Сүрөсү Аль-Муддассир
PDF —
Built right in your browser — download starts automatically
Сүрөсү Аль-Муддассир pdf — Жүктөө (Кыргызча)
Сүрөсү Аль-Муддассир pdf Кыргызча — Жүктөө Сүрөсү Аль-Муддассир Котормо. Аль-Муддассир (Meccan) 56 Аят.
Related
- Аль-Муддассир КотормоКыргызча
- Аль-Муддассир mp3Укта
- Quran Index Кыргызча114
More Сүрөсү PDF
Сүрөсү Аль-Муддассир

ﮪﮫﮬ
ӨО,чүмкөнүп (жатып) алган адам
ﮭﮮﮯ
Туруп (элдерге Акыретти) эскерт
ﮰﮱﯓ
Жана Раббиңдин улуулугун даңазала
ﯔﯕﯖ
Жана кийимиңди тазала
ﯗﯘﯙ
Жана ыпластыктан ыраак бол!“
ﯚﯛﯜﯝ
Аз нерсе берип ордуна көп нерсе сураба
ﯞﯟﯠ
(Көргөн жамандыктарга) Раббиң үчүн сабыр кыл
ﯡﯢﯣﯤﯥ
Эми, качан (Исрафил периште тарабынан «Сур» деген) керней тартылганда (жана Кыямат башталганда)
ﯦﯧﯨﯩﯪ
Мына ушул күн-оөтө оор күн
ﯫﯬﯭﯮﯯ
Каапырларга жеңил болбогон (күн)
ﯰﯱﯲﯳﯴ
(О, Мухаммад) Мен жалгыз жараткан (каапыр) пендени Мага кой
ﯵﯶﯷﯸﯹ
Мен ага эсепсиз дүйнө-мүлк бердим
ﯺﯻﯼ
Жана (ар дайым кызматына) даяр турган уул перзенттерди бердим
ﯽﯾﯿﰀ
Жана ага өтө кененчилик бердим
ﰁﰂﰃﰄﰅ
Андан соң ал (каниетсиз, наадан адам) Биз ага (Акыреттик бейишти да) кошумча кылуубузду үмүт кылат
ﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌ
Жок! (андай болбойт! Себеби) ал Биздин аяттарыбызды (билип, түшүнүп туруп) четке какты
ﰍﰎﰏ
Мен аны жакында (тозоктогу) аска таштын үстүнө чыгарамын
ﰐﰑﰒﰓ
Себеби, ал (Кураан жөнүндө) пикир кылды жана (аны өзүнүн кыска ченем-өлчөмү менен) өлчөдү
ﭑﭒﭓﭔ
Өлүмгө жолуккур! Кандай (жаман) өлчөдү
ﭕﭖﭗﭘﭙ
Дагы (бир ирет) өлүмгө жолуккур! Эмне деген (жаман өлчөм менен) өлчөдү
ﭚﭛﭜ
Анан (чыгарган тыянагын) байкап көрдү
ﭝﭞﭟﭠ
Кийин (жактырбай) кабак чытып, маңдайын тырыштырды
ﭡﭢﭣﭤ
Андан соң (акыйкаттан артка кетенчиктеп) текеберленди
ﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫ
Анан айтты: «Бул байыркыдан калган сыйкыр
ﭬﭭﭮﭯﭰﭱ
Бул- адамдын гана сөзү»
ﭲﭳﭴ
Мен аны жакында “Сакар” тозогуна киргиземин
ﭵﭶﭷﭸﭹ
(О, Мухаммад) сен “Сакар” тозогунун кандай экенин билбейсиң
ﭺﭻﭼﭽﭾ
Ал (өзүнө ташталган эч бир кылмышкерди) калтырбайт жана жөн койбойт
ﭿﮀﮁ
(Терини карартып,) өзгөртүп койот
ﮂﮃﮄﮅ
Анын үстүндө он тогуз (орой периштелер) бар
ﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤ
