Сүрөсү Аз-Зухруф
PDF —
Built right in your browser — download starts automatically
Сүрөсү Аз-Зухруф pdf — Жүктөө (Кыргызча)
Сүрөсү Аз-Зухруф pdf Кыргызча — Жүктөө Сүрөсү Аз-Зухруф Котормо. Аз-Зухруф (Meccan) 89 Аят.
Related
- Аз-Зухруф КотормоКыргызча
- Аз-Зухруф mp3Укта
- Quran Index Кыргызча114
More Сүрөсү PDF
Сүрөсү Аз-Зухруф

ﮀﮁ
Хаа. Мийм
ﮂﮃﮄ
Ачык баяндоочу Китепке ант
ﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋ
Силер (анын маанисине) акыл калчашыңар үчүн Биз аны арабча Кураан кылдык
ﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓ
Ал (Кураан) Биздин алдыбыздагы Китептердин Энесинде (Лавхул махфузда) эң жогорку, даанышман (даражада турат)
ﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜ
(Эй, Мушриктер!) Эгер силер чектен чыккан (кылмышкер) коом болсоңор эле, Биз силерге зикирди (Кураанды) багыттабай коймок белек
ﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣ
Биз абалкы элдерге нечендеген пайгамбарларды (Кураан сыяктуу ыйык китептер менен) жибердик
ﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬ
Аларга качан бир пайгамбар келсе, аны шылдыңдап күлүшкөн
ﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕ
Анан Биз аларды кыйраттык. Алар булардан (Курайш каапырларынан) кубаттуураак болчу жана абалкылардын мисалдары (ушул Китепте) өткөн
ﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠ
Эгер сен алардан «Асмандар менен жерди ким жараткан?» деп сурасаң, «Кудуреттүү, Илимдүү (Аллаһ) жараткан» дешет
ﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬ
Ал силер үчүн жерди килем (сыяктуу) кылды жана Туура Жолдо жүрүшүңөр үчүн анда жолдорду жаратты
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞ
Жана ал асмандардан чен-өлчөм менен суу түшүрдү. Анан ошол суу менен өлүк шаарды тирилттик (жана ар түркүн өсүмдүктөр чыгардык). Силер да ушул сыяктуу (мүрзөңөрдөн) чыгарыласыңар
ﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪ
Жана Ал бардык жуптарды жаратты.! Жана силер үчүн кемелерден, айбандардан турган унааларды, улоолорду жаратты
ﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿ
(Мунун себеби:) алардын үстүнө минип, кийин Раббиңердин нээматын эскерип: «Бизге ушуну моюн сундурган Аллаһ (кемчиликтүү сыпаттардан) Аруу-Таза! (Эгер Ал моюн сундурбаса) өзүбүздүн кудуретибиз жетмек эмес
ﮀﮁﮂﮃﮄ
Жана албетте, биз Раббибизге кайтып барабыз»- дешиңер үчүн
ﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏ
Алар Аллаһка Өзүнүн пенделеринен бир бөлүктү (периштелерди «Аллаһтын кыздары» деп өкүм) кылышты. Инсан чынында жакшылыкты билбейт
ﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗ
(Эй, мушриктер!) же болбосо, Аллаһ жараткан макулуктарынан кыз балдарды Өзү алып, силерге уул балдарды тандап бериптирби
ﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤ
Эгер алардан бирине Рахман үчүн мисал келтирген (кыз перзент туулду деп) сүйүнчүлөп барылса, ачууланып, жүзү карарып кетет
ﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮ
(Жана): «Эмне, кооздуктардын ичинде өстүрүлө турган, талашта (бир сөздү) даана айталбай турган кыз перзент бекен?!»-(дешет)
ﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞ
Алар Рахмандын пенделери болгон периштелерди «кыздар» дешет. Эмне, алардын (кыз кылып) жаратылганын көрүп коюшуптурбу?! Алардын (бул жалган) күбөлүктөрү жазып коюлат жана (Акыретте катуу) сурак беришет
ﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰ
Жана алар: «Эгер Рахман каалаганда биз аларга ибадат кылбайт элек (жана аларды «Аллаһтын кызы» дебейт элек») дешет. Бул (маселе) боюнча алардын эч кандай илими жок. Алар болгону алжып калган адамдар
ﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹ
Же болбосо, Биз аларга аны (далил катары) бекем кармап алгыдай,! Кураандан мурун бир китеп түшүрүптүрбүзбү
ﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅ
Жок! Алар: «Биз ата-бабаларыбызды (ушундай) дин- ишеним үстүндө тапкан элек. Биз ошолордун изи менен (жүргөндө гана) адашпайбыз»-дешет
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦ
Дал ушул сыяктуу, сенден мурун бир айыл-шаарга эскертүүчү-пайгамбар жиберсек, ысырапкор (бай) адамдары: «Биз ата-бабаларыбызды (белгилүү) ишенимдин үстүндө тапканбыз. Биз ошолордун гана изине ээрчийбиз»-дешкен
ﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷ
(Анда пайгамбар) айткан: «Биз силерге ата-бабаңар кармаган диниңерден туурараак дин алып келсекчи? Алар (дагы эле): «Биз силер алып келген динге ишенбейбиз», - дешти
ﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀ
Анан... Биз алардан өч алдык. (Аллаһтын пайгамбарын) «жалганчы» деген адамдардын акыбети кандай болгонун көрүп ал
ﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊ
Жана (эстегин): Бир кезде Ибрахим атасына жана (мушрик) коомуна «Мен силерден жана силер сыйынган «кудайыңардан» кол үздүм
ﮋﮌﮍﮎﮏﮐ
Мени жараткан Аллаһтын Өзү(нө гана сыйынамын). Ал мени Туура Жолго баштайт»- деди
ﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘ
(Ибрахим) ал сөздү (ширк ибадатынан) кайтышса ажеп эмес (деп), (урпактарына) түбөлүк (мурас кылып) калтырды
ﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢ
Мен аларды (Макка мушриктерин) жана ата-бабаларын, өздөрүнө Акыйкат (Ислам) жана анык пайгамбар (Мухаммад) келгенге чейин (кенен жашоо-ырыскы менен) пайдалантырдым
ﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬ
Ал эми, качан аларга Акыйкат келгенде: «Бул — сыйкыр! Биз буга ишенбейбиз!»-дешти
ﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘ
Жана айтышты: «Бул Кураан эки улук шаардагы (улук) адамдарга түшсө болмок»
ﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵ
Раббиңдин (сага берген) ырайымын (пайгамбарчылыгын) ошолор бөлүштүргөн бекен? (Жок! Андай эмес) алардын дүйнө жашоосундагы өз ара тиричилик-ырыскыларын да Биз бөлүштүргөнбүз жана бирин-бирине моюн сундуруп алуулары үчүн кээ бирөөлөрүнүн даражасын башкаларынан бийик кылып койгонбуз. Бирок, алар чогулткан (байлык, даңк сыяктуу) нерселерден Раббиңдин ырайымы артыгыраак
ﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇ
Эгер адамдар(дын бардыгы каапырлардын байлыгына азгырылып) бир (каапыр) үммөт болуп кетүү (коркунучу) болбогондо, Биз Рахманга каапыр болгондордун тамдарын жана аларга чыга турган шатыларынан өйдө күмүштөн кылып коймокпуз
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖ
Үйлөрүнүн эшиктерин, жазданып (жөлөнүп) отурчу сөрүлөрүн
ﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥ
Жана (башка) жасалга-зыйнаттарын (чылкый күмүштөн кылмакпыз). Бирок, булардын бардыгы дүйнө(нүн опасыз) пайдалары. Раббиңдин алдындагы Акырет (зыйнаттары) такыба кишилерге арналган
ﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱ
Ким Рахмандын зикири — Кураандан жүз бурса, ага шайтанды жолдош кылып койобуз. Анан (Шайтан) анын жакыны болуп калат
ﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹ
Кийин шайтандар аларды (Туура) Жолдон тосушат жана алар өздөрүн Туура Жолдо деп ойлоп жүрө беришет
ﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅ
Анан качан гана (ошол бойдон өлүп) Бизге кайтып келгенде (шайтан-шеригине карап) «Эми, экөөбүздүн арабыз эки чыгыштын! арасындай алыс болгон болсо кана, (атаганат)! (Сен) аябай жаман жолдошсуң!» - дейт
ﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏ
(Ширк жолун тандап өзүңөргө) зулумдук кылганыңар себептүү, бүгүн силерге (ширкиңер) пайда бербейт. Силер азапта (дагы аны менен) шерик болосуңар
ﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛ
(О, Мухаммад!) Сен дүлөйгө сөз уктура аласыңбы же болбосо, сокур менен анык адашуудагы адамды Туура Жолго баштай аласыңбы
ﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢ
Же Биз сени (алардан мурун Акырет сапарына) кетиребиз жана алардан (ошол жакта) өч алабыз
ﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪ
Же болбосо, аларга убада кылган нерсебизди (баштарына түшүрчү азапты) сага (ушул дүйнөдө) көргөзөбүз. Аларга Биздин Кудуретибиз жетет
ﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕ
Сен Өзүңө вахий кылынган Кураанды бекем карма! Чынында, сен Туура Жолдун үстүндөсүң
ﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝ
Жана бул (Кураан) сен үчүн, сенин коомуң үчүн атак-даңк (жана сыймык)!! Жакында сураласыңар
ﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫ
Сенден мурун жиберген пайгамбарларыбыздан сурачы, Биз (элдерге) Рахмандан башка кудайлар(га сыйынууга уруксат) бердик бекен
ﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸ
Биз Мусаны аят-моожизаларыбыз менен, Фираун жана анын элине жибердик. Ал «Мен (силерге) ааламдардын Раббиси тарабынан жиберилген пайгамбармын»-деди
ﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀ
Аларга биздин аят-моожизаларды алып келгенде” алардын үстүнөн күлүштү
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟ
Аларга көргөзгөн ар бир (азап-) моожизабыз (абалкы) түгөйүнөн чоңураак. (Туура Жолго) кайтаар бекен деп, аларды (ушундай) азап менен кармадык
ﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫ
Жана алар (Мусага) айтышты: «О, сыйкырчы! (Аллаһ) берген (пайгамбарлык) касиет(иң) менен Раббиңе дуба кыл. (Бизден балээни арылтсын) Биз Туура Жолго жүрөбүз»
ﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳ
Качан Биз алардан азапты алып койсок, ошол замат (сөздөрүнөн) кайтып кетишти
ﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆ
(Жана Фираун өз элине ) бийик добуш менен( мындай деди: «О, элим! Мен Мисир мамлекетинин жана бутумдун астынан агып турган мына бул (Нил) дарыяларынын падышасы эмесминби?! (Падышалыгымды) көрбөй жатасыңарбы
ﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒ
Мен мына бул (кекечтенип) араң сүйлөгөн төмөн адамдан (Мусадан) артык эмесминби?!»
ﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞ
«Эгер ага (асмандан) алтын билериктер ташталса, же аны жандап периштелер түшсө, (анда пайгамбар экенине ишенсе болот)»
ﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧ
Ал өз элин(ин акылын ушинтип) кордоду эле, эли дагы моюн сунду. Алар (түпкүлүгүндө) бузуку эл болгон
ﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮ
Алар (ошол иштери менен) Биздин ачуубузга тийди. Анан Биз алардан өч алып, бардыгын (деңизге) чөктүрүп жибердик
ﮯﮰﮱﯓﯔ
(Ошентип), аларды өтмүш-тарых жана кийинки муундар үчүн (ачуу) сабак кылдык
ﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟ
Жана качан гана Марямдын уулу (Ыйса тууралуу) мисал келтирилгенде, андан сенин коомуң ызы-чуу көтөрүшөт
ﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰ
Жана (сага): «Биздин (арабдардын) кудайларыбыз жакшыбы же ал (Ыйса) жакшыбы?» дешет. Алар сага жаңжалдашуу үчүн гана мисал келтиришет. Алар жаңжалкеч элдер
ﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻ
Ал (Ыйса) болгону Биз (пайгамбарчылыкты) нээмат кылып берген кул(убуз). Биз аны Исрайил урпактары үчүн (Өз кудуретибизден) мисал кылып (атасыз) жаратканбыз
ﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄ
Эгер кааласак силердин ордуңарга, жер бетинде халифа-орун басар боло турган периштелерди жаратып коймокпуз
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜ
Жана ал (Ыйса) — Кыяматтын белгиси.? Силер андан (Кыяматтан) эч шек санабагыла. Жана Менин Өзүмө гана моюн сунгула! Туура Жол —- ушул
ﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥ
Шайтан силерди (Туура Жолдон) тосуп койбосун! Ал силерге анык душман
ﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸ
Жана Ыйса (өз элине) анык далил-аяттар менен келгенде, айткан «Мен силерге (Аллаһ Таала тарабынан берилген) пайгамбарлык менен, силер талашып калган кээ бир нерселерди анык баяндап берүү үчүн келдим. Эми, Аллаһтан коркуп, мага моюн сунгула
ﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃ
Чынында, менин да, силердин да Раббиңер — Аллаһ! Анын Өзүнө гана ибадат кылгыла! Туура Жол — ушул
ﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐ
Анан (яхудий) жамааттар өз ара талашка түшүштү. Заалым адамдарга азаптуу Күндүн азабынын балээси болсун
ﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛ
Алар өздөрүнө Кыямат Күндүн, (эч нерсени) сезбей турган абалдарында, капысынан келип калуусунан башка нерсени күтүшкөн жок
ﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣ
Ал күнү достор бири-бирине душман болуп калышат.! Такыба кишилер гана андай болбойт
ﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬ
«О, Менин (такыба) пенделерим! Бүгүн силерге коркунуч жок! Силер (бүгүн) капа да болбойсуңар!»
