PDF —
227 Аят Meccan PDF
Built right in your browser — download starts automatically

Аш-Шуара сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)

Аш-Шуара сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Аш-Шуара сүрөсү Котормо. Аш-Шуара сүрөсү (Meccan) 227 Аят.

← Аль-ФурканАш-Шуара сүрөсү Ан-Намль →


227 Аят · Meccan · Кыргызча
bismillah
ﭑﭒ
26:1 Та. Син. Мим
ﭓﭔﭕﭖﭗ
26:2 Булар анык Китеп аяттары
ﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞ
26:3 (О, Мухаммад! Макка мушриктери) ыйманга келбегени үчүн балким, сен жаныңды алекетке салаарсың
ﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪ
26:4 Эгер Биз кааласак, аларга (мушриктерге өздөрү сурагандай) асмандан моожиза түшүрө алабыз жана бул моожиза алдында алардын моюндары ийилип калат
ﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶ
26:5 Аларга (мушриктерге) Рахман тарабынан жаңы эскертүүчү (аяттар) келсе, дароо андан жүз буруучу (ишенбөөчү) болушту
ﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿ
26:6 Алар (Кураандагы тозок-бейишти) жалганга чыгарышты (жана аны окуп берген Мухаммадды мазакташты) эми жакында аларга мазактаган нерселеринин анык кабарлары келип калат
ﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋ
26:7 Алар жерге карашпайбы: Биз анда канча сонун өсүмдүк түрлөрүн өндүрүп чыгардык
ﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕ
26:8 Мында (Аллаһтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтирбей жатышат
ﮖﮗﮘﮙﮚﮛ
26:9 Чынында, сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу
ﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤ
26:10 Жана (эстегин о, Мухаммад) бир кезде Раббиң Мусага (мындай) деди: «Заалым коомдорго
ﮥﮦﮧﮨﮩﮪ
26:11 Фираундун коомуна баргын жана аларга: «(Аллаһтан) коркпойсуңарбы?» дегин»
ﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱ
26:12 «О, Раббим, — деди (Муса), — алар мени жалганчыга чыгаруусунан коркомун
ﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛ
26:13 (Натыйжада) жүрөгүм сыгылып, тилим эркин айланбай калуусу мүмкүн. (Ошондуктан агам) Харунду да (мага кошуп пайгамбар кылып) жибер
ﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢ
26:14 Алардын (оюнда) менин күнөөм бар.? Мени өлтүрүп коюуларынан да коркомун»
ﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬ
26:15 (Аллаһ) айтты: «Жок, (өлтүрө алышпайт) экөөң Биздин моожизаларды алып бара бергиле. Биз силер менен бирге угуп (кабаплар болуп) туруучубуз
ﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴ
26:16 Баргыла дагы, «Биз ааламдардын Раббисинин элчилери болобуз
ﯵﯶﯷﯸﯹﯺ
26:17 Исрайил урпактарын (азат кыл жана) биз менен кошуп (ата-журттарына) жибер» дегиле. (Аллаһтын элчилери Фираунга барып, буюрулган сөздөрдү айтышты эле..„)
ﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅ
26:18 (Фираун мындай) деди: «Балалыгыңда өзүбүздүн арабызда биз тарбия кылбадык беле сени (о, Муса?) Өмүрүңдөн бир нече жылдарды биздин арабызда өткөрдүң эле го
ﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍ
26:19 Андан кийин кылгылыкты кылып коюп, (египеттик букарабызды өлтүрүп) шүкүрсүз адамдардан болгонсуң!»
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗ
26:20 (Муса) айтты: «Кылган болсом, мен аны байкабагандыктан улам жасагам. (Атайлап өлтүргөн эмесмин)
ﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣ
26:21 Анан, (мени да өлтүрөсүңөр деп) коркконумда силерден качып (Мадянга) кетип калдым. Анан Аллаһ мага өкүм берди жана пайгамбарлардан кылды
ﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬ
26:22 Ал эми, сен мага колко кылган «камкордуктар» болсо, Исраил урпактарын кул кылып алганың себептүү болгон!»
ﭭﭮﭯﭰﭱﭲ
26:23 Фираун айтты: «Ааламдардын Раббиси» дегениң эмне, ыя?»
ﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽ
26:24 «Ал— асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси, эгер билсеңер» - деди (Муса)
ﭾﭿﮀﮁﮂﮃ
26:25 (Фираун) өзүнүн айланасындагыларга: «Анын сөзүн угуп жатасыңарбы?»-деди (Мусаны шылдыңдап)
ﮄﮅﮆﮇﮈﮉ
26:26 (Муса): «Аллаһ силердин жана абалкы ата-бабаңардын Раббиси» деди
ﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑ
26:27 (Анда Фираун адамдарга) айкырды: «Чынында, силерге «жиберилген «пайгамбарыңар» анык жинди болуптур!»
ﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜ
26:28 (Муса сөзүн улап, мындай) деди: «Ал Чыгыш менен Батыштын жана ал экөөсүнүн арасындагылардын Раббиси, эгер акылыңарды иштетсеңер»
ﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥ
26:29 «(О, Муса!) Эгер менден башканы кудай кылып алчу болсоң, сөзсүз зындандагылардын катарына кошомун!» - деди
ﮦﮧﮨﮩﮪﮫ
26:30 «Эгер сага (далил боло турган) анык бир нерсе көргөзсөмчү?»-деди (Муса)
ﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔ
26:31 «Көргөз, эгер сөзүң чын болсо» -деди
ﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛ
26:32 (Муса) аса-таягын таштады эле.., анык чоң жыланга айланып калды
ﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢ
26:33 Колун (чөнтөгүнөн) сууруду эле көрүүчүлөрдүн көз алдында ап-апак (нурдуу) болуп калды
ﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪ
26:34 «(О,) бул эң илимдүү сыйкырчы болуп калган турбайбы!»- деди (Фираун) тегеректеги адамдарына
ﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳ
26:35 «Бул өзүнүн сыйкыры менен силерди жериңерден чыгарып жиберүүнү каалайт! Кана, эмне дейсиңер?»
ﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻ
26:36 (Сарай эли) айтышты: «Аны менен агасын (камап) койо тур жана шаарларга (сыйкырчыларды) чогултуп келчү (чабармандарды) жибер
ﯼﯽﯾﯿﰀ
26:37 Ал сага бардык илимдүү сыйкырчыларды алып келсин»°
ﰁﰂﰃﰄﰅﰆ
26:38 Белгиленген күндө убадалашкан жерге (мамлекеттин чар тарабынан алып келинген эң күчтүү) сыйкырчылар чогулушту
ﰇﰈﰉﰊﰋﰌ
26:39 Анан адамдарга айтылды: «Чогулуп болдуңарбы
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘ
26:40 Эгер (биздин) сыйкырчылар жеңип чыкса, ошолорду ээрчисек ажеп эмес!»
ﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥ
26:41 Сыйкырчылар келип бүткөндө Фираунга: «Эгер жеңип чыксак, бизге сыйлык болобу?» дешти
ﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬ
26:42 «Ооба — деди (Фираун) — анда менин эң жакын адамдарыман болосуңар»
ﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴ
26:43 Муса аларга айтты: «Таштай турган нерсеңерди таштагыла»
ﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾ
26:44 Алар жиптерин аса-таяктарын таштап: «Фираундун кудурети менен биз жеңип чыгабыз!» -дешти
ﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇ
26:45 Анан Муса дагы аса-таягын таштады эле... капыстан (кадимки эле чоң жыланга айланып) сыйкырчылардын жасалма жыландарын жута баштады
ﮈﮉﮊﮋ
26:46 (Бул Кудуреттүү Аллаһтын гана колунан келерин дароо түшүнгөн) сыйкырчылар (Аллаһка) сажда кылган абалда бойлорун жерге таштап (мындай)
ﮌﮍﮎﮏﮐ
26:47 дешти: «Ааламдардын Раббисине, ыйман келтирдик
ﮑﮒﮓﮔ
26:48 Муса менен Харундун Раббисине (ыйман келтирдик!)»
ﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬ
26:49 (Фираун ачууланып, мындай) деди: «Мен силерге уруксат бербей туруп ага ыйман келтирдиңерби?! Демек ал силерге сыйкырды үйрөткөн чоңуңар турбайбы! Азыр билип аласыңар (менин ким экенимди!). Колу-бутуңарды каршы-терши чаап, баардыгыңды асып саламын
ﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖ
26:50 «(Мунун) зыяны жок — дешти сыйкырчылар — биз (анда) Раббибизге кайтып барабыз
ﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢ
26:51 Биз (Мусага) эң абалкылардан болуп ыйман келтиргенибиз себептүү, Раббибиз биздин каталарыбызды кечиришин үмүт кылабыз»
ﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬ
26:52 Жана Биз Мусага «Менин пенделерим менен түн ичинде (Мисирден) чык. Силердин изиңерден куугунчулар түшөт» -деп вахий кылдык
ﯭﯮﯯﯰﯱﯲ
26:53 (Муса Исрайил урпактарын түнү менен чыгарып кеткенден кийин) Фираун шаарларга (аскер) чогултуучуларды жиберди
ﯳﯴﯵﯶﯷ
26:54 (Жана чогулган куугунчуларды шердентиш үчүн): «Алар бир ууч гана селсаяктар
ﯸﯹﯺﯻ
26:55 Биздин ачуубузга тийишти
ﯼﯽﯾﯿ
26:56 Биз бардыгыбыз (душмандан) сак болгон адамдарбыз (Аларды сөзсүз кармап келебиз)!» - деди
ﰀﰁﰂﰃﰄ
26:57 Биз аларды (ушинтип) чыгардык, бак-бостондорунан, булактарынан
ﰅﰆﰇﰈ
26:58 (чогулткан) казыналарынан жана кооз-сонун үй-жайларынан
ﰉﰊﰋﰌﰍﰎ
26:59 Ошондой (болду). Биз (кийинчерээк) аларды Исрайил урпактарына мурас кылып бердик
ﰏﰐﰑ
26:60 (Куугунчулар) аларды күн чыккан мезгилде кууп жетишти
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙ
26:61 Эки жамаат бири-бирине көрүнүп калганда, Мусанын шериктери «Биз колго түштүк!» -дешти
ﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡ
26:62 «Жок! — деди (Муса), — албетте, Раббим мени менен! Ал мага жол көргөзөт!»
ﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰ
26:63 Анан Биз Мусага: «Аса-таягың менен деңизди чап!» - деп вахий кылдык. (Буйрукту аткарганда) деңиз (он эки жол болуп) жарылды жана ар бир бөлүгү чоң тоо сыяктуу болуп калды
ﭱﭲﭳﭴ
26:64 Анан башкаларды (Фираун менен анын аскерлерин деңиз-жолдун ичине кириш үчүн) жакындаштырдык
ﭵﭶﭷﭸﭹﭺ
26:65 Мусаны жана аны менен бирге болгондордун бардыгын (өткөрүп,) куткардык
ﭻﭼﭽﭾ
26:66 Кийин башкаларды чөктүрүп жибердик
ﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈ
26:67 Мында (Биздин кудуретибизге чоң) белги бар. Бирок көпчүлүк адамдар ыйман келтиришпеди
ﮉﮊﮋﮌﮍﮎ
26:68 Чынында, сенин Раббиң Бир Өзү гана Жеңүүчү, Ырайымдуу
ﮏﮐﮑﮒﮓ
26:69 (О, Мухаммад) аларга (Кураандан) Ибрахимдин кабарын окуп бер
ﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚ
26:70 Бир кезде ал атасына жана коомуна «Эмнеге сыйынып жатасыңар?» -деди
ﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡ
26:71 «Буттарыбызга сыйынып жатабыз жана аларга берилген бойдон калабыз» - дешти
ﮢﮣﮤﮥﮦﮧ
26:72 (Анда Ибрахим) айтты: «Аларга дуба кылсаңар силерди угабы
ﮨﮩﮪﮫﮬ
26:73 Же болбосо силерге пайда же зыян жеткире алабы?»
ﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔ
26:74 «Жок, (бирок) биз ата-бабаларыбыздын ушундайча сыйынып жатканын көргөнбүз» дешти
ﯕﯖﯗﯘﯙﯚ
26:75 (Ибрахим) айтты: «Эмнеге сыйынып жатканыңарды ойлоп көрдүңөрбү
ﯛﯜﯝﯞ
26:76 силер. Байыркы ата-бабаңар дагы (ойлоп көрүштү бекен)
ﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥ
26:77 Чынында булар (буттар) мага душман! Ал эми, (менин досум, жолбашчым) Ааламдардын Раббиси (Аллаһ)
ﯦﯧﯨﯩﯪ
26:78 Ал мени жаратты, анан Туура Жолго баштайт
ﯫﯬﯭﯮﯯ
26:79 Жана Ал мени жедирет жана ичирет
ﯰﯱﯲﯳﯴ
26:80 Оорусам, Өзү мага шыпаа берет
ﯵﯶﯷﯸﯹ
26:81 Жана Ал менин жанымды алып (Кыяматта) мени кайра тирилтет
ﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂ
26:82 Жана Кыяматта Ал менин күнөөлөрүмдү кечирүүсүн үмүт кыламын
ﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉ
26:83 «О, Раббим! Мага өкүм(дөрдү билдире турган көп илим) бергин жана (өткөн) салих адамдарга (пайгамбарларга) кошкун
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗ
26:84 Жана мени(н ысымымды) акыркылардын ыраскөй тилдеринде (дубаларында) кылгын
ﭘﭙﭚﭛﭜﭝ
26:85 Жана мени Наим Бейишинин мураскорлорунан кылгын
ﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤ
26:86 Жана менин атамды кечиргин! Ал адашуучулардан болуп калды
ﭥﭦﭧﭨﭩ
26:87 (Оо, Раббим! адамдарга) кайрадан жан бериле турган күндө мени(н кээ бир каталарымды ачып) шерменде кылбагын!»
ﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰ
26:88 Ал күндө не мал-мүлк, не бала-чака пайда бербейт
ﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷ
26:89 Бир гана, Аллаһка (ширктен) таза жүрөк менен келген адам(дын амалы гана пайда берет)
ﭸﭹﭺﭻ
26:90 Такыбалуу кишилерге Бейиш жакын келтирилди
ﭼﭽﭾﭿ
26:91 Жолдон азгандарга болсо, тозок көргөзүлдү
ﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆ
26:92 Жана аларга айтылды: «Силер ибадат кылган «кудайыңар» кайда калды
ﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎ
26:93 Аллаһты коюп (ошолорго сыйындыңар эле). Алар (бүгүн) силерге же өздөрүнө жардам бере алабы?!»
ﮏﮐﮑﮒﮓ
26:94 Анан ага (тозокко) ташталышат: алар (жалган кудайлар) жана (аларга) азгырылгандар
ﮔﮕﮖﮗ
26:95 жана Иблистин (адамдардан, жиндерден болгон) бардык аскерлери
ﮘﮙﮚﮛﮜ
26:96 Алар тозокто (бири-бирин айыптап) талашып-тартышып (мындай) дешти
ﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣ
26:97 «Аллаһка ант, биз анык адашууда болуптурбуз
ﮤﮥﮦﮧﮨ
26:98 Биз (о, жалган кудайлар) силерди ааламдардын Раббисине тең-шерик кылыптырбыз
ﮩﮪﮫﮬﮭ
26:99 Бизди күнөөкөр чоңдорубуз гана адаштырды
ﮮﮯﮰﮱﯓ
26:100 Эми, бизге шапаатчы (актоочу) жок болуп калды
ﯔﯕﯖﯗ
26:101 Жана бизге (пайда берүүчү эч бир) кадырман дос да жок
ﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟ
26:102 Кана эми, дүйнөгө (артка) кайтарылсак жана момундардан болуп калсак!»
ﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩ
26:103 Албетте бул аяттарда сабак бар. Бирок адамдардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады
ﯪﯫﯬﯭﯮﯯ
26:104 Жана сенин Раббиң (о, Мухаммад), Бир Өзү гана Жеңүүчү, Боорукер
ﯰﯱﯲﯳﯴ
26:105 Нухтун коому дагы пайгамбарларды! жалганчыга чыгарды
ﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼ
26:106 Бир кезде аларга өз бурадарлары Нух (мындай) деди: «(Аллаһтан) коркпойсуңарбы
ﯽﯾﯿﰀﰁ
26:107 Мен силер үчүн (Аллаһ тарабынан жиберилген) ишеничтүү элчи боломун
ﰂﰃﰄﰅ
26:108 Эми, Аллаһтан корккула жана мага моюн сунгула
ﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒ
26:109 Мен даават кылганым үчүн силерден (кызмат) акы сурабаймын. Мага сооп-сыйлык берүү ааламдардын Раббисинин иши
ﰓﰔﰕﰖ
26:110 Аллаһтан корккула жана мага моюн сунгула!»
