Yaaa aiyuhal lazeena aamanoo izaa qumtum ilas Salaati faghsiloo wujoohakum wa Aidiyakum ilal maraafiqi wamsahoo biru`oosikum wa arjulakum ilal ka`bayn; wa in kuntum junuban fattahharoo; wain kuntum mardaaa aw`alaa safarin aw jaaa`a ahadum minkum minal ghaaa`iti aw laamastumunnisaaa`a falam tajidoo maaa`an fatayammamoo sa`eedan taiyiban famsahoo biwujoohikum wa aideekum minh; ma yureedul laahu liyaj`ala `alaikum min harajinw wa laakidy yureedu liyutahhirakum wa liyutimma m`matahoo `alaikum la`allakum tashkuroon
📖 Котормо (Кыргызча)
📖 Кыргызча
О,ыйман келтиргендер! Эгер намазга камдансаңар жүзүңөрдү, анан колуңарды чыканакка чейин (чыканакты кошуп) жуугула жана башыңарга «масх» тарткыла жана да бутуңарды кызыл ашыгын кошуп жуугула. Эгер жүнүб (булганган) болсоңор -жуунгула. Ал эми, эгер оорулуу же сапарда, болсоңор же болбосо бирөөңөр ажатканадан келсе, же аялыңары сылап-сыйпаласаңар жана, (даарат же гусул) үчүн суу таппай калсаңар, таза жер кыртышына таяммум кылып (алаканыңарды уруп) аны менен бетиңерди анан колуңарды сылагыла. Аллаһ силерге машакат жаратууну каалабайт. Бирок, силерди тазартууну жана шүгүр кылуучу болушуңар үчүн силерге нээматтарын толук берүүнү каалайт
🌐 Additional reference in Русский
🌐 Русский
О вы, кто верует! Когда готовитесь к молитве, Умойте свои лица, руки до локтей, Обмойте до лодыжек ноги И оботрите голову свою; А если вы осквернены обрядом ночи, Омойтесь с головы до ног; А если вы больны, или в пути, (Иль выходили) по естественной нужде и возвратились, Иль с женщиной сношение имели И вы при этом не нашли воды (обмыться), Сухим песком иль чистою землею Лицо и руки оботрите - Господь не хочет вас обременять, Он лишь очистить вас желает, Чтобы явить сполна Свою вам милость, - Быть может, станете вы благодарны.
Оо, ыйман келтирген адамдар! Силер намаз окууга турарда (тазалыгыңар жок болсо), жүзүңөрдү жана чыканакка чейин колуңарды жууңар, башыңарга масх тартыңар (сүйкөңөр), топукка чейин буттарыңарды жууңар. Эгер чоң тазалык (гусл) алуу милдеттүү болгон абалда болсоңор, анда толук жуунуңар (гусл алыңар). Эгер оорулуу болсоңор, же сапарда болсоңор, же бириңер даарат кылса, же аялдарга жакындашсаңар, анан суу таппасаңар, анда таза топуракка бет алып, ага колуңарды тийгизип, жүзүңөргө жана колуңарга масх тартыңар (тайаммум кылыңар). Аллах силерге тардык, кыйынчылык жаратууну каалабайт. Бирок Аллах силерди тазалоону жана Өзүнүн жакшылыгын (нийматын) толук берүүнү каалайт. Балким, силер шүгүр кыларсыңар.
Бул аятта Аллах Таала ыймандуу пенделерине намазга даярдануу үчүн тазалык алуу тартибин үйрөтөт. Даарат алуу – жүздү, колду чыканакка чейин жуу, башка масх тартуу жана бутту топукка чейин жуу. Эгер чоң тазалык керек болсо, гусл алуу – бүт денеңди жуу. Ал эми суу жок болгондо же оору, сапар сыяктуу себептер менен суу колдонуу кыйын болсо, таза топурак менен тайаммум кылуу – жүзгө жана колго масх тартуу. Бул – Аллахтын пенделерине көрсөткөн жеңилдиги жана ырайымы. Аллах бизге кыйынчылыкты каалабайт, тескерисинче, күнөөлөрдөн жана ыпыластыктан тазаланышыбызды, ошондой эле Өзүнүн ныкматтарын толук беришин каалайт. Ошондуктан биз Аллахка шүгүр кылып, Анын буйруктарын аткарышыбыз керек.
Аяттан алынуучу пайдалар жана исламга болгон кызыгууну арттыруучу ойлор:
Ислам дини тазалыкка чоң маани берет. Намазга турар алдында денеңди, кийимиңди жана жүргөн жериңди таза кармоо – ыймандын белгиси.
Аллах Таала пенделерине ар дайым жеңилдик каалайт. Суу таппаганда же оорулуу, сапарда болгондо тайаммум кылууга уруксат берилгени – Исламдын ырайымдуулугун жана ийкемдүүлүгүн көрсөтөт.