Биз тозоктун кожоюндарын периштелерден гана кылдык жана алардын санын, каапыр болгон адамдарды сыноо үчүн, китеп элдери (яхудийлер менен христиандар) анык билип алуулары үчүн, жана ыймандуулардын ыйманы дагы (бир нече даражага) көбөйүшү үчүн (он тогуз даана) кылдык. Жана китеп (Тоорат, Инжил) берилген элдер менен момундар (периштелердин саны боюнча) шектенип калбашы үчүн, ал эми, жүрөгүндө кара ниети болгон адамдар (мунаафыктар) менен каапырлар: «Аллаһ бул мисал менен эмнени каалады экен» деп (шектенип) сүйлөшү үчүн (Аллаһ тозок периштелеринин санын он тогуз даана кылды). Аллаһ мына ушинтип, Өзү каалаган пендесин адаштырат жана каалаганын Туура Жолго салат. (О, Мухаммад, периштелерден турган) Раббиңдин аскерлерин(ин санын) бир Өзү гана билет. Жана бул (насааттар) адамдар үчүн эскертүүдөн башка (нерсе) эмес
ﯥﯦﯧ
Жок, Мен айга ант (ичип)
ﯨﯩﯪﯫ
кайтып кеткен түнгө ант (ичип)
ﯬﯭﯮﯯ
(агарып) келе жаткан таңга ант (ичип)
ﯰﯱﯲﯳ
(Айтамын): Чынында ал (“Сакар” тозогу) чоң балээлердин бири
ﯴﯵﯶ
(“Сакар” тозогу) адамдарга эскертүү
ﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾ
Силердин араңардагы, (Аллаһтын ыраазычылыгына) умтулууну же болбосо кетенчиктеп кетүүнү каалагандар үчүн
ﯿﰀﰁﰂﰃﰄ
Ар бир жан (ээси) өзү жасаган (күнөө) иштердин туткуну
ﰅﰆﰇﰈ
Оң тарап ээлери гана андай (туткун) эмес
ﰉﰊﰋﰌ
Алар Бейиштерде туруп сурашат
ﰍﰎﰏ
(тозоктогу) кылмышкерлерден
ﰐﰑﰒﰓﰔ
«Силерди «Сакар» тозогуна эмне түшүрдү?»
ﰕﰖﰗﰘﰙﰚ
Алар айтышат: «Биз намаз окуучулардан болбодук
ﰛﰜﰝﰞﰟ
Жана бей-бечараларды тамактандырбадык
ﰠﰡﰢﰣﰤ
(Күнөө деңизине) чөмүлгөндөр менен бирге чөмүлдүк
ﰥﰦﰧﰨﰩ
Жана Акырет күндү жалган дедик
ﰪﰫﰬﰭ
Башыбызга өлүм келгенге чейин»
ﭑﭒﭓﭔﭕ
Эми аларга (тозокуларга) эч бир шапаатчынын шапааты пайда бербейт
ﭖﭗﭘﭙﭚﭛ
Аларга (каапырларга) эмне болду, насааттан (Кураандан) жүз буруп качышат
ﭜﭝﭞﭟ
Жапайы эшектерге окшоп
ﭠﭡﭢﭣ
арстандан үркүп качкан
ﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭ
Жок, алардын ар бири (жеке өзүнө гана, атайын арналган) ачык китептер берилишин каалашат!”
ﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴ
Жок, андай эмес! (чынында) алар Акыреттен коркушпайт
ﭵﭶﭷﭸ
Жок, андай эмес! Чынында, бул (Кураан эң чоң) эскерме-насаат
ﭹﭺﭻﭼ
Ким кааласа андан сабак алат
ﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉ
Бирок, (андан) Аллаһ каалаган пенделер гана насаат ала билишет. (Анткени), Ал (Аллаһ Таала) гана коркууга жана кечирим суроого татыктуу
Ыйык Куран
Tuesday, August 18, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







