шектенишет. Жок, (шектенүү менен гана чектелбейт) алар Акыреттен тап-такыр сокур! (Эч нерсе билишпейт жана ишенишпейт)
ﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑ
Каапырлар: «Биз жана ата-бабаларыбыз (өлүп, чирип) топурак болуп калсак да (кайра тирилип мүрзөбүздөн) чыгарылабызбы
ﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞ
Бизге жана ата-бабаларыбызга бул (кайра тирилүү,) буга чейин (пайгамбарлар тарабынан) убада кылынган. Бул (сөздөр) абалкылардын жөө-жомогунан башка нерсе эмес!» - дешти
ﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨ
Айт: «Жер жүзүн кезгиле жана (өзүңөргө окшогон) күнөөкөрлөрдүн акыбети эмне болгонун көрүп алгыла»
ﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓ
(О, Мухаммад!) Сен алардан капа болбо жана айлакерликтеринен сыгылба
ﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛ
Алар: «Эгер чынчыл болсоңор, бул убада (азап) качан?» дешет
ﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥ
Айткын: «Шаштырып жаткан нерсеңердин кээ бири силерге учкашып? жүргөн болсо ажеп эмес
ﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰ
Жана сенин Раббиң, акыйкатта адамдарга пазилеттүү. Бирок, алардын көпчүлүгү шүгүр кылышпайт
ﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹ
Чынында, сенин Раббиң алардын көөдөндөрү эмнени жашырып, эмнени ашкере кылганын эң жакшы билет
ﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄ
Асмандагы жана Жердеги бардык кайып нерселер анык Китепте (Лавхул Махфузда) жазылуу
ﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑ
Чынында бул Кураан Исрайил урпактарына алар талашып-тартышкан көп маселелерин(ин анык жообун) икая кылып берет
ﭑﭒﭓﭔﭕ
Ал момундар үчүн Ырайым жана Хидаят (Туура Жол)
ﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟ
Албетте, сенин Раббиң Өзүнүн (Кураандагы) өкүмү менен алардын арасында өкүм жүргүзөт. Жана Ал Кудуреттүү, Билүүчү
ﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨ
Эми сен (ушундай Кудуреттүү, Билерман) Аллаһка өзүңдү тапшыр (тобокел кыл). Чынында, сен анык Акыйкаттын үстүндөсүң. (Бирок, сенин жолуң, колуңдагы Кураан канчалык акыйкат болсо да, аны Руху өлгөн адамдар укпайт. Ошондуктан)
ﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴ
Сен «өлүктөргө» угуза албайсың. Даават-чакырыкты тескери басып бараткан «дүлөйлөргө» да угуза албайсың
ﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄ
(Ошондой эле), сен «сокур адамдарды» да адашуучулугунан Туура Жолго сала албайсың. Бир гана мусулман (моюн сунган) абалдарында Биздин аяттарга ыйман келтирген момундарга гана (акыйкатты) угуза аласың
ﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖ
Качан адамдарга (убада кылынган) сөз (Кыямат) келип (жакындап) калганда, аларга жерден бир жаныбар! чыгарабыз. Ал аларга адамдар Биздин аяттарыбызды жакшы түшүнбөй калганы жөнүндө сүйлөйт
ﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢ
Биз ар бир үммөт арасындагы, аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдардан бир топторун чогултуп, анан алар (Биздин алдыбызда) тизилип калган Күндү (Кыяматты эстегин)
ﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰ
Качан алар келгенде (Аллаһ) айтты: «Аны толук билбей (түшүнбөй) туруп, Менин аяттарымды жалганга чыгардыңарбы?! Анда, эмне кылып жүрдүңөр?!»
ﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚ
Ошентип, зулум (каапырчылык) кылгандары себептүү алардын үстүнө Сөз (азап) түштү! Алар (анда) бир да сөз сүйлөй албай калышат. (Ошондой азапка учурап калуудан мурун, бул дүйнөдө)
ﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫ
Карашпайбы (ойлонушпайбы): Биз түндү жаратып койдук, анда эс алып, тыныгуулары үчүн.., Жана күндүздү жаратып койдук, көрүүлөрү (жана жашоо тиричилигин өткөрүүлөрү) үчүн?! Буларда ыйман келтирген адамдарга чоң белгилер бар
ﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿ
Сур (кернейи) тартылган Күнү, асмандардагы жана жердеги, Аллаһ каалагандардан башка бардык жандуулар жүрөгү түшүп (өлүп) калат. Жана экинчи ирет тартылганда бардык адамдар Аллаһка моюн сунган абалда келишет
ﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒﰓﰔ
Жана сен (Кыямат Күнү) тоолор (ордунда) катып турат деп ойлойсуң (Жок, андай болбойт) Алар (ал күнү) булуттар учкан сыяктуу учуп жүрөт.! Бул ар бир нерсени мыкты жасаган Аллаһтын жасаганы. Ал силердин бардык ишиңерден Кабардар
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜ
Ким (наркы дүйнөгө) жакшылык (сооп иш) алып келсе, ага анысынан жакшыраак (сыйлык) берилет жана алар ошол (Кыямат) күндүн коркунучунан аман болушат
ﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪ
Ал эми, ким жамандык (күнөө) алып келсе, алар бети менен сүйрөлүп тозокко ташталат жана: «Өзүңөрдүн ишиңерге жараша гана жаза аласыңар» (деп айтылат)
ﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽ
(Айткын): «Мен ушул шаардын (Макканын) Раббисине ибадат кылууга буюрулдум. Аллаһ ал шаарды Харам (анда күнөө иштерди жасоо арам) кылган. Бардык нерселер Аллаһтын мүлкү. Жана мен мусулмандардан болууга буюрулдум
ﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏ
Жана Кураанды тилават кылууга (да буюрулганмын). Эми, ким Туура Жолго түшсө, өз пайдасы үчүн. Ал эми, кимде-ким адашса, айткын: «Чынында, мен эскертүүчүлөрдөн биримин»
ﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜ
Жана айткын: «Аллаһка мактоолор болсун! Жакында Ал силерге Өзүнүн аян-белгилерин көргөзөт. Анан аларды таанып аласыңар». Сенин Раббиң (эч бир) ишиңерден бейкапар эмес

Ыйык Куран


Tuesday, August 18, 2026

Don't forget us in your sincere prayers