Surah Al-Mursalat with Kyrgyz

  1. Surah mp3
  2. More
  3. Kyrgyz
The Holy Quran | Quran translation | Language Kyrgyz | Surah Mursalat | المرسلات - Ayat Count 50 - The number of the surah in moshaf: 77 - The meaning of the surah in English: Those Sent Forth.

وَالْمُرْسَلَاتِ عُرْفًا(1)

 Античемин, (ааламдарды башкарууга тиешелүү илахий) үрп-адат боюнча жиберилген (периштелер) менен

فَالْعَاصِفَاتِ عَصْفًا(2)

 Өтө катуу жүргөн шамалдар менен

وَالنَّاشِرَاتِ نَشْرًا(3)

 (Булуттарды Аллаһ каалаган багытка) таратуучу (периштелер) менен

فَالْفَارِقَاتِ فَرْقًا(4)

 (Акыйкат менен жалганды) ажыратып бере турган (Кураан аяттары) менен

فَالْمُلْقِيَاتِ ذِكْرًا(5)

 (Пайгамбарларга Аллаһ тарабынан жиберилген) илахий кабарды ташуучу периштелер менен

عُذْرًا أَوْ نُذْرًا(6)

 (Ошол периштелердин вахий алып келиши, чынчылдарга) үзүр-кечирим, (бузукуларга) эскертүү болушу үчүн

إِنَّمَا تُوعَدُونَ لَوَاقِعٌ(7)

 (О,адамдар!) силерге убада кылынган Күн? албетте болуучу

فَإِذَا النُّجُومُ طُمِسَتْ(8)

 Жылдыздар(дын нуру) өчүрүлүп

وَإِذَا السَّمَاءُ فُرِجَتْ(9)

 Асман (аңырайып) ачылып

وَإِذَا الْجِبَالُ نُسِفَتْ(10)

 Тоолор (тытылган жүн сыяктуу) сапырылып калганда

وَإِذَا الرُّسُلُ أُقِّتَتْ(11)

 Жана пайгамбарларга (үммөттөрүнүн сот-сурагына күбө болууга) убакыт берилгенде, (мына ошондо гана Кыямат кайым болуп, акыйкат менен жалган ажырайт)

لِأَيِّ يَوْمٍ أُجِّلَتْ(12)

 (Пенделердин сот-сурагы) кайсы күнгө белгиленген эле

لِيَوْمِ الْفَصْلِ(13)

 Ажыратуу күнүнө

وَمَا أَدْرَاكَ مَا يَوْمُ الْفَصْلِ(14)

 (О, Мухаммад)? сен ажыратуу күнү кандай күн экенин билбейсиң

وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ(15)

 Ал күндө (Акыретти) жалганга чыгаргандарга азап

أَلَمْ نُهْلِكِ الْأَوَّلِينَ(16)

 Биз абалкыларды (азап менен кармап) өлтүрбөдүк беле

ثُمَّ نُتْبِعُهُمُ الْآخِرِينَ(17)

 Анан акыркы (каапыр)ларды да (дал ошондой тагдыр менен) аларды ээрчитип койдук

كَذَٰلِكَ نَفْعَلُ بِالْمُجْرِمِينَ(18)

 Биз кылмышкер адамдар менен ушундай (мамиле) кылабыз

وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ(19)

 Ал Күнү (Акыретти) «жалган» дегендерге азап

أَلَمْ نَخْلُقكُّم مِّن مَّاءٍ مَّهِينٍ(20)

 (О, кайра тирилүүнү «жалган» дегендер!) Биз силерди жийиркеничтүү (бир тамчы бел) суудан жаратпадык беле

فَجَعَلْنَاهُ فِي قَرَارٍ مَّكِينٍ(21)

 Анан ал “сууну” бекем жайга (эненин жатынына) орноштордук

إِلَىٰ قَدَرٍ مَّعْلُومٍ(22)

 Белгилүү убакытка (туулганыңарга) чейин

فَقَدَرْنَا فَنِعْمَ الْقَادِرُونَ(23)

 Жана Биз (ошол бел сууну оболу коюу кан, анан бир бөлүк эт, андан кийин сөөк, андан кийин кадыресе адам кылып жаратууга) кудуреттүү болдук. Биз эң жакшы Кудуреттүүбүз

وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ(24)

 Ал күндө (Кыяматты) «жалган» дегендерге өлүм

أَلَمْ نَجْعَلِ الْأَرْضَ كِفَاتًا(25)

 Биз жерди кучактоочу кылбадык беле

أَحْيَاءً وَأَمْوَاتًا(26)

 Өлүктөр менен тирүүлөрдү

وَجَعَلْنَا فِيهَا رَوَاسِيَ شَامِخَاتٍ وَأَسْقَيْنَاكُم مَّاءً فُرَاتًا(27)

 Жана Биз жер бетине (аны бекем сактоо үчүн) үлкөн тоолорду жараттык. Жана силерди (мөңгүлөрдөн агып келүүчү) таттуу суу(лар) менен сугардык

وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ(28)

 Ал күндө (ушул нээматтарды) «жалган» дегендерге өлүм

انطَلِقُوا إِلَىٰ مَا كُنتُم بِهِ تُكَذِّبُونَ(29)

 (Ошол күндө аларга айтылат): Өзүңөр жалган деген Тозокко жөнөгүлө

انطَلِقُوا إِلَىٰ ظِلٍّ ذِي ثَلَاثِ شُعَبٍ(30)

 Үч бутактуу (оттон болгон) «көлөкөгө»! жөнөгүлө!»

