Аль-Бакара · 259/286
Котормо Транслитерация — Аль-Бакара сүрөсү
أَوْ كَالَّذِي مَرَّ عَلَىٰ قَرْيَةٍ وَهِيَ خَاوِيَةٌ عَلَىٰ عُرُوشِهَا قَالَ أَنَّىٰ يُحْيِي هَٰذِهِ اللَّهُ بَعْدَ مَوْتِهَا ۖ فَأَمَاتَهُ اللَّهُ مِائَةَ عَامٍ ثُمَّ بَعَثَهُ ۖ قَالَ كَمْ لَبِثْتَ ۖ قَالَ لَبِثْتُ يَوْمًا أَوْ بَعْضَ يَوْمٍ ۖ قَالَ بَل لَّبِثْتَ مِائَةَ عَامٍ فَانظُرْ إِلَىٰ طَعَامِكَ وَشَرَابِكَ لَمْ يَتَسَنَّهْ ۖ وَانظُرْ إِلَىٰ حِمَارِكَ وَلِنَجْعَلَكَ آيَةً لِّلنَّاسِ ۖ وَانظُرْ إِلَى الْعِظَامِ كَيْفَ نُنشِزُهَا ثُمَّ نَكْسُوهَا لَحْمًا ۚ فَلَمَّا تَبَيَّنَ لَهُ قَالَ أَعْلَمُ أَنَّ اللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ ۝٢٥٩
Aw kallazee marra `alaa qaryatinw wa hiya khaawiyatun `alaa `urooshihaa qaala annaa yuhyee haazihil laahu ba`da mawtihaa fa amaatahul laahu mi`ata `aamin suumma ba`asahoo qaala kam labista qaala labistu yawman aw ba`da yawmin qaala bal labista mi`ata `aamin fanzur ilaa ta`aamika wa sharaabika lam yatasannah wanzur ilaa himaarika wa linaj`alaka Aayatal linnaasi wanzur ilal`izaami kaifa nunshizuhaa summa naksoohaa lahmaa; falammaa tabiyana lahoo qaala a`lamu annal laaha `alaakulli shai`in Qadeer
📖 Кыргызча
Же болбосо (о, Мухаммад) пайдубалдарына чейин ойрон болгон айылдан өткөн киши(нин окуясы) сыяктуу (кабар укпадыңбы?) Ал киши: (ойрон болгон айылдан өтүп бара жатып) «Аллаһ ушуну(н элдерин) өлгөндөн соң кантип (кайра) тирилте алат?!» деди. Аллаһ анын өзүн жүз жылга өлтүрүп койду да, кийин кайра тирилтип: «Канча убак жаттың?» — деди. «Бир күн же бир күндүн бир аз бөлүгүнчөлүк» деп жооп берди. (Аллаһ) айтты: «Жок, жүз жыл (өлүп) жаттың. Тамак-ашыңды, суусундуктарыңды карачы — бузулган эмес. Жана эшегиңе (чирип кеткен сөөктөрүнө) да кара. Биз сени адамдарга (Өз кудуретибизден) аян - белги кылуу үчүн (ушундай) кылдык. Жана сөөктөргө кара: Биз аларды кантип чогултуп, кийин аларга эт каптайбыз. (Өз көзүң менен көрүп ал!). Анан бардыгы ага (көз алдында) анык билингенде: «Мен (эми) Аллаһтын ар кандай нерсеге Кудуреттүү экенин билемин!»-деди

M Mishary Rashid Alafasy ✓
M Mahmoud Khalil Al-Husary ✓
A Abdurrahman As-Sudais ✓
M Mohamed Siddiq Al-Minshawi ✓
A Abdul Basit Abdul Samad ✓
A Ali Al-Hudhaify ✓
A Ahmed ibn Ali al-Ajamy ✓
A Abu Bakr Ash-Shaatree ✓
M Muhammad Ayyoub ✓
A Abdullah Basfar ✓
A Abdullah Al-Juhani ✓
M Maher Al Muaiqly ✓
0:00
0:00
📜

