PDF —
52 Аят Meccan PDF
Built right in your browser — download starts automatically

Аль-Калам сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)

Аль-Калам сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Аль-Калам сүрөсү Котормо. Аль-Калам сүрөсү (Meccan) 52 Аят.

← Аль-МулькАль-Калам сүрөсү Аль-Хакка →


52 Аят · Meccan · Кыргызча
bismillah
ﮉﮊﮋﮌﮍﮎ
68:1 Нун.” (О, Мухаммад), калемге жана ал жазган нерселерге ант ичип (айтамын)
ﮏﮐﮑﮒﮓﮔ
68:2 Сен Раббиңдин нээматы (пайгамбарлык) себептүү акылынан адашкан киши эмессиң.”
ﮕﮖﮗﮘﮙﮚ
68:3 (Пайгамбарчылык түйшүгүн көтөргөнүң үчүн) сага түгөнгүс сыйлыктар бар
ﮛﮜﮝﮞﮟ
68:4 Жана сен улук ахлактын үстүндөсүң
ﮠﮡﮢ
68:5 Жакында (Кыямат болуп, чындык ашкереленгенде) көрөсүң, алар да көрүп (билип) алышат —
ﮣﮤﮥ
68:6 Кимиңер азгырылган экениңерди
ﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱ
68:7 Сенин Раббиң, Өзүнүн жолунан ким адашып кеткенин жана ким Туура Жол тапканын эң жакшы билет
ﯓﯔﯕﯖ
68:8 (Динди) жалган дегендерге моюн сунба
ﯗﯘﯙﯚﯛ
68:9 Сеналар менен макул болсоң, алар да сени менен келишип алууну каалашат
ﯜﯝﯞﯟﯠﯡ
68:10 Сен моюн суна бербегин: көрүнгөн эле кадырсыз анткорго
ﯢﯣﯤﯥ
68:11 (Адамдардын арасын бузуу үчүн) ушак таратып жүрүүчү шылдыңчыларга
ﯦﯧﯨﯩﯪ
68:12 Чектен чыккан, күнөөкөр, жакшылыкка бут тосуучуларга
ﯫﯬﯭﯮﯯ
68:13 Орой жана андан соң.., атасынын дайыны жок (тексиз) адамдарга
ﯰﯱﯲﯳﯴﯵ
68:14 Ал бай жана перзенти көп болгондуктан
ﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽ
68:15 ага биздин аяттарыбыз окулганда: «(бул) байыркылардын жөө-жомоктору го»-деди
ﯾﯿﰀﰁ
68:16 Биз жакында (Кыяматта) аны тумшугунан тамгалап койобуз
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛ
68:17 Биз аларды бак-бостон ээлерин сынаганыбыз сыяктуу сынадык! Бир кезде (бак ээлери) бакты(н түшүмүн) таңга маал (эч ким тура элек мезгилде) жыйнап алууга ант ичишти
ﭜﭝﭞ
68:18 Алар (ниеттеринде “Аллаһ кааласа” деген сөздү) эсепке алышпады
ﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦ
68:19 Анан алар уктап жатканда бактын үстүндө Сенин Раббиң тарабынан (жиберилген) бир айлануучу (от) айланып турду (дагы)
ﭧﭨﭩ
68:20 (Күйдүрүп, чычаласын чыгарганда) караңгы түн сыяктуу болуп калды
ﭪﭫﭬ
68:21 Анан таң азанда бири-бирин чакырышты
ﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴ
68:22 «Эгерде (түшүмүңөрдү) жыйнай турган болсоңор эртерээк барбайсыңарбы»
ﭵﭶﭷﭸ
68:23 (Бардыгы үйүнөн чыгып) жолго түшүштү шыбырашып
ﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿ
68:24 «Бүгүн силердин үстүңөргө — бактын ичине бир дагы кедей кирип калбасын»
ﮀﮁﮂﮃﮄ
68:25 Алар эч кимге билдирбей (ушундай катаал, мээримсиз абалда кембагалдарды түшүмдөн) куржалак калтырууга кудуреттүүбүз деп, эрте таңда бара жатышты
ﮅﮆﮇﮈﮉﮊ
68:26 Анан.., (кара чычала болуп калган) бакты көрүп: «Биз адашып (башка бакка келип) калыптырбыз»-дешти
ﮋﮌﮍﮎ
68:27 ““Жок! Биз (бактан) куржалак калыптырбыз
ﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖ
68:28 (Ошондо) алардан адилеттүүрөөк бирөөсү: «Мен силерге «Аллаһты даңазалагыла» (“Аллаһ кааласа” деп айткыла) дебедим беле?» -деди
ﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝ
68:29 (Дагы) айтышты: «Раббибиз (кемчилдиктүү сыпаттардан) Аруу-Таза! Биз (өзүбүзгө) зулум кылуучулардан болуп калдык!»
ﮞﮟﮠﮡﮢﮣ
68:30 Анан бири-бирине карап, бири-бирин айыптай баштады
ﮤﮥﮦﮧﮨﮩ
68:31 Жана (мындай) дешти: «Шорубуз курусун! Биз (чындап) чектен чыгып кетиптирбиз
ﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕ
68:32 Раббибиз анын ордуна андан жакшыраагын бергей эле! Биз Раббибизге умтулуучубузго!»
ﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠ
68:33 (Азгырылган адамдарга сыноо дүйнөдөгү) азап ушундай! Ал эми, Акырет азабы (мындан) чоңураак, эгер билишсе
ﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧ
68:34 Албетте, такыба кишилер үчүн Раббисинин алдында эң мыкты бейиштер бар
ﯨﯩﯪﯫ
68:35 (Эй, Макка мушриктери!) эмне, биз мусулмандарды (силерге окшогон) күнөөкөрлөр сыяктуу кылат бекенбиз
ﯬﯭﯮﯯﯰ
68:36 Силерге эмне болгон?! Кандай өкүм чыгарып жатасыңар
ﯱﯲﯳﯴﯵﯶ
68:37 Же силердин алдыңарда аны сабак кылып окуган (Ыйык) Китеп бар беле
ﯷﯸﯹﯺﯻﯼ
68:38 (Же) Ал (китептин ичинде) силер үчүн өзүңөр каалаган нерсе (бар бекен)
ﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉ
68:39 Же болбосо, силер үчүн Биздин мойнубузда Кыямат күнүнө чейин жете турган «Силер каалаган (бардык) нерсе(лер) силер үчүн мүмкүн» деген ант-убада бар бекен
ﰊﰋﰌﰍﰎ
68:40 (О, Мухаммад), алардан сурачы, кимиси буга кепил боло алат
ﰏﰐﰑﰒﰓﰔﰕﰖﰗ
68:41 Же алардын (каалоо тилектерин орундатып бере турган Аллаһтан башка) кудайлары барбы?! Эгер чынчыл болушса, (ошол) кудай-ларын алып келишсин
ﰘﰙﰚﰛﰜﰝﰞﰟﰠﰡ
68:42 (Кыямат) күнү Балтыр ачылып, (бардык элдер) сажда кылууга чакырылганда, алар (мушриктер сажда кылууга) жарабай калышат
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝ
68:43 Көздөрү жерге кадалып, аларды кордук орогон абалда (турушат) Алар (дүйнө жашоосунда) сак-саламат болуп (сажда кылууга жарап) турганда саждага чакырылышкан эле
ﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩ
68:44 (О, Мухаммад!) Сен бул Сөздү (Кураанды) жалган дегендерди Мага кой! Биз аларды билбеген тарабынан эч билгизбей азапка салабыз
ﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰ
68:45 Мен аларга мөөнөт беремин. Менин амалкерлигим бекем
ﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸ
68:46 Же болбосо (о, Мухаммад) сен алардан (өзүңдүн дааватың үчүн) акы сурап, алар болсо төлөөдөн кыйналып жатышабы
ﭹﭺﭻﭼﭽﭾ
68:47 Же алардын алдында кайып (ааламындагы Тагдыр Китеби) барбы (жана) алар (ошондон окугандарын) жазышабы
ﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊ
68:48 Эми (о, Мухаммад) сен Раббиңдин өкүмүнө сабыр кыл! Балыктын «ээси» (Юнус пайгамбар) сыяктуу (элиңе сабырсыз) болбо! Бир кезде ал (балыктын ичине) жутулган бойдон (кап-караңгы курсакта отуруп) Раббисине дуба кылган болчу
ﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕ
68:49 Эгерде ага Раббисинин нээматы (жакшылыгы) жетпегенде, жек көрүлгөн абалда жайдак жерге (кароосуз) таштап коюлмак
ﮖﮗﮘﮙﮚﮛ
68:50 Анан Раббиси аны (кайрадан пайгамбарчылык үчүн) тандап, салих (жакшы) инсандардан кылды
ﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨ
68:51 (О, Мухаммад) каапыр болгон адамдар зикирди (Кураанды) уккан мезгилде (ичи өрттөнүп) сени көздөрү менен оодара сала жаздашат жана: «Ал жинди!»-дешет
ﮩﮪﮫﮬﮭﮮ
68:52 Ал (Кураан) бүт ааламдар үчүн (эң даанышман) насаат-эскермеден башка нерсе эмес

Ыйык Куран


Wednesday, September 9, 2026

Don't forget us in your sincere prayers