ﮭﮮﮯﮰﮱﯓ
Алар Биздин аяттарыбызга ыйман келтирип, мусулман болгон адамдар
ﯔﯕﯖﯗﯘﯙ
«(О, ыймандуу пенделер!) Силер жубайларыңар менен бирге сүйүнгөн абалда Бейишке киргиле!»
ﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫ
Аларга алтын идиштер менен чөйчөктөр (тамак-шарабы менен) айлантып турулат. Ал жерде көңүл каалаган, көз кубанган бардык нерселер бар. Жана силер анда түбөлүк жашайсыңар
ﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳ
Бул Бейиш... Аны силер (дүйнөдө) жасаган (сооптуу) амалыңар үчүн Аллаһтан мурас алдыңар
ﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺ
Силер үчүн анда көп мөмө-жемиштер бар. Алардан (каалаганыңарча) жейсиңер
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗ
(Ал эми) күнөөкөр адамдар тозок азабында түбөлүк калышат
ﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞ
(Азап) алардан азайтылбайт жана алар анда (тозокто) үмүтсүз калуучулар
ﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥ
Аларга Биз зулумдук кылбадык. Өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты
ﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯ
Жана алар (тозоктун кызматчы периштесине): «О, Маалик, (Раббиңе айтчы) бизге (өлүмдү) өкүм кылсынчы» дешет. (Анда) ал айтат: «Силер (ушул жерде ушул бойдон түбөлүк) туруучусуңар
ﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷ
Чынында, Биз силерге Акыйкатты алып келдик, бирок, көпчүлүгүңөр аны жаман көрүп жатасыңар»
ﭸﭹﭺﭻﭼﭽ
Же болбосо, (динге каршы) бир ишти эрежелештирет. Биз да (аларга каршы) эреже түзүп койгонбуз
ﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊ
Же болбосо, Биз алардын сырлары менен шыбыраган добуштарын укпайбыз деп ойлошобу! Жок! Угабыз! Жана алардын алдында (бардык кыймыл-аракет, шыбыраган добушунан өйдө) жаза турган элчилерибиз (периштелер) бар
ﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓ
Айт (о, Мухаммад): «Эгер Аллаһтын баласы (чындап) бар болгондо, эң оболу ага өзүм ибадат кылмакмын
ﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜ
(Бирок) Асмандар менен жердин жана Арштын Раббиси силердин («баласы бар» деп) сыпаттооңордон Таза!»
ﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥ
(Эгер дааватыңа муюбаса) аларды жөн кой. Убада кылынган (Кыямат) күндөрүнө жолукканга чейин ойноп-күлүп, (күнөө иштерине) чумкуп жүрө беришсин
ﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓ
Ал (Аллаһ) асманда да Кудай, жерде да Кудай. Жана Ал -Билүүчү, Даанышман
ﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡ
Асмандардагы, жердеги жана экөөнүн арасындагы (бардык) нерселердин Ээси болгон Аллаһ Улук-Таберик! Кыяматтын илими Бир Өзүнүн алдында. Жана (бардыгыңар) Өзүнө гана кайтарыласыңар
ﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯ
Алар (мушриктер) дуба кылып жаткан Аллаһтан башка «кудайлардын» колунда шапаат-актоо жок! Билген абалда Акыйкатка күбө болгон! адамдар(та гана шапаат насип кылат)
ﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹ
Эгер сен алардан: «Силерди ким жараткан?» - деп сурасаң, «Аллаһ», дешет. Дагы кайда баратасыңар
ﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁ
Жана (Аллаһ пайгамбарынын): «О, Раббим! Чынында, тиги адамдар ыйман келтирбеген коом»- деген сөзүн да билет
ﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉ
Демек, сен аларды кечир жана: «Силерге салам, (бирок) жакында билип аласыңар»-дегин
Ыйык Куран
Tuesday, August 18, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