Тазалык – ден соолуктун да, рухий тынчтыктын да булагы. Даарат жана гусл аркылуу адам денеси гана эмес, жүрөгү да тазарат.
Аллахтын буйруктарын аткаруу жана тыйгандарын таштоо – шүгүр кылуунун эң жакшы жолу. Ар бир ныкмат үчүн Аллахка ыраазычылык билдирүү – ыймандын кооздугу.
Бул аят бизди Исламдын жеңил, түшүнүктүү жана адам баласынын жаратылышына ылайыктуу дин экенине ынандырат. Андыктан келгиле, Аллахтын буйруктарын сүйүнүч менен аткарып, Анын ырайымына жетүүгө умтулалы!
О,ыйман келтиргендер! Эгер намазга камдансаңар жүзүңөрдү, анан колуңарды чыканакка чейин (чыканакты кошуп) жуугула жана башыңарга «масх» тарткыла жана да бутуңарды кызыл ашыгын кошуп жуугула. Эгер жүнүб (булганган) болсоңор -жуунгула. Ал эми, эгер оорулуу же сапарда, болсоңор же болбосо бирөөңөр ажатканадан келсе, же аялыңары сылап-сыйпаласаңар жана, (даарат же гусул) үчүн суу таппай калсаңар, таза жер кыртышына таяммум кылып (алаканыңарды уруп) аны менен бетиңерди анан колуңарды сылагыла. Аллаһ силерге машакат жаратууну каалабайт. Бирок, силерди тазартууну жана шүгүр кылуучу болушуңар үчүн силерге нээматтарын толук берүүнү каалайт
Сенден өздөрүнө эмнелер адал кылынганын сурашат. Айткын: “Силерге бардык таза-пакиза тамак-аштар жана колго үйрөтүлгөн (ит, бүркүт, ителги сыяктуу) жаныбарлар кармап келген нерселер адал кылынды. Силер аларды Аллаһ силерге билгизген нерсе (илим-таалим) менен колго үйрөткөн элеңер. Эми, ошол жаныбарлар силер үчүн кармап келген нерселерди жей бергиле. Жана аларды агытып жатканыңарда Аллаһтын ысымын эстегиле. Аллаһтан корккула! Аллаһ тез Эсептешүүчү
Бүгүн силерге (бардык) таза нерселер адал кылынды. Жана китеп берилген элдердин тамагы силер үчүн, силердин тамагыңар алар үчүн адал кылынды. Жана силерге момун-мусулмандардын таза-пакиза аялдары менен китеп ээлеринен болгон таза (сойку эмес) аялдар(га үйлөнүү) адал кылынды. (Мунун шарты:) эгер махырын берип, зынаа кылбай, ойнош тутпай, ак никелеп алсаңар. Ал эми, ким ыйманга каапыр болсо,! анын амалдары (ибадаттары) күйүп кетет жана Акыретте зыян тартуучулардан болот
О,ыйман келтиргендер! Эгер намазга камдансаңар жүзүңөрдү, анан колуңарды чыканакка чейин (чыканакты кошуп) жуугула жана башыңарга «масх» тарткыла жана да бутуңарды кызыл ашыгын кошуп жуугула. Эгер жүнүб (булганган) болсоңор -жуунгула. Ал эми, эгер оорулуу же сапарда, болсоңор же болбосо бирөөңөр ажатканадан келсе, же аялыңары сылап-сыйпаласаңар жана, (даарат же гусул) үчүн суу таппай калсаңар, таза жер кыртышына таяммум кылып (алаканыңарды уруп) аны менен бетиңерди анан колуңарды сылагыла. Аллаһ силерге машакат жаратууну каалабайт. Бирок, силерди тазартууну жана шүгүр кылуучу болушуңар үчүн силерге нээматтарын толук берүүнү каалайт
Аллаһтын силерге берген нээматтарын жана “уктук, моюн сундук” деген мезгилиңердеги Аны менен убадалашкан убадаңарды эстегиле.! Аллаһтан корккула! Албетте, Аллаһ жүрөктөрдөгү сырларды Билүүчү
О, ыйман келтиргендер! Аллаһ(тын ыраазылыгы) үчүн (сөзүңөрдө да, ишиңерде да) түз жана адилет туруп күбө болгула. Бир коомду жаман көрүүңөр, аларга адилетсиздик кылууга силерди мажбурлап койбосун! Адилет кылгыла! Ал такыбаага жакын. Аллаһтан корккула! Албетте, Аллаһ силердин ишиңерден Кабардар
SurahQuran.com was founded as a humble effort to serve the Noble Book and the pure Sunnah, to invite people to Allah, and to make the religious sciences accessible according to the methodology of the Quran and Sunnah. We praise and thank Allah for His grace, and we ask Him to accept our work and make it sincere for His noble Face.