سورة الإنسان بالقرغيزية

  1. استمع للسورة
  2. سور أخرى
  3. ترجمة السورة
القرآن الكريم | ترجمة معاني القرآن | اللغة القرغيزية | سورة الإنسان | Insan - عدد آياتها 31 - رقم السورة في المصحف: 76 - معنى السورة بالإنجليزية: The Human.

هَلْ أَتَىٰ عَلَى الْإِنسَانِ حِينٌ مِّنَ الدَّهْرِ لَمْ يَكُن شَيْئًا مَّذْكُورًا(1)

Инсандын үстүнөн (ал жарала электе) доорлордун (нечендеген) мезгил(дер)и өткөн. (Анда инсан) эске да алынбай турган (жок нерсе) эле

إِنَّا خَلَقْنَا الْإِنسَانَ مِن نُّطْفَةٍ أَمْشَاجٍ نَّبْتَلِيهِ فَجَعَلْنَاهُ سَمِيعًا بَصِيرًا(2)

Чынында, Биз инсанды (энелик менен аталык уруктун) аралашмасынан турган бир тамчы суудан жараттык. (Жана ушул абалын билээр бекен деп) аны сынап, уга турган, көрө турган (аң-сезимдүү) кылдык

إِنَّا هَدَيْنَاهُ السَّبِيلَ إِمَّا شَاكِرًا وَإِمَّا كَفُورًا(3)

(Кийин) Биз ага (жакшы менен жаман) жолду тааныттык. (Эми ал) же шүгүр (ибадат) кылуучу болот, же каапыр (болот)

إِنَّا أَعْتَدْنَا لِلْكَافِرِينَ سَلَاسِلَ وَأَغْلَالًا وَسَعِيرًا(4)

Биз чынында каапырлар үчүн чынжырларды, (темир) көгөндөрдү жана тозокту даярдап койдук

إِنَّ الْأَبْرَارَ يَشْرَبُونَ مِن كَأْسٍ كَانَ مِزَاجُهَا كَافُورًا(5)

Ыймандуу адамдар (бейиштерде) «каафур»? аралаштырылган (шарапты) чөйчөктөрдөн ичишет

عَيْنًا يَشْرَبُ بِهَا عِبَادُ اللَّهِ يُفَجِّرُونَهَا تَفْجِيرًا(6)

(“Каафур”) булагы... Аны Аллаһтын (бейишке арзыган) пенделери (каалаган жерине) агызышып, (каалагандай) ичишет.”

يُوفُونَ بِالنَّذْرِ وَيَخَافُونَ يَوْمًا كَانَ شَرُّهُ مُسْتَطِيرًا(7)

Алар (дүйнө жашоосунда) назирлерин! аткарышкан жана жамандыгы жайылган күндөн (Кыяматтан жана андагы Аллаһтын азабынан) коркушкан

وَيُطْعِمُونَ الطَّعَامَ عَلَىٰ حُبِّهِ مِسْكِينًا وَيَتِيمًا وَأَسِيرًا(8)

Жана бей-бечараларга, жетимдер менен туткундагыларга, өздөрү сүйүп (жегиси келип) турган тамактан жедирип? (мындай дешкен)

إِنَّمَا نُطْعِمُكُمْ لِوَجْهِ اللَّهِ لَا نُرِيدُ مِنكُمْ جَزَاءً وَلَا شُكُورًا(9)

«Биз силерди Аллаһтын Жүзү (ыраазычылыгы) үчүн тамактандыруудабыз. Биз силерден (эч кандай) акы жана алкыш сурабайбыз

إِنَّا نَخَافُ مِن رَّبِّنَا يَوْمًا عَبُوسًا قَمْطَرِيرًا(10)

Биз Раббибизден (жана жүрөктү) сыга турган, оор күндөн (Кыяматтан) коркобуз»

فَوَقَاهُمُ اللَّهُ شَرَّ ذَٰلِكَ الْيَوْمِ وَلَقَّاهُمْ نَضْرَةً وَسُرُورًا(11)

Анан Аллаһ аларды ушул күндүн жамандыгынан куткарып (жүздөрүнө) нур жана кубаныч (белгилерин) берди

