📖 0/604 окулган барактар
📄 591
Ат-Тарик сүрөсү
bismillah
وَٱلسَّمَآءِ وَٱلطَّارِقِ  ۝١ وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلطَّارِقُ  ۝٢ ٱلنَّجۡمُ ٱلثَّاقِبُ  ۝٣ إِن كُلُّ نَفۡسٍ لَّمَّا عَلَيۡهَا حَافِظٌ  ۝٤ فَلۡيَنظُرِ ٱلۡإِنسَٰنُ مِمَّ خُلِقَ  ۝٥ خُلِقَ مِن مَّآءٍ دَافِقٍ  ۝٦ يَخۡرُجُ مِنۢ بَيۡنِ ٱلصُّلۡبِ وَٱلتَّرَآئِبِ  ۝٧ إِنَّهُۥ عَلَىٰ رَجۡعِهِۦ لَقَادِرٌ  ۝٨ يَوۡمَ تُبۡلَى ٱلسَّرَآئِرُ  ۝٩ فَمَا لَهُۥ مِن قُوَّةٍ وَلَا نَاصِرٍ  ۝١٠ وَٱلسَّمَآءِ ذَاتِ ٱلرَّجۡعِ  ۝١١ وَٱلۡأَرۡضِ ذَاتِ ٱلصَّدۡعِ  ۝١٢ إِنَّهُۥ لَقَوۡلٌ فَصۡلٌ  ۝١٣ وَمَا هُوَ بِٱلۡهَزۡلِ  ۝١٤ إِنَّهُمۡ يَكِيدُونَ كَيۡدًا  ۝١٥ وَأَكِيدُ كَيۡدًا  ۝١٦ فَمَهِّلِ ٱلۡكَٰفِرِينَ أَمۡهِلۡهُمۡ رُوَيۡدَۢا  ۝١٧
Аль-Аля сүрөсү
bismillah
سَبِّحِ ٱسۡمَ رَبِّكَ ٱلۡأَعۡلَى  ۝١ ٱلَّذِي خَلَقَ فَسَوَّىٰ  ۝٢ وَٱلَّذِي قَدَّرَ فَهَدَىٰ  ۝٣ وَٱلَّذِيٓ أَخۡرَجَ ٱلۡمَرۡعَىٰ  ۝٤ فَجَعَلَهُۥ غُثَآءً أَحۡوَىٰ  ۝٥ سَنُقۡرِئُكَ فَلَا تَنسَىٰٓ  ۝٦ إِلَّا مَا شَآءَ ٱللَّهُۚ إِنَّهُۥ يَعۡلَمُ ٱلۡجَهۡرَ وَمَا يَخۡفَىٰ  ۝٧ وَنُيَسِّرُكَ لِلۡيُسۡرَىٰ  ۝٨ فَذَكِّرۡ إِن نَّفَعَتِ ٱلذِّكۡرَىٰ  ۝٩ سَيَذَّكَّرُ مَن يَخۡشَىٰ  ۝١٠ وَيَتَجَنَّبُهَا ٱلۡأَشۡقَى  ۝١١ ٱلَّذِي يَصۡلَى ٱلنَّارَ ٱلۡكُبۡرَىٰ  ۝١٢ ثُمَّ لَا يَمُوتُ فِيهَا وَلَا يَحۡيَىٰ  ۝١٣ قَدۡ أَفۡلَحَ مَن تَزَكَّىٰ  ۝١٤ وَذَكَرَ ٱسۡمَ رَبِّهِۦ فَصَلَّىٰ  ۝١٥
Ат-Тарик сүрөсү
bismillah
86:1
وَٱلسَّمَآءِ وَٱلطَّارِقِ  ۝١
Мен Асманга жана түндөсү келүүчүгө ант ичемин
86:2
وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلطَّارِقُ  ۝٢
(О, Мухаммад) сен түндө келүүчү (Таарик) эмне экенин билбейсиң
86:3
ٱلنَّجۡمُ ٱلثَّاقِبُ  ۝٣
Ал (нуру менен караңгылыкты) тешүүчү жылдыз
86:4
إِن كُلُّ نَفۡسٍ لَّمَّا عَلَيۡهَا حَافِظٌ  ۝٤
Бардык адам(дар)дын үстүндө сактоочу периште бар
86:5
فَلۡيَنظُرِ ٱلۡإِنسَٰنُ مِمَّ خُلِقَ  ۝٥
Эми, инсан өзүнүн эмнеден жаралганына байкоо салсын
86:6
خُلِقَ مِن مَّآءٍ دَافِقٍ  ۝٦
Атырылган (бел) суудан жаратылган
86:7
يَخۡرُجُ مِنۢ بَيۡنِ ٱلصُّلۡبِ وَٱلتَّرَآئِبِ  ۝٧
(Ал суу) омуртка жана көкүрөк кабынын арасынан (бөлүнүп) чыгат
86:8
إِنَّهُۥ عَلَىٰ رَجۡعِهِۦ لَقَادِرٌ  ۝٨
Ал (Аллаһ) аны (экинчи ирет дагы жашоого) кайтарууга кудуреттүү
86:9
يَوۡمَ تُبۡلَى ٱلسَّرَآئِرُ  ۝٩
Сырлар ашкереленген (Кыямат) күндө
86:10
فَمَا لَهُۥ مِن قُوَّةٍ وَلَا نَاصِرٍ  ۝١٠
(Ал күнү) ага эч бир кудурет, эч бир жардам берүүчү болбойт
86:11
وَٱلسَّمَآءِ ذَاتِ ٱلرَّجۡعِ  ۝١١
Асманга ант, кайра-кайра жааган жамгырлуу
86:12
وَٱلۡأَرۡضِ ذَاتِ ٱلصَّدۡعِ  ۝١٢
Жерге ант, жарып чыккан өсүмдүктүү