Котормо — Tafsir

  1. Керектүү сөздөрдүн мааниси:
  • خَاوِيَةٌ: кулап, ээн калган, ичи бош.
  • عُرُوشِهَا: анын тамдары, үстүнкү жабуулары.
  • أَنَّىٰ: кантип, кандай жол менен.
  • لَبِثْتَ: канча убакыт болдуң, токтодуң.
  • لَمْ يَتَسَنَّهْ: эскирген жок, бузулган жок, өзгөргөн жок.
  • نُنشِزُهَا: аларды көтөрөбүз, бириктиребиз, ордуна келтиребиз.
  1. Бул аятта Аллах Таала пайгамбарга (с.а.в.) бир адамдын окуясын эскертип жатат. Ал адам урандыга айланган, тамдары кулап, ээн калган шаарга келип, анын кайра тирилтилишин таңыркап сурайт. Бул суроо шектенүү эмес, таң калуу жана ой жүгүртүү болчу. Ошондо Аллах аны жүз жыл өлтүрүп, кийин кайра тирилтет. Ага канча убакыт өткөнүн сураганда, ал бир күн же бир күндүн бир бөлүгү деп жооп берет. Бирок Аллах ага жүз жыл өткөнүн билдирет. Анан ага тамагы менен суусундугуна көз чаптыруусун буйурат — алар жүз жыл өтсө да бузулбай, эскирбей сакталып калган. Эшегине көз чаптыруусун айтат — ал өлүп, сөөктөрү чачырап кеткен. Анан Аллах ага сөөктөрдү кантип көтөрүп, бириктирип, үстүнө эт кийгизип, кайра тирилтип жатканын көрсөтөт. Мунун баары аны адамдарга Аллахтын кудуретинин ачык белгиси кылуу үчүн болгон. Ал адам муну өз көзү менен көргөндөн кийин, Аллахтын ар нерсеге кудуреттүү экенин моюнга алып, ырастайт.
  2. Бул аяттан алынуучу пайдалар:
  • Аллахтын кудурети чексиз, ал өлүктөрдү кайра тирилтүүгө жана убакытты токтотууга жөндөмдүү.
  • Аллах адамдарга Өзүнүн белгилерин көрсөтүү менен алардын ишенимин бекемдейт.
  • Өлүмдөн кийинки тирилүү — акыйкат, ага шектенүү болбошу керек.
  • Аллах адамдын тамагын, суусундугун жана башка нерселерин Өзүнүн каалоосу менен коргой алат.
  • Адам баласы Аллахтын кудуретин ой жүгүртүп, аны моюнга алышы керек.
  • Ыймандуу адам Аллахтын белгилерин көргөндө, анын ишеними күчөп, Аллахка болгон сүйүүсү артат.
  • Бул окуя аркылуу адамдар Аллахтын кудуретине ишенип, Анын буйруктарын аткарууга умтулушат.