ﰗﰘﰙﰚﰛﰜﰝ
26:111 «Сага ыйман келтиребизби?! Сага акылы төмөн, кедейлер гана ээрчигенго!»-дешти (кекирейген каапыр бай-манаптар)
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗ
26:112 (Анда Нух) айтты: «Алардын эмне иш жасап жатканын (байлыгы барбы же жокпу) мен билбеймин
ﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠ
26:113 Эгер түшүнсөңөр, Алардын эсебин Раббим Өзү билет
ﭡﭢﭣﭤﭥ
26:114 Ал эми, мен ыйман келтиргендерди кууп жибербеймин
ﭦﭧﭨﭩﭪﭫ
26:115 Мен болгону бир анык эскертүүчүмүн»
ﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴ
26:116 «Эй, Нух! Эгер дааватыңды токтотпосоң, ташбараңга алынасың!» (дешти ачууланган манаптар)
ﭵﭶﭷﭸﭹﭺ
26:117 (Нух) айтты: «Оо, Раббим! Коомум мени жалганчыга чыгарды
ﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄ
26:118 Мени менен алардын арасын биротоло ачып кой! (аларга азап жибер) жана мен менен бирге болгон момундарды куткар!»
ﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋ
26:119 Анан Биз (каапырларга топон суу балээсин жиберип, айбанаттар менен) толтурулган кемеде Нухту жана аны менен бирге (ыймандуу) болгондорду куткардык
ﮌﮍﮎﮏﮐ
26:120 Кийин, калган (каапыр) элдерди чөктүрүп жибердик
ﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚ
26:121 Албетте, мында (Биздин кудуретибиздин) белги(си) бар. Бирок, адамдардын көпчүлүгү ыйманга келбей коюшту
ﮛﮜﮝﮞﮟﮠ
26:122 Албетте, сенин Раббиң Кудуреттүү, Ырайымдуу.”
ﮡﮢﮣﮤ
26:123 Аад (коому) дагы пайгамбарларды «жалганчы» - деди
ﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬ
26:124 Бир кезде аларга өз бурадарлары Худ айтты: «(Аллаһтан) коркпойсуңарбы
ﮭﮮﮯﮰﮱ
26:125 Мен силер үчүн жиберилген ишеничтүү пайгамбармын
ﯓﯔﯕﯖ
26:126 Аллаһтан корккула, жана мага моюн сунгула
ﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣ
26:127 Мен дааватым үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сооп-сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет
ﯤﯥﯦﯧﯨﯩ
26:128 Эмне, силер ар кайсы (таш) дөбөгө оюн-эрмегиңердин белгисин! кура бересиңерби
ﯪﯫﯬﯭﯮ
26:129 (Ичинде) түбөлүк жашай тургансып, (бекем, бийик) сарайларды салып жатасыңар
ﯯﯰﯱﯲﯳ
26:130 Эгер (бир алсыз элге) күчүңөрдү көргөзсөңөр, зулумдук менен көргөзөсүңөр
ﯴﯵﯶﯷ
26:131 Аллаһтан корккула, жана мага моюн сунгула
ﯸﯹﯺﯻﯼﯽ
26:132 Силерге өзүңөргө белгилүү нээмат-сыйлыктарды берген Аллаһтан корккула
ﯾﯿﰀﰁ
26:133 Ал силерге чарба малдар, перзенттер
ﰂﰃﰄ
26:134 Бак-бостондор жана булактарды берди
ﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋ
26:135 Мен силердин башыңарга Улук Күндүн (Кыяматтын) азабы түшүп калуусунан коркомун
ﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒﰓﰔﰕ
26:136 (Каапырлар) айтышты: «Бизге сенин насыйкат айтканыңдын да, айтпаганыңдын да эч айырмасы жок
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖ
26:137 Ал эми бул (бай-бардарлык Раббиңден нээмат эмей эле) абалкылардын салты
ﭗﭘﭙﭚ
26:138 Жана биз (Кыяматта кайрадан тирилбейбиз жана) азапка да тартылбайбыз»
ﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧ
26:139 (Худ пайгамбарды ушинтип) жалганчыга чыгарышты. Анан Биз аларды (добул шамал менен) кыйратып жоготтук. Мында (кудуретибиздин) белгиси бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады
ﭨﭩﭪﭫﭬﭭ
26:140 Чынында, сенин Раббиң, Бир Өзү гана Кудуреттү, Ырайымдуу
