Аль-Мааридж сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)
Аль-Мааридж сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Аль-Мааридж сүрөсү Котормо. Аль-Мааридж сүрөсү (Meccan) 44 Аят.
Related
- Аль-Мааридж сүрөсү КотормоКыргызча
- Аль-Мааридж сүрөсү mp3Укта
- Quran Index Кыргызча114
More Сүрөсү PDF
Аль-Мааридж сүрөсү

ﮮﮯﮰﮱﯓ
70:1
(Мушриктерден) бир суроочу? собол кылды түшүүчү азап жөнүндө —
ﯔﯕﯖﯗﯘ
70:2
— каапырлардын башына. (Азап сөзсүз келет. Ошондо) аны кайтаруучу (күч) болбой калат
ﯙﯚﯛﯜﯝ
70:3
(Ал азап) Маьариж — тепкичтердин? ээси Аллаһ тарабынан (келет)
ﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩ
70:4
Периштелер менен Рух Ага (Аллаһ Таалага) өлчөмү элүү миң жылга тең болгон күндө көтөрүлүп барышат
ﯪﯫﯬﯭ
70:5
(О, Мухаммад!) Сен (мушриктердин «жалган» деген сөзүнө жана зыяндуу иштерине) эң сонун сабыр кыл
ﯮﯯﯰﯱ
70:6
Алар аны (кайра тирилүүнү акылдардан) алыс деп ойлошот
ﯲﯳﯴ
70:7
Биз болсо, жакын (анык) деп билебиз
ﯵﯶﯷﯸﯹ
70:8
Ал күндө асман эритилген жез сыяктуу
ﯺﯻﯼﯽ
70:9
Алэми, тоолор тытылган жүн сыяктуу болуп калат
ﯾﯿﰀﰁﰂ
70:10
(Ал күнү) дос өзүнүн жакын досун(ун абалын) сурай албайт
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛ
70:11
Аларды (бири-бирине) көрсөтүлөт. Күнөөкөр (тозоку) адам ошол күндүн азабына(н кутулуш үчүн) перзенттерин
ﭜﭝﭞ
70:12
аялын жана ага-инилерин
ﭟﭠﭡﭢ
70:13
өзүнө арка-жөлөк болгон тууган уруктарын
ﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩ
70:14
жана деги эле, жер бетиндеги бардык адамдарды садага чаап, анан (ушул төлөмү) өзүн (тозоктон) куткарып кетүүсүн каалайт
ﭪﭫﭬﭭﭮ
70:15
Жок! Ал (тозок) — алоолонгон от
ﭯﭰﭱ
70:16
терилерди шылып алуучу
ﭲﭳﭴﭵﭶ
70:17
Ал от (кучагына) чакырат (акыйкаттан) жүз буруп, артка кеткендерди
ﭷﭸﭹ
70:18
жана (адал-арамына карабай дүйнө-мүлк) жыйнап, (андан садака кылбай) басып-чогултуп жаткан адамдарды
ﭺﭻﭼﭽﭾﭿ
70:19
Чынында инсан чыдамсыз жаратылган
ﮀﮁﮂﮃﮄ
70:20
Эгер аны жаман (тагдыр) кармаса, чыдамсыздык кылат
ﮅﮆﮇﮈﮉ
70:21
Жакшы (тагдыр) кармаса кызганчаак болуп калат
ﮊﮋﮌ
70:22
Намаз окуучулар гана андай эмес
ﮍﮎﮏﮐﮑﮒ
70:23
Алар намаздарын дайым окушат
ﮓﮔﮕﮖﮗﮘ
70:24
Алардын дүйнө-мүлкүндө белгилүү акы (үлүш) бар
ﮙﮚﮛ
70:25
муктаждар жана сурагандар үчүн
ﮜﮝﮞﮟﮠ
70:26
Алар Эсеп (Акырет) күнүн тастыкташат
ﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧ
70:27
Алар Раббисинин азабынан коркушат
ﮨﮩﮪﮫﮬﮭ
70:28
Чынында, Раббисинин азабы(нан) аманда болуу (эч ким үчүн кепилденген) эмес
ﮮﮯﮰﮱﯓ
70:29
Жана алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат
ﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞ
70:30
Өздөрүнүн (ак никедеги) аялдарына жана күңдөрүнө гана («барышат»). Ошондо алар (күнөөлүү деп) айыпталбайт
ﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦ
70:31
Ким ушундан кийин (башкаларды никесиз) «кааласа», алар чектен чыккандар
ﯧﯨﯩﯪﯫﯬ
70:32
Жана алар өз аманаттарын, убада-келишимдерин бекем сакташат
ﯭﯮﯯﯰﯱ
70:33
Күбөлүк бергенде (жалган аралаштырбай) түз болушат
ﯲﯳﯴﯵﯶﯷ
70:34
Алар намаздарын(ын убактысын) сакташат
ﯸﯹﯺﯻﯼ
70:35
Алар — Бейиштерде сыйлануучулар
ﯽﯾﯿﰀﰁﰂ
70:36
(О, Мухаммад), каапырларга эмне болду, сен тарапка шашылышат
ﰃﰄﰅﰆﰇﰈ
70:37
Оң каптал жана сол капталдан топурап
ﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑ
70:38
Алардын ар бири Нээмат Бейишине кирүүнү каалайбы
ﰒﰓﰔﰕﰖﰗﰘ
70:39
Жок, (эч андай болбойт!) Биз аларды өздөрүнө белгилүү нерседен (бир тамчы атырылган суудан) жараттык
ﰙﰚﰛﰜﰝﰞﰟﰠ
70:40
Чыгыштар менен батыштардын Раббисине ант, Биз кудуреттүүбүз
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙ
70:41
аларды жакшыраак (ыймандуу элдерге) алмаштырып коюуга! Жана Биз (буга) алсыз эмеспиз
ﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢ
70:42
(О, Мухаммад) эми, жөн кой аларды. Убада кылынган (өлүп, азапка дуушар боло турган) күндөрүнө жолукканга чейин (күнөө деңизине) чумкуп, ойноп-күлүп жүрө беришсин
ﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬ
70:43
(Ал эми) ошол күндө алар мүрзөлөрүнөн чыгып, бир байракты ээрчиген сыяктуу (чогуу жана) тез келишет
ﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷ
70:44
Көздөрү (жер тиктеп) бөжүрөйүп, (ар тараптан) кордук ороп турат. Мына ушул — аларга убада кылынган Күн
Ыйык Куран
Wednesday, September 9, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