لَّا ظَلِيلٍ وَلَا يُغْنِي مِنَ اللَّهَبِ(31)

 (Ал «көлөкөдө») салкындык жок. Алоодон да тосо албайт

إِنَّهَا تَرْمِي بِشَرَرٍ كَالْقَصْرِ(32)

 Ал (тозок) сарай сыяктуу (үлкөн) учкундарды атып турат

كَأَنَّهُ جِمَالَتٌ صُفْرٌ(33)

 Ал учкундар саргымтыл кара төөлөргө окшойт

وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ(34)

 Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы

هَٰذَا يَوْمُ لَا يَنطِقُونَ(35)

 Бул күнү алар (уруксатсыз) сүйлөй албайт

وَلَا يُؤْذَنُ لَهُمْ فَيَعْتَذِرُونَ(36)

 Алар үчүн актанууга да уруксат жок

وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ(37)

 Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы

هَٰذَا يَوْمُ الْفَصْلِ ۖ جَمَعْنَاكُمْ وَالْأَوَّلِينَ(38)

 Бул — ажыратуу Күнү! Силерди да, абалкыларды да (сот-сурак үчүн ) чогулттук

فَإِن كَانَ لَكُمْ كَيْدٌ فَكِيدُونِ(39)

 Эгер (о, каапырлар, бул сурактан жана азаптан кутулуп кетүү үчүн) силерде амал болсо, Мага амалыңарды көргөзгүлө

وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ(40)

 Ал күндө (кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы

إِنَّ الْمُتَّقِينَ فِي ظِلَالٍ وَعُيُونٍ(41)

 Ал эми, такыба пенделер (чыныгы) көлөкөлөрдө, булактарда

وَفَوَاكِهَ مِمَّا يَشْتَهُونَ(42)

 Жана (көңүлдөрү) каалаган мөмө-жемиштерде

كُلُوا وَاشْرَبُوا هَنِيئًا بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ(43)

 (Аларга айтылат:) «Жегиле, ичкиле, аш болсун! (Бул зыяпат сооп) иштерди жасаганыңар үчүн!»

إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجْزِي الْمُحْسِنِينَ(44)

 Биз сооп иш жасагандарды ушинтип сыйлайбыз

وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ(45)

 Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кыйроо

كُلُوا وَتَمَتَّعُوا قَلِيلًا إِنَّكُم مُّجْرِمُونَ(46)

 (О, Кыяматты «жалган» деген каапырлар! Дүйнөдө) бир аз пайданалып, жеп-ичип калгыла! Силер кылмышкер адамсыңар

وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ(47)

 Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы

وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ارْكَعُوا لَا يَرْكَعُونَ(48)

 Эгер аларга (Аллаһка) рукуу кылгыла» деп айтылса рукуу кылышпайт

وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ(49)

 Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы

فَبِأَيِّ حَدِيثٍ بَعْدَهُ يُؤْمِنُونَ(50)

 Андан (Кураандан) кийин, дагы кандай сөзгө ыйман келтиришет


More surahs in Kyrgyz:


Al-Baqarah Al-'Imran An-Nisa'
Al-Ma'idah Yusuf Ibrahim
Al-Hijr Al-Kahf Maryam
Al-Hajj Al-Qasas Al-'Ankabut
As-Sajdah Ya Sin Ad-Dukhan
Al-Fath Al-Hujurat Qaf
An-Najm Ar-Rahman Al-Waqi'ah
Al-Hashr Al-Mulk Al-Haqqah
Al-Inshiqaq Al-A'la Al-Ghashiyah

Download surah Al-Mursalat with the voice of the most famous Quran reciters :

surah Al-Mursalat mp3 : choose the reciter to listen and download the chapter Al-Mursalat Complete with high quality
surah Al-Mursalat Ahmed El Agamy
Ahmed Al Ajmy
surah Al-Mursalat Bandar Balila
Bandar Balila
surah Al-Mursalat Khalid Al Jalil
Khalid Al Jalil
surah Al-Mursalat Saad Al Ghamdi
Saad Al Ghamdi
surah Al-Mursalat Saud Al Shuraim
Saud Al Shuraim
surah Al-Mursalat Abdul Basit Abdul Samad
Abdul Basit
surah Al-Mursalat Abdul Rashid Sufi
Abdul Rashid Sufi
surah Al-Mursalat Abdullah Basfar
Abdullah Basfar
surah Al-Mursalat Abdullah Awwad Al Juhani
Abdullah Al Juhani
surah Al-Mursalat Fares Abbad
Fares Abbad
surah Al-Mursalat Maher Al Muaiqly
Maher Al Muaiqly
surah Al-Mursalat Muhammad Siddiq Al Minshawi
Al Minshawi
surah Al-Mursalat Al Hosary
Al Hosary
surah Al-Mursalat Al-afasi
Mishari Al-afasi
surah Al-Mursalat Yasser Al Dosari
Yasser Al Dosari


Monday, April 29, 2024

لا تنسنا من دعوة صالحة بظهر الغيب