86:13
إِنَّهُۥ لَقَوۡلٌ فَصۡلٌ  ۝١٣
Ал (Кураан) аныгында (акыйкат менен жалганды) ажыратуучу Сөз
86:14
وَمَا هُوَ بِٱلۡهَزۡلِ  ۝١٤
Азил-тамаша (сөз) эмес
86:15
إِنَّهُمۡ يَكِيدُونَ كَيۡدًا  ۝١٥
Алар (каапырлар динге каршы) айла амалдарды жасашат
86:16
وَأَكِيدُ كَيۡدًا  ۝١٦
Мен дагы амалкерлик кыламын
86:17
فَمَهِّلِ ٱلۡكَٰفِرِينَ أَمۡهِلۡهُمۡ رُوَيۡدَۢا  ۝١٧
Эми, сен (О, Мухаммад) каапырларды койо тур. Аларга бир аз гана мөөнөт бер
Аль-Аля сүрөсү
bismillah
87:1
سَبِّحِ ٱسۡمَ رَبِّكَ ٱلۡأَعۡلَى  ۝١
Эң жогорку Раббиңдин ысымын (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула
87:2
ٱلَّذِي خَلَقَ فَسَوَّىٰ  ۝٢
Ал(бүт ааламдарды) жараткан жана теңсалмактуу кылган
87:3
وَٱلَّذِي قَدَّرَ فَهَدَىٰ  ۝٣
Жана (ааламдардагы жандуу-жансыз нерселердин өмүрүн, тагдырын) өлчөп-белгилеп, (ар бирине өзгөчө касиеттер берип, жашоо жолуна) багыттаган
87:4
وَٱلَّذِيٓ أَخۡرَجَ ٱلۡمَرۡعَىٰ  ۝٤
Ал (эрте жазда жерден ар түрдүү) өсүмдүктү чыгарып
87:5
فَجَعَلَهُۥ غُثَآءً أَحۡوَىٰ  ۝٥
андан соң (кеч күздө) карарган чөп кылып койот
87:6
سَنُقۡرِئُكَ فَلَا تَنسَىٰٓ  ۝٦
(О, Мухаммад), Биз сага (Кураанды) окутабыз. Анан сен эч унутпайсың
87:7
إِلَّا مَا شَآءَ ٱللَّهُۚ إِنَّهُۥ يَعۡلَمُ ٱلۡجَهۡرَ وَمَا يَخۡفَىٰ  ۝٧
Бирок, Аллаһ (унуттурууну) каалаган нерселерди гана унутасың. Ал чынында, ашкере жана купуя нерселерди билет
87:8
وَنُيَسِّرُكَ لِلۡيُسۡرَىٰ  ۝٨
Жана Биз сага оңой жолду жеңил кылып беребиз
87:9
فَذَكِّرۡ إِن نَّفَعَتِ ٱلذِّكۡرَىٰ  ۝٩
Эми, насаат пайда берсе (адамдарга Кураан менен) насаат айткын
87:10
سَيَذَّكَّرُ مَن يَخۡشَىٰ  ۝١٠
(Насаатты) Аллаһтан корккон адамдар гана эсине алышат
87:11
وَيَتَجَنَّبُهَا ٱلۡأَشۡقَى  ۝١١
Шордуу адам болсо андан качат
87:12
ٱلَّذِي يَصۡلَى ٱلنَّارَ ٱلۡكُبۡرَىٰ  ۝١٢
Ал эбегейсиз чоң отко кире турган киши
87:13
ثُمَّ لَا يَمُوتُ فِيهَا وَلَا يَحۡيَىٰ  ۝١٣
Ал анын (тозоктун) ичинде же өлө албайт же жашай албайт
87:14
قَدۡ أَفۡلَحَ مَن تَزَكَّىٰ  ۝١٤
Ким (ыйман менен) тазарган болсо, ал ийгиликке жетти
87:15
وَذَكَرَ ٱسۡمَ رَبِّهِۦ فَصَلَّىٰ  ۝١٥
Жана Раббисинин ысымын эскерип, намаз окуса ( - ийгиликке жетти)


📚Juz 30 📄591 / 604



Mishary Rashid Alafasy
Mahmoud Khalil Al-Husary
Abdurrahman As-Sudais
Mohamed Siddiq Al-Minshawi
Abdul Basit Abdul Samad
Ali Al-Hudhaify
Ahmed ibn Ali al-Ajamy
Abu Bakr Ash-Shaatree
Muhammad Ayyoub
Abdullah Basfar
Abdullah Al-Juhani
Maher Al Muaiqly
0:00
0:00
-

Ыйык Куран


Tuesday, September 1, 2026

Don't forget us in your sincere prayers