Аль-Бакара · 185/286
Котормо Транслитерация — Аль-Бакара сүрөсү
شَهْرُ رَمَضَانَ الَّذِي أُنزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ هُدًى لِّلنَّاسِ وَبَيِّنَاتٍ مِّنَ الْهُدَىٰ وَالْفُرْقَانِ ۚ فَمَن شَهِدَ مِنكُمُ الشَّهْرَ فَلْيَصُمْهُ ۖ وَمَن كَانَ مَرِيضًا أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِّنْ أَيَّامٍ أُخَرَ ۗ يُرِيدُ اللَّهُ بِكُمُ الْيُسْرَ وَلَا يُرِيدُ بِكُمُ الْعُسْرَ وَلِتُكْمِلُوا الْعِدَّةَ وَلِتُكَبِّرُوا اللَّهَ عَلَىٰ مَا هَدَاكُمْ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ ۝١٨٥
Shahru Ramadaanallazeee unzila feehil Qur`aanu hudal linnaasi wa baiyinaatim minal hudaa wal furqaan; faman shahida minkumush shahra falyasumhu wa man kaana mareedan aw `alaa safarin fa`iddatum min ayyaamin ukhar; yureedul laahu bikumul yusra wa laa yureedu bikumul `usra wa litukmilul `iddata wa litukabbirul laaha `alaa maa hadaakum wa la`allakum tashkuroon
📖 Кыргызча
(Силер орозо кармай турган санактуу күндөр — бул) Рамазан айы. Бул айда адамдарга хидаят — туура жол болуп, хидаят жана фуркандан турган анык далилдер катары Кураан түшүрүлдү. Жана силерден кимде ким (жаңы) айды көрсө — орозо кармасын! Жана ким оорулуу же сапарда болсо, башка күндөрдүн эсебинен (тутуп берет). Аллаһ силерге жеңил болуусун каалайт, оор болуусун каалабайт. (Орозо) санакты толук кылууңар (калтырбай тутууңар) жана силерди туура жолго салганы үчүн Аллаһты даңазалашыңар үчүн жана Аллаһка (көп-көп) шүгүр кылууңар үчүн (парыз кылынды)

M Mishary Rashid Alafasy ✓
M Mahmoud Khalil Al-Husary ✓
A Abdurrahman As-Sudais ✓
M Mohamed Siddiq Al-Minshawi ✓
A Abdul Basit Abdul Samad ✓
A Ali Al-Hudhaify ✓
A Ahmed ibn Ali al-Ajamy ✓
A Abu Bakr Ash-Shaatree ✓
M Muhammad Ayyoub ✓
A Abdullah Basfar ✓
A Abdullah Al-Juhani ✓
M Maher Al Muaiqly ✓
0:00
0:00
📜

Котормо — Tafsir

  1. Керектүү сөздөрдүн мааниси:
  • شَهْرُ رَمَضَانَ: Рамазан айы.
  • أُنزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ: Ага Куран түшүрүлгөн.
  • هُدًى لِّلنَّاسِ: Адамдар үчүн туура жол көрсөтүү.
  • بَيِّنَاتٍ: Ачык-айкын далилдер.
  • الْفُرْقَانِ: Акыйкат менен жалганды ажыратуучу.
  • فَمَن شَهِدَ مِنكُمُ الشَّهْرَ: Силерден ким бул айга жетсе (үйүндө, ден соолугу жакшы болуп).
  • فَلْيَصُمْهُ: Анда ал айды орозо тутсун.
  • مَرِيضًا: Оорулуу.
  • عَلَىٰ سَفَرٍ: Сапарда.
  • فَعِدَّةٌ مِّنْ أَيَّامٍ أُخَرَ: Башка күндөрдөн белгиленген санда өтөсүн.
  • الْيُسْرَ: Жеңилдик.
  • الْعُسْرَ: Кыйынчылык.
  • وَلِتُكْمِلُوا الْعِدَّةَ: Санды толукташыңар үчүн.
  • وَلِتُكَبِّرُوا اللَّهَ: Аллахты улукташыңар үчүн.
  • هَدَاكُمْ: Силерди туура жолго баштаганы үчүн.
  • تَشْكُرُونَ: Шүгүр кыласыңар.
  1. Аяттын түшүндүрмөсү:

