Нух сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)
Нух сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Нух сүрөсү Котормо. Нух сүрөсү (Meccan) 28 Аят.
Related
- Нух сүрөсү КотормоКыргызча
- Нух сүрөсү mp3Укта
- Quran Index Кыргызча114
More Сүрөсү PDF
Нух сүрөсү

ﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆ
71:1
Биз Нухту өз коомуна элчи-пайгамбар кылып жибердик (жана ага): «Аларга катуу азап келишинен мурда коомуңду (тозок азабынан) эскерткин» - (деп вахий кылдык)
ﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍ
71:2
Алайтты: «О, коомум! Мен силерге анык эскертүүчү-пайгамбармын
ﮎﮏﮐﮑﮒﮓ
71:3
Аллаһка гана ибадат кылып, Андан корккула жана мага моюн сунгула
ﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨ
71:4
(Ошондо) Ал силердин күнөөңөрдү кечирип, белгилүү күндөргө (дүйнө жашоосун жашап бүткөнүңөргө) чейин силерди(н өлүмүңөрдү) кечиктирет. (Ал эми) Аллаһтын (белгилеген) ажалы келип калганда эч кечиктирилбейт, эгер билсеңер»
ﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰ
71:5
(Нух) айтты: «О, Раббим! Мен коомумду түнү-күнү (токтоосуз) даават кылдым
ﮱﯓﯔﯕﯖﯗ
71:6
Бирок менин дааватым алардын (акыйкаттан) качуусун гана көбөйттү
ﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦ
71:7
Сеналарды кечирүүң үчүн мен ар качан аларды даават кыла баштасам, манжаларын кулактарына тыгып, кийимдери менен оронуп алып (мени укпай, ширк ибадаттарын) уланта беришти жана аябай текеберленишти
ﯧﯨﯩﯪﯫ
71:8
Кийин мен аларды ашкере түрдө даават кылдым
ﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳ
71:9
Андан соң аларга (дааватымды) ачык-жарыя айттым жана (кези келгенде) жашыруун түрдө да айтым
ﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺ
71:10
Анан мен аларга (мындай) дедим: «Раббиңерден кечирим сурагыла! Ал чынында Кечиримдүү
ﭑﭒﭓﭔﭕ
71:11
Силерге асмандан себелеген жамгыр жиберет
ﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟ
71:12
Жана дүйнө-мүлк, перзенттер менен кубаттап, бак-бостондорду жана (соолубас) дарыяларды берет
ﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦ
71:13
Силерге эмне болгон, Аллаһка улуулукту каалабайсыңар
ﭧﭨﭩﭪ
71:14
Ал силерди доор - доор менен жаратты го
ﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳ
71:15
Аллаһ (Таала) жети асманды кабат-кабаты менен кандай (чеберчиликте) жаратканына карабайсыңарбы
ﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻ
71:16
Жана Ал асмандардын койнундагы Айды нур, ал эми Күндү (аалам үчүн) чырак кылып койгон
ﭼﭽﭾﭿﮀﮁ
71:17
Жана Аллаһ силерди жерден гана өстүрүп чыгарган
ﮂﮃﮄﮅﮆﮇ
71:18
Кийин силерди (өлгөн күнүңөрдө) кайра топуракка кайтарып, (Кыяматта) дагы (топурактан) чыгарып алат
ﮈﮉﮊﮋﮌﮍ
71:19
Аллаһ силер үчүн жерди(н бетин) тегиз кылды
ﮎﮏﮐﮑﮒ
71:20
Анда(гы) кең жолдордон жүрүүңөр үчүн
ﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠ
71:21
Нух айтты: “О, Раббим! Алар мага каршы чыгышты жана дүйнөсү менен бала-чакасы зыяндан башканы көбөйтпөй турган адам(дар)ды ээрчип кетишти
ﮡﮢﮣﮤ
71:22
Алар (байлар динге каршы) өтө чоң айла-амалдарды жасашты
ﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓ
71:23
Жана (элдерге) “бут-кудайыңарды таштабагыла “Вадды” дагы, “Сувааны” дагы, “Ягусту” дагы, “Яукту” дагы, “Насрды” дагы таштабагыла!” дешти
ﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝ
71:24
Алар көп элдерди азгырышты. Жана Сен (о, Аллаһым!) заалымдарга адашуучулуктан башканы көбөйтпө
ﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪ
71:25
Күнөөлөрү себептүү (топон сууга) чөктүрүлүштү! Анан (наркы дүйнөдө) отко кириптер кылынышты дагы, өздөрүнө Аллаһтан башка жардамчы таппай калышты
ﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵ
71:26
Нух айтты: “О, Раббим! Жер бетинде каапырлардан эч бирин калтырбагын
ﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀ
71:27
Эгер аларды (тирүү) койсоң пенделериңди азгырышат жана бузуку, каапырларды гана насил (урпак) кылып калтырышат
ﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑ
71:28
О, Раббим! Мени, менин ата-энемди, ыйман келтирип менин үйүмө киргендерди жана (бардык) ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды кечир! Заалымдарга өлүмдөн башканы көбөйтпө
Ыйык Куран
Wednesday, September 9, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