وَجَزَاهُم بِمَا صَبَرُوا جَنَّةً وَحَرِيرًا(12)

Жана (дүйнө жашоосунда шайтандын, напсинин азгырыктарына) сабыр кылгандары себептүү аларды Бейиш менен, жибек (кийимдер) менен сыйлады

مُّتَّكِئِينَ فِيهَا عَلَى الْأَرَائِكِ ۖ لَا يَرَوْنَ فِيهَا شَمْسًا وَلَا زَمْهَرِيرًا(13)

Алар ал жердеги (бейиштеги) сөрүлөргө жөлөнүп отурушат. Ал жерде алар күндү(н ысыгын) да, кычыраган суукту да көрүшпөйт

وَدَانِيَةً عَلَيْهِمْ ظِلَالُهَا وَذُلِّلَتْ قُطُوفُهَا تَذْلِيلًا(14)

Аларга Бейиш (бактарынын) көлөкөсү тийип, мөмөлөрү ийилип турат

وَيُطَافُ عَلَيْهِم بِآنِيَةٍ مِّن فِضَّةٍ وَأَكْوَابٍ كَانَتْ قَوَارِيرَا(15)

Аларга күмүш идиштер(де тамак-аш) жана шише чөйчөктөр(дө шарап) айлантып турулат

قَوَارِيرَ مِن فِضَّةٍ قَدَّرُوهَا تَقْدِيرًا(16)

Күмүш чөйчөктөр... Аны(н ичиндеги шарапты кызматчылар кажетке жараша) өлчөп-ченеп (куюп) турушат

وَيُسْقَوْنَ فِيهَا كَأْسًا كَانَ مِزَاجُهَا زَنجَبِيلًا(17)

Ал жерде (ыймандууларга) занжабил? аралаштырылган шарап

عَيْنًا فِيهَا تُسَمَّىٰ سَلْسَبِيلًا(18)

(жана) «Салсабил» деп аталган (агып турган) булак (суусу ичирилет)

۞ وَيَطُوفُ عَلَيْهِمْ وِلْدَانٌ مُّخَلَّدُونَ إِذَا رَأَيْتَهُمْ حَسِبْتَهُمْ لُؤْلُؤًا مَّنثُورًا(19)

Аларды(н кызматында) түбөлүк жаш жигиттер айланып-тегеренишет. Эгер сен аларды көрсөң чачылган берметтерби деп ойлойсуң

وَإِذَا رَأَيْتَ ثَمَّ رَأَيْتَ نَعِيمًا وَمُلْكًا كَبِيرًا(20)

Назар салсаң ал жерде (түгөнгүс) нээматарды жана өтө чоң дөөлөттү көрөсүң

عَالِيَهُمْ ثِيَابُ سُندُسٍ خُضْرٌ وَإِسْتَبْرَقٌ ۖ وَحُلُّوا أَسَاوِرَ مِن فِضَّةٍ وَسَقَاهُمْ رَبُّهُمْ شَرَابًا طَهُورًا(21)

Алардын (Бейишке түшкөн ыймандуулардын) үстүндө жашыл жибектен жана (алтын-күмүш, асыл таштар кадалган) баркут-кымкаптан кийимдер... (Эркек- аялынын баарынын колдоруна) күмүш билериктер тагылган... Раббилери аларды тунук-пакиза шарап менен сугарган

إِنَّ هَٰذَا كَانَ لَكُمْ جَزَاءً وَكَانَ سَعْيُكُم مَّشْكُورًا(22)

(О, ыймандуулар!) Булар — силер үчүн сыйлык! Жана силердин (дүйнөдөгү аз гана) аракетиңер! ченемсиз нээматтар менен төлөндү

إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْقُرْآنَ تَنزِيلًا(23)

Чынында Биз (о, Мухаммад) сага Кураанды? бөлүп-бөлүп түшүрдүк

فَاصْبِرْ لِحُكْمِ رَبِّكَ وَلَا تُطِعْ مِنْهُمْ آثِمًا أَوْ كَفُورًا(24)