ﭮﭯﭰﭱ
26:141 Самуд эли дагы пайгамбарларды! жалганчы кылды
ﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹ
26:142 Бир кезде аларга өз бурадарлары Салих айтты: «(Аллаһтан) корксоңор болбойбу
ﭺﭻﭼﭽﭾ
26:143 Мен силерге жиберилген ишеничтүү пайгамбармын
ﭿﮀﮁﮂ
26:144 Аллаһтан корккула жана мага моюн сунгула
ﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏ
26:145 Мен дааватым үчүн силерден сооп-сыйлык сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет
ﮐﮑﮒﮓﮔﮕ
26:146 Силер бул жердеги нээмат-жыргалдардын ичинде (жыргаган бойдон) аман-эсен таштап коюлат бекенсиңер
ﮖﮗﮘﮙ
26:147 Бактардын, булактардын ичинде
ﮚﮛﮜﮝﮞ
26:148 Эгиндердин жана жагымдуу курмалардын ичинде
ﮟﮠﮡﮢﮣﮤ
26:149 (Эч нерсени ойлобой) шат-курсант абалда тоолордун боорун оюп (үй куруп) жатасыңар
ﮥﮦﮧﮨ
26:150 Эми, Аллаһтан корккула жана менин айткандарымды аткаргыла
ﮩﮪﮫﮬﮭ
26:151 Ысырапкорлордун сөзүнө (жолуна) моюн сунбагыла
ﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕ
26:152 Алар жер бетин оңдой турган эмес, буза турган адамдар»
ﯖﯗﯘﯙﯚﯛ
26:153 (Каапырлар жооп берип, мындай) дешти: «Сен сыйкырлангандардан (эсин жоготкондордон) болуп калыптырсың
ﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧ
26:154 Өзүбүзгө окшогон эле адамсың! Эгер («мен-пайгамбармын» деген сөзүңдө) чынчылдардан болсоң, бизге бир белги (моожиза) көргөзчү?»
ﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱ
26:155 (Салих аларга Аллаһ таштан чыгарып берген төөнү көргөзүп), айтты: «Мына бул төө (силер үчүн моожиза. Эми, кудуктан кезек менен) силерге (бир күн), ага (да бир күн) белгилүү суу ичүү күнү болсун
ﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹ
26:156 Ага жамандык кылбагыла. Антсеңер, силерди Улук Күндүн азабы кармайт!»
ﯺﯻﯼﯽ
26:157 Анан (каапырлар) ал төөнү союп салышты жана (кийин бул иштеринен) бушайман чегип калышты
ﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊ
26:158 Натыйжада аларды азап (уккан адамдын жүрөгүн жарып жиберчү ач айкырык) кармады. Мында (кудуретибизге) белги бар. Бирок, адамдардын көпчүлүгү момун болушпады
ﰋﰌﰍﰎﰏﰐ
26:159 Албетте, сенин Раббиң, Бир Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу
ﭑﭒﭓﭔﭕ
26:160 Лут коому дагы пайгамбарларды жалганчы деди
ﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝ
26:161 Бир кезде аларга бурадарлары Лут айтты: «(Адал, никедеги аялыңар турганда бири-бириңер менен бачабаздык кылганы Аллаһтан) коркпойсуңарбы
ﭞﭟﭠﭡﭢ
26:162 Мен силерге ишенимдүү пайгамбармын
ﭣﭤﭥﭦ
26:163 Аллаһтан корккула жана мага моюн сунгула.»
ﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳ
26:164 Мен дааватым үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет
ﭴﭵﭶﭷﭸ
26:165 (О, коомум!) силер ааламдардын (жаратылган нерселердин) арасынан эркектерге (жыныстык байланыш үчүн) келесиңерби
ﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅ
26:166 Раббиңер силер үчүн жаратып койгон аялдарыңарды таштайсыңарбы?! Жок! Силер чектен чыккан коом болуп калыпсыңар!!!»
ﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎ
26:167 «О, Лут! — дешти (каапырлар) — эгер токтотпосоң, (шаардан) чыгарып жиберебиз!»
ﮏﮐﮑﮒﮓﮔ
26:168 (Лут) айтты: «Мен силердин ишиңерден жийиркенем
ﮕﮖﮗﮘﮙﮚ
26:169 О, Раббим! Мени жана үй-бүлөмдү алардын ишинен Өзүң сакта!»