📜 Аят 257-261 — Аль-Бакара сүрөсү

257اللَّهُ وَلِيُّ الَّذِينَ آمَنُوا يُخْرِجُهُم مِّنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ ۖ وَالَّذِينَ كَفَرُوا أَوْلِيَاؤُهُمُ الطَّاغُوتُ يُخْرِجُونَهُم مِّنَ النُّورِ إِلَى الظُّلُمَاتِ ۗ أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ ۖ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
Аллаһ — ыйман келтирген адамдардын башчысы. Аларды караңгылыктардан (илим, ыйман сыяктуу) нурга чыгарат. Ал эми, каапыр болгон адамдардын башчысы — Таагут. Ал аларды нурдан караңгычылыктарга чыгарат. Ошолор гана тозок ээлери жана алар анда түбөлүк калышат
258أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِي حَاجَّ إِبْرَاهِيمَ فِي رَبِّهِ أَنْ آتَاهُ اللَّهُ الْمُلْكَ إِذْ قَالَ إِبْرَاهِيمُ رَبِّيَ الَّذِي يُحْيِي وَيُمِيتُ قَالَ أَنَا أُحْيِي وَأُمِيتُ ۖ قَالَ إِبْرَاهِيمُ فَإِنَّ اللَّهَ يَأْتِي بِالشَّمْسِ مِنَ الْمَشْرِقِ فَأْتِ بِهَا مِنَ الْمَغْرِبِ فَبُهِتَ الَّذِي كَفَرَ ۗ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ
Аллаһ падышалык бергени себептүү (текеберленип,) Ибрахим (пайгамбар) менен, анын Раббиси жөнүндө далилдешкен кишини(н кабарын) билбедиңби? Ибрахим ага: «Менин Раббим өмүр жана өлүм берет» дегенде, ал: «Мен дагы өмүр жана өлүм бере алам»-деди. (Анда) Ибрахим айтты: «Аллаһ Күндү чыгыштан чыгарат. Сен (эгер кудай болсоң) аны батыштан чыгарып берчи, кана?! Анан каапыр адам (жооп бере албай) кеңгиреп калды. Аллаһ заалымдарды Туура Жолго баштабайт
259أَوْ كَالَّذِي مَرَّ عَلَىٰ قَرْيَةٍ وَهِيَ خَاوِيَةٌ عَلَىٰ عُرُوشِهَا قَالَ أَنَّىٰ يُحْيِي هَٰذِهِ اللَّهُ بَعْدَ مَوْتِهَا ۖ فَأَمَاتَهُ اللَّهُ مِائَةَ عَامٍ ثُمَّ بَعَثَهُ ۖ قَالَ كَمْ لَبِثْتَ ۖ قَالَ لَبِثْتُ يَوْمًا أَوْ بَعْضَ يَوْمٍ ۖ قَالَ بَل لَّبِثْتَ مِائَةَ عَامٍ فَانظُرْ إِلَىٰ طَعَامِكَ وَشَرَابِكَ لَمْ يَتَسَنَّهْ ۖ وَانظُرْ إِلَىٰ حِمَارِكَ وَلِنَجْعَلَكَ آيَةً لِّلنَّاسِ ۖ وَانظُرْ إِلَى الْعِظَامِ كَيْفَ نُنشِزُهَا ثُمَّ نَكْسُوهَا لَحْمًا ۚ فَلَمَّا تَبَيَّنَ لَهُ قَالَ أَعْلَمُ أَنَّ اللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Же болбосо (о, Мухаммад) пайдубалдарына чейин ойрон болгон айылдан өткөн киши(нин окуясы) сыяктуу (кабар укпадыңбы?) Ал киши: (ойрон болгон айылдан өтүп бара жатып) «Аллаһ ушуну(н элдерин) өлгөндөн соң кантип (кайра) тирилте алат?!» деди. Аллаһ анын өзүн жүз жылга өлтүрүп койду да, кийин кайра тирилтип: «Канча убак жаттың?» — деди. «Бир күн же бир күндүн бир аз бөлүгүнчөлүк» деп жооп берди. (Аллаһ) айтты: «Жок, жүз жыл (өлүп) жаттың. Тамак-ашыңды, суусундуктарыңды карачы — бузулган эмес. Жана эшегиңе (чирип кеткен сөөктөрүнө) да кара. Биз сени адамдарга (Өз кудуретибизден) аян - белги кылуу үчүн (ушундай) кылдык. Жана сөөктөргө кара: Биз аларды кантип чогултуп, кийин аларга эт каптайбыз. (Өз көзүң менен көрүп ал!). Анан бардыгы ага (көз алдында) анык билингенде: «Мен (эми) Аллаһтын ар кандай нерсеге Кудуреттүү экенин билемин!»-деди
260وَإِذْ قَالَ إِبْرَاهِيمُ رَبِّ أَرِنِي كَيْفَ تُحْيِي الْمَوْتَىٰ ۖ قَالَ أَوَلَمْ تُؤْمِن ۖ قَالَ بَلَىٰ وَلَٰكِن لِّيَطْمَئِنَّ قَلْبِي ۖ قَالَ فَخُذْ أَرْبَعَةً مِّنَ الطَّيْرِ فَصُرْهُنَّ إِلَيْكَ ثُمَّ اجْعَلْ عَلَىٰ كُلِّ جَبَلٍ مِّنْهُنَّ جُزْءًا ثُمَّ ادْعُهُنَّ يَأْتِينَكَ سَعْيًا ۚ وَاعْلَمْ أَنَّ اللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ
Эстегин, Ибрахим: «О, Раббим! Мага өлүктөрдү кандай тирилтээриңди көргөз» дегенде, (Аллаһ): «Ишенбей жатасыңбы?» деди. Ибрахим айтты: «Жок, андай эмес, бирок жүрөгүм бейпил болушу үчүн (сурап жатамын)». (Аллаһ) айтты: «Куштан төрттү карма дагы, аларды өзүңө жакындатып (союп, жиликтеп,) ар бир тоого алардын бөлүктөрүн (чачып) ташта. Анан аларды (өз аттары менен) чакыр — сага тез (учуп) келишет. Жана билип койгун, Аллаһ — Кудуреттүү, Даанышман
261مَّثَلُ الَّذِينَ يُنفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ كَمَثَلِ حَبَّةٍ أَنبَتَتْ سَبْعَ سَنَابِلَ فِي كُلِّ سُنبُلَةٍ مِّائَةُ حَبَّةٍ ۗ وَاللَّهُ يُضَاعِفُ لِمَن يَشَاءُ ۗ وَاللَّهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ
Мал-дүйнөлөрүн Аллаһ жолунда сарптаган кишилердин мисалы жети машакты өндүргөн бир дан сыяктуу. Ар бир машакта жүздөн дан болот. Аллаһ каалаган пендесине (ушул сыяктуу) көбөйтүп берет. Аллаһ(тын пейили, илими) Кенен (жана) Билүүчү
Аль-БакараКуран тизмеси
286Аят
MedinanRevelation
259Аят

Котормо — Аль-Бакара 259

Аль-Бакара сүрөсү Аят 259 - Окуу, Укта, Котормо, Кыргызча : Же болбосо (о, Мухаммад) пайдубалдарына чейин ойрон болгон айылдан өткөн…

Сүрөсү Аят 259/286 — Аль-Бакара сүрөсү البقرة (Medinan). Окуу Укта Котормо (Кыргызча). Укта: Аль-Бакара сүрөсү Укта, Аль-Бакара сүрөсү Котормо, Аль-Бакара сүрөсү mp3, Аль-Бакара сүрөсү pdf. Аят 257–261. Кыргызча: Русский.





Ыйык Куран


Monday, September 28, 2026

Don't forget us in your sincere prayers