Сен эми, Раббиңдин өкүмүнө сабыр кылгын? жана алардан (каапырлардан) болгон шүгүрсүз, күнөөкөр адамдарга моюн сунбагын

وَاذْكُرِ اسْمَ رَبِّكَ بُكْرَةً وَأَصِيلًا(25)

Жана Раббиңдин ысымын эртели-кеч эскерип (зикир кылып) жүргүн

وَمِنَ اللَّيْلِ فَاسْجُدْ لَهُ وَسَبِّحْهُ لَيْلًا طَوِيلًا(26)

Түндүн бир бөлүгүндө Ага сажда кыл жана түндөсү узун —узун тасбих айт

إِنَّ هَٰؤُلَاءِ يُحِبُّونَ الْعَاجِلَةَ وَيَذَرُونَ وَرَاءَهُمْ يَوْمًا ثَقِيلًا(27)

Чынында, алар (каапырлар) дүйнөнү сүйөт жана оор күндү (Кыяматты) артына таштап (көңүл бурбай) коюшат

نَّحْنُ خَلَقْنَاهُمْ وَشَدَدْنَا أَسْرَهُمْ ۖ وَإِذَا شِئْنَا بَدَّلْنَا أَمْثَالَهُمْ تَبْدِيلًا(28)

Аларды Биз жаратып, бүт тулку-боюн бекем-кубаттуу кылган элек! Эгер кааласак, аларды (жаратылышы боюнча) өздөрүнө окшогон? (бирок, каапыр болбой турган, башка) пенделерге алмаштырып коебуз!”

إِنَّ هَٰذِهِ تَذْكِرَةٌ ۖ فَمَن شَاءَ اتَّخَذَ إِلَىٰ رَبِّهِ سَبِيلًا(29)

Аныгында, бул (Кураан) - эскерме. Ким кааласа, Раббиси тарапка (түз) жолду кармай алат

وَمَا تَشَاءُونَ إِلَّا أَن يَشَاءَ اللَّهُ ۚ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمًا(30)

(Бирок) силер Аллаһ каалаган нерсени гана каалай аласыңар. Чынында, Аллаһ Билүүчү, Даанышман

يُدْخِلُ مَن يَشَاءُ فِي رَحْمَتِهِ ۚ وَالظَّالِمِينَ أَعَدَّ لَهُمْ عَذَابًا أَلِيمًا(31)

Ал Өзү каалаган пенделерин ырайымынын астына алат. Ал эми, заалымдарга болсо, катуу азапты даярдап койгон


المزيد من السور باللغة القرغيزية:

سورة البقرة آل عمران سورة النساء
سورة المائدة سورة يوسف سورة ابراهيم
سورة الحجر سورة الكهف سورة مريم
سورة السجدة سورة يس سورة الدخان
سورة النجم سورة الرحمن سورة الواقعة
سورة الحشر سورة الملك سورة الحاقة

تحميل سورة الإنسان بصوت أشهر القراء :

قم باختيار القارئ للاستماع و تحميل سورة الإنسان كاملة بجودة عالية
سورة الإنسان أحمد العجمي
أحمد العجمي
سورة الإنسان خالد الجليل
خالد الجليل
سورة الإنسان سعد الغامدي
سعد الغامدي
سورة الإنسان سعود الشريم
سعود الشريم
سورة الإنسان عبد الباسط عبد الصمد
عبد الباسط
سورة الإنسان عبد الله عواد الجهني
عبد الله الجهني
سورة الإنسان علي الحذيفي
علي الحذيفي
سورة الإنسان فارس عباد
فارس عباد
سورة الإنسان ماهر المعيقلي
ماهر المعيقلي
سورة الإنسان محمد جبريل
محمد جبريل
سورة الإنسان محمد صديق المنشاوي
المنشاوي
سورة الإنسان الحصري
الحصري
سورة الإنسان العفاسي
مشاري العفاسي
سورة الإنسان ناصر القطامي
ناصر القطامي
سورة الإنسان ياسر الدوسري
ياسر الدوسري



Thursday, May 2, 2024

لا تنسنا من دعوة صالحة بظهر الغيب