ﮛﮜﮝﮞ
26:170 Анан Биз Лут менен анын бардык үй-бүлөсүн куткардык
ﮟﮠﮡﮢﮣ
26:171 Бир гана азаптын арасында калып кеткен кемпирди (Луттун аялын) куткарбадык
ﮤﮥﮦﮧ
26:172 Кийин (ошол кемпирге кошуп) башкаларды да кыйраттык
ﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯ
26:173 Жана алардын үстүнө (таштарды) жамгырдай жаадырдык. Эскертүү берилгендердин «жамгыры» кандай жаман
ﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚ
26:174 Бул окуяда (кудуретибизге) белги(лер) бар. Бирок алардан көпчүлүгү ыйман келтирүүчү болушпады
ﯛﯜﯝﯞﯟﯠ
26:175 Чынында (О, Мухаммад), Раббиңдин Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу
ﯡﯢﯣﯤﯥ
26:176 Калың бак-бостон элдери да пайгамбарларды «жалганчы» дешти
ﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬ
26:177 Бир кезде аларга Шуайб (пайгамбар) айтты: (Аллаһтан) коркпойсуңарбы
ﯭﯮﯯﯰﯱ
26:178 Мен силерге анык пайгамбармын
ﯲﯳﯴﯵ
26:179 Эми Аллаһтан коркуп, мага моюн сунгула
ﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂ
26:180 Мен силерден ал (дааватым) үчүн акы сураганым жок. Менин сыйлыгымды Ааламдардын Раббиси берет
ﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊ
26:181 (О, коомум!) Өлчөөнү толук кылгыла! Кемитип тартуучулардан болбогула
ﰋﰌﰍﰎ
26:182 Туура тараза менен тарткыла
ﰏﰐﰑﰒﰓﰔﰕﰖﰗﰘ
26:183 Адамдардын нерселерин тонобогула!! Жер бетинде бузукулук таратып жүрбөгүлө
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖ
26:184 Силерди жана абалкы муундарды жараткан Аллаһтан корккула
ﭗﭘﭙﭚﭛﭜ
26:185 (Каапырлар) айтышты: «Сен (оо, Шуайб) сыйкырланып калгансың го
ﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦ
26:186 Биз сыяктуу эле адамсың! (Кантип тамак жеп, базарда жүрө турган жөнөкөй адам пайгамбар болсун?!) Биз ойлойбуз: Сен бизди алдап жатасың
ﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰ
26:187 Эгер чынчыл болсоң, биздин башыбызга асмандын бир бөлүгүн түшүрүп жиберчи
ﭱﭲﭳﭴﭵﭶ
26:188 (Шуайб мындай) деди: «Силердин ишиңерди(н жазасын) Раббимдин Өзү гана билет
ﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂ
26:189 Аны (дагы) жалганчыга чыгарышты эле, аларды (капыстан) көлөкөлүү күндүн азабы кармады!? Бул Улук Күндүн азабы болчу
ﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌ
26:190 Албетте мында чоң сабак бар. Бирок, алардын көпчүлүгү момун болушпады
ﮍﮎﮏﮐﮑﮒ
26:191 Жана сенин Раббиң, Бир Өзү гана Кудуреттүү Ырайымдуу
ﮓﮔﮕﮖﮗ
26:192 Ал (Кураан) Ааламдардын Раббиси тарабынан түшкөн
ﮘﮙﮚﮛﮜ
26:193 Аны ишенимдүү Рух (Жебирейил периште) алып келди
ﮝﮞﮟﮠﮡﮢ
26:194 сенин жүрөгүңө, эскертүүчүлөрдөн (пайгамбарлардан) бири болушуң үчүн
ﮣﮤﮥﮦ
26:195 (Ал) анык араб тилинде (түшкөн)
ﮧﮨﮩﮪﮫ
26:196 Албетте, ал абалкылардын ыйык Китептеринде да эскертилген
ﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖ
26:197 Аны Исрайил урпактарынын (яхудийлердин) ичиндеги уламалар билиши аларга далил болбойбу
ﯗﯘﯙﯚﯛﯜ
26:198 Эгер Биз аны араб эмес адамдардан кээ бирине түшүрсөк
ﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣ
26:199 жана аларга (ошол тилде) окуп берсе да ыйман келтиришмек эмес
ﯤﯥﯦﯧﯨﯩ
26:200 Биз Кураанды күнөөкөр адамдардын жүрөгүнө мына ушинтип (түшүнсө да, түшүнбөсө да «жалган» деп кежирлене бере турган кылып) жолдодук
ﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱ
26:201 Алар жан ооруткан азапты көрмөйүнчө ага ыйман келтиришпейт
ﯲﯳﯴﯵﯶﯷ
26:202 Азап болсо аларга камырабай турганда, капыстан келет
ﯸﯹﯺﯻﯼ
26:203 Анан алар: «Мөөнөт берилгендерден болоор бекенбиз» деп калышат
ﯽﯾﯿ
26:204 Биздин азапты шаштырып жатышабы
ﰀﰁﰂﰃﰄ
26:205 Айтчы (о, Мухаммад!) Эгер Биз аларды бир нече жылдар (мөөнөт берип, дүйнө жыргалдарынан) пайдалантырсак
ﰅﰆﰇﰈﰉﰊ
26:206 Андан кийин аларга убада кылынган нерсе (азап) келсе
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗ
26:207 ошол пайдалантырылган нерселердин аларга кереги тиймек эмес
ﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟ
26:208 Биз кайсы шаарды(н элин) кыйраткан босок, (ошого чейин) алардын эскертүүчүсү болгон
ﭠﭡﭢﭣﭤ
26:209 (Бул) - эскертүү үчүн. Биз (эч качан) зулум кылуучулардан болбодук
ﭥﭦﭧﭨﭩ
26:210 Аны (Кураанды) жин-шайтандар түшүргөн эмес
ﭪﭫﭬﭭﭮﭯ
26:211 Аларга (Кураан түшүрүү) ылайык эмес. Жана буга алардын кудуреттери да жетпейт. (Анткени)
ﭰﭱﭲﭳﭴ
26:212 Алар аны угуудан үзүп коюлган
ﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾ
26:213 Аллаһка кошуп башка «кудайларга» дуба кылбагын. Анткенде, азапталуучулардан болуп каласың
ﭿﮀﮁﮂ
26:214 Жана (эң оболу) жакын туугандарыңды (тозок-азабынан) коркут
ﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉ
26:215 Өзүңө ээрчиген момундарды канатыңа калкала
ﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑ
26:216 Эгер сага (кимдир бирөөсү) каршы чыкса, (анда): «Мен силердин (күнөө) ишиңерден тазамын» -дегин
ﮒﮓﮔﮕﮖ
26:217 Жана Кудуреттүү, Ырайымдууга тобокел кыл
ﮗﮘﮙﮚﮛ
26:218 Ал сенин (намазда) турганыңды көрөт
ﮜﮝﮞﮟ
26:219 Жана сажда кылуучулардын арасында (намаздын бир амалынан экинчисине) көчүп турганыңды (дагы көрөт)
ﮠﮡﮢﮣﮤ
26:220 Ал чынында (бардыгын) Угуучу, Билүүчү
ﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫ
26:221 (Сен аларга мындай дегин): «Шайтандар кимге түшүшүн силерге кабар берейинби
ﮬﮭﮮﮯﮰﮱ
26:222 Алар жеткен дооматчы, күнөөкөр адамдарга түшөт
ﯓﯔﯕﯖﯗ
26:223 Алар (аны) угушат. Алардан көпчүлүгү жалганчылар
ﯘﯙﯚﯛ
26:224 Ал эми акындарга болсо, адашкан кишилер ээрчийт
ﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣ
26:225 Сен алардын (акындардын) ар кайсы өрөөндөрдө тентип жүргөнүн көрбөгөн белең
ﯤﯥﯦﯧﯨﯩ
26:226 Чынында, алар жасабаган иштерин сүйлөшөт (жазышат)
ﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾ
26:227 Ыйман келтирип, салих амалдарды жасап, Аллаһты көп эскерип, зулумдук көргөндөрүнөн кийин жеңишке жеткен (акын) адамдар (жогорудагы акындардай эмес). Ал эми, заалым (каапыр) адамдар жакында кайсы дарекке барышаарын билип алышат

Ыйык Куран


Wednesday, September 9, 2026

Don't forget us in your sincere prayers