Рамазан айы — Аллах тарабынан Куран түшүрүлгөн ыйык ай. Куран адамдарды туура жолго баштап, акыйкат менен жалгандын ортосун ажыратуучу ачык-айкын далилдерди камтыйт. Ошондуктан, силерден ким бул айга ден соолугу жакшы, үйүндө болуп жетсе, анда ал айдын орозосун тутсун. Ал эми ким оорулуу болсо же сапарда жүрсө, анда ал башка күндөрдө орозосун өтөйт. Аллах силерге жеңилдикти каалайт, кыйынчылыкты каалабайт. Ошентип, орозонун күндөрүн толуктап, силерди туура жолго баштаганы үчүн Аллахты улуктап, Ага шүгүр кылышыңар үчүн ушундай буйрук кылды.

  1. Бул аяттан алынуучу пайдалар:
  • Ислам дини жеңилдик жана ырайым дини экенин көрсөтөт. Аллах адамдарга алардын күчү жетпеген нерсени жүктөбөйт.
  • Орозо сыяктуу маанилүү ибадаттарда да оорулууларга жана сапардагыларга жеңилдик берилгенин билүү, диндин адамдын абалын эске алуучулугун көрсөтөт.
  • Курандын Рамазан айында түшүрүлүшү бул айдын башка айлардан өзгөчөлүгүн жана артыкчылыгын билдирет.
  • Орозо кармоо, Аллахты улуктоо жана шүгүр кылуу — ыймандуу адамдын негизги милдеттеринен экенин эскертет.
  • Аллахтын буйруктарынын баарысында адам баласы үчүн жакшылык жана пайда бар экенин түшүнүү, ыйманды бекемдейт жана Аллахка болгон сүйүүнү арттырат.


📜 Аят 183-187 — Аль-Бакара сүрөсү

183يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا كُتِبَ عَلَيْكُمُ الصِّيَامُ كَمَا كُتِبَ عَلَى الَّذِينَ مِن قَبْلِكُمْ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ
О, ыйман келтиргендер! Силерден мурунку элдерге парыз кылынганы сыяктуу, силерге да орозо кармоо парыз кылынды. Такыбаа болушуңар үчүн
184أَيَّامًا مَّعْدُودَاتٍ ۚ فَمَن كَانَ مِنكُم مَّرِيضًا أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِّنْ أَيَّامٍ أُخَرَ ۚ وَعَلَى الَّذِينَ يُطِيقُونَهُ فِدْيَةٌ طَعَامُ مِسْكِينٍ ۖ فَمَن تَطَوَّعَ خَيْرًا فَهُوَ خَيْرٌ لَّهُ ۚ وَأَن تَصُومُوا خَيْرٌ لَّكُمْ ۖ إِن كُنتُمْ تَعْلَمُونَ
(Парыз орозо) эсептүү күндөр(дө гана тутулат). Силерден кимиңер оорулуу же сапарда болсо, башка күндөрдүн эсебинен (кармап берет). Орозо кармаганга чыдаган (бирок, кыйналганы себептүү кармабаган) адамдарга (ар бир күн эсебине) бир жакыр адамды тойгозуу — фидья. Ким ашыгыраак адамды тойгузса, өзүнө жакшы. Бирок, орозо кармаганыңар (фидья төлөөдөн) жакшы, эгер билсеңер
185شَهْرُ رَمَضَانَ الَّذِي أُنزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ هُدًى لِّلنَّاسِ وَبَيِّنَاتٍ مِّنَ الْهُدَىٰ وَالْفُرْقَانِ ۚ فَمَن شَهِدَ مِنكُمُ الشَّهْرَ فَلْيَصُمْهُ ۖ وَمَن كَانَ مَرِيضًا أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِّنْ أَيَّامٍ أُخَرَ ۗ يُرِيدُ اللَّهُ بِكُمُ الْيُسْرَ وَلَا يُرِيدُ بِكُمُ الْعُسْرَ وَلِتُكْمِلُوا الْعِدَّةَ وَلِتُكَبِّرُوا اللَّهَ عَلَىٰ مَا هَدَاكُمْ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
(Силер орозо кармай турган санактуу күндөр — бул) Рамазан айы. Бул айда адамдарга хидаят — туура жол болуп, хидаят жана фуркандан турган анык далилдер катары Кураан түшүрүлдү. Жана силерден кимде ким (жаңы) айды көрсө — орозо кармасын! Жана ким оорулуу же сапарда болсо, башка күндөрдүн эсебинен (тутуп берет). Аллаһ силерге жеңил болуусун каалайт, оор болуусун каалабайт. (Орозо) санакты толук кылууңар (калтырбай тутууңар) жана силерди туура жолго салганы үчүн Аллаһты даңазалашыңар үчүн жана Аллаһка (көп-көп) шүгүр кылууңар үчүн (парыз кылынды)
186وَإِذَا سَأَلَكَ عِبَادِي عَنِّي فَإِنِّي قَرِيبٌ ۖ أُجِيبُ دَعْوَةَ الدَّاعِ إِذَا دَعَانِ ۖ فَلْيَسْتَجِيبُوا لِي وَلْيُؤْمِنُوا بِي لَعَلَّهُمْ يَرْشُدُونَ
(О, Мухаммад) эгер пенделерим сенден Мени сурашса (айткын) Мен (аларга) жакынмын. Мага дуба кылышса дуба кылуучунун дубасына жооп беремин. (Эми,) Мага да жооп беришсин жана ыйман келтиришсин! (Ошондо) Туура Жолго түшүп калышы ажеп эмес
187أُحِلَّ لَكُمْ لَيْلَةَ الصِّيَامِ الرَّفَثُ إِلَىٰ نِسَائِكُمْ ۚ هُنَّ لِبَاسٌ لَّكُمْ وَأَنتُمْ لِبَاسٌ لَّهُنَّ ۗ عَلِمَ اللَّهُ أَنَّكُمْ كُنتُمْ تَخْتَانُونَ أَنفُسَكُمْ فَتَابَ عَلَيْكُمْ وَعَفَا عَنكُمْ ۖ فَالْآنَ بَاشِرُوهُنَّ وَابْتَغُوا مَا كَتَبَ اللَّهُ لَكُمْ ۚ وَكُلُوا وَاشْرَبُوا حَتَّىٰ يَتَبَيَّنَ لَكُمُ الْخَيْطُ الْأَبْيَضُ مِنَ الْخَيْطِ الْأَسْوَدِ مِنَ الْفَجْرِ ۖ ثُمَّ أَتِمُّوا الصِّيَامَ إِلَى اللَّيْلِ ۚ وَلَا تُبَاشِرُوهُنَّ وَأَنتُمْ عَاكِفُونَ فِي الْمَسَاجِدِ ۗ تِلْكَ حُدُودُ اللَّهِ فَلَا تَقْرَبُوهَا ۗ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ آيَاتِهِ لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ
Силерге орозо түнүндө аялыңар менен кошулуу адал кылынды. Алар силер үчүн кийим, силер алар үчүн кийим (сыяктуусуңар). Аллаһ силердин (орозо түндөрү) өзүңөргө зулум кылып алганыңарды билди жана тообаңарды кабыл кылып, кечирди. Мына эми, аялыңар менен (орозо түнүндө) кошула бергиле жана Аллаһ силерге жазган нерсени (адал кошулуу менен адал перзентти) ниет кылгыла. Жана тээ таң мезгилинен ак жип кара жиптен ажыраганы силерге анык билингенге чейин жей бергиле, иче бергиле. Андан (саарлыктан) кийин орозону кечке чейин толук уланткыла. Жана мечиттерде эьтикаф отурган мезгилиңерде аялыңарга жакында-багыла. Булар (тыюу салынган нерселер) — Аллаһтын чек аралары. Алар(ды бузуу)га жакындабагыла! Аллаһ адамдарга Өз аяттарын мына ушинтип баян кылып берет, такыба болууңар үчүн
Аль-БакараКуран тизмеси
286Аят
MedinanRevelation
185Аят

Котормо — Аль-Бакара 185

Аль-Бакара сүрөсү Аят 185 - Окуу, Укта, Котормо, Кыргызча : (Силер орозо кармай турган санактуу күндөр — бул) Рамазан айы.…

Сүрөсү Аят 185/286 — Аль-Бакара сүрөсү البقرة (Medinan). Окуу Укта Котормо (Кыргызча). Укта: Аль-Бакара сүрөсү Укта, Аль-Бакара сүрөсү Котормо, Аль-Бакара сүрөсү mp3, Аль-Бакара сүрөсү pdf. Аят 183–187. Кыргызча: Русский.





Ыйык Куран


Monday, September 28, 2026

Don't forget us in your sincere prayers