Сүрөсү Ас-Сафф
PDF —
Built right in your browser — download starts automatically
Сүрөсү Ас-Сафф pdf — Жүктөө (Кыргызча)
Сүрөсү Ас-Сафф pdf Кыргызча — Жүктөө Сүрөсү Ас-Сафф Котормо. Ас-Сафф (Medinan) 14 Аят.
Related
- Ас-Сафф КотормоКыргызча
- Ас-Сафф mp3Укта
- Quran Index Кыргызча114
More Сүрөсү PDF
Сүрөсү Ас-Сафф

ﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙ
Аллаһка асмандардагы жана жердеги бардык нерселер тасбих айтты. Ал — Кудуреттүү, Даанышман
ﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢ
О,момундар! Эмне үчүн жасабаган ишиңерди сүйлөйсүңөр
ﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬ
Жасабаган ишиңерди сүйлөө Аллаһтын алдында чоң күнөө
ﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙ
Аллаһ Өзүнүн Жолунда тегиз курулган үйлөр сыяктуу сап-сап болуп согушкан пенделерин сүйөт
ﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳ
(О, Мухаммад!) эстегин, бир кезде Муса өзүнүн коомуна «О, коомум! Эмнеге мени ирээнжитип жатасыңар? Мен Аллаһтын силерге жиберилген пайгамбары экенимди билесиңерго!» деди. Анан качан гана алар (акыйкаттан) бурулуп кеткенде, Аллаһ дагы алардын жүрөгүн (акыйкатты кабыл алуудан) буруп койду. Аллаһ бузуку коомду Туура Жолго баштабайт
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱ
Эстегин, (бир кезде) Марямдын уулу Ыйса (мындай) деди: «О, Исрайил урпактары! Мен силерге Аллаһдан жиберилген пайгамбар боломун. (Мен) өзүмдөн мурдагы Тооратты(н өкүмдөрүн) тастыктаймын жана менден кийин келе турган, ысымы «Ахмад» болгон пайгамбар жөнүндө (алдын ала) сүйүнчү кабар айтамын»!. Анан качан ал (Мухаммад) аларга анык далилдерди алып келгенде (ыйман келтирүүнүн ордуна) «бул анык сыйкырго!» дешти
ﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃ
Исламга чакырылганда Аллаһка жалаа жапкан адамдан заалымыраак ким бар?! Аллаһ заалым адамдарды Туура Жолго баштабайт
ﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏ
Аллаһтын Нурун ооздору менен (үйлөп) өчүрүүнү каалашат! Бирок, каапырлар жаман көргөнү менен Аллаһ Өзүнүн Нурун толук (бүт ааламга) жеткирет
ﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞ
Ал Өзүнүн пайгамбарын Туура Жол жана Акыйкат Дин менен — ал динди бардык диндерден үстөм кылуу үчүн — жиберди?. Эгер мушриктер жаман көрсө да
ﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪ
О, ыйман келтиргендер! Мен силерди жан ооруткан азаптан сактап калчу «соодага» баштайынбы
ﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜ
(Ал соода төмөндөгүчө:) Аллаһка жана Анын пайгамбарына ыйман келтиресиңер, Аллаһтын Жолунда малыңар жана жаныңар менен жихад кыласыңар. Ушул силер үчүн жакшы (соода) эгер билсеңер
ﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯ
(Ошондо Аллаһ) силердин күнөөңөрдү кечирип, түбүнөн дарыялар аккан бейиштерге жана Адн (түбөлүктүүлүк) бейиштериндеги пакиза жашоо жайларына киргизет. Бул — Улуу Жеңиш
ﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻ
Дагы силер жакшы көргөн нерсени (да Аллаһ силерге белек кылат. Ал —) Аллаһтын жардамы жана жакында келе турган жеңиш! (О, Мухаммад! Сен ушул жеңишти) ыймандууларга сүйүнчүлө
ﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒﰓﰔﰕﰖﰗﰘﰙﰚﰛﰜﰝﰞﰟﰠﰡﰢ
О, ыйман келтирген пенделер! Аллаһтын (дининин) жардамчылары болгула! Ушул сыяктуу Марямдын уулу Ыйса дагы шакирттерине «Аллаһ Жолунда ким мага жардамчы болот?» дегенде, шакирттери «Биз — Аллаһтын жардамчылары!» дешкен. Анан, Исрайил урпактарынан бир тайпасы (Ыйсанын динине) ыйман келтирип, дагы бир тайпалар каапыр болушту. Биз ыйман келтиргендерди душмандарынан кубаттуу кылдык эле, натыйжада алар жеңип чыгышты
Ыйык Куран
Tuesday, August 18, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







