Аль-Джинн сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)
Аль-Джинн сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Аль-Джинн сүрөсү Котормо. Аль-Джинн сүрөсү (Meccan) 28 Аят.
Related
- Аль-Джинн сүрөсү КотормоКыргызча
- Аль-Джинн сүрөсү mp3Укта
- Quran Index Кыргызча114
More Сүрөсү PDF
Аль-Джинн сүрөсү

ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞ
72:1
Айт (о, Мухаммад) “Мага (Аллаһ Тааладан мындай деген) вахий келди: Жиндерден бир жамааты (Кураанды) угушту жана (бири-бирине мындай) дешти: “Биз ажаайып Кураан? уктук
ﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩ
72:2
Ал Туура Жолго баштайт экен. Биз ага ыйман келтирдик. Эми, биз Раббибизге эч кимди шерик кылбайбыз
ﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳ
72:3
Чынында Раббибиздин кудурети бийик (жана) Ал (Өзүнө) аял да, перзент да туткан эмес
ﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻ
72:4
Чынында, биздин акмактарыбыз Аллаһ жөнүндө акылга сыйбаган (жалган) сөздөрдү айтышат
ﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆ
72:5
Биз болсо, инсандар менен жиндер Аллаһка (Анын улуулугуна жарашпаган) жалган сөздөрдү эч качан доомат кылбайт деп ойлочубуз
ﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒ
72:6
Көрсө, инсандардан кээ бир адамдар кээ бир жиндерден коргоо сурашат экен. Натыйжада алар (жиндер) алардын коркуусун (дагы да) көбөйтүп коюшат
ﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜ
72:7
Алар (жиндердин арасындагы каапырлар) дагы силер(дин араңардагы каапырлар) күмөн кылгандай Аллаһ эч кимди эч качан кайра тирилтире албайт деп ойлошот
ﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥ
72:8
Биз асманга тырмышканда, аны (периштелерден турган) корукчулар жана оттуу жылдыздар менен толо экенин көрдүк
ﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔ
72:9
Мурун биз асмандагы тыңшоочу орундарга олтуруп (кайып кабарын угуп) алаар элек. Эми болсо, ким угууга аракет кылса аңдып-күтүп турган оттуу жылдызга жолугат
ﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢ
72:10
Жана биз (асмандагы кайып илиминде) жердеги кишилерге жамандык белгилендиби же Раббиси аларга жакшылык кааладыбы, биле албай калабыз
ﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭ
72:11
Биздин арабызда (ыймандуу) жакшыларыбыз да, андан башкачаларыбыз да бар. Биз ар кандай жолдогулар элек
ﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹ
72:12
Жана биз аныгында (төмөндөгү чындыкка) ынандык: Биз эч качан жер бетинде (же асманда) Аллаһты алсыз кыла албайт экенбиз жана Андан качып да кете албайт экенбиз.”
ﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉ
72:13
Биз (Кураандагы) Туура Жолду укканыбызда ага ыйман келтирдик. Ким Раббисине ыйман келтирсе (жасаган сооп иштери) кемитип коюлуудан жана (күнөөлөрүнүн) көбөйтүп коюлуусунан коркпойт
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜ
72:14
Биздин арабызда мусулмандар да бар (ислам жолунан) адашкандар да бар. Эми ким исламга кирген болсо, анда алар туура багытты тандап алышыптыр
ﭝﭞﭟﭠﭡﭢ
72:15
Ал эми, адашкандар (демек алар) тозокко отун болгондор
ﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪ
72:16
Эгер алар (исламдык) жолдо түз жүрсө мол суу менен сугарабыз
ﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶ
72:17
аларды сынаш үчүн.! Жана (ошондо) ким Раббисинин эскертүүсүнөн (Кураандан) жүз бурса, (Аллаһ) аны оор азапка жолуктурат
ﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿ
72:18
(Бардык) мечиттер Аллаһка ибадат кылуу үчүн! Силер Аллаһка кошуп башка “кудайларга” дуба кылбагыла
ﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊ
72:19
Аллаһтын пендеси (Мухаммад Кураан окуу менен) Аллаһка дуба кылып турганда (жиндер жабалактап келип) бири-бирин басып-тебелеп таштоого аз калды
ﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓ
72:20
Айт (о, Мухаммад!): “Мен жалаң өзүмдүн Раббиме гана дуба (ибадат) кыламын жана Ага эч нерсени шерик кылбаймын”
ﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜ
72:21
Айт: “Силерге зыян жеткирүү да, пайда келтирүү да менин колуман келбейт”
ﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩ
72:22
(Дагы) айт: “(Эгер мен күнөө иш кылчу болсом) мени Аллаһтын азабынан эч ким сактап кала албайт жана мен эч качан (жалынып баруу үчүн) Андан башка коргоочу таба албаймын
ﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜ
72:23
(Менин колумда) Аллаһ тарабынан (келген кабарларды) жеткирүү жана Анын пайгамбарлыгы гана (бар) Ким Аллаһ жана пайгамбарына күнөө кылса, ага тозок оту даяр! Ал жерде түбөлүк калышат
ﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨ
72:24
Алар өздөрүнө убада кылынган нерсени (азапты) көргөндө, кимдин колдоочусу алсызыраак жана саны азыраак экенин билип алышат
ﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴ
72:25
Айт: ”Силерге убада кылынган нерсе жакынбы же Раббим ага алыс мөөнөт койгонбу, билбеймин”
ﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼ
72:26
Кайыпты билүүчү (Аллаһ!) Ал Өз кайыбын эч кимге билдирбейт
ﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊ
72:27
Бирок, Өзү каалаган пайгамбар(лар)га гана билдирет. Албетте, Аллаһ анын (пайгамбардын) алды жана арты жагынан (периште) коргоочуларды дайындайт
ﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒﰓﰔﰕﰖﰗﰘ
72:28
(Мухаммад төмөнкүлөрдү) билиши үчүн: (периштелер) Раббисинин кабарларын (жиндерден коргоп) жеткизишкен жана (Раббиси) алардын (бардык) абалдарын билип, бардык нерселерди эсеп-китеп кылып койгон
Ыйык Куран
Wednesday, September